Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-майы № 305

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мѳөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттγү тарифтик саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнγн 2014-жылдын. 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндѳ" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына орто мөѳнөттүү тарифтик саясатында:

- 3-главада:

"Калк" бөлүмчөсүнүн үчүнчү абзацындагы "2014-жылдын 1-декабрынан баштап 70 тыйын/кВтс тариф боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-жылдын 1-апрелинен" деген цифралар жана сөздөр "70 тыйын/кВтс тариф боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-жылдан тартып" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

- "Насостук стандиялар" бөлүмчөсү тѳмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Насостук станциялар

Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу, ошондой эле канализациялык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу суу менен камсыздаган насостук станциялар жана скважиналар γчγн электр энергиясына тариф социалдык багытталган тарифтин деңгээлинде, 72,8 тыйын/кВтс өлчөмүндө, мурунку жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна гана жыл сайын түзөтγү менен калат.";

1-тиркемеде:

аталышы төмөнкγдөй редакцияда баяндалсын:

"Акыркы керектөөчүлөр үчүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын керектөөчүлөрүнөн тышкары) электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)";

- "01.04.2015", "01.04.2016" жана "01.04.2017" цифралары тиешелүү "01.06.2015", "01.06.2016" жана "01.06.2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2-тиркемеде:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Kapa-Көл шаарынын акыркы керектөөчүлѳрү үчүн электр энергиясына тарифтерди которүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)";

"01.04.2015", "01.04.2016" жана "01.04.2017" цифралары тиешелүү "01.06.2015", "01.06.2016" жана "01.06.2017" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев