Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

Нургул Абыкеевна Бейшембаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Самед Али оглы Самедовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

2019-жылдын 16-январы

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,

кайрылуучу тарап – Нургул Абыкеевна Бейшембаеванын кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Самед Али оглы Самедовдун;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Манас Болотович Сарымсаковдун;

башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Жыргал Нуржановна Мурзалиеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Канатбек Уланбекович Курманалиевдин катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Н.А. Бейшембаеванын кызыкчылыгын көздөгөн С.А. Самедовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы А.О. Нарынбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

Т А П Т Ы:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 23-июлунда Н.А. Бейшембаеванын кызыкчылыгын көздөгөн С.А. Самедовдун Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 135-беренесинин 2-пунктун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун, 325-беренесинин 5-бөлүгүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацын жана 2-пунктунун «а» пунктчасынын бешинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ өтүнүчү келип түшкөн.

Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан келип чыккандай, арыздануучу жарандык талаш-тартышка кириптер болгон, ал соттун үч инстанциясында чечилип келген. Соттук коргонуу укугун жүзөгө ашырууда, арыздануучудан доо арызын тапшырууда талап кылынган мамлекеттик алымдын өлчөмсүз суммасы бул маселенин чечилишине кыйынчылык туудуруп, соттук коргонууга жетишүүнү чектеп келген.

Ошентип, арыздануучу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту талашылып жаткан ченемди жетекчиликке алып, доонун баасы 1 904 000 (бир миллион тогуз жүз төрт миң) сомду түзүп турса, андан 190 400 (жүз токсон миң төрт жүз) сом өлчөмүндө мамлекеттик алымды өндүрүп алган, ошол эле учурда доонун суммасы өңчөй экономикалык иштерди кароодо 48 080 (кырк сегиз миң сексен) сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алым өндүрүлүп алынат деп белгиледи.

Ушуга байланыштуу, арыздануучу талашылып жаткан ченемдер доо арызды өндүрүшкө кабыл алуунун милдеттүү шарты катары мамлекеттик алымды төлөө зарылдыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына карама-каршы келет деп эсептейт.

Кайрылуунун субъектинин пикири боюнча, Конституциянын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

С.А. Самедовдун пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер сот адилеттигине, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратууга, ошондой эле соттук коргонууга чектөө коюуда.

Баяндалгандын негизинде, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан жоболорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын жана 2-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү бөлүгүндө гана өндүрүшкө кабыл алынган. Калган бѳлүгүндѳ бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими болгонуна байланыштуу өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.

2018-жылдын 23-ноябрында арыздануучу өзүнүн өтүнүчүнө толуктоо киргизген, анда талашылып жаткан ченемдерди текшерүү боюнча өзүнүн талаптарын тактаган. Жекече, аны менен жогоруда аталган Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын гана конституциялуулугун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, ошондой эле 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык келүүсүн текшерүү зарылдыгы жөнүндө тактоо киргизилген. Өз талаптарынын калган бөлүгүн кароосуз калтырууну суранган.

Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдоп, жана аларды канааттандырууну суранууда.

Жоопкер тараптын өкүлү М.Б. Сарымсаков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси кабыл алынган, ал «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин кодонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген деп белгиледи. Мында «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жогоруда белгиленген мыйзам менен күчүн жоготту деп табылган.

М.Б. Сарымсаков мамлекеттик алымдын ставкалары белгилүү градацияга ээ деп белгиледи. Мындай градациянын болушу доо арыздарды берген адамдардын өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алууга багытталган. Мында мыйзам чыгаруучу мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу, аны тѳлѳѳ мѳѳнѳтүн жылдыруу жана созуу учурларын караштырган, бул жарандарга өзүнүн бузулган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүндүгүн камсыз кылат.

Мамлекеттик алымды өндүрүп алуу максаты болуп мамлекеттик органдардын чыгымдарын жабуу саналат да, киреше алууга багытталган эмес.

Бул жагдай мамлекеттик алымдар жеке кызмат көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу өндүрүлсѳ да, келишимдик төлөмдөр катары каралышы мүмкүн эмес экенин күбѳлѳндүрүп турат. Мамлекеттик алым төлөм катары адамга коомдук-укуктук мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүлгөнүнө байланыштуу жеке тартипте өндүрүлөт.

Ал алым мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мамлекеттик функцияларды жалпы кызыкчылыктарда аткарууга байланыштуу төлөнүп берилерин баса белгилеген. Сотко доо арызды берүүдө мамлекеттик алымды төлөө конкреттүү адамдын соттук коргонуу укугу менен байланыштуу жана соттун - мыйзамдуулук режимин колдоо коомдук пайдалуу функциясы менен аныкталат.

«Салыктык эмес киршелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мүлктүк мүнөзүндөгү доо арыздар боюнча мамлекеттик алымдын ставкаларын азайтуу жагын алты айлык мөөнөт ичинде кайра карап чыгуу тапшырылган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2018-жылдын 23-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөт ичинде талашылып жаткан ченем боюнча мамлекеттик алымдын ставкаларын азайтууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизүү тапшырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде Юстиция министрлиги тарабынан «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору иштелип чыккан. Жекече, токтомдун бул долбоору менен жеке жактар тарабынан да, юридикалык жактар тарабынан да сотко тапшырылып жаткан доо арыздардан өндүрүлүүчү мамлекеттик алымдын өлчөмүн эсептөөнүн бирдиктүү тартибин орнотуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасы менен белгиленген мамлекеттик алымдын ставкаларын ылдыйлатуу караштырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтом долбоору 2018-жылдын 27-декабрындагы № 27-71/182 каты менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү М.Б. Сарымсаков арыздануучунун өтүнүчүнүн чечилишин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосуна калтырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Ж.Н. Мурзалиева сотторго негизделбеген кайрылуулардын санынын кескин өсүшү мамлекеттик алымды төлөө тартибин өзгөртүүнүн негизги себептеринин бири болду деп болжойт. Ушуга байланыштуу, мындай кайрылуулардын алдын алуу максатында доо арызды сотко берүүдө мамлекеттик алымды төлөө талабы начар турган жарандарды аны төлөөдөн бошотуу мүмкүндүгү менен киргизилген. Анын пикири боюнча мүлктүк талаш-тартыштар боюнча мамлекеттик алымдын 10 пайыздык ставкасы сот адилеттигине жетишүү үчүн реалдуу тоскоолдук болуп калышы мүмкүн. Мында, жарандык процесстик мыйзамдарда мамлекеттик алымды тѳлѳѳдѳн бошотуу, аны төлөө мѳѳнѳтүн жылдыруу жана созуу институту каралганы менен аларды колдонуу механизмдери толук кандуу жүзөгө ашырылбай калган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү К.У. Курманалиев мамлекеттик алымды төлөөнүн колдонуудагы тартиби жарандардын соттук коргонуу укуктарын кемсинткен жери жок, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде жарандарды мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле мүлктүк абалына байланыштуу аны төлөөнү жылдыруу же созуу институту караштырылган деп эсептейт.

Ошондой эле К.У. Курманалиев «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мүлктүк мүнөздөгү доо арыздар боюнча мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмүн азайтуу жагына кайра карап чыгуу тапшырылган деп белгиледи. Көрсөтүлгөн Мыйзамды аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору киргизилген.

Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү К.У. Курманалиев С.А. Самедовдун өтүнүчүн негизсиз деп эсептейт, анткени мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмүн азайтуу маселеси колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу чечилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацы саналат:

«1. Сотко тапшырылып жаткан доо арыздардан, анын ичинде алдын ала келишим талаш-тартыштардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан (жеңилдик берилгенден тышкаркылардан), ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрү (дубликаттары) берилгени үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:

а) доо арыздын баасы:

10 000 сомдон жогору болгондо

 

доонун баасынан 10 пайыз;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, талашылып жаткан ченемдин каралып жаткан редакциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-февралындагы № 75 токтому менен кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2015-жылдын 6-мартындагы № 17-18 сандарында жарыяланган. Белгиленген токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принцип бекитилген (16-берененин 3-бөлүгү). Мыйзам алдында бардыгынын бирдейлиги процесстик укуктук мамилелердин бардык субъектилерине бирдей колдонулган укуктун бирдиктүүлүгүнөн көрүнөт, жалпы маанисинде сотко бирдей жетишүү жана атаандаштык мүмкүнчүлүктөрдүн бирдей укугун кепилдейт жана мындай териштирүүлөрдө тараптарга карата кандайдыр бир басмырлоо көрсөтүлбөстөн мамиле жасалышын камсыз кылат. Бул кепилдик сотко карата жетишүүдө мыйзамга негизделбеген, объективдүү жана акылга сыяр негиздер боюнча акталышы мүмкүн эмес ар кандай айырмачылыктарга да тыюу салат.

Мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлиги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн укуктук көз карашын бир нече жолу билдирген. Жекече, 2016-жылдын 11-майындагы Чечиминде укук субъекттеринин укуктары менен милдеттериндеги айырмачылыктарга алып келүүчү укуктук жөнгө салуудагы ар кандай дифференциация мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын, анын ичинде эгер айырмачылыктар объективдүүлүк жагынан орундуу, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөгөн болсо, ал эми андай максаттарга жетишүү үчүн колдонулуп жаткан укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болсо айырмачылыкка жол берилет деген бирдейлик принцибинен келип чыккан талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылышы керек деп белгиленген.

Бирдейлик принциби Кыргыз Республикасынын Конституциясында түздөн-түз таанылган укуктар менен эркиндиктерге гана эмес, алар менен байланышкан мыйзамдын негизинде алынган башка укуктарга да жайылтылат. Бул конституциялык принциптер ар бир адамдын бардыгынын мыйзам алдында бирдей болуусуна жана мыйзам тарабынан бирдей корголууга болгон укуктарынын кепилдигин бекиткен «Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө» Эл аралык пактынын 26-беренесинин жоболору менен үндөшүп турат.

Сот тарабынан сот адилеттигин жүзөгө ашырууда колдонулган жогоруда көрсөтүлгөн кодулабоо жана бирдейлик конституциялык принциптери жарандардын адилеттүү сотко жана сот тарабынан адилеттүү чечимдин кабыл алынуусуна, ага тете жарандардын мамлекет менен мыйзамга ишеним артуу принцибин колдоосуна жетишүүсүнүн кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн олуттуу мааниге ээ.

Укук субъекттери бирдей шарттарда бирдей абалда болушу керек, эгер шарттар бирдей болбосо, мыйзам чыгаруучу алар үчүн ар кандай укуктук статус орнотууга укуктуу. Формалдуу жактан бирдей субъекттерге бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар кандай категориядагы адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылдыгы менен шартталбайт, ал эми мыйзам алдында бирдей болуу нагыз айырмачылыктарды жана аларды мыйзам чыгаруучу тарабынан эске алуу зарылдыгын жокко чыгарбайт.

Каралып жаткан аспектиде мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдей болуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту жана 40-беренеси менен кепилденген соттук коргонуу укугу менен өз ара тутумдук тыгыз байланышта турат, ал эч чектелбейт жана адам менен жарандын бардык калган укуктары жана эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналат.

Соттук коргонуу укугу ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесинде да, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесинде да бекитилген.

3. Жарандарды соттук коргонуу укугун камсыз кылуу укуктук мамлекеттин маанилүү белгиси болуп саналат. Соттук коргоо универсалдуу, андыктан инсандын бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоонун эң натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Мында жарандардын укуктарын соттук коргоонун деңгээли коомдун демократиялуулугунун көрсөткүчү болот.

Жарандык сот өндүрүшүнө карата соттук коргонуу укугу, биринчи кезекте, сотко кайрылуу (сот адилеттигине жетишүү) укугуна трансформацияланат. Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүнѳ бөгөт кылган ченемдерди кабыл алуунун мүмкүн эместигин билдирет. Адам сот адилеттигине жетишүүгө мүмкүнчүлүгү болмоюн өзүнүн соттук коргонуу укугун толук көлөмдө жүзөгө ашыра албайт. Реалдуу түрдө гана камсыз кылынган соттук коргонуу укугу адамдын сотко кайрылуусуна маани берет. Ошентип сот адилеттигине болгон укук жаранга мамлекет тарабынан укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген негизги кепилдик болуп саналат.

Бул укуктун конституциялык-укуктук мааниси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы, 2018-жылдын 1-ноябрындагы чечимдеринде да ачылган.

Маселен, 2018-жылдын 1-ноябрындагы чечимде соттук коргонуу укугу укуктук мамлекеттин базиси болуп саналат жана адам менен жарандын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген башка укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга, зарыл болгон учурда аларды калыбына келтирүүгө жол ачат. Сот адилеттиги сот адилеттигине жетишүү, атаандаштык, калыстык, бейтараптуулук, соттун көз карандысыздыгы сыяктуу сот адилеттигин жүзѳгѳ ашыруунун принциптерин мүмкүн болушунча ырааттуу жана толук кандуу жүзөгө ашырууга жол берген процесстик формалардын биринин алкагында сот өндүрүшү аркылуу сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

Сот адилеттигине жетишүүнү укуктун процесстик тармактарынын принциби катары жана сот түзүлүшү менен сот өндүрүшү жөнүндөгү бардык мыйзамдардын башында турган башат катары кароо керек. Сот адилеттигине жетишүү бул мааниде процесстик гана эмес, нагыз мүнөзгө да ээ болгон белгилүү шарттарга түздөн-түз байланыштуу болот.

Мында мыйзамда каралган соттук коргонууга кайрылуу үчүн каралган кеңири мүмкүндүк ар кандай адам, каалаган талабы менен, ар кандай шарттарда жана эркин формада сотко кайрыла алат, ал эми сот болсо жарандык сот өндүрүшүн козгойт жана чечим чыгарат дегенди билдирбейт.

Кызыкдар адамдын сотко коргонуу үчүн койгон талабы мындай адамда соттук коргонууга кайрылуу субъективдүү укугу болгондо гана ал соттук териштирүүнүн предмети боло алат. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 4-беренесине ылайык кызыкдар кайсы болбосун жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу, башкача айтканда жарандык сот өндүрүшүн козгоо стадиясындагы сот адилеттигине жетишүүгө субъективдүү укуктун пайда болуусу жана аны жүзөгө ашырылуусу, биринчи кезекте, белгилүү юридикалык фактылардын (шарттардын) болуусу же жоктугу менен шартталган. Дал ушул юридикалык фактылар соттун биринчи инстанциясында жарандык ишти козгоо үчүн сөзсүз элемент катары келип чыгат, анткени мыйзам чыгаруучу буларды сот адилеттигине жетишүүгө укуктун болуусу жана аны жүзөгө ашырууга мүмкүндүгү менен байланыштырат. Алардын жоктугу кызыкдар адамдын арызын кабыл алуудан баш тартуу, аны кайтарып берүү же кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналат.

Мында түйшүктүү соттук чыгымдар сот адилеттигине жетишүү формалдуу жактан жеткиликтүү болгондугуна карабастан сотко кайрылууну чындыгында мүмкүн эмес кылат.

4. Соттук чыгымдар сотто жарандык иштин каралуу себеби боюнча жана анын чечилишине байланыштуу ишке катышкан адамдар тарткан чыгымдар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 101-беренесине ылайык соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароого байланышкан коромжулардан турат.

Мамлекеттик алымды өндүрүү компенсациялык жана алдын алуучулук максаттарды көздөйт. Эгер компенсациялык максат соттордун каржылануусуна бөлүнгөн мамлекеттик каражаттардын бөлүгүнүн ордун тургузууну камсыз кылса, алдын алуучулук максат болсо, өз кезегинде, сотко болгон негизсиз кайрылууларды алдын алат жана адамдарды ыйгарым укуктуу адамдардын алдында милдеттерин ыктыярдуу аткарууга үгүттөйт. Мындай укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 24-январындагы Чечиминде айтылган.

Бирок мамлекеттик алымдын өлчөмү сот адилеттигин жүзөгө ашырууга байланыштуу сарпталган чыгымдарга сөзсүз шайкеш болууга милдеттүү эмес жана коомдук мамилелердин конкреттүү тармагында коомдук тартипти камсыз кылуу максатынан жана жүзѳгѳ ашырылуусу мамлекеттик алымды төгүү зарылдыгына байланышкан укук мүнөзүнѳн келип чыгып, калыстык жана өлчөмдөштүк принцибинин негизинде мыйзам чыгаруучу тарабынан аныкталууга милдеттүү.

Мамлекеттик алымдын өлчөмү негиздүү болушу керек, башкача айтканда, мамлекеттик алым белгиленген максаттар менен салыштыруу зарыл, ошол эле убакытта ставкалар жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн чектебеши керек.

Колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ылайык мамлекеттик алымдын ставкалары доонун баасына жана коюлган талаптардын мүнөзүнө жараша дифференциацияланган. Соттор каралып жаткан иштер боюнча мамлекеттик алымдын ставкалары юридикалык жактан маанилүү аракеттердин түрлөрүнө гана эмес, коюлган доо талаптарынын мүнөзүнө жараша да айырмаланат. Мыйзамдарда белгиленген эрежелерди аткаруу сотко кайрылууда кызыкдар адамдар үчүн кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда талаш-тартышты сотко негизсиз киргизүүнү алдын алуучу белгилүү механизм болуп иштейт. Эгер мындай эрежелер маанилүү максаттар менен шартталса, андан буга карата пайда болуучу тоскоолдуктар соттук коргонууга болгон укуктун жүзөгө ашырылуусунун өзүнө жана жарандык процессте анын жүзөгө ашырылуусуна мыйзамдар кепилдиги сыяктуу сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнө шек келтирбестен акылга сыяр жана максатка ылайыктуулук критерийлерине жооп берет.

Мамлекеттик алым өзү ишке катышкан адам тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон акчалай сумма, ошон үчүн аны төлөй турган адам үчүн бул сумманын өлчөмү жөнүндө маселе орчундуу мааниге ээ болот.

Бул контекстте Конституциялык палата өзүнүн 2018-жылдын 24-январындагы Чечиминде жарандык сот өндүрүшү алкагында мамлекеттик алым сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнүн принцибин бузбаш үчүн артыкбаш жана акылга туура келбеген өлчөмдө болбошу керек деп белгилеген. Мамлекеттик алымдын ставкалары акылга сыйган чектерде болуп, аны төлөө маселеси адам үчүн сот адилеттигине жетишүү үчүн реалдуу тоскоолдукка айлангандай болбошу керек.

Демек, өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган адамдын жана сот адилеттигинин кызыкчылыктары ортосунда тиешелүү балансты аныктоо, мамлекеттик алымдын ставкаларынын акылга сыйган чектерин жана аны төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнүн так тартибин аныктоо мыйзам чыгаруучу үчүн зарыл шарт болуп саналат.

Мамлекеттик алым максаттуу жыйым экенин эске алып, мамлекеттик алымдын ставкаларын аныктоодо өндүрүп алынуучу сумма менен жарандык иштер боюнча сот ишмердигин каржылоого кеткен чыгымдарды салыштыруу зарыл, анткени мамлекеттик алым бул учурда сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү коомдук ишмердикке кеткен чыгымдарды белгилүү өлчөмдө гана жабышы керек.

Бирок өлкөдөгү калктын киреше жана жашоо деңгээли кыйла төмөн болуп турган учурда талашылып жаткан ченемде доогер койгон доонун баасы 10 000 сомдон жогору болгондо 10 пайыз өлчөмүндө белгиленген мамлекеттик алымдын суммасы өлчөмсүз жогору болуп саналат. Демек, наркы жогору болгон мүлккө байланыштуу жарандык-укуктук талаш-тартыштар боюнча соттук органдарга кайрылууда адамдар негизсиз кымбат мамлекеттик алымды төлөөгө тийиш болууда, бул түйшүктүү жана сот адилеттигине жетишүү формалдуу жагынан жөнөкөй болгону менен сотко кайрылуу маселесин мүмкүн эмес кылууда.

Ошол эле учурда мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 2-пунктунда экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилүүчү доо арыздар үчүн мамлекеттик алымдын ставкаларынын башка түрлөрүн караштырган. Маселен, мүлктүк мүнөздөгү доо арыздагы доонун баасы 500 миң сомдон 2 миллион 500 миң сомго чейин болгондо мамлекеттик алым 500 миң сомдук доонун суммасынан 2 пайызды түзөт ал 20 миң сомго барабар.

Жарандык жана экономикалык иштер боюнча сотко берилүүчү доолор боюнча мамлекеттик алымдардын дифференциясындагы мындай диспропорция сот адилеттигине жетишүү көз карашынан калыстыкка жатпайт жана орундуу эмес, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы соттук коргонуу укугу кескин түрдө чектелүүдө, себеби Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин мамлекеттик алымды тѳлѳѳдѳн бошотуу, аны төлөөнү жылдыруу жана созуу тууралуу ченемдерине карабастан мамлекеттик алымдын жогорку ставкаларынан улам жарандык иштер боюнча соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруу декларативдүү бойдон калууда.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик алымдын өлчөмсүз жогорку ставкаларынан улам соттор юрисдикциясынан бир катар жарандык доолор жокко чыгууда, аны менен адамдардын айрым категорияларына жарандык жоопкерчиликтен качууга кандайдыр бир кол тийгистик калыптанууда, бул мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болушат деген принципке ылайык келбейт, ошондой эле соттук коргонуу укугун бузууда (Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгү, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-беренесинин 1-бөлүгү).

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы колдонуудагы ченемди жокко чыгаруу соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруу маселесин укуктук жөнгө салуудагы вакуумга алып келет деп болжойт. Ушуга байланыштуу, конституциялык контролдоо органынын акылга сыйган токтоолук принцибинен келип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместиги тууралуу чечимди кошумча шарт менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

Ч Е Ч Т И:

1. Мамлекеттик алымды төлөө маселесинде укуктук вакуумду жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына 2019-жылдын 16-апрелинен тартып карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин 1-пунктунда белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен жана анын жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан мамлекеттик алымдын ставкаларынын укуктук жөнгө салынуусуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

5. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы