|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 403
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, табигый монополиялар субъекттерин жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы № 351 "Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежесинде:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттагы "Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизүү жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин 20 күндүн ичинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктта:
4-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсеп саясаты монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча табигый монополия субъектинин жетекчиси тарабынан бекитилет. Эсеп саясаты төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:";
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Негизги каражаттарын кайра баалоо материалдары табигый монополиянын субъекти тарабынан монополияга каршы органга негизги каражаттарга кайра баалоо жүргүзгөнгө чейин, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- баштапкы наркын көрсөтүү менен кайра баалоого тийиш болгон негизги фонддордун тизмегин;
- амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын;
- даярдоочулардан алынган окшош продукцияларга учурдагы рынок баалары жөнүндө же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана атайын адабиятта жарыяланган баалардын деңгээли тууралуу маалыматтарды;
- негизги каражаттардын техникалык абалын баалоону;
- көз карандысыз эксперттерди тартуу жана алардын баалоосунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды;
- негизги каражаттарды кайра баалоо долбоорун.";
- 5-пункттагы "же уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттун 3, 4, 6 жана 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Билдирүүнү кароодо монополияга каршы орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) табигый монополиялар субъектин жөнгө салуу методун өзгөртүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
2) табигый монополия субъектине аткаруу үчүн милдеттүү болгон ушул Эрежелерди бузууларды жоюу жөнүндө, анын ичинде алардын кесепеттерин жоюу жөнүндө жазма буйрук берүүгө.";
- 10-пунктта:
биринчи абзацтагы "анын ичинде: базардагы үстөмдүк кылуучу абалды күчөтүүгө," деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда табигый монополия субъектинин жетекчисин административдик жоопкерчиликке тартууга;";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ушул Эрежелерди бузууга жол берген табигый монополиянын субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелеринде:
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрук тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, юридикалык жана жеке жактарга жиберилет. Аталган уюмдар жана адамдар жазма буйрукта белгиленген мөөнөттө монополияга каршы органга көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.";
- 26-пункттагы "жаранга" деген сөз "иши каралып жаткан адамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы органдын кароо эрежесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү монополияга каршы органдын кароо эрежелеринде:
- аталышындагы "монополияга каршы органдын" деген сөздөр "мамлекеттик монополияга каршы органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталышындагы жана Эрежелер менен тиркеменин бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацындагы "жана уруксат берилген монополиялардын" деген сөздөр "монополиянын" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эреженин 15-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелердин бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелеринде:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) табигый монополиянын субъекти белгиленген талаптарга (техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр) жооп берген жеткирүүчүнүн (подрядчынын) сунушу;";
- 8-пункттун биринчи абзацындагы "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Табигый монополиянын субъекти тендер өткөрүүдө монополияга каршы органга тендер өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 иш күндөн кечиктирбестен кабарлоо жиберет.";
- 12-пункттун 2-пунктчасындагы "сатып алынуучу" деген сөздөр "талапкерлер тарабынан сунушталуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункттагы "эки жана андан ашык аффилирленген" деген сөздөр "аффилирленген" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун экинчи, төртүнчү жана он жетинчи абзацтарынан, 2-пункттун экинчи абзацынан, 3, 4 жана 5-пункттардан, 6-пункттун экинчи, төртүнчү жана жетинчи абзацтарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |