Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b132ab5e-2573-4051-878d-b06d8baf394c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

Ч Е Ч И М И

 

2019-жылдын 20-ноябры №14-р

Самат Исланович Рыскулов, Инна Владимировна Цой, Дастан Далайбекович Бекешовдун кайрылуусуна байланыштуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонованын курамында, сот отурумунун катчысы М.С. Раимбаеванын,

кайрылуучу тарап - Самат Исланович Рыскуловдун;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Азат Джумгалбекович Бакаев, Талант Ырысбекович Ырысбековдун;

башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Латип Пазылович Жумабаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Алимбек уулу Алтынбектин катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Бул ишти кароого С.И. Рыскулов, И.В. Цой, Д.Д. Бекешовдун өтүнүчү себеп болду.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 17-майында С.И. Рыскулов, И.В. Цой, Д.Д. Бекешовдун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучулардын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажын белгилөөгө байланыштуу маселелерди регламенттөө менен башка кесиптик ишмердиктеги стажы бар адамдарга караганда, мамлекеттик стажы болгон кызматкерлерге артыкчылык берилүүдө дейт.

Ушуга байланыштуу, кайрылуунун субъекттери талашылып жаткан ченемдер жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболорун бузууда деп болжол кылышууда.

Алардын пикири боюнча «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгү, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттары кемсинтүүчү болуп саналат жана мамлекеттик кызматка кирүүдө тең эмес шарттарды жана мүмкүндүктөрдү жаратууда.

Арыздануучулар белгилегендей, адамдарды мамлекеттик органдарда стажы бар жана андай стажы болбогондорго бөлүштүрүү түрүндөгү көрсөтүлгөн чектөө, ар кандай жагдайлардан улам мамлекеттик кызматта иштегенге мүмкүнчүлүгү болбогон жана иштебеген, жогорку кесипкөй жана квалификациялуу жумушчулардын мамлекеттик кызматка келүү мүмкүндүгүн жокко чыгарууда.

С.И. Рыскулов, И.В. Цой жана Д.Д. Бекешев талашылып жаткан ченемдерде каралган административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлигин көрсөткөн адамдар үчүн ар кандай шарттар бардыгынын мыйзам жана сот алдындагы бирдейлигин кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келбейт деп болжол кылышууда.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучулар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарын Кыргыз Республикасынын Конституцисына карама-каршы келет деп таанууну суранышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-июнундагы аныктамасы менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот отурумунда С.И. Рыскулов өтүнүчтө баяндалган талаптарды колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.

Жоопкер тараптын өкүлү А.Дж. Бакаев арыздануучунун жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарды ээлөө үчүн иш стажына жана тажрыйбасына, билим деңгээлине жана багытына, мамлекеттик тилди билүү деңгээлине квалификациялык талаптарды караштырган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ѳкүлү көрсөтүлгөн Мыйзам улук, башкы жана жогорку кызматтарды ээлөө үчүн эмгек ишмердигинин башка чөйрөлөрүндөгү иш стажына караганда, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стаждын болуусуна арткычылык берип караштырган. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жарандардын Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийлик ыйгарымдарын туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесипкөй кызматтык ишмердиги болуп саналат.

Жоопкер тарап «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамынын колдонулушу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун арттырууга, жарандардын мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кесиптик кызматтык ишмердүүлүгүнүн улантылуучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган деп белгилейт. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат кесипкөйлүктүн, компетенттүүлүктүн жана демилгелүүлүктүн, туруктуулук жана ишти улантуучулуктун принциптеринде иштейт.

А.Дж. Бакаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек ишмердиги өзүнүн спецификасына жана өзгөчөлүгүнө ээ, мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын алган билиминин багытына карабастан ченемдик-укуктук актылар менен иштөөсүндө жана тажрыйбада колдонуусунда, башкаруучулук мүнөздөгү документтерди даярдоосунда турат деп эсептейт. Мыйзам чыгаруучу кесипкөйлүктүн, компетенттүүлүктүн, туруктуулуктун жана ишти улантуучулуктун принциптерин жетекчиликке алып, улук, башкы жана жогорку кызматтарды ээлөө үчүн талаптардын бири катары мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш стажы же тажрыйбасынын болушу каралат.

Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Мыйзамда кенже кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажына карата кандайдыр бир талаптар каралган эмес деп белгилейт.

Ошондой эле А.Дж. Бакаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүндө жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 4-пунктунда бекитилген теңдиктин жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн принциби жарандардын эч бир кодулоосуз ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлөө укугун болжойт деп белгиледи.

Жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги Чечиминде баяндалган укуктук көз карашта, аталган принцип мамлекеттик жарандык жана муниципалдык жарандык кызматчылардын кесиптик ишмердигинин укуктук жөнгө салынышына өзгөчө мамилени жокко чыгарбагындыгын белгилейт.

А.Дж. Бакаевдин пикири боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык мамилелерин укуктук жөнгө салууда өзгөчөлүктөрдү белгилөө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында анын милдеттери, уюштурулуу жана иштөө принциптери менен тийиштүү кызматтарда милдеттерди аткарып жаткан адамдардын кесипкөй ишмердигинин атайын мүнөзү менен шартталган. Алар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын укуктук статусун регламенттөөнүн бардык маселелерине, анын ичинде кызматка кирүүгө, кызматта иштөөгө жана аны токтотууга байланыштуу пайда болгон маселелерге тийиш.

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгек ишмердигинин өзгөчөлүгү менен шартталгандай мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө өзгөчө талаптардын жана чектөөлөрдүн белгилениши Конституцияда кепилденген укуктар менен эркиндиктердин бузулушу же чектелиши катары каралышы мүмкүн эмес. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун мындай өзгөчөлүгү туруктуулук, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, ишти улантуучулук, алмашып туруучулук жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тутумун туруктуу өркүндөтүү принциптеринин жүзөгө ашырылуусун камсыз кылат. Булардын баары эмгек жана ишмердүүлүк жаатында кодулабоо жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 111 Конвенциясынын 1-беренесине шайкеш келүүдө, атайын талаптарга негизделген белгилүү жумушка карата ар кандай айырмачылыктын болушу, ага жолотпоо жана артыкчылык берүү кемсинтүү болуп саналбайт.

А.Дж. Бакаев «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдери адам укуктарын чектөө катары каралбайт, анткени алар жаш курагына, билим деңгээлине жана багытына коюлган талаптар менен бирдей талаптар болуп саналат.

Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдери мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле бардыгы мыйзам алдында бирдей деген Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген принциптерди бузбайт деп эсептейт.

Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Т.Ы. Ырысбеков А.Дж. Бакаевдин жүйөлөрүн колдоду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Л.П. Жумабаев талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына кийинкидей негиздер боюнча карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Мамлекеттик кызматчынын статусун алуу үчүн адамга жана аны кызматка алуу процедурасына карата коюлуучу негизги талаптарды караштырган мамлекеттик жарандык кызматка кирүү маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дыкаттык менен регламенттелген.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик кызмат деген Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт. Административдик мамлекеттик кызмат орду - ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү менен мамлекеттик органдын милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн, мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары уюшулган кызмат орду.

Андан тышкары, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлгөн милдеттердин жалпы комплексине байланыштырылган кызмат орундарынын тутумуна негизделет. Тутумдун иштеши кызматчыларды карьералык пландоонун негизинде жогорулатуу менен камсыз кылынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1996-жылдын 12-декабрындагы 51/59 Резолюциясына ылайык мамлекеттик кызмат орду, улуттук мыйзамдарда аныкталгандай эле – бул ишенимге сугарылган жана мамлекеттин кызыкчылыгында иштөө милдеттенмесин болжогон кызмат орду.

Кызматка алуунун конкреттүү процедурасынын белгиленүүсү кызмат ордунун мүнөзүнө тыгыз байланыштуу. Мамлекеттик жарандык кызматта же башка тийиштүү кесипкөй чөйрөдө стажы болгон адамдар сөзсүз квалификациясы жогору жана кайсы бир чөйрөдө жетиштүү тажрыйбасы бар экендиги да шексиз. Бирок, административдик кызматта иштеген мамлекеттик кызматчынын ишинин өзгөчөлүгүн эске алсак, мамлекеттик стаждын болушу албетте артыкчылык кылат.

Л.П. Жумабаев өзүнүн жүйөлөрүн негиздеп берүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги Чечимин, ошондой эле Эмгек жана ишмердүүлүк жаатында кодулабоо жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 111 Конвенциясынын жоболорун келтирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева талашылып жаткан ченемдерде Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген жерлерди тапкан жок жана аргументтер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги, 2015-жылдын 18-февралындагы, 2015-жылдын 15-апрелиндеги, 2016-жылдын 27-январындагы чечимдериндеги мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө теңдиктин принциби чечмеленген укуктук көз караштарды келтирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын улук, башкы жана жогорку кызматтарын ээлөө үчүн талапкерлерге карата талаптар бирдей мүмкүнчүлүктөр принцибин бузган жери жок жана мамлекеттик жарандык кызматчылардын кесипкөй ишмердигин укуктук жактан жөнгө салынуусуна карата өзгөчө мамилени жокко чыгарбайт. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык мамилелерин укуктук жөнгө салууда өзгөчөлүктөрдү белгилөө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында анын милдеттери, уюштурулуу жана иштөө принциптери менен тийиштүү кызматтарда милдеттерди аткарып жаткан адамдардын кесипкөй ишмердигинин атайын мүнөзү менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Алимбек уулу А. каралып жаткан укуктук маселе туурасында кийинкидей түшүндүрмө берди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгү жарандар мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусун карайт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүндө, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарында, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажына карата да квалификациялык талаптарды белгилеген.

Мамлекеттик кызматка орношуу жолу жарандардын кандайдыр бир кодулоосуз ар кайсы мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугу болуп саналат. Бош орундар болгондо жана ар бир жарандын кесиптик жактан туура келүүсүнө ылайык мамлекеттик кызматка орношуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеп болууда. Жарандын расасына, жынысына, улутуна, тилине, социалдык тегине, мүлктүк абалына, жашаган жерине, динине болгон мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык болуусуна байланыштуу андан баш тартууга тыюу салынат. Бирдей мүмкүнчүлүктөр жана кодулоого тыюу салуу принциби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлүнүн пикири боюнча мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөй ишмердигин укуктук жактан жөнгө салынуусуна атайын мамилени жокко чыгарбайт, бул Эмгек жана ишмердүүлүк жаатында кодулабоо жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 111 Конвенциясынын жоболоруна ылайык келет.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Алимбек уулу А. талашылып жаткан ченемдер кодулоону тыюу салуунун конституциялык принцибин бузбайт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 8-беренесинин 17-бөлүгү, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттары саналат:

«8-берене. Статс-катчы

17. Статс-катчынын кызмат ордун жогорку билими, административдик мамлекеттик жана/же муниципалдык жогорку же башкы кызмат орундарында же болбосо атайын, саясий мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес жыйынды иш стажы бар адамдар ээлей алышат.

Статс-катчынын кызмат ордун ошондой эле башка иш чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар, бирок мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес жыйынды иш стажы болгон шартта ээлей алышат.

Статс-катчынын кызмат ордун элөө үчүн иш стажына акы төлөнбөөчү негизде жүзөгө ашырылуучу саясий муниципалдык кызмат орундарындагы адамдардын иши кирбейт.

14-берене. Квалификациялык талаптар

2) улук кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

4) жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.».

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2016-жылдын 7-июнундагы № 49-50 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги, 2017-жылдын 22-февралындагы, 2018-жылдын 14-февралындагы, 2018-жылдын 17-октябрындагы чечимдердинде бул ченемдин конституциялык-укуктук маанисин ачууда, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принцип, биринчи кезекте, жыныс белгилерине, расасына, тилине, майыптуулугуна, этникалык таандыгына, дин тутуусуна, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле коомдук жана жеке турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө адамдын жана жарандын укуктук мүмкүндүктөрүнүн теңдигинин бузулушуна алып келүүчү башка жагдайларына негизделген кандайдыр бир айырмалоонун, жокко чыгаруунун же артыкчылык берүүнүн мыйзамда белгиленишин болтурбоону болжогон кодуланууга каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүү керек экендигин бир нече жолу белгилеген.

Бул конституциялык орнотмонун мазмуну Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүндө да чагылдырылган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктар, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет.

Жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүдө бирдей укуктарга ээ болуу принциби Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кандайдыр бир кодулануусуз жана орунсуз чектөөлөрсүз мамлекетик кызматка теңдиктин жалпыга бирдей шарттарынын негизинде кирүүгө укуктуу деп болжойт.

Көрсөтүлгөн конституциялык жобо Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 25-беренесинин «с» пункту менен өз ара байланышта болуп, ага ылайык ар бир жаран өзүнүн өлкөсүндө кандайдыр бир кодулоосуз жана негизделбеген чектөөлөрсүз, теңдиктин жалпыга бирдей шарттарынын негизинде мамлекеттик кызматка кирүү укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу керек.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарга бирдейликтин принцибинин негизинде мамлекеттик кызматка кирүү укугун берүү менен, алардын ушул кызматка милдеттүү түрдө орношуусун кепилдебейт. Демек, мамлекеттик кызматка кирүүдө бирдейлик принцибин абсолютташтыруу мүмкүн эмес.

3. Мамлекеттик кызмат социалдык-укуктук институт болуп саналат, анын иштешинин натыйжалуулугунан мамлекеттик бийликтин уюштуруучулук туруктуулук менен бышыктык жана бүтүндөй коомдун бакубаттуулугу көз каранды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 30-апрелиндеги өзүнүн чечиминде мамлекеттик кызматчылардын кызматтык мамилелерин укуктук жөнгө салууда өзгөчөлүктөрдү белгилөө мамлекеттик кызматтын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында анын милдеттери, уюштурулуу жана иштөө принциптери менен тийиштүү кызматтарда милдеттерди аткарып жаткан адамдардын кесипкөй ишмердигинин атайын мүнөзү менен шартталган. Алар мамлекеттик кызматчылардын укуктук статусун регламенттөөнүн бардык маселелерине, анын ичинде кызматка кирүүдө, кызматта иштөөгө жана аны токтотууга байланыштуу пайда болгон маселелерге тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 18-февралындагы Чечиминде мамлекеттик кызматка кирүүдө бирдей укуктар туурасында укуктук көз карашын билдирген, ага ылайык жарандардын эч бир кодулоосуз каалаган мамлекетик кызматын ээлөө укугу, жаран талап кылууга укуктуу, ал эми мамлекеттик кызмат анын талап кылган кызматын берүүгө милдеттүү дегенди түшүндүрбөйт.

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашырууда шарты жана теги боюнча ишмердиктин ар кандай категорияларына таандык адамдардын укуктук статусуна айырмачылыктарды орнотууга укуктуу жана ал айырмачылыктар чындап эле орундуу, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарга ылайык келсе, анда мыйзам чыгаруучу айрым кызмат орундарын ээлөө жана андан бошотуу тартибине тийиштүү өзгөчө эрежелерди да киргизүүгө укуктуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн укуктук көз караштар «Эмгек жана ишмердүүлүк жаатында кодулоо жөнүндө» Эл аралык эмгек уюмунун 1958-жылдагы № 111 Конвенциясынын 1-беренесинин 2-пунктунун жоболору менен өз ара байланышта, ал жерде белгилүү бир жумушка байланыштуу атайын талаптарга негизделген ар кандай айырмачылык, жокко чыгаруу же артыкчылык берүү кодулоо деп саналбай тургандыгы аныкталган.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу бүтүндөй коомдун бакубаттуулугу үчүн мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча кесипкөй ишмердүлүк катары мамлекеттик кыматтык өзгөчөлөгүн эске алып, мамлекеттик кызматка кирип жаткан жарандар үчүн атайын укуктук жөнгө салуу аркылуу тийиштүү укуктар менен милдеттерди гана орнотпостон, мамлекеттик кызматтын милдеттеринин өзгөчөлүгүн, уюштурулуу принциптерин жана иштешин эсепке алуу менен квалификациялык талаптарды да белгилөөгө укуктуу.

4. Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүнүн бирдей укуктарын камсыз кылуу тууралуу маселенин мыйзам менен жөнгө салынуусу жөнүндө конституциялык уруксат берүүсүнөн келип чыгуу менен (52-берененин 4-бөлүгү), мамлекеттик жарандык кызматтын укуктук, уюштуруучулук жана финансы-экономикалык негиздерин белгилеген, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштейм деген талапкерлер үчүн так көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарды камтыган «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык мамлекеттик жарандык кызмат (мындан ары - кызмат) - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) аныкталган милдеттерди, иш-милдеттерди жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесипкөй кызматтык ишин билдирген, мамлекеттик кызматтын түрү. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 4, 23-беренелеринин колдонулушунан улам мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана бош орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең катышуусун камсыз кылуу менен мамлекеттик жарандык кызмат үчүн бирдей тартипти белгилейт.

Өз кезегинде, мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат ордуна талапкерлердин конкурска катышуусу алардын белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү болгондо гана мүмкүн. Мында квалификациялык талаптар мамлекеттик кызматтын тутумуна өзгөчө атаандаштыкка жөндөмдүү адистердин тартылуусуна багытталган механизмдин, ошондой эле карьералык пландоодо мамлекеттик кызматчылар үчүн шыктандыруу катары кызмат кылат.

Ошентип, мамлекеттик жарандык кызматка кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурстук тандоону өткөрүүдө, укуктук тутумда квалификациялык талаптардын белгилениши өзүнүн юридикалык табияты жана касиети боюнча мамлекеттик кызматка кирүүдө, бирдейлик (бирдей мүмкүнчүлүктөр) жана калыстык принциптеринин жүзөгө ашырылуусун көбүрөөк даражада камсыз кылууга жардам берет.

Колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумунда мамлекеттик жарандык бош кызмат ордун ээлөөгө карата талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптардын белгилениши, анын ичинде белгилүү кызмат орундарында иш тажрыйбасынын болуусу, натыйжалуу мамлекеттик аппаратты түзүү жана мамлекеттик бийликти ишке ашыруунун бийик деңгээлин кармап туруу максаты менен шартталган.

Квалификациялык талаптарга ылайык келүүнүн өзү кесипкөй адистешүүсү болгон жана мамлекеттик кызматтын белгилүү чөйрөсүндө талап кылынган артыкча компетенттүү жарандардын табылуусун болжойт, алар өз кезегинде бош мамлекеттик кызмат ордуна жарыяланган конкурска катышуу жолу менен мамлекеттик кызматка кирүүдѳгү теңдик укугун жүзөгө ашыра алат.

Аны менен, мамлекеттик кызматка кирүүдөгү теңдикти мыйзамдар тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын кайсы бир кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга кесипкөй жана жеке сапаттары туура келген жарандардын тобуна карата гана колдонсо болот.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик кызматчылардын эмгек ишмердигинин өзгөчөлүгү менен шартталган мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү өзгөчө талаптардын белгилениши Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдикке алынган жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу катары каралбайт. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө укуктук жөнгө салунуун мындай өзгөчөлүгү туруктуулук, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, ишти улантуучулук, алмашып туруучулук жана анын тутумунун үзгүлтүксүз өркүндөтүү принциптеринин жүзөгө ашырылуусун камсыздайт.

Мамлекеттин ишмердигинин натыйжалуулугу жана коомдун бакубаттуулугу, биринчи кезекте, мамлекеттик бийлик органдарынын бардык деңгээлдеринде башкаруучулук иш-милдеттеринин сапаттуу аткарылышы менен аныкталат. Ал көбүнесе мамлекеттик аппараттын абалына, мамлекеттик кызмат сыяктуу институттун уюштурулушуна жана иштешине көз каранды. Башкаруунун өзгөчө көндүмдөрүн жана коом алдындагы жоопкерчилик деңгээлин калыптандырган ишмердиктин дал ушул түрү анын өзгөчөлүгүн аныктайт. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик бийлик органдарында жана кесипкөй ишмердиктин башка чөйрөлөрүндө иш стажына карата квалификациялык талаптардагы айырмачылыктар мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөө үчүн мыйзам тарабынан коюлуучу орундуу талаптардан болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

Ч Е Ч Т И:

1. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгү, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ