|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 655
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 1-главада:
“Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар” графасындагы 42, 43, 44, 54-пункттар “БИМ” деген аббревиатурадан кийин “, ТКМ, ССМ” деген аббревиатуралар менен толукталсын.
“Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар” графасындагы 53, 64, 65, 67-пункттар “БИМ” деген аббревиатурадан кийин “, ССМ” деген аббревиатура менен толукталсын;
79-пункттагы “(чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды)” деген сөздөр алып салынсын;
90-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“М.Абдраев атындагы республикалык орто атайын мектеп-интернатынын окуучуларын багуу”;
80-88, 100, 102, 115-117-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
121-пункт “Балдарды” деген сөздөн кийин “жана жаштарды” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главада:
1-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Аскердик-дарыгерлер комиссиясы тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү”;
5-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү”;
6-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн жогору амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү”;
15-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Биринчи деңгээлде жана адистештирилген стационарларда (терапиялык, педиатриялык, хирургиялык, акушердик-гинекологиялык профилдеги ж.б.) медициналык жардам көрсөтүү, анын ичинде жогорку ыңгайлуулуктагы палаталарда (бейтаптын жогорку ыңгайлуулуктагы шартта болуусу, оорулууларды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө, каалоосуна жараша тамактануу)”;
2, 7, 8, 22-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-главада:
4, 16, 23-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
7-пункттагы “ТИМ” деген аббревиатура “ЭМЖМ” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
24-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү”;
27-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:
“
|
271 |
5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү: - медициналык көрсөтмөгө ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыпты коштогон адамга - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу майыпка - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыпка - 30 пайыз жеңилдик |
СӨМ
|
СӨМ
|
Акы төлөнөт
|
”;
4-главада:
37-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Мураска берүүчүнүн өтүнүчү боюнча мурас кагазына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү”;
46-пункттагы “ГОСТ Р ИСО/МЭК 17025” деген аббревиатуралар жана цифралар алып салынсын;
47-пункттагы “KMC ГОСТ Р ИСО/МЭК 65” деген аббревиатуралар жана цифралар алып салынсын;
48-пункттагы “KMC ИСО/МЭК 17021” деген аббревиатуралар жана цифралар алып салынсын;
49-пункттагы “KMC ИСО/МЭК 17024” деген аббревиатуралар жана цифралар алып салынсын;
50-пункттагы “ГОСТ Р KMC ИСО/МЭК 17020” деген аббревиатуралар жана цифралар алып салынсын;
62-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
64-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүгүнүн камкордукка алынган адамдын мүлкүн ажыратуу, анын ичинде алмашуу же белекке берүү, ижарага берүү, акысыз колдонуу же күрөөгө берүү, анын мүлкүн бөлүштүрүү же андан үлүштөрдү бөлүү, ошондой эле камкордуктагы адамдын мүлкүнүн азайышына алып келүүчү башка кандай бүтүмдөр болбосун жасоого алдын ала уруксат берүүсү»;
69-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Нотариалдык ишти аткаруу үчүн жеке жана юридикалык жактардын чакыруусу боюнча нотариустун баруусу”;
73, 74, 76-пункттардагы “Акы төлөнөт (*)” деген сөздөр жана белги “Акысыз” деген сөзгө алмаштырылсын;
84-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-главада:
1-пункттагы “Сыноо” деген сөз “Сынап көрүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттагы “Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Бала асырап алуу, камкорчу жана көзөмөлчү, асырап алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды, бала (кыз) асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү”;
19 жана 20-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
6-главанын 44-пунктундагы “ж.б.” деген сөздөр алып салынсын.
8-главанын 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.