ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 192
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 ''Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишими менен уюшулган Евразия экономикалык союзунун мыйзамдары менен шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул Жобону колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге катышуучу өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана иштеген чет элдик жарандарына таркатылат.".
2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр |
Дж.К.Оторбаев |