Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\41abfa8d-1ab6-4aa4-a58e-7da0d2f49f0c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-апрели № 234

Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56, 2016-жылдын 16-июнундагы № 326, 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650, 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 , 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44, 86, 282-19 жана 290-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасы (FORM STI-123) 1-тиркемеге ылайык;

- кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу тартиби (FORM STI-123) 2-тиркемеге ылайык;

- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын формасы (FORM STI-136) 3-тиркемеге ылайык;

- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтуруу тартиби (FORM STI-136) 4-тиркемеге ылайык;

- акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формасы (FORM STI-135) 5-тиркемеге ылайык;

- акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоону толтуруу тартиби (FORM STI-135) 6-тиркемеге ылайык;

- товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра алуу жөнүндө билдирүүнүн формасы (FORM STI-137), 7-тиркемеге ылайык.

- Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегинин формасы (FORM STI-153), 8-тиркемеге ылайык;

- Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегин толтуруу тартиби (FORM STI-153), 9-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министри

Дж. Оторбаев

 

 

1-тиркеме

Кыйыр салыктар боюнча
ОТЧЕТ

Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "КНСтен бошотулган импорт" 3-тиркемеси

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641, 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 (Кагаз тγрγндѳгyсy юстиция министрлигинде )

2-тиркеме

Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56 , 2016-жылдын 16-июнундагы № 326, 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641, 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 , 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу тартибин аныктайт.

2. Кыйыр салыктары боюнча отчет ''Кыйыр салыктар боюнча отчеттун" формасынан (FORM STI-123) (мындан ары - Отчет) жана кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) жана акциздер боюнча салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган анын төмөнкү тиркемелеринен турат:

- "Импортко КНС" 1-тиркемеден (FORM STI-123-001);

- "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" 2-тиркемеден (FORM STI-123-002);

- "Кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт" 3-тиркемеден (FORM STI-123-003);

- "Акциз салыгы" 4-тиркемеден (FORM STI-123-004);

- "Спирт, алкоголдук жана спирт камтыган продукциялар боюнча операциялар" 5-тиркемеден (FORM STI-123-005);

- "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 6-тиркемеден (FORM STI-123-006);

- "Атайын эсеп (депозит)" 7-тиркемеден (FORM STI-123-007);

- "Товарларды алдыдагы ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоолордун реестри" 8-тиркемеден (FORM STI-123-008);

- ''Акцизди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлар" 9-тиркемеден (FORM STI-123-009).

3. Эгерде, субъект Кыргыз Республикасынын аймагына материалдык ресурстарды импорттобосо Отчет берилбейт.

Эгерде, салык салынуучу субъекттин кайсы бир тиркемени толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү жок болсо, мындай тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Отчетко көрсөткүчтөрү бар тиркемелер гана тиркелет.

Отчетту толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана Отчеттогу көрсөткүчтөрдү эсептөө менен аяктайт.

3-1. Импорттолгон товарларды толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган орду боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын аймактык бөлүгүнө (мындан ары - СӨП) товарларды кайра кайтарган датага чейин 15 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө билдирет.

3-2. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек:

1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн);

2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер;

3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;

4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер.

3-3. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт.

3-4. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) жана Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) ушул Тартиптин 3-2-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына берет.

3-5. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин толук кайра кайтарууда салык төлөөчү мурда берилген алгачкы Кыйыр салыктар жөнүндө отчетко (FORM STI-123) кошумча такталган Кыйыр салыктар жөнүндө отчетту (FORM STI-123), ошондой эле толук кайра кайтарылган товарлар жөнүндө маалымат чагылдырылган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүүнү (FORM STI-137) салык органына берет.

4. Отчеттун тиркемелеринин беттериндеги болгон уячалардагы көрсөткүчтөрдүн санынан ашып кеткен учурда, тиркеменин ушундай бети кошумча толтурулат.

5. Отчет салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.

6. Отчеттогу жана анын тиркемелериндеги көрсөткүчтөр математикалык эрежелер боюнча тегеректелип сом менен көрсөтүлөт (50 тыйындан аз көрсөткүчтөрдүн мааниси азыраак жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык көрсөткүчтөр сомго чейин тегеректелет).

7. Отчетту толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.

8. 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр ушул уячаларда жана тиркемелерде көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болуусу тийиш.

9. Отчеттун жана анын тиркемелеринин датаны камтыган уячаларында дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күнү, айы, жылы) форматында көрсөтүлөт. Мисалы "01.01.2015".

10. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:

- Отчет баруу тартибинде же кабарлоо менен заказдык кат түрүндө алынган учурда, салык органынын кызмат адамы уячаларды Отчет алынган дата, Отчетту кабыл алган кызмат адамынын ИСНи менен толтурат жана салык органынын штампын коет;

- баруу тартибинде берилген учурда Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат жана анда сакталууда калат;

- кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу берилген учурда Отчет салык органына эки нускада жиберилет: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө жиберилет жана анда сакталууда калат;

- салык төлөөчү заказдык каттын жеткирилгендиги жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат, бул Отчеттун бергендигин ырастоо болуп саналат.

11. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

12. Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилген электрондук документ түрүндөгү Кыйыр салыктар боюнча отчет жана анын тиркемелери ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форматка шайкеш келбеген учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.

2. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу (FORM STI-123)

1-бөлүм. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат"

13. төмөнкү учурларда 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:

1) эгерде, Отчет календардык ай үчүн биринчи жолу берилип жатса - белги "Алгачкы" уячасында коюлат;

2) эгерде, мурда ушул эле салык мезгил үчүн Отчет берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Отчетто оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;

3) Отчеттун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада 0/1 Отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет:

1) "0" (нөл) - алгачкы;

2) "1" - такталган.

14. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.

15. 103-уячада салык төлөөчүнүн уюмдаштыруучу документтерге ылайык толук аталышы, товарларды импорттогон адамдын паспорту боюнча толук аты-жөнү көрсөтүлөт.

16. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

17. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.

18. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.

19. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок).

20. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.

21. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт.

22. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

23. 201-уячада отчет берилген салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күн, ай жана жыл. Мисалы: "01.01.2015".

24. 202-уячада отчет берилген салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күн, ай жана жыл. Мисалы: "31.01,2015".

25. Отчетту толтуруу үчүн алгач Отчеттун салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерин толтуруу зарыл.

Отчетту толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана Отчеттун көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.

2-бөлүм. "Отчет боюнча маалымат"

26. 050-уячада отчеттук мезгил үчүн Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импортунун жалпы наркы КНСтин суммасын эсепке албастан, көрсөтүлөт.

Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-001) 199-сабынын чоңдугу алып өтүлөт.

27. 051-уячада Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, анын ичинде транспорт каражаттарынын импорту (жеке жактар тарабынан ишкердик иштин максаттарында эмес импорттолуучу транспорт каражаттарынан сырткары), товарлардын импорту (лизингдин предметтери), ошондой эле иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган товарлардын импорту боюнча кошуп эсептелген КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт.

Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-001) 199-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.

28. 052-уячада КНСтен бошотулган импорттолгон товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.

Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-003) 399-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.

29. 053-уячада импорттолуучу акциздик товарлар боюнча акциз салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-004) 409-сабынын чоңдугу алып өтүлөт.

30. 054-уячада акциздерди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлардын импортунун наркы көрсөтүлөт.

Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123-009) 909-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.

31. Отчет боюнча төлөнүүчү кыйыр салыктардын суммасы контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарын төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына шайкеш келиши керек.

32. Бул бөлүктөгү берилген тиркемелерге шайкеш келген уячаларга "X" белгиси коюлат.

Отчеттун электрондук түрүн толтурууда уячада Отчеттун тиркемелерин берүү белгисине шайкеш келген төмөнкү сандык маанилердин бири көрсөтүлөт:

"0" (нөл) - эгерде тиешелүү тиркеме берилбесе;

"1" - эгерде тиешелүү тиркеме берилсе.

33. 055-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-19-беренесине ылайык Отчетко тиркелген товарлардын импортун ырастаган документтердин же алардын көчүрмөлөрүнүн барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт.

Эскертүү: Салык төлөөчү Отчет менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык документтерди салык органына берет.

34. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө (FORM STI-123) Отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы көрсөтүлөт.

Отчет жана анын тиркемелерине төмөнкүлөр кол коюшат:

1) импорттоочу субъекттин жетекчиси жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;

2) Отчет ишеним каттын негизинде импорттоочу субъекттин кызыкчылыгын коргоочу ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда уюмдун-өкүлдүн ишенимдүү адамы/жетекчиси. Коюлган кол Отчетко кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык Отчетко уюмдун-өкүлдүн ишенимдүү адамы/жетекчиси кол койгон учурда. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө уюмдун-өкүлдүн аталышы, Отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы, анын негизинде салык өкүлчүлүгү ишке ашырылып жаткан ишеним каттын маалымдаректери көрсөтүлөт.

35. 901-жана 902-уячаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык органы Отчетту кабыл алган дата;

2) салык салынуучу субъект тарабынан берилген Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи.

36. Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына Кыйыр салыктар боюнча отчет тиркемелери менен электрондук түрдө берилген учурда алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болууга тийиш: "K_N_GGGGMMDD_О", мында:

К - префикси салык төлөөчү тарабынан берилип жаткан Отчеттун формасынын номерин билдирүүчү префикс;

N - маалыматты алуучунун коду (салык органдарынын маалымдамасы боюнча салык органынын үч сандан турган коду);

GGGG - берилип жаткан файлдын түзүлгөн жылы, ММ - айы, DD - күнү;

О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык төлөөчүнүн ИСНи (маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору файлдын уникалдуулугун камсыздоого милдеттүү).

3. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Импортко КНС" 1-тиркемесин (FORM STI-123-001) толтуруу

37. 01-тиркеменин 102, 103, 103, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.

38. 150-сапта лизингдин предметтеринин салык салынуучу импортунун наркы жана кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

39. 151-сапта иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы жана Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

40. 152-сапта транспорт каражаттарынын импортунун наркы жана Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

41. 153-сапта контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске албастан Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын башка салык салынуучу импортунун наркы жана кошуп эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт (150е, 151, 152 жана 153-саптардан тышкары).

41-1. 198-сапта контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонууну эске алуу менен товарлардын наркынын көбөйүшүнөн жана КНС суммасын эсептөөдөн келип чыккан айырмачылыктардын жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.

Бул сапка "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" (FORM STI-123-002-1) деген 21-тиркеменин10 жана 11-графалардын суммалык жыйынтык көрсөткүчү чагылдырылат.

42. 199-сапта Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (ташып келинүүчү) товарлардын салык салынуучу импортунун жыйынтык наркы жана алар боюнча кошуп эсептелген 150-198-саптарда көрсөтүлгөн КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

199-сапта көрсөтүлгөн кошуп эсептелген КНСтин суммасы Отчеттун 2-тиркемесинин 6-графасында (FORM STI-123-002) жана Отчёттун 2-1-тиркемесинин (FORM STI-123-002-1) 11-графасында көрсөтүлгөн КНСтин суммасына шайкеш келиши керек.

"Салык салынуучу импорттун наркы" 199-саптын көрсөткүчү Отчеттун 050-уячасына (FORM STI-123) көчүрүлөт.

"КНС суммасы" деген 199-саптын көрсөткүчү Отчёттун (FORM STI-123) 052 уячасына көчүрүлөт.

Эскертүү. Салык салынуучу импорт болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулгандардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү же ташып келинген товарлар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик катталууга тийиш ташып келинген же ташып келинүүчү транспорт каражаттары.

2) Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарлар.

Салык салынуучу импорттун наркы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-8-беренесине ылайык аныкталат.

Салык салынуучу импортко Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулган жана КНС боюнча салык салуу объектиси болуп саналбаган импорт киргизилбейт.

4. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" 2-тиркемесин (FORM STI-123-002) толтуруу

43. Бул форма товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө женүндө арыздар ( DOC STI-136) (мындан ары - Арыз) боюнча жалпыланган маалыматты көрсөтү^ү үчүн арналган.

44. "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри" (мындан ары - Реестр) 2-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

45. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.

46. 2-графада Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо ишке ашырылган экспорттоочу өлкөнүн цифралык коду МК (ИСО 3166) 004-97 Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417) көрсөтүлөт.

47. 3-графада салык төлөөчү берген Арыздын номери көрсөтүлөт.

48. 4-графада салык төлөөчү берген Арыздын датасы көрсөтүлөт.

49. 5-графада Арыздын (DOC STI-136) "Жыйынтык" 19-графасында көрсөтүлгөн акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт.

50. 6-графада Арыздын (DOC STI-136) "Жыйынтык" 20-графасында көрсөтүлгөн КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

51. 7-графада Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлар боюнча чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесине ылайык импорттолуучу товарлар боюнча чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

Бул графа салык салынуучу субъекттер болуп саналбаган субъекттер, б.а. КНС боюнча катталышкан субъекттер тарабынан толтурулбайт.

Акыркы барактын "Реестр боюнча бардыгы" сабынын 7-графасынын жыйынтык мааниси "КНС боюнча отчеттун" 03-тиркемесинин (FORM STI-062-003) салык салынуучу жеткирип берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылбаган материалдык ресурстарды эсепке албаганда ''Евразия экономикалык союзунан" сабынын 10-графасынын маанисине шайкеш келиши керек.

52. 5, 6 жана 7-графалар боюнча "Ушул бет боюнча жалпы" сабынын мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.

Реестрдин акыркы барагында ушул жана акыркы беттери боюнча жыйынтыкты жалпылоо жолу менен "Реестр боюнча бардыгы" көрсөтүлөт.

4-1. Кыйыр салыктар боюнча отчёттун "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" 2-1-тиркемесин (FORM STI-123-002-1) толтуруу

52-1. Бул форма товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардан (FORM STI-136) контролдук баалардын минималдык деңгээли (мындан ары - КБМД) колдонула турган товардык позициялар боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган.

52-2. "Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри" 2-1-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчёттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.

52-3. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.

52-4. 2-графада КБМД колдонулуучу товардын он орундуу ТЭИ ТНдин он орундуу коду көрсөтүлөт.

52-5. 3-графада КБМД колдонулуучу товардын аталышы көрсөтүлөт.

52-6. 4-графада КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) сабынын номери көрсөтүлөт.

52-7. 5 жана 6-графаларда КБМД колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө тууралуу арыздын (FORM STI-136) номери жана датасы көрсөтүлөт.

52-8. 7-графада келишимде (контрактта) жана/же товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн товардын бирдиги үчүн иш жүзүндөгү баа көрсөтүлөт. Мында, товарды өлчөө бирдигин ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.

Мисалы: Унду ташып келүүдө келишимде жана товар коштоочу документтерде 50 кг салмактагы бир кап үчүн 150 сом көрсөтүлсө, ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиги килограмм болуп саналат, демек 7-графасында 3 сом (150/50=3 сом) деп көрсөтүү зарыл.

52-9. 8-графада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу салык органынын веб-сайттарында жарыяланган КБМДнын белгиленген өлчөмү көрсөтүлөт.

52-10. 9-графада 7-графада көрсөтүлгөн товарлардын өлчөө бирдигинде, КБМД колдонула турган товарлардын саны көрсөтүлөт.

52-11. 10-графада КБМД колдонулгандан кийин товардын наркынын айырмасы көрсөтүлөт. Айырманы эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: (8-графанын көрсөткүчү - 7-графанын көрсөткүчү) х 9-графанын көрсөткүчү = 10-графанын көрсөткүчү.

Мисалы: келишимде жана товар коштоочу документтерде товардын бирдиги үчүн баа - 3 сом, КБМД - 15 сом, товардын саны - 1000 кг (15-3)х1000=12000. Бул учурда 10-графага 12000 көрсөтүлөт.

52-12. 11-графага КБМДны колдонууну эске алуу менен кошумча эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт. КНС 10-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркындагы айырмага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептелет.

52-13. 9, 10 жана 11-графалар боюнча "Ушул бет боюнча жалпы" сабынын мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча бөлүнүп чыгарылышы керек. Реестрдин акыркы барагында "Реестр боюнча бардыгы" сабы ушул жана акыркы беттери боюнча жыйынтыктардын суммасын чыгаруу аркылуу көрсөтүлөт.

52-14. 10 жана 11-графалардын жыйынтык мааниси "Импортко КНС" (FORM STI-123-001) Кыйыр салыктар боюнча отчёттун 1-тиркемесинин 198-сабына көчүрүлөт.

5. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт" 3-тиркемесин (FORM STI-123-003) толтуруу

53. Бул форма кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган, Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу товарлар боюнча маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган.

54. 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

55. 350-сапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катарында ташып келинүүчү товарлардын наркы көрсөтүлөт.

56. 351-сапта эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар тарабынан расмий колдонуу, ошондой эле дипломатиялык агенттиктер, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жеке колдонуу үчүн ташып келинген товарлардын наркы көрсөтүлөт.

57. 352-сапта ташып келинген жаратылыш газынын наркы көрсөтүлөт.

58. 353-сапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык импорттолгон дары каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.

59. 354-сапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык айнек кайнатуучу мешти жана конверторду (феррокуйма мешти) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлардын наркы көрсөтүлөт.

60. 355-сапта ТЭИТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алып келинүүчү асыл-тукум айыл чарба малдарынын жана үрөндүк материалдардын, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.

61. 356-сапта ТЭИТНге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык ташып келинүүчү куралдардын, аскер техникасынын, аскер мүлкүнүн, атайын техниканын жана атайын каражаттардын наркы көрсөтүлөт.

61-1. 357-сапта импорттолгон электр энергиянын наркы көрсөтүлөт.

61-2. 358-сапта банктык жабдуулардын наркы көрсөтүлөт (банкоматтардын, POS-терминалдардын, төлөм терминалдарынын жана банк киоскторунун).

61-3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

61-4. 359-сапта эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн борттук камдыктар катары май куюучу уюмдар импорттогон реактивдүү отундун наркы көрсөтүлөт.

61-5. 360-сапта социалдык маанидеги объекттер жөнүндө келишим боюнча импорттогон товарлардын наркы көрсөтүлөт.

62. 398-сапта 360-398-саптарда көрсөтүлбөгөн башка товарлар боюнча товарлардын наркы көрсөтүлөт.

63. 399-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257, 258, 258-1, 259-беренелерине жана/же эл аралык келишимдерге ылайык КНСтен бошотулган импорттун жалпы наркы көрсөтүлөт.

Бул сапка 350-398-саптардын маанилеринин жыйынтык суммасы киргизилет. 399-саптын көрсөткүчү Отчеттун 052-уячасына (FORM STI-123) көчүрүлөт.

6. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Импортко акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесин (FORM STI-123-004) толтуруу

64. Отчеттун 4-тиркемесинин уячаларын (FORM STI-123-004) толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.

65. 4-тиркеменин (FORM STI-123-004) 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-004) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

66. "Акциз салыгы" 4-тиркемени (FORM STI-123-004) толтуруу үчүн алгач салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерди толтуруу зарыл.

67. Отчеттун "Акциз салыгы" 4-тиркемесин (FORM STI-123-004) толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана 4-тиркеменин көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.

68. 401-уячага Отчеттун 5-тиркемесинин (FORM STI-123-005) 7-графасынын жыйынтык сабында көрсөтүлгөн алкоголдук жана спирт камтылган продукцияга кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда, импорттолуучу алкоголдук продукциянын көлөмүн литр менен көрсөтүү керек.

69. 402-уячага Отчеттун 6-тиркемесинин (FORM STI-123-006) 621-сабында көрсөтүлгөн тамеки продукциясына кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт, "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда, сигареттердин жана сигариллдердин санын миң даана, сигаралар даана, тамекини камтыган башка продукциялар килограмм менен көрсөтүлүшү керек.

70. 403-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген майга жана газ конденсатына кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда майдын жана газ конденсатынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.

71. 404-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензиндерге кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Продукциялардын саны" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда бензиндин, жеңил жана орто дистилляттардын жана башка бензиндердин көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.

72. 405-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген дизель отунуна кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда дизель отунунун санын тонна менен көрсөтүү керек.

73. 406-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген реактивдүү отунга кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда реактивдүү отундун санын тонна менен көрсөтүү керек.

74. 407-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мазутка кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда ташып келинген мазуттун көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.

74-1. 408-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык чийки мунайга жана битуминоз материалдардан алынган чийки мунай продуктуларына салынуучу акциз салыгынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөткөндө чийки мунайдын жана битуминоз материалдардан алынган чийки мунай продуктуларынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.

75. 409-сапта 401-408-саптарда көрсөтүлгөн, эсептелген акциз салыгынын суммаланган жыйынтыгы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасынын жыйынтык маанилери өлчөө бирдигине (миң даана, даана, килограмм, литр, тонна) жараша көрсөтүлөт.

76. "Депозит" II бөлүгүнүн 410-412-уячаларын толтуруу иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүүнү ишке ашырган салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алма негизде өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон субъект тарабынан ишке ашырылат.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 283-беренесинин ченемдерине ылайык акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды өндүргөн, анын ичинде иштетип алма негизинде өндүргөн жана/же акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект саналат.

Иштетип алма негизинде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттер акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп иштетип алма чийки затын ээси саналат.

77. 410-412-уячаларды толтурууда отчеттук айдагы маалыматтарды көрсөтүү керек. 410-уячада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке төгүлгөн акциз салыгынын суммалары көрсөтүлөт. 411-уячада мурда депозиттик эсепке төгүлгөн жана алар боюнча акциздик продукциянын экспортун ырастаган тиешелүү документтерди берүү мөөнөтү бүткөн, жана экспортту ырастоочу документтери берилбеген акциздин суммасы көрсөтүлөт. 412-уячада акциздик продукциянын экспортун ырастаган тиешелүү документтер берилген отчеттук мезгил боюнча акциздин суммасы көрсөтүлөт.

78. Отчеттун "Импортко акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесине (FORM STI-123-004) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

7. Кыйыр салыктары боюнча отчеттун "Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар" 5-тиркемесин (FORM STI-123-005) толтуруу

79. Кыйыр салыктары боюнча отчеттун "Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар" 5-тиркемесинде (FORM STI-123-005) (мындан ары - 5-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктер тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 5-тиркемени толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.

80. 5-тиркеменин (FORM STI-123-005) 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

81. 1-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктердин түрлөрү көрсөтүлөт.

82. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИТНдин он сандуу кодун көрсөтүү керек, 3-графада ташып келинген алкоголдук продукциянын 1 литриндеги суу кошулбаган этил спиртинде спирттин камтылышын, башкача айтканда көлөмдүү пайыздарда көрсөтүлгөн ичимдиктин күчтүүлүгүн көрсөтүү зарыл.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомунун 3-пунктуна ылайык ликер арак ичимдиктеринин, күчтөндүрүлгөн суусундуктардын, күчтөндүрүлгөн ширелердин жана бальзамдардын 1 литрине акциз салыгынын ставкасы 2208906901, 2208906909 ТЭИТНдин товардык позицияларында классификацияланган башка алкоголу аз ичимдиктерден, башка тундурмалардан сырткары, аларда этил спиртинин камтылышын эске алуу менен эсептелип чыгат. Мында, базалык ставка болуп спирттин күчтүүлүгү 40 көлөм пайыз болгон бул ичимдиктерге ставка саналат.

Мисалы, эгерде ликер арак ичимдигине акциздин колдонуудагы ставкасы күчтүүлүгү спирттин 40 көлөм пайызында болгон 1 литр ичимдик үчүн 60 сомду түзсө, анда күчтүүлүгү спирттин 45 көлөм пайызында болгон ташып келинүүчү ликер арак ичимдиктери, күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар үчүн акциздин ставкасы 67 сом 50 тыйынды (= 60 сом / 40 көлөмдүү пайыз = спирттин 1,5 * 45 көлөм пайызын) түзөт. Ошентип, ликер арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциздин ставкасын эсептөө импорттолуучу суусундукта спирттин камтылышына жараша жүргүзүлөт.

83. 4-графада ташып келинүүчү алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын салык салынуучу көлөмүн литр менен көрсөтүү керек.

Эскертүү: "Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык этил спиртинин (коньяк спиртинен тышкары) импорту төмөнкү учурларда гана жол берилет:

- Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүүнү токтоткондо же убактылуу токтоткондо;

- республикада өндүрүлүүчү этил спиртинин көлөмү кыскартылганда жана алкоголдук өнөр жай ишканаларынын этил спиртине болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу мүмкүн болбогондо;

- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн этил спиртинин түрлөрү колдонулган алкоголдук продукцияны өндүрүүдө.

84. 5-графада алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын ар бир түрүнө акциз салыгынын колдонулган ставкасы көрсөтүлөт.

85. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык кошуп эсептелген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү зарыл. 6-графанын жыйынтык мааниси Кыйыр Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 401-уячасына көчүрүлөт.

86. Отчеттун "Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар" 5-тиркемесине (FORM STI-123-005) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

8. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 6-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-006) жана (FORM STI-123-006-1) толтуруу

87. Отчеттун "Тамеки продукциясы боюнча операциялар" 6-тиркемесинде (FORM STI-123-006) (мындан ары - 6-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон тамеки буюмдары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. "Тамеки буюмдары боюнча операциялар" 6-тиркеменин (FORM STI-123-006) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.

88. 6-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

89. 601-602-уячаларда чыпкалуу же чыпкасыз 1000 даана сигаретке акциздин колдонулуудагы ставкасын, отчеттук мезгилде ташып келинген чыпкасы бар жана чыпкасы жок сигареттин санын, ошондой эле акциздик салыгынын суммасын көрсөтүү керек.

90. 603-сапта акциздин колдонулуудагы ставкасын, ташып келинүүчү сигарлардын жалпы санын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесинин ченемдерине ылайык кошуп эсептелген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. Сигараларга акциз салыгынын суммасын эсептөөдө салыктык база болуп 1 даана саналат.

91. 604-сапта акциздин колдонулуудагы ставкасын, ташып келинүүчү сигариллдердин жалпы санын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесинин ченемдерине ылайык кошуп эсептелген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. Сигариллдерге акциз салыгынын суммасын эсептөөдө салыктык база болуп 1000 даана сигарилл саналат.

92. 605-сапта акциздин колдонулуудагы ставкасын, ташып келинүүчү башка тамеки буюмдарынын жалпы санын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесинин ченемдерине ылайык кошуп эсептелген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. Башка тамеки буюмдарына акциз салыгынын суммасын эсептөөдө салыктык база болуп 1 килограмм башка тамеки буюму саналат.

93. 606-сапта акциз салыгынын жыйынтык суммасын жана ташып келинүүчү тамеки продукциясынын жалпы санын өлчөө бирдиктерин (даана, 1000 даана, кг) эсепке алуу менен көрсөтүү керек. 606-саптын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 402-уячасына көчүрүлөт.

93-1. Акциздик маркаларды сатып алууда акциз салыгын максималдуу чекене бааны (мындан ары - МЧБ) пайдалануу менен эсептөө жана төлөө учурунда төмөнкү тартипте толтурулуучу 6-1-тиркемени (FORM STI-123-006-1) толтуруу зарыл.

601-620-уячаларда чыпкалуу же чыпкасыз 1 куту сигарет үчүн максималдуу чекене бааны (мындан ары - МЧБ), акциздин ставкасын, ташып келинүүчү сигареттердин санын жана акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек.

Эскертүү. 2015-жылы чыпкалуу сигареттерге акциздин ставкасынын МЧБнын 8%ын - адвалордук элемент, спецификалык элемент - 350 сомду, чыпкасыз сигареттерге МЧБнын 4%ын - адвалордук элемент, спецификалык элемент - 8 сомду түзөт.

Мисалы, чыпкалуу 20 даана сигарети бар бир куту үчүн МЧБ - 40 сом менен чыпкалуу сигареттерге акциздин ставкасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй эсептөөлөрдү аткаруу зарыл. Акциздин ставкасы 1000 даана сигаретке кошуп эсептелээрин эске алуу менен, 1000 даана сигарет үчүн адвалордук түзүүчүнүн өлчөмүн аныктоо зарыл: 1 кутуда 1000/20 даана сигарет = 50 * МЧБ 40 сом = 2000 сом МЧБ 1000 даана үчүн * 8 % = 160 сом адвалордук элемент + 350 сом спецификалык элемент = МЧБ 40 сом менен 1000 даана сигаретке акциз салыгынын ставкасы 510 сом. Чыпкасыз сигареттер үчүн акциз салыгынын коюмун эсептөөнүн ушуга окшош тартиби колдонулат.

621-сапта акциз салыгынын жыйынтык суммасын жана ташып келинүүчү тамеки продукциясынын жалпы санын көрсөтүү керек. 621-саптын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 402-уячасына көчүрүлөт.

94. Отчеттун "Тамеки буюмдары боюнча операциялар" 6-тиркемесине (FORM STI-123-006) же (FORM STI-123-006-1) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

9. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Атайын эсеп (депозит)" 7-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-007) толтуруу

95. "Атайын эсеп (депозит)" 7-тиркеме (FORM STI-123-007) иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүүнү ишке ашырган салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон салык төлөөчү тарабынан толтурулат.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 283-беренесинин ченемдерине ылайык акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды өндүргөн, анын ичинде иштетип алма негизинде өндүргөн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик товарларды импорттогон субъект саналат. Иштетип алма негизинде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттер акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп иштетип алма чийки затынын ээси саналат.

96. "Атайын эсеп (депозит)" 7-тиркеменин (FORM STI-123-007) уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.

97. 7-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

98. 2-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген иштетип алма чийки заттын аталышын көрсөтүү зарыл.

99. 3-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын ТЭИТНдин он сандуу кодун көрсөтүү керек.

100. 4-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын санын көрсөтүү керек. Мында, спирт, спирт камтылган суюктуктар, жүзүм суслосу литр, мунай жана мунай продуктылары - тонна менен көрсөтүлөт.

101. 5-графада отчеттук мезгилдин ичинде кайра иштетилген иштетип алма чийки затынын көлөмүн көрсөтүү керек. Көлөм литр (спирт жана жүзүм суслосу үчүн), тонна (чийки мунай жана мунай продуктылары үчүн) менен көрсөтүлөт.

102. 6-графада мурдагы мезгилдердеги калдыктарды эсепке алуу менен, кампадагы иштетип алма чийки заттын жалпы калдыгын көрсөтүү зарыл. Иштетип алма чийки заттын калдыктарын ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык бирдиктер менен көрсөтүү керек.

103. 7-графада иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын аталышы көрсөтүлөт.

104. 8-графада иштетип алма чийки заттын өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын саны көрсөтүлөт. Акциздик товардын санын алкоголдук жана спирт камтыган продуктулар үчүн литр жана КММ үчүн тонна менен көрсөтүү керек.

105. 9-графада өлчөө бирдигин көрсөтүү керек. 10-графада акциз салыгынын колдонулуудагы ставкасы көрсөтүлөт.

106. 11-графада депозиттик эсепке киргизүүгө тийиш акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек.

107. 12-графада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке иш жүзүндө киргизилген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. 12-уячанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 409-уячасына көчүрүлөт.

108. 13-графада мурдагы салык мезгилдерде акциздик товарлардын экспортун ырастаган тиешелүү документтерди берүүнүн мөөнөтү келген, бирок документтер берилбеген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү зарыл. 13-уячанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 410-уячасына көчүрүлөт.

109. 14-графада акциздик товарлардын экспортун ырастаган, салык төлөөчүгө кайтарылууга тийиш болгон тиешелүү документтер берилген акциз салыгынын суммасын көрсөтүү керек. 14-уячанын жыйынтык мааниси Отчеттун "Акциз салыгы боюнча отчет" 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 411-уячасына көчүрүлөт.

110. "Атайын эсеп (депозит)" 7-тиркемеге (FORM STI-123-007) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

10. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү/ташып кетүү жөнүндө кабарлоолордун реестри" 8-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-008) толтуруу

111. Отчеттун "Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү/ташып кетүү жөнүндө кабарлоолордун реестри" 8-тиркемесинде (FORM STI-123-008) (мындан ары - 8-тиркеме) отчеттук мезгилдин ичинде акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү/ташып кетүү жөнүндө берилген кабарлоолор жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. 8-тиркеменин (FORM STI-123-008) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.

112. 8-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

113. 1-графада толтурулуучу саптардын катар номерин көрсөтүү керек, 2-жана 3-графаларда отчеттук мезгилдин ичинде салык органына берилген кабарлоолордун номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.

114. 4-графада Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик товарлар иш жүзүндө ташып келинген датаны көрсөтүү зарыл.

115. 5-графада Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо ишке ашырылган экспорттоочу өлкөнүн кодун МК (ИСО 3166) 004-97 Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417) көрсөтүү керек.

116. 6-графада ташып келинген акциздик товарлардын өлчөө бирдиги (1000 даана, даана, кг, литр, тонна) көрсөтүлөт. 7-графада берилген Кабарлоолорго ылайык импорттолгон акциздик товарлардын салык салынуучу көлөмүн көрсөтүү зарыл.

117. Отчеттун "Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү/ташып кетүү жөнүндө кабарлоолордун реестри" 8-тиркемесине (FORM STI-123-008) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

11. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "Акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар" 9-тиркемесинин формасын (FORM STI-123-009) толтуруу

118. Отчеттун "Акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар" 9-тиркемесинде (FORM STI-123-009) (мындан ары - 9-тиркеме), Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. 9-тиркеменин (FORM STI-123-009) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.

119. 9-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун (FORM STI-123) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болушу керек.

120. 1-графада отчеттук салык мезгилинин ичинде импорттолгон жана акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлардын түрлөрүн көрсөтүү керек.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин ченемдерине ылайык, акцизди төлөөдөн төмөнкү импорттолуучу товарлар бошотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдер боюнча жеке жактар тарабынан импорттолуучу;

2) жолдо жүргөн убагында жана аралык токтоо пункттарында жүктөрдү, жол жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууларды ишке ашырышкан транспорт каражаттарын пайдалануу үчүн зарыл болгон товарлар;

3) "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруу" бажы жол-жобосунан сырткары, Евразия экономикалык союзунун бажы мыйзамдары менен белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган, Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасы аркылуу ташылып өтүүчү товарлар;

4) конфискацияланган, ээси жок баалуулуктар, ошондой эле мурастоо укугу мамлекетке өткөн баалуулуктар;

5) акциздик товарларды өндүргөн бир түзүмдүк бөлүнүш тарабынан башка акциздик товарларды өндүрүү үчүн акциздик товардын ошол эле өндүрүүчүсүнүн бөлөк түзүмдүк бөлүнүшүнө өткөрүлүп берилген акциздик товарлар.

121. 5-графада акциз салыгы салынууга тийиш эмес импорттолгон акциздик товарлардын санын көрсөтүү зарыл. 5-графаны толтурууда акцизделүүчү товарлардын санын:

- КММ үчүн тонна менен;

- алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктер үчүн литр менен;

- чыпкалуу же чыпкасыз сигареттер, сигариллдер үчүн 1000 даанада;

- сигарлар үчүн даана менен;

- башка тамеки буюмдары үчүн килограмм менен көрсөтүү керек.

122. 6-графада коштоочу документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык акциз салыгы салынууга тийиш акциздик товарлардын наркын көрсөтүү зарыл.

123. "Импорттолгон акциздик товарлардын наркы" 6-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун 054-уячасына көчүрүлөт.

124. Отчеттун "Акциз салыгы салынууга тийиш эмес акциздик товарлар" 9-тиркемесине (FORM STI-123-009) ушул Тартиптин 34-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

3-тиркеме

Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө
АРЫЗ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

(Кагаз тγрγндѳгyсy юстиция министрлигинде)

 

4-тиркеме

Салык төлөөчү тарабынан товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтуруу
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56, 2016-жылдын 16-июнундагы № 326  токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-19-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Евразия экономикалык союзунда товарларды экспорттоо жана импорттоо учурунда товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (мындан ары - Арыз) (FORM STI-136) толтуруу тартибин, ошондой эле аны берүү жана кайра сурап алуу тартибин аныктайт.

2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

3. Арыз (FORM STI-136) 4 нускада кагаз жүзүндө жана электрондук санариптик кол коюсуз (ЭСК) электрондук форматта же болбосо ЭСК менен электрондук форматта толтурулат жана кыйыр салыктар боюнча салык отчету менен бир убакта салык төлөөчүнүн - товарларды сатып алуучу катталган жери боюнча салык органына берилет.

4. Арыз (FORM STI-136) товарларды ташып келүү жөнүндө жана салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө маалыматтарды толук көрсөтүү үчүн арналган үч бөлүктөн жана анын тиркемесинен турат. Арыздын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүн жана анын тиркемесин салык төлөөчү, экинчи бөлүгүн салык органы толтурат.

5. Арызды (FORM STI-136) толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.

6. Арызды толтурууда:

1) кагаз жүзүндө - шариктүү же кара же көк сыялуу калем caп менен, баш тамга басма символдору же басуучу түзүлүштү пайдалануу менен толтурулат. Арыздын беттерине салык төлөөчү номер коюшу керек (номер арыздын ар бир бетинин жогорку оң бурчуна коюлат);

2) электрондук форматта - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форматта толтурулат.

7. Кагаз жүзүндөгү Арызга (FORM STI-136) салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн же анын өкүлүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

8. Электрондук түрдөгү Арыз (FORM STI-136) салык отчетторун кабыл алуу жана иштеп чыгуу тутумунун жардамы аркылуу электрондук түрдө же болбосо маалыматты компьютерге иштеп чыгууга жол берген электрондук алып жүрүүчүдө берилет.

9. Электрондук түрдөгү Арызда чагылдырылган маалыматтар, кагаз жүзүндөгү арыздагы маалыматтарга шайкеш келиши керек.

10. Арыз салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекте каралган документтерди тиркөө менен төрт нускада берилет.

11. Арызды (FORM STI-136) электрондук форматта берүү учурунда салык салынуучу субъект салык органы Арызды электрондук түрдө алгандыгы жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.

Эскертүү: Салык органына электрондук түрдө келип түшкөн Арыз юридикалык күчкө ээ, ал эми Арызды электрондук түрдө берген салык төлөөчү Арызды берди деп саналат.

12. Эгерде салык төлөөчүдө төмөнкү электрондук билдирүүлөр болсо, Арызды берген факты таанылат:

- сервистин адистештирилген операторунун ырастамасы (салык төлөөчү тарабынан салык отчету жиберилген убакытты жана датаны камтыган электрондук документ);

- салык кызматынын отчетту алгандыгы жөнүндө ырастамасы (кириш контролунун протоколу).

13. Электрондук түрдө берилген Арызга (FORM STI-136) салыктык башкаруунун маалыматтык тутумунда каттоо номери ыйгарылат.

14. Кагаз жүзүндө берилген Арыз (FORM STI-136) салык органы тарабынан электрондук түрдө берилген Арызга салыктык башкаруунун маалыматтык тутуму тарабынан ыйгарылган каттоо номери менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө Арыздарды каттоо журналында (мындан ары - Журнал) катталат.

15. Бул каттоо номери салык органы тарабынан кагаз жүзүндө берилген арыздын нускаларынын экинчи бөлүгүндө коюлат. Мында, Арызды берген дата болуп салык органы кагаз жүзүндө берилген Арызды кабыл алган дата саналат.

2. Арызды толтуруу

16. Арызды электрондук форматта толтурган учурда 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:

1) эгерде Арыз календардык айда биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасына коюлат;

2) эгерде, мурда ушул эле салыктык мезгил үчүн Арыз берилген болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан такталган Арызда оңдолсо, белги "Такталган" уячасына коюлат.

Арыздын электрондук түрүн толтурууда 001-уячада отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет: "0" (нөл) - алгачкы, "1" - такталган.

Арызды кайрадан тактаган учурда такталган Арыздын электрондук форматында Арыздын тактоолор киргизилүүчү "номер" жана "дата" графаларында такталган акыркы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.

Мисалы: биринчи такталган Арызда алгачкы Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл, экинчи такталган Арызда - биринчи такталган Арыздын номерин жана датасын, үчүнчү такталган Арызда - экинчи такталган Арыздын номерин жана датасын, ошентип ар бир кийинки тактоодо мурунку такталган Арыздын номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.

17. "Такталган" Арыздын белгилерин тандоо учурунда кийинки графаларды, ошондой эле жогорку сол бурчунда жайгашкан алгачкы Арыздын датасын жана номерин толтуруу зарыл. Арыздын 1-бөлүмүндөгү таблицанын биринчи сабында тактоонун себеби көрсөтүлөт. Эгерде, "Алгачкы" белгиси тандалса бул пункт толтурулбайт.

18. Эгерде, салык төлөөчү тарабынан эсепке алынган ай аяктагандан кийин импорттолгон товарлардын баасы келишимдин (контракттын) катышуучулары тарабынан көбөйтүлсө, анда Арыздын 1-таблицасында кийинки жазуу жазылат: "Салык органында катталган 20___-жылдын ___ __________ № ___________" Арызда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн маанисин 20___-жылдын ___________ баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу түзөтүү (контракттын/келишимдин катышуучулары бааны көтөргөн ай жана жыл көрсөтүлөт). Датасы жана номери Арыздын 2-бөлүмүнөн көрсөтүлөт. Мында, 1-бөлүмдүн таблицасынын 1-графасында көрсөткүчтөрдүн мааниси түзөтүлүүчү Арызда көрсөтүлгөн товардык позициянын катар номери көрсөтүлөт. 1-бөлүмдүн таблицасынын 2-5, 7-13, 16-18-графаларына түзөтүлүүчү Арыздын көрсөткүчтөрү көчүрүлөт. Арыздын 1-бөлүмүнүн 19 жана 20-таблицаларынын 6, 14, 15, 19, 20-графаларында көрсөткүчтөрдүн өзгөртүлгөн жана мурдагы маанилеринин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.

19. Эгерде, ташып келинген товарлар салык төлөөчүлөр тарабынан эсепке алынган ай аяктаганда аларды талаптагыдай эмес сапатынан жана/же комплектелишинен улам жарым-жартылай кайтаруу жүргүзүлсө, анда такталган Арыздын таблицасында кийинки жазуу жазылат: "Салык органында мурда берилген жана катталган 20__-жылдын ___- ____________ № ________ арыздын ордуна". Датасы жана номери Арыздын 2-бөлүмүнөн көрсөтүлөт. Арыздын 1-таблицасында жарым-жартылай кайтаруу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөстөн көрсөткүчтөрдүн мааниси көрсөтүлөт. Мында 1-бөлүмдүн таблицасынын 1-графасында тийиштүү арызда көрсөтүлгөн товардык позициянын катар номери көрсөтүлөт.

19-1. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайра кайтарылуусу төмөндөгүлөр менен ырасталышы керек:

1) кайра кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн);

2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайра кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын ырастаган документтер;

3) товарларды өткөрүү-кабыл алуу актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;

4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер.

19-2. Товарларды эсепке алган айда толук же жарым-жартылай кайра кайтарууда Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетто (FORM STI-123) кайра кайтарылган товарлардын импорту чагылдырылбайт.

19-3. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин жарым-жартылай кайра кайтарууда салык төлөөчү такталган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) жана Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) ушул тартиптин 19-1-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен салык органына тапшырат. Такталган Арыздын таблицасында төмөнкүдөй жазуу жазылат: "Салык органына мурда берилген жана катталган 20__-жылдын ___- ____________ № ____ арыздын ордуна". Датасы жана номери Арыздын 2-бөлүмүнөн көрсөтүлөт. Арыздын 1-таблицасында жарым-жартылай кайра кайтаруу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөстөн көрсөткүчтөрдүн мааниси берилет. Мында Арыздын 1-бөлүмүнүн таблицасынын 1-графасында тийиштүү Арызда көрсөтүлгөн товардык позициянын катар номери көрсөтүлөт.

19-4. Импорттолгон товарларды эсепке алгандан бир ай өткөндөн кийин толук кайтарууда салык төлөөчү такталган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды (FORM STI-136) толтурбастан, толук кайтарылган товарлар жөнүндө маалымат чагылдырылган Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арыздын (FORM STI-136) реквизиттерин көрсөтүү менен Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу жөнүндө билдирүүнү (FORM STI-137) салык органына берет.

20. Эгер Арызды тактоо салык милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келсе, анда такталган арыз менен бирге салык төлөөчү алгачкы арыз таандык болгон салык мезгили үчүн кыйыр салыктар боюнча такталган отчетту берүүгө милдеттүү.

21. Арыздын ар бир бетинин жогорку оң бурчуна салык төлөөчү тарабынан арыздын номери, анын толтурулган күнү, айы жана жылы коюлат (салык төлөөчүнү ички эсепке алуу үчүн номер).

22. Арыздын "Сатуучу/Сатып алуучу" саптарында салык төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери), юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин, жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.

23. 1-бөлүмдү толтуруу.

01-сапта (Сатуучу) 02-сапта көрсөтүлгөн Сатып алуучу же сатып алуучунун кызыкчылыгында иш алып барган комиссионер же ишеним берилген өкүл же агент менен келишим (контракт) түзгөн жактын маалымдаректери көрсөтүлөт.

02-сапта (Сатып алуучу) товарларды импорттогон жана салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берген Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн маалымдаректери көрсөтүлөт.

03-сапта Сатуучунун өлкөсүнүн коду, жайгашкан дареги (салыктык катталган жери) көрсөтүлөт. Сатуучунун өлкөсүнүн коду Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык үч орундуу цифралык мааниден турат.

04-сапта Сатып алуучунун өлкөсүнүн коду, жайгашкан дареги (салыктык катталган жери) көрсөтүлөт. Сатып алуучунун өлкөсүнүн коду Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык үч орундуу цифралык мааниден турат.

1-бөлүм Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-17-беренелеринде белгиленген учурларда товарларды Сатып алуучулар, ошондой эле комиссионерлер, ишеним берилген өкүл тарабынан толтурулат.

05-сапта Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) номери жана датасы көрсөтүлөт.

Тапшыруу келишими (контракт) же агенттик келишим боюнча товарларды комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент аркылуу алууда:

а) "сатуучу" 01-сабында сатып алуучу менен түзүлгөн келишим (контракт) боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент болуп саналган адамга товарларды саткан адам көрсөтүлөт;

б) "сатып алуучу" 02-сабында ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент менен түзүлгөн келишим (контракт) боюнча комитент, ишеним көрсөтүүчү же принципал болуп саналган адам көрсөтүлөт;

в) 05-сапта ушул пункттун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн сатып алуучу менен комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн же агенттин ортосундагы келишимдин (контракттын) маалымдаректери көрсөтүлөт;

г) 06-сапта анын ичинде "д" пунктчасындагы келишим боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент болуп саналган уюмдун толук аталышы (жеке ишкердин аты-жөнү) көрсөтүлөт;

д) 07-сапта ушул пункттун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент менен ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн сатуучунун ортосундагы келишимдин (контракттын) маалымдаректери көрсөтүлөт.

24. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан башка мүчө мамлекеттин аймаганда сатып алынган жана үчүнчү мүчө мамлекеттин аймагында кайра иштетилген иштетип алма чийки заттын кайра иштетилүүчү продукту болуп саналган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген учурда 2 (эки) арыз толтурулат, мында:

1) товарларды (иштетип алма чийки зат) Сатуучуга жиберилүүчү Арыздын графаларын толтурууда таблицанын 2 жана 6-графаларында тиешелүү түрдө иштетип алма чийки заттын аталышы жана наркы көрсөтүлөт;

2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды Сатуучуга жиберилүүчү Арыздын графаларын толтурууда таблицанын 2 жана 6-тилкелеринде тиешелүү түрдө кайра иштетүү продукту болуп саналган товардын аталышы жана иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркы көрсөтүлөт.

25. Сатуучу менен Сатып алуучунун (комиссионер, ишеним берилген өкүл) ортосунда түзүлгөн келишим (контракт) жок болгон учурда чекене сатып алууда-сатууда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды алгандыгын (же сатып алгандыгын) ырастаган документтин (анын ичинде контролдук-кассалык машиналардын чектери, товардык чектер, сатып алуу актылары) номери жана датасы көрсөтүлөт.

26. Лизинг келишимин түзгөн учурда тийиштүү уячага "X" белгиси коюлат.

Арыздын электрондук түрүн толтурууда уячага отчеттун статусуна ылайык келүүчү төмөнкү маанилердин бири киргизилет:

"0" (нөл) - лизинг келишиминин белгиси белгиленген эмес,

"1" - лизинг келишиминин белгиси белгиленген.

27. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишимин түзгөн учурда тийиштүү уячага "X" белгиси коюлат.

Арыздын электрондук түрүн толтурууда уячага отчеттун статусуна ылайык келүүчү төмөнкү маанилердин бири киргизилет:

"0" (нөл) - иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишиминин белгиси белгиленген эмес,

"1" - иштетип алма чийки затты кайра иштетүү келишиминин белгиси белгиленген.

28. Жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактан товарларды сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн учурда тийиштүү уячага "X" белгиси коюлат.

Арыздын электрондук түрүн толтурууда уячага отчеттун статусуна ылайык келүүчү төмөнкү маанилердин бири киргизилет:

"0" (нөл) - сатуучу - юридикалык жак же жеке ишкер,

"1" - сатуучу - жеке жак.

29. Товарларды импорттоо учурунда кыйыр салыктардын суммасын аныктоо үчүн салык төлөөчү тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлүүчү таблица толтурулат:

1) 2-графада - эсеп-фактуранын же транспорттук (товарды коштоочу) документтердин негизиндеги товардын аталышы;

2) 3-графада - БС ТЭИнин бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча товардын коду (10 белги);

3) 4-графада - импорттолгон товарды сатып алууну ырастаган эсеп-фактурада же транспорттук (товарды коштоочу) документте же башка документте көрсөтүлгөн товардын санын өлчөө бирдиги;

4) 5-графада - 4-графада көрсөтүлгөн өлчөө бирдигиндеги товарлардын саны;

5) 6-графада - импорттолгон товарды сатып алууну ырастаган эсеп-фактураларындагы же транспорттук (товарды коштоочу) документтердеги же башка документтеги маалыматтардын негизиндеги товардын (жумуштун) наркы;

6) 7-графада - валютанын коду. Валютанын кодун www.sti.gov.kg сайтында "Салык төлөөчүлөр үчүн маалымат" бөлүмүндө жайгаштырылган "Валютанын коду" маалымдамасына ылайык толтуруу зарыл;

7) 8-графада - импорттолгон товарларды эсепке алуу датасына карата эсеп-фактурада же транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сомдун курсу;

8) 9-графада - транспорттук (товарды коштоочу) документтердин сериясы, номери;

9) 10-графада - транспорттук (товарды коштоочу) документтердин датасы;

10) 11-графада - эсеп-фактуранын номери;

11) 12-графада - эсеп-фактуранын датасы;

12) 13-графада - салык төлөөчү тарабынан товар эсепке алынган дата;

13) 14-графада - импорттолгон товардын накталай көрсөтүлгөн көлөмүнө жараша акциздик товарлар боюнча салыктык база. Чыпкалуу же чыпкасыз сигареттин санын көрсөткөн учурда 1000 даанага эселенүү колдонулбастан (акциздин суммасын эсептөө учурунда колдонулуучу) толук саны көрсөтүлөт;

14) 15-графада - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында КНС боюнча салыктык база. Салыктык база 6- жана 8-графаларды жүргүзүлгөндөй эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен эсептелинет. КНС боюнча салыктык базанын өлчөмүнө 19-графада көрсөтүлгөн акциздик товарлар боюнча акциздердин суммасы кошулат;

15) 16 жана 18-графаларда - акциз жана КНС боюнча колдонулуудагы салыктык ставкалар көрсөтүлөт, 17-графада сызык коюлат. Эгерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарлар боюнча КНСти жана (же) акцизди төлөөдөн бошотуу каралса, 16-17-18-графаларда "жеңилдик" сөзү жазылат, 19-20-графаларда "0" цифрасы коюлат;

16) 19-графада - 16-графада көрсөтүлгөн колдонулуучу салыктык ставкаларга жараша товарларды Сатып алуучу тарабынан эсептелинген акциздердин суммасы;

17) 20-графада 15-графадагы салык базасына карата 18-графада көрсөтүлгөн колдонулуудагы ставкага жараша эсептелинген КНСтин суммасы көрсөтүлөт.

30. Эгерде, товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан экинчи мүчө мамлекеттин аймагына ташып өтүүнү ырастаган товардык транспорттук (товарды коштоочу) документте жыйынтык caп болсо, ташып келинүүчү бири-бирине окшош товарлардын жалпы аталыштарын көрсөтүү менен транспорттук (товарды коштоочу) документтин жыйынтыктоочу сабынын маалыматтарын Арыздын бир сабына көчүрүүгө жол берилет.

31. Эгерде, транспорттук (товарды коштоочу) документте акциздик товарлар көрсөтүлсө же ар түрдүү ставкалар боюнча кыйыр салыктар салынуучу же ар түрдүү өлчөө бирдиги бар товарларга тийиштүү көрсөткүчтөр келтирилсе, анда Арызга транспорттук (товарды коштоочу) документтен товарлардын бардык аталыштары (ар бир позициясы) көчүрүлөт.

32. Эгер бири-бирине окшош бир нече товарлар көрсөтүлгөн транспорттук (товарды коштоочу) документте жыйынтыктоочу caп жок болсо, анда товарды коштоочу (транспорттук) документтин ар бир сабында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр Арызга көчүрүлөт. Мында, Арыздын 9 жана 10-графаларында бир эле транспорттук (товарды коштоочу) документтин маалыматтары көрсөтүлөт.

33. Эгерде, эсеп-фактурада бир нече транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн товарлар саналып өтсө, анда Арызга жогоруда баяндалган талаптарды эске алуу менен ар бир транспорттук (товарды коштоочу) документтердин позициялары көчүрүлөт. Мында, Арыздын 11 жана 12-графаларында мындай эсеп-фактураларынын маалыматтары кайталанат.

Эгерде, эсеп-фактураны коюу (жазып берүү) мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралбаса же товарларды сатып алуу мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан ишке ашырылса, Арыздын 1-бөлүмүнүн таблицасынын 4, 6-8, 11 жана 12-графаларында сатуучу тарабынан коюлган (жазып берилген), импорттолгон товардын наркын ырастаган башка документтин маалыматтары көрсөтүлөт.

34. Эгерде, импорттолгон товар жеке ишкер болуп саналбаган жеке адамдан сатып алынса, анда салык төлөөчүнүн идентификациялык кодунун (номеринин) маалымдареги ал болгон учурда көрсөтүлөт.

35. Арыздын 3-бөлүмү толтурулат, анын ичинде төмөнкү учурларда:

1) эгерде, Арыздын 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн Сатуучу тарабынан Арыздын 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн сатып алуучуга товарларды сатуу боюнча жүгүртүүлөр (операциялар) мындай товарлар сатылуучу жер катары Сатуучунун мүчө мамлекетинин аймагы тарабынан таанылбагандыктан, Сатуучунун мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык кыйыр салыктарды салуунун объектиси болуп саналбаса. Мында, "Сатуучу (комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципиал)" 08-сабында товарларды сатуу учурунда КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы (акциз боюнча бошотуу) колдонулган товарлар аймагынан ташып кетилген мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү көрсөтүлөт. 12-сапта 08 жана 09-саптарда көрсөтүлгөн Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (контрактын) маалымдаректери (келишимдин (контрактын) номери жана датасы, спецификациялардын номерлери жана даталары) көрсөтүлөт.

2) Сатып алуучуга товарды комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент аркылуу сатуу учурунда. Мында 12-сапта комиссиянын келишиминин (контрактын), тапшыруу же агент келишиминин (контрактын) маалымдаректери, ал эми 08 жана 09-саптарда - бул келишимдин (контрактын) тараптары көрсөтүлөт.

3) мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул башка мамлекеттин салык төлөөчүсү (сатып алуучу) тарабынан сатып алынуучу товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан башка мүчө мамлекеттин аймагына импорттоо учурунда. Мында 08 жана 09-саптарда мамлекетинин аймагына товарлар импорттолгон Сатып алуучу болуп товарларды сатуу учурунда КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы колдонулган (акциздер боюнча бошотуу) товарлар аймагынан экспорттолгон мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү көрсөтүлөт, 10 жана 11-саптарда көрсөтүлгөн адамдар салык төлөөчүсү болуп саналган мамлекеттердин коду көрсөтүлөт. 12-сапта көрсөтүлгөн адамдардын ортосунда түзүлгөн келишимдин маалымдаректери көрсөтүлөт. Мындай учурда 09-саптагы (ошондой эле 1-бөлүктүн 01-сабындагы) "салык төлөөчүнүн идентификациялык кодунун (номеринин)" маалымдареги толтуруу үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

36. Товарларды жеткирип берүүгө үчтөн ашык адам катышкан учурларда, салык төлөөчү Тиркемеде Сатуучудан (аймагынан товарлар ташып кетилген жана КНСтин 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын колдонуунун жана акциздерди төлөөдөн бошотуунун мыйзамдуулугун ырастаган документтердин топтомун салык органына берген мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү) Сатып алуучуга (арыз берген салык төлөөчүгө) чейин товарларды сатуу боюнча (товарлардын ташылышы) бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар тиешелүү бүтүмдөрдүн катышуучуларын, ошондой эле келишимдердин маалыматтарын: аталышын (салык төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери), өлкөнүн кодун, анын жайгашкан жерин (жашаган жерин), келишимдин (контракттын) номерин жана датасын, спецификациялардын номерлерин жана даталарын көрсөтүү менен көрсөтүлөт.

3. Салык төлөөчүнүн арызды кайра сурап алуусу

 

37. Салык төлөөчү төмөнкү документтерди берүү учурунда Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды кайра сурап алууга жана иш жүзүндө ташып келинген товарлар боюнча Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө жаңы арызды берүүгө укуктуу:

1) салык төлөөчү-экспорттоочу жана салык төлөөчү-импорттоочу менен макулдашылган саны боюнча талаптарды (кабыл алуу актысы);

2) талаптагыдай эмес сапатын жана (же) комплектелишин ырастаган көз карандысыз экспертизанын корутундусу (акты);

3) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

38. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органына берилген Арызды кайра сурап алуу тууралуу салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды салык кызматынын органдарынан кайра сурап алууга болот. Арызды кайра сурап алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуунун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

39. Салык төлөөчү ушул тартиптин 33-пунктунда көрсөтүлгөн кат жүзүндөгү кайрылууну төмөнкү учурларда берүүгө укуктуу:

1) Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө катачылык менен берилген арызды кайра сурап алууда;

2) Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенде.

40. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз эгерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай Арызды берүү боюнча милдет каралбаса, катачылык менен берилди деп эсептелинет.

41. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, салык төлөөчү тарабынан бир эле убакта жаңы Арызды берүү менен, мурда берилген Арызды кайра сурап алуу жолу менен жүргүзүлөт.

42. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бир эле убакта салык төлөөчү импорттолгон товарлардын кыйыр салыктар боюнча такталган декларацияны берүүгө милдеттүү.

Ушул пункттун максаттары үчүн импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларация болуп импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча ушул өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор кирген мезгил үчүн мурда берилген салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү учурунда салык төлөөчү болуп саналган адам тарабынан берилген салык отчету саналат.

Мында, кабарлоо боюнча импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларация болуп салык органы тарабынан импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча камералдык контролдун жыйынтыктары боюнча бузуулар аныкталган мезгил үчүн мурда берилген салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү учурунда салык төлөөчү болуп саналган адам тарабынан берилген салык отчету саналат.

43. Салык төлөөчү тарабынан Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишине төмөнкү учурларда жол берилбейт:

1) текшерилүүчү салыктык мезгилде - көчмө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгилинде;

2) даттанылуучу салыктык мезгилде - көчмө салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө чечимине даттануу берүү жана кароо мөөнөтүнүн мезгилинде.

44. Мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам мындай товарлар ташып келинген ай аяктаганга чейин кайтаруу ишке ашырылган учурда, импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча декларацияда мындай товарлар боюнча маалыматтар көрсөтүлбөйт.

45. Ушул Тартиптин 44-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар кайтарылган учурда мындай товарлар ташып келинген ай аяктагандан кийин мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлардын кыйыр салыктары боюнча такталган декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш:

1) товарлар талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен же импорттолгон товарлардын баасынын төмөндөшүнөн улам жарым-жартылай кайтарылган учурда салык органына жарым-жартылай кайтарылган товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөстөн такталган (мурда берилгендин ордуна) Арыз берилет. Аталган Арыз кагаз жүзүндө (төрт нускада) жана электрондук түрдө, же болбосо салык төлөөчүнүн электрондук колу менен (электрондук-санариптик) электрондук түрдө берилет;

2) маалыматтары мурда берилген Арызда көрсөтүлгөн бардык товарлар талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам толук кайтарылган учурда салык органына такталган (мурда берилгендин ордуна) Арыз берилбейт. Салык төлөөчү толук кайтарылган товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мурда берилген Арыздын маалымдаректери жөнүндө салык органына маалымат берет;

3) талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам товарлар жарым-жартылай же толук кайтарылган учурда бул товарлар импорттолгондо мурда төлөнгөн жана чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасынын ордун толтуруу товарлар кайтарылган салык мезгилинде жүргүзүлөт.

46. Ушул Тартиптин 45-пунктунда көрсөтүлгөн учурда салык төлөөчү Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда ташып келинген товарлар жөнүндө (анын ичинде талаптагыдай эмес сапатынан жана (же) комплектелишинен улам кайтарылган товарлар жөнүндө) маалыматтарды көрсөтүшү керек.

 

5-тиркеме

Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү жөнүндө
КАБАРЛОО

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)

(Кагаз түрүндѳгyсy юстиция министрлигинде )

 

6-тиркеме

Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоону толтуруу
ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесине ылайык иштелип чыккан жана акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формасын (DOC STI-135) (мындан ары - Кабарлоо), аны толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

3. Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.

4. Кабарлоодо көрсөтүлүүгө тийиш маалыматтар жок болгон учурда, тийиштүү уячалар толтурулбайт.

5. Кабарлоону (DOC STI-135) түзүүдө:

1) кагаз жүзүндө - шариктүү же болбосо кара же көк сыялуу калем caп менен, же басуучу түзүлүштү пайдалануу менен толтурулат.

2) электрондук форматта - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 86-беренесине ылайык толтурулат.

6. Кагаз жүзүндөгү Кабарлоого (DOC STI-135) салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн же анын өкүлүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

7. Электрондук түрдөгү Кабарлоо (DOC STI-135) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 28-беренесине ылайык салык отчетторун кабыл алуу жана иштеп чыгуу тутуму аркылуу электрондук түрдө же болбосо маалыматты компьютерге иштеп чыгууга жол берген электрондук алып жүрүүчүдө берилет.

8. Электрондук түрдөгү Кабарлоодо көрсөтүлгөн маалыматтар кагаз жүзүндөгү Кабарлоодо камтылган маалыматтарга шайкеш келиши керек.

9. Кабарлоо (DOC STI-135) салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө салыктык катталган жери боюнча салык органына эки нускада, товарлар ташып келинген жана/же ташып кетилген датага чейин 3 иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө берилет.

10. Электрондук түрдө берилген Кабарлоого салыктык башкаруунун маалыматтык тутумунда каттоо номери ыйгарылат.

Кагаз жүзүндө берилген Кабарлоо (DOC STI-135) салык органы тарабынан электрондук түрдө берилген Кабарлоого салыктык башкаруунун маалыматтык тутуму тарабынан ыйгарылган каттоо номери менен Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө Кабарлоолорду каттоо журналында (мындан ары - Журнал) катталат.

Бул каттоо номери салык органы тарабынан кагаз жүзүндө берилген Кабарлоого коюлат. Мында, Кабарлоону (DOC STI-135) берген дата болуп салык органы кагаз жүзүндөгү Кабарлоону кабыл алган дата саналат.

2. Кабарлоону толтуруу

 

11. Төмөнкү учурларда 001-уячада "X" түрүндө белги коюлат:

1) эгерде, акциздик товарлардын белгилүү бир партиясы боюнча Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса - белги "алгачкы" уячасында көрсөтүлөт;

2) эгерде, ушул акциздик товарлардын белгилүү бир партиясы боюнча Кабарлоо мурда берилген болсо, бирок, кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.

Такталган" белгисин тандаган учурда Кабарлоодогу жогорку сол бурчунда жайгашкан тиешелүү графаларды: алгачкы Кабарлоонун датасын жана алгачкы Кабарлоонун номерин толтуруу зарыл. Эгер "Алгачкы" белгиси тандалса бул графалар толтурулбайт.

12. Кабарлоонун уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат:

1) 102-уячада акциздик товарлардын салык төлөөчүсүнүн-сатып алуучусунун ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада акциздик товарлардын салык төлөөчүсүнүн-сатып алуучусунун толук аталышы уюштуруучулук документтерге же паспортуна ылайык көрсөтүлөт;

3) 104-уячада акциздик товарлардын салык төлөөчүсүнүн-сатып алуучусунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада почта индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада облусу, шаары, району же айылы көрсөтүлөт;

7) 114-уячада иш жүзүндө турган жерине ылайык көчөсү, үйдүн, кеңсенин же батирдин номери көрсөтүлөт;

8) 115-уячада байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада электрондук почтанын дареги көрсөтүлөт;

10) 201-уячада отчеттук салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт;

11) 202-уячада отчеттук салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт;

12) 300 жана 301-уячалар Кабарлоону кабыл алуу учурунда салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат, анда Кабарлоо катталган номерди жана датаны көрсөтүү зарыл.

13. II бөлүктү толтуруу учурунда. "кампа жайынын дареги" тилкесинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлар түшүрүлүүчү кампа жайынын так дареги көрсөтүлөт.

14. "Мунай базасынын (мунай сактоочу жай) дареги" графасында мунай сактоочу жайдын же темир жол туюгунун так дареги жана ташып келинүүчү КММы жана башка мунай продуктылары сакталуучу идиштин номери көрсөтүлөт.

15. "Кабыл алуу датасы" графаларында акциздик товарларды кабыл алуу пландалган дата көрсөтүлөт.

16. "Продукциянын түрү" графасында ташып келинүүчү акциздик товарлардын аталышы көрсөтүлөт.

17. "Жалпы саны" графасында саптар боюнча ташып келинүүчү акциздик товарлардын саны көрсөтүлөт.

18. Кабарлоонун төмөнкү бөлүгүндө Кабарлоого кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы көрсөтүлөт.

Кабарлоого төмөнкүлөр кол коет:

1) импорттоочу субъекттин жетекчиси кол коет жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;

2) Кабарлоо (DOC STI-135) ишеним каттын негизинде импорттоочу субъекттин кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда, уюмдун-өкүлдүн ишенимдүү адамы/жетекчиси кол коет. Коюлган кол Кабарлоого (DOC STI-135) кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык уюмдун-өкүлдүн ишенимдүү адамы/жетекчиси Кабарлоого кол койгон учурда Кабарлоонун төмөнкү бөлүгүндө уюмдун-өкүлдүн аталышы, Кабарлоого кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы, анын негизинде салыктык өкүлчүлүк ишке ашырылган ишеним каттын маалымдаректери көрсөтүлөт.

3. Кабарлоону салык органында каттоо

 

31. Кагаз жүзүндөгү Кабарлоо келип түшкөн күнү салык органынын кызмат адамы Кабарлоону Журналда каттоого, эки нускага тең штамп басып, өзүнүн ИСНин коюуга милдеттүү. Андан кийин бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат. Кабарлоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 58-беренесинде каралган салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.

 

7-тиркеме

Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө мурда берилген арызды кайра сурап алуу тууралуу
БИЛДИРҮҮ"

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)

(Кагаз түрүндѳгyсy юстиция министрлигинде)

8-тиркеме

 

Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын
ТИЗМЕГИ

 (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

 

(Кагаз түрүндѳгyсy юстиция министрлигинде)

 

9-тиркеме

Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмегин толтуруу
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын тизмеги (мындан ары - Арыздардын тизмеги) ичине титулдук баракчаны (FORM STI-153) жана ага "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" (FORM STI-153-001) тиркемесин камтыйт.

2. Салык төлөөчү-экспортчу экспорттук операцияларды ишке ашырууну тастыктоо максатында салык органына Арыздардын тизмегин жана ага тиркемелерди толтурат жана берет.

3. Арыздардын тизмеги экспорт ишке ашырылган салыктык мезгил үчүн берилет. Салыктык мезгил болуп календардык ай саналат.

4. Эгерде Арыздардын тизмеги ката толтурулса (субъекттердин реквизиттери туура эмес көрсөтүлсө ж.б.) салык төлөөчү салык органына такталган Арыздардын тизмегин берет.

2. Арыздардын тизмегин толтурууга карата талаптар

5. Салык төлөөчү Арыздардын тизмегин белгиленген форматта кагаз жүзүндө же электрондук түрдө толтурат.

6. Оңдоочу жана башка каражаттарды колдонуу менен каталарды оңдоого жол берилбейт.

Арыздардын тизмегинин ар бир көрсөткүчүнө бир сап туура келет. Ар бир сапта бир гана көрсөткүч көрсөтүлөт.

Арыздардын тизмегинин барактары биринчи бетинен баштап, тепчиме номерге ээ болот. Барактардын катар номери атайын аныкталган сапка коюлат.

7. Эгерде, кандайдыр бир көрсөткүчтү көрсөтүү үчүн тиешелүү саптагы бардык уячаларды толтуруу талап кылынбаса, толтурулбаган уячалардын оң тарабындагы сапка сызыкча коюлат. Мисалы, уюмдун он орундуу "5021002118" ИСН көрсөтүүдө он төрт уячадан турган "ИННдин" сабына көрсөткүчтөр төмөнкүдөй толтурулат: "5021002118----".

3. Арыздардын тизмегин толтуруу тартиби

8. Арыздардын тизмеги "Салык органы тарабынан таризделди" деген бөлүмдөн башкасы Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагына ташылып барган товарларды сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган салык төлөөчү тарабынан толтурулат.

9. Арыздардын тизмегин толтурууда 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:

1) эгерде Арыздардын тизмеги салык мезгилинде биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасына коюлат;

2) эгерде, мурда ушул эле салыктык мезгил үчүн Арыздардын тизмеги берилген болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан такталган Арыздардын тизмегинде оңдолсо, белги "Такталган" деген уячага коюлат. Арыздардын тизмегинин электрондук түрүн толтурууда 001-уячада отчеттун статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет: "0" (нөл) - алгачкы, "1" - такталган. Арыздардын тизмегин кайрадан тактаган учурда такталган Арыздардын тизмегинин электрондук форматында Арыздардын тизмегине тактоолор киргизилүүчү "номер" жана "дата" графаларында такталган акыркы Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.

Мисалы: биринчи такталган Арыздардын тизмегинде алгачкы Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл, экинчи такталган Арыздардын тизмегинде - биринчи такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын, үчүнчү такталган Арыздардын тизмегинде - экинчи такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын, ошентип ар бир кийинки тактоодо мурунку такталган Арыздардын тизмегинин номерин жана датасын көрсөтүү зарыл.

10. Салык төлөөчү салык органына Арыздардын тизмегин электрондук вариантта берген учурда алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болууга тийиш: "K_N_GGGGMMDD_O", мында:

К - салык төлөөчү тарабынан берилип жаткан Арыздардын тизмегинин формасынын номерин билдирүүчү префикс;

N - маалыматты алуучунун коду (салык органдарынын маалымдамасы боюнча салык органынын үч сандан турган коду);

GGGG - берилип жаткан файлдын түзүлгөн жылы, ММ - айы, DD - күнү;

О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык төлөөчүнүн ИСНи (маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору файлдын уникалдуулугун камсыздашы керек).

11. Электрондук түрдө берилген отчёттор таанылат, эгерде салык төлөөчүдө төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо:

- сервистин адистештирилген операторун ырастоо (салык төлөөчү тарабынан Арыздардын тизмеги жөнөтүлгөн убакыт жана дата көрсөтүлгөн электрондук документ);

- салык кызматынын Арыздардын тизмегин алгандыгы жөнүндө ырастамасы (кириш контролунун протоколу).

102, 103, 104, 107, 1 12, 113, 114, 115, 116, 117-уячаларда салык төлөөчү же анын өкүлү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

12. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.

13. 103-уячада уюштуруучу документтерге ылайык салык төлөөчүнүн - юридикалык жактын толук аталышы, салык төлөөчү-жеке адамдын паспорту боюнча аты-жөнү толук көрсөтүлөт.

14. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жериндеги салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

15. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.

16. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жериндеги почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.

17. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.).

18. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, офистин, батирдин номери) көрсөтүлөт.

19. 115-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн аталышы көрсөтүлөт.

20. 116-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.

21. 117-уячада салык төлөөчүнүн өкүлүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

22. 201-уячада "ДД.ММ.ГГГГ" форматында салыктык мезгил башталган дата көрсөтүлөт (күн, ай жана жыл).

23. 202-уячада "ДД.ММ.ГГГГ" форматында салыктык мөөнөт аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2017". Мында "Салыктык мезгил" көрсөткүчү салык декларациясында көрсөтүлгөн мезгилдерге ылайык толтурулат, аны менен кошо Арыздардын тизмеги берилет.

24. 151-уячада берилүүчү Арыздардын тизмегинин беттеринин саны жана Арыздардын тизмегине тиркелген тастыктоочу документтердин же алардын көчүрмөлөрүнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.

25. 297-уячада кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Арыздардын тизмегинде көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн өкүлүнүн жоопкерчилигин тастыктоо менен, салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн өкүлүнүн кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.

26. 120-уячада салык төлөөчүнүн ички эсепке алуусуна ылайык, Арыздардын тизмегинин номери көрсөтүлөт.

27. 121-уячада Арыздардын тизмеги берилген дата көрсөтүлөт.

28. 122-уячада Арыздардын тизмеги такталып берилген учурда, алгачкы Арыздардын тизмегинин датасы көрсөтүлөт.

29. 123-уячада Арыздардын тизмеги такталып берилген учурда, алгачкы Арыздардын тизмегинин номери көрсөтүлөт. Мында Арыздардын тизмеги кайрадан такталса, 122 жана 123-уячаларга акыркы такталган Арыздардын тизмегинин номери жана датасы көрсөтүлөт.

30. II бөлүмдөгү уячалар салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.

4. Арыздардын тизмегинин "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" тиркемесин толтуруу

31. Арыздардын тизмегинин "Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын колдонуунун негиздүүлүгүн жана/же акциздик салык салбоонун негиздүүлүгүн ырастоочу, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реквизиттери" тиркемесинде (мындан ары - Тиркеме) товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздар боюнча Кыргыз Республикасынын салык органдарына келип түшкөн маалыматтар камтылат.

102, 103 жана 104-уячаларда Арыздардын тизмегинин титулдук баракчасындагы маалыматтарга шайкеш келген, салык төлөөчүнүн маалыматтары көрсөтүлөт.

201 жана 202-уячаларда Арыздардын тизмегинин титулдук баракчасында көрсөтүлгөн салык мезгилине шайкеш келген салык мезгили көрсөтүлөт.

32. ИСН көрсөткүчүн толтурууда Арыздардын тизмеги менен кошо берилүүчү салык декларациясында көрсөтүлгөн ИСН коюлат.

33. Тиркеменин графаларында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

1-графада саптардын катар номери көрсөтүлөт.

2-графада салык органы тарабынан импортчуга ыйгарылган жана салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган жана товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо номери жазылат. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.

3-графада салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтурган салык төлөөчү - импортчунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.

4-графада товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүдө, салык органына кыйыр салыктардын төлөнүшүн (салык салуудан бошотулушун) ырастаган импортчунун салык органы тарабынан товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын 2-бөлүгүнө коюлган каттоо датасы көрсөтүлөт. Көрсөткүч милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.

5-графада МК (ИСО 3166) 004-97 Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык, товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды толтурган салык төлөөчү-импортчу (сатып алуучу) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин санариптик коду көрсөтүлөт.

Арыздардын тизмегине тиркеменин ар бир барагы салык төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.