Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 3-марты № 96

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартында:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо

  

”;

     - 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

15

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

”;

     - төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

18

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

 

”;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнча нускамада:

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган адамдын аракеттеринин ырааттуулугу көрсөтүлөт.”;

- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары: имарат-жайларга коюлуучу талаптарды баяндоо, эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен келүүчүлөр үчүн кандай шарттар (гардероб, ажаткана, отуруу үчүн орундуктардын болушу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн  ыңгайлуулуктар, кезекти түзүү ыкмасы: электрондук, кезекке туруу, жазылуу) кепилдикке алынат.”;

- 14-пункттун үчүнчү абзацындагы “мамлекеттик орган” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган” деген сөздөр менен толукталсын;

- 21-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр кандай түрдө, анын ичинде аны электрондук форматта толук көлөмдө же жарым-жартылай бериле тургандыгы көрсөтүлөт.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:

“211. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен түзөтүүгө жана кайра каралып чыгууга тийиш. Стандартта ошондой эле аны кайра кароонун кыйла кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев