Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 31-марты № 173

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндөгү жобону жана башкаруу схемасын бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук түзүмдүк бөлүнүштөрүн башкарууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмакты-габаритти контролдоо жана тоннелдик кызмат боюнча башкармалык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти деп аталсын.

2. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты кайра каттоону ишке ашырсын.

5. Ушул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаментинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: 128655kyr.png