ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 660
Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 305, 2015-жылдын 24-июлу № 527 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыздоо, Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын тартыштыгын жабуу жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин:
- 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына, 1-тиркемеге ылайык;
- 2014-2017-жылдарга карата жылуулук энергиясына, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык коргоонун механизмдерин белгиленген тартипте иштеп чыгышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 "2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Дж.К.Оторбаев |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 305, 2015-жылдын 24-июлу № 527 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыздоого жана республиканын энергетика тутумунун инфратүзүмүнүн абалын жакшыртуу аркылуу керектөөчүлөрдү энергия менен туруктуу жабдууну камсыз кылууга багытталган.
ОМТСтин башкы максаты энергетикалык сектордун өзүн-өзү актоочулук принциптерин киргизүү, тариф түзүүдө кайчылаш субсидиялоону этап менен жоюу, ошондой эле ата мекендик энергетика тутумунун иштеп чыгаруу көлөмдөрүнүн төмөндөшү жана электр энергиясын импортко берүү менен байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгы шарттарында энергетикалык сектордун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу болуп эсептелет.
ОМТС ата мекендик энергетикалык тутумдун ички мүмкүнчүлүктөрү электр энергиясынын ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга мүмкүн болгондо, орто мөөнөткө электр энергиясына тарифтерди импортту эсепке алуу менен жана эсепке албастан белгилөөнү караштырат.
Электр энергиясына тарифтерди белгилөө керектөөчүлөрдү электр энергиясын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөө боюнча чараларды колдонууга, ошондой эле жылытуу максатында отундун альтернативдик булактарын пайдаланууга түрткү берет. Бул багытта ОМТСтин алкагында калк үчүн электр энергиясын керектөөнүн кепилденген ар айлык көлөмү белгиленүүдө.
Ушул ОМТС төмөнкү принциптерге негизденет:
- тарифтер электр энергиясын өндүрүү жана техникалык тейлөө чыгымдарын, капиталдык чыгымдарды төлөөнү, инвестицияларды тартууну жана каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелерди кошуп, өндүрүүнүн, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн толук наркын чагылдырууга тийиш;
- бир бөлүштүрүүчү ишкана тейлеген бирдей мүнөздө керектеген бирдей топтогу бардык керектөөчүлөрдө бирдей тарифтер болууга жана тейленүүгө тийиш;
- кирешесинин деңгээли төмөн электр энергиясын тиричиликтик керектөөчүлөрдү (калкты) субсидиялоо социалдык багытталган тариф боюнча керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн негизинде, ошондой эле социалдык коргоо программаларын ишке ашыруу аркылуу даректүү жүргүзүлөт;
- импорттолуучу электр энергиясы менен республиканын керектөөчүлөрүн импорттун баасы боюнча эмес, орточо өлчөнгөн тарифтер боюнча камсыз кылуу;
- электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу.
Акыркы жылдарда энергетика тармагындагы жалпы абал негизги каражаттардын физикалык жана моралдык жактан эскириши, жетишсиз каржылоо жана энергетикалык сектордун инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн төмөн темпи менен мүнөздөлөт. Ушуга байланыштуу энергетикалык жабдуулардын маанилүү бөлүгүн алмаштыруу жана реконструкциялоо максатында финансы каражаттарын салуу керек. Бул электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнүн жана сапатынын алгылыктуу деңгээлин камсыздоо, ошондой эле энергетикалык тармактарды өнүктүрүү үчүн керек.
Ушуга байланыштуу теңделген тарифтик саясатты жүргүзүү керек, ал орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркын тарифтер менен жабууга жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Тарифтердин эсебинде контракт түзүлгөн учурга карата электр энергиясынын импортунун наркы эске алынат. Мында акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына орточо өлчөнгөн тарифтин эсеби Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун чыгымдарын жана Кыргызстандын электр энергиясы менен импорттолгон электр энергиянын суммалык көлөмүнө бөлүнгөн жалпы суммалык чыгымдар боюнча чыгарылат.
Калк
Калк үчүн ушул ОМТС менен белгиленген тарифтер социалдык багытталган болуп эсептелет, анткени мурда колдонулган тарифтердин деңгээлин сактайт жана калктын аз камсыз болгон бөлүгүнүн керектелген электр энергиясына эсептешүү мүмкүнчүлүгүн эске алат. Ошол эле убакта калк үчүн тарифтердин социалдык багытталышы электр энергиясын ай сайын керектөөнүн социалдык нормасынын чегин белгилөө жолу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга багытталган.
Бул өзгөчө зарыл, анткени азыркы күндө республиканын энергетикалык секторунда энергетика тутуму керектөөчүлөрдү электр энергиясын жылытуу максатында жетиштүү өлчөмдө камсыздай албаган жагдай түзүлдү. Кыш мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө жай мезгилинде керектөөгө караганда жыл сайын дээрлик үч эсеге көбөйөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, кыргыз энергетика тутумунун мүмкүнчүлүгүн жана бир тиричиликтик абоненттин электр энергиясын орточо айлык керектөөсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашаган калкты кошпогондо, өлкөнүн "калк" тобундагы бардык керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясын социалдык багытталган тариф боюнча жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмү айына 700 кВт.с өлчөмдө белгиленет. Керектөөчүлөрдүн аталган категориясы үчүн 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде социалдык багытталган тариф боюнча электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмү - айына 1000 кВт.с, ал эми 1-майдан 1-октябрга чейин 700 кВт.с өлчөмдө белгиленет. Электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнө төлөм 70 тыйын/кВт.с тарифи боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-2017-жылдарда жыл сайын ОМТСнын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык жогорулатылат.
70 тыйын/кВтс өлчөмдө сакталган тариф социалдык багытталган жана энергетика тутуму боюнча (иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү) электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркынын 58%ын гана түзөт.
Тиричилик абоненти (калк) электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген ченеминен ашыкча керектеген учурда, ашыкча керектелген көлөм үчүн акы импортту, ошондой эле мурунку жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугун эсепке алуу менен орточо эсептелген тариф боюнча алынат.
Электр энергияны жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнөн ашык керектеген тиричилик абоненттери үчүн тарифтерди эсептөөдө электр энергиясын импорттоонун контракт түзүлгөн учурдагы наркы эске алынат.
Керектөөчүлөрдүн жүгүн жеңилдетүү максатында алар керектелген электр энергиясына акыны орточо өлчөнгөн тариф боюнча төлөшөт, ал электр энергиясынын наркы (1,20 сом) менен импорттун баасынын ортосундагы орточо алынган сан катары эсептелет. Тактап айтканда, керектөөчүлөр электр энергиясы үчүн акыны импорттун баасы боюнча эмес, орточо өлчөнгөн тариф боюнча төлөшөт, ал бир кыйла төмөн болот. Бул чара электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр энергиясын импорттогон мезгилде тарифтердин кескин кымбатташынан коргоого мүмкүндүк берет. Импорттук электр энергиясынын наркындагы айырманы жабуу үчүн электр энергиясын импорттоого кеткен чыгымдардын орду баадагы айырманы толук жабууну камсыздоочу жана импорттун жаңы көлөмдөрү болбогон мезгилдин ичинде толтурулат.
Баадагы жогоруда аталган айырма толук жабылган жана импорттун жаңы көлөмдөрү болбогон учурда 2016-2017-жылдарда 700 кВтс ашык керектеген ушул топтун керектөөчүлөрү үчүн ай сайын 1 кВтс үчүн 137,7 тыйын жана 147,4 тыйын өлчөмдө, мурунку жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен колдонулат.
Импорт эске алынган орточо өлчөнгөн тарифти колдонуу импорттук электр энергиясынын баасын аны алууга контрактта көрсөтүлгөн валютада эсепке алууну караштырат. Мында электр энергиясын импорттогондо курстагы айырма ай сайын энергетикалык компаниялардын финансылык ишине кирет жана кийинки жылга электр энергиясына тарифтерди түзүүдө эске алынат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 305, 2015-жылдын 24-июлу № 527 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Корутунду
Ушул ОМТС импорттун эсебинен энергия менен туруктуу камсыздоону жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтууну караштырат. Мында тарифтер электр энергиясынын импортун эсепке алуу менен да, ансыз да энергетика секторунун иштеген мезгилинде белгилениши каралат.
Электр энергиясына ар бир жылга эсептелген тарифтер ушул ОМТСтин 1 жана 2-тиркемесине ылайык мурдагы жылдын иш жүзүндөгү чоңдугуна түзөтүлөт.
Ушул ОМТСтин максаттарына жетүү өлкөнүн экономикасынын маанилүү бюджет түзүүчүлөрүнүн биринин ийгиликтүү иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылууга, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категорияларынын арасында кайчылаш субсидиялоону жоюуга жана электр энергиясын иштеп чыгуу, керектөөчүлөргө чейин берүү, бөлүштүрүү жана жеткирүүгө реалдуу чыгымдарга туура келүүчү деңгээлге чейин тарифтерди жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
|
2014-2017-жылдарга карата
электр энергиясына |
Акыркы керектөөчүлөр үчүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын керектөөчүлөрүнөн тышкары) электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 305, 2015-жылдын 24-июлу № 527 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ |
Керектөөчүлөрдүн тобу |
Ченөө бирдиги |
01.12.2014-ж. |
01.08.2015-ж. |
01.08.2016-ж. |
01.08.2017-ж. |
1 |
Калк, анын ичинде |
|
|
|
|
|
1.1 |
Айына 700 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары) |
тыйын/кВт.с |
70,0 |
77,0 |
93,2 |
121,0 |
Өсүш |
% |
0% |
10,0 % |
21,0% |
29,8 % | |
1.3 |
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) |
тыйын/кВт.с |
70,0 |
77,0 |
93,2 |
121,0 |
Өсүш |
% |
0% |
10,0 % |
21,0% |
29,8 % | |
1.4 |
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с ашык керектегенде(*) (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (120,3(**) + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (128,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (137,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,4 + импорттун баасы) |
Өсүш |
% |
71,8% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
1.2 |
Айына 700 кВт.с жогору керектөөдө(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (120,3(**) + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (128,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (137,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,4 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
71,8% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
2 |
Бюджеттик керектөөчүлөр* |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0%(**) |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
3 |
Айыл чарба(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
4 |
Өнөр жай(**) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
5 |
Башка керектөөчүлөр* |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
6 |
Насостук станциялар |
тыйын/кВт.с |
72,8 |
77,9 |
83,3 |
89,2 |
Өсүү |
% |
4% |
7,0% |
7,0% |
7,0% |
Эскертүү
(*) электр энергиясына орточо өлчөнгөн тарифти колдонуу импорттук электр энергиясы менен орточо өлчөнгөн тарифтин ортосундагы нарктын айырмасын жабууну камсыз кылган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Аталган айырма толук жабылган жана импорттун жаңы көлөмдөрү болбогон учурда, 2016-2017-жылдарда 700 кВт.с жогору жана 1000 кВт.с (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк үчүн 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) керектеген "калк" тобунун керектөөчүлөрү үчүн 1 кВт.с үчүн 137,7 жана 147,4 тыйын өлчөмүндө тариф, ал эми "өнөр жай", "бюджеттик керектөөчүлөр", "айыл чарба" жана "башка керектөөчүлөр" тобундагы керектөөчүлөр үчүн тиешелүү түрдө 1 кВт.с үчүн - 158 жана 169 тыйын өлчөмүндө тариф мурдагы жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен колдонулат.
(**) 120,3 тыйын/кВт.с - электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү наркынын суммасы катары эсептелген, 15% (96,33 тыйын) рентабелдүүлүк, салыктар жана техникалык жоготуулар жана 2013-жылдагы 4 % инфляция кошулган 2014-жылдагы 1 кВт.с электр энергиясынын наркы.
Калктан башка керектөөчүлөрдүн бардык тобу үчүн айына 700 кВтсга чейин керектеген учурда аларга тарифтердин өсүү темптерин эсептөөдө 2013-жылга иш жүзүндөгү инфляциянын 4% өлчөмүндөгү жана 2014-2017-жылдардагы пландалган инфляциянын 7% өлчөмүндөгү көрсөткүчү колдонулат, ал мурдагы жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүлөт.
|
2014-2017-жылдарга карата
электр энергиясына |
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Kapa-Көл шаарынын акыркы керектөөчүлѳрү үчүн электр энергиясына тарифтерди которүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 305, 2015-жылдын 24-июлу № 527 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ |
Керектөөчүлөрдүн тобу |
Ченөө бирдиги |
01.01.2014-ж. |
01.08.2015-ж. |
01.08.2017-ж. | |
1 |
Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
1.1 |
Бардык абоненттер 150 кВт.с чегинде |
тыйын/кВт.с |
4,5 |
8,8(***) |
2015-жылы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгуучу электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы боюнча |
2016-жылы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгуучу электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы боюнча |
Өсүш |
% |
0% |
95,5% |
|
| |
1.2 |
Айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектегенде (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) |
тыйын/кВт.с |
70,0 |
77,0 |
93,2 |
121,0 |
Өсүш |
% |
0% |
10,0% |
21,0% |
29,8 % | |
1.3 |
700 кВт.с жогору бардык абоненттер(*) (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (120,3(**) + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (128,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (137,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,4 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
71,8% |
7%(***) |
7% |
7% | |
1.4 |
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) |
тыйын/кВт.с |
70,0 |
77,0 |
93,2 |
121,0 |
Өсүш |
% |
0% |
10,0% |
21,0% |
29,8% | |
1.5 |
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с ашык керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге)(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (120,3(**) + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (128,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (137,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,4 + импорттун баасы) |
Өсүш |
% |
71,8% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
2 |
Бюджеттик керектөөчүлөр |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0%(**) |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
3 |
Айыл чарба(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
4 |
Өнөр жай(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
5 |
Башка керектөөчүлөр(*) |
тыйын/кВт.с |
орточо өлчөнгөн тариф (138,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (147,7 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (158,0 + импорттун баасы) |
орточо өлчөнгөн тариф (169,1 + импорттун баасы) |
Өсүү |
% |
4,0% |
7,0% |
7,0% |
7,0% | |
6 |
Насостук станциялар |
тыйын/кВт.с |
8,9 |
8,9 |
8,9 |
8,9 |
Өсүү |
% |
0,0 |
0,0 |
0,0 |
0,0 |
Эскертүү:
(*) электр энергиясына орточо өлчөнгөн тарифти колдонуу импорттук электр энергиясы менен орточо өлчөнгөн тарифтин ортосундагы нарктын айырмасын жабууну камсыз кылган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Аталган айырма толук жабылган жана импорттун жаңы көлөмдөрү болбогон учурда, 2016-2017-жылдарда 700 кВт.с жогору жана 1000 кВт.с (1-октябрдан 1-майга чейин мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк үчүн) керектеген "калк" тобунун керектөөчүлөрү үчүн 1 кВт.с үчүн 137,7 жана 147,4 тыйын өлчөмүндө тариф, ал эми "өнөр жай", "бюджеттик керектөөчүлөр", "айыл чарба" жана "башка керектөөчүлөр" тобундагы керектөөчүлөр үчүн тиешелүү түрдө 1 кВт.с үчүн 158 жана 169 тыйын өлчөмүндө тариф мурдагы жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен колдонулат.
(**) 120,3 тыйын/кВт.с - электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү наркынын суммасы катары эсептелген, 15% (96,33 тыйын) рентабелдүүлүк, салыктар жана техникалык жоготуулар жана 2013-жылдагы 4% инфляция кошулган 2014-жылдагы 1 кВт.с электр энергиясынын наркы.
Калктан башка керектөөчүлөрдүн бардык тобу үчүн айына 700 кВтсга чейин керектеген учурда аларга тарифтердин өсүү темптерин эсептөөдө 2013-жылга иш жүзүндөгү инфляциянын 4% өлчөмүндөгү жана 2014-2017-жылдардагы пландалган инфляциянын 7% өлчөмүндөгү көрсөткүчү колдонулат, ал мурдагы жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүлөт.
(***) Кыргыз Республикасынын "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" жана "Жалалабад областынын Каракөл шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү тууралуу" Мыйзамдарына ылайык Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын калкы керектеген электр энергиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча төлөнөт.
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Ушул Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) өлкөнүн энергетика тармагындагы каатчылык шарттарда керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз жана натыйжалуу камсыздоого багытталган.
Ушул ОМТСтин максаты тарифтердин социалдык багыттуулугун сактоо жана керектөөчүлөрдүн жылуулук энергиясын, ысык сууну пайдаланууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жылуулук энергетикасына өзүн-өзү актоочулук принциптерин акырындык менен киргизүү, инвестицияларды тартуу үчүн жылуулук энергетикасында жагымдуу чөйрөнү түзүү жана тариф түзүүдө кайчылаш субсидияларды этап менен четтетүү болуп саналат.
ОМТСта өткөн жылдын иш жүзүндөгү инфляциясына жыл сайын түзөтүү киргизүү менен орто мөөнөттүү мезгилге жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө болжолдонгон.
Импорттолуучу отун ресурстарынын (көмүр, газ, мазут) наркынын дайыма өсүү шарттарында ОМТСтин бирден бир негизги милдети болуп жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди ушул ОМТСтин тиркемесинде келтирилген темптерге ылайык өз убагында өзгөртүп туруу саналат. Мындай мамиле жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди алардын реалдуу наркына жеткирүүгө мүмкүндүк берет, бул жыйынтыгында энергетика тармагындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын финансылык туруктуулугун камсыз кылат.
Ушул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделет:
- тарифтер жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча бардык чыгымдарды, ошондой эле карызды тейлөөгө, капиталдык салымдарга жана башкаларга кеткен чыгымдарды жабууга тийиш;
- жылуулук энергиясынын социалдык багытталган тарифи керектөөчүлөрдүн "калк" категориясына гана жайылтылат, ошондой эле мында даректүү субсидиялоо социалдык коргоо программаларын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидиялоону акырындык менен четтетүү. Мында 2017-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергетикасындагы субсидияларды толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес, анткени бул керектөөчүлөрдүн бардык топтору, айрыкча калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтин чектен тышкары өсүүсүнө алып келет.
Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Керектөөчүлөрдүн бул тобу үчүн ушул ОМТС менен жыл сайын орточо 20 пайызга өсүү менен, 2017-жылы жылуулук энергиясынын наркын жабууга мүмкүндүк берүүчү 917,78 сом/Гкал өлчөмүндөгү бирдиктүү социалдык багытталган тариф сакталат. Бул өсүү энергетика компанияларынын бюджетинде акча каражаттарынын тартыштыгы, жылуулук энергиясынын өздүк наркын жогорулатуу менен жылуулук тармактарын жана жабдууларын модернизациялоо зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Бишкекжылуулукэнергиясы" коммуналдык ишканасынын жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле башка жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын от казандарынан жылытуу жана ысык суу менен камсыз болуу максатына жылуулук энергиясын алуучу калкка жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунан жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн жылуулук энергиясын алуучу калк үчүн белгиленген өлчөмдө эле белгиленет.
Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Бул топтордун керектөөчүлөрү үчүн 2014-жылдан тартып колдонулуучу, жыл сайын орточо 8 пайызга өсүү жана 2017-жылы сом 1 Гкал үчүн 1981,29 сомго жеткирүү менен 1557,35 сом/Гкал тарифи сакталат.
2014-жылда жылуулук энергиясынын наркы катары 1557,3 сом/Гкал жылуулук менен камсыздоочу уюмдарга электр энергиясын импорттук жеткирүүнү эсепке албастан эсептелген. Келечекте жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын чыгымдарынын өсүүсүн эске алуу менен, жылуулук энергиясын түзүүчү компоненттердин наркынын өсүшүнүн эсебинен аталган нарк түзөтүлөт.
Ысык сууга тарифтер
Эсептөө приборлору бар керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн ысык сууга тарифтер 2014-жылдын июлунан тартып өлчөмдөгүдөй эле белгиленди. Тарифтин жылына орточо 24 пайызга жыл сайын өсүүсү тариф менен 2017-жылы ысык суунун наркын жабууну карайт.
Калктын көпчүлүк бөлүгүндө ысык сууну эсептөө приборлору жок болгондуктан, ысык сууга турак жайда жашаган ар бир адамга керектөөнүн айына 4,8 м3 эсебиндеги ченем боюнча төлөнөт.
Ысык сууну эсептөөчү приборлору жок калк үчүн ОМТСта 2017-жылга карата ысык суунун наркын жабууга багытталган тарифтин жылына орточо 24 пайызга жыл сайын өсүүсү каралган.
Ушул ОМТСта жыл сайын 1-апрелден тартып жылуулук энергиясына тарифти бирдей темпте жогорулатуу каралган.
Жогоруда сунушталган мамиле жылуулук энергиясынын жана ысык суунун наркынын көтөрүлүү шарттарында калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоого жана турак жайлардын эсептөөчү приборлор менен жабдылуусун жогорулатуу көйгөйүн чечет.
Тарифтердин жогорулоо темптери жылуулук энергетика компанияларынын жабдууларынын жана жылытуу тармактарынын оң абалда кармалып турушуна, ошондой эле алардын өз убагында оңдолуусу жана жаңыртылышы менен байланышкан инвестициялык жана насыялык милдеттенмелерине жараша кайра каралып турат.
Келечекте жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясын жана ысык сууну өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана сатууда жөнгө салуучу компаниялардын реалдуу чыгымдарына алардын ылайык келишине жараша керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча дифференцияланат.
Ушул ОМТСти ишке ашыруунун жүрүшүндө отун ресурстарына (газ, мазут, көмүр) баалардын өзгөрүүсүнө талдоо жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча ОМТСте кабыл алынган көрсөткүчтөрдөн жылуулук энергетикалык секторундагы ишканалардын ишинин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдөн четтөөсү аныкталат.
Ушул ОМТС төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- керектелген жылуулук энергиясына жана ысык сууга эсептөөнүн механизмдеринин ачыктыгын жогорулатууга;
- жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалуу жана натыйжалуу максаттарга гана пайдаланууга;
- керектөөчүлөрдө жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалануунун реалдуу наркын аныктоо мүмкүндүгүнүн пайда болушуна, бул керектөөчүнүн өзүнүн керектөө түзүмүн кайра кароосу үчүн өбөлгө түзөт жана энергиялык натыйжалуулукка (жылытууга жана обочолоого) түрткү берет;
- жылуулук энергетикасында субсидиялоону этап менен кыскартууга.
|
Кыргыз
Республикасынын |
Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтердин өлчөмдөрү (салыктарды эсепке албастан), ошондой эле 2014-2017-жылдарга аларды жогорулатуунун темптери
№ |
Керектөөчүлөрдүн тобу |
Ченөө бирдиги |
Тарифти жогорулатуу датасы | |||
01.12.2014-ж. |
01.04.2015-ж. |
01.04.2016-ж. |
01.04.2017-ж. | |||
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер | ||||||
1 |
Калк(*) |
сом/Гкал |
917,78 |
1134,76 |
1366,93 |
1615,35 |
Өсүү |
% |
28,3 |
23,6 |
20,4 |
18,2 | |
2 |
Өнөр жай(**) |
сом/Гкал |
1557,25 |
1695,1 |
1833,62 |
1981,29 |
Өсүү |
% |
67,5 |
8,8 |
8,1 |
8,0 | |
3 |
Бюджеттик керектөөчүлөр (**) |
сом/Гкал |
1557,25 |
1695,1 |
1833,62 |
1981,29 |
Өсүү |
% |
67,5 |
8,8 |
8,1 |
8,0 | |
4 |
Башка керектөөчүлөр (**) |
сом/Гкал |
1557,25 |
1695,1 |
1833,62 |
1981,29 |
Өсүү |
% |
67,5 |
8,8 |
8,1 |
8,0 | |
Ысык сууга тарифтер | ||||||
1 |
Калк (ысык суудагы жылуулук энергиясы үчүн)(*) |
сом/Гкал |
664,96 |
981,76 |
1298,56 |
1615,35 |
Өсүү |
% |
28,3 |
47,6 |
32,2 |
24,4 | |
Калк (эсепке алуу приборлору боюнча ысык суу үчүн) |
сом/м3 |
48,55 |
64,38 |
80,29 |
96,31 | |
Өсүү |
% |
18,1 |
32,6 |
24,7 |
19,9 | |
2 |
Калк (1 кишиге керектөө ченеми боюнча ысык суу үчүн) |
сом/ай |
233,03 |
309,03 |
385,41 |
462,27 |
Өсүү |
% |
18,1 |
32,6 |
24,7 |
19,9 | |
3 |
Калган бардык керектөөчүлөр (ысык суудагы жылуулук энергиясы үчүн)(**) |
сом/Гкал |
1557,25 |
1695,1 |
1833,62 |
1981,29 |
Өсүү |
% |
67,5 |
8,8 |
8,1 |
8,0 | |
4 |
Өнөр жай |
сом/м3 |
89,59 |
97,19 |
104,91 |
113,14 |
Өсүү |
% |
49,3 |
8,5 |
7,9 |
7,8 | |
5 |
Бюджеттик керектөөчүлөр |
сом/м3 |
89,59 |
97,19 |
104,91 |
113,14 |
Өсүү |
% |
49,3 |
8,5 |
7,9 |
7,8 | |
6 |
Башка керектөөчүлөр |
сом/м3 |
89,59 |
97,19 |
104,91 |
113,14 |
Өсүү |
% |
49,3 |
8,5 |
7,9 |
7,8 |
Эскертүү
(*) Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун көрсөтүлгөн тарифтери керектөөчүлөрдүн "Калк" тобу үчүн жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын бардыгына карата эсептөөнүн жүрүшүндө колдонулат.
(**) Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун ушул тарифтери аталган топтордун "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнө гана карата колдонулат жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИ, "Бишкекжылуулукэнергиясы" КИ жана башка жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылуулук энергиясынын тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнө карата колдонулбайт.