|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 453
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
3-пункттун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүү боюнча" деген сөздөр "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "мекемелери жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия" деген сөздөр "ведомстволор аралык комиссия" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сан маанилериндеги "баштапкы" деген сөз алып салынсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзацындагы "жеке жана юридикалык жактарга ченемдик укуктук актылар менен жүктөлгөн" деген сөздөр "жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри керектөөчүлөргө мамлекеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте акысыз жана акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумдаштырылган тизмеги;";
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - мамлекеттик органдарга же бюджеттик мекемеге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү жөнүндө түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу суроо-талап жасаган жеке же юридикалык жак;";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүдө мамлекеттик органдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө берилүүчү бардык кызматтарга инвентаризация (ревизия) жүргүзөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө инвентаризацияны (ревизияны) мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан түзүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча ведомстволук жумушчу комиссия (мындан ары - комиссия) ишке ашырат.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик органдардын кызматчылары;
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин өкүлдөрү (бар болсо), жарандык жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү (тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөр болгондо).";
- 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссия өз ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган мыйзамдын, ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен башка ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.";
- 6-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды даярдоодо комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:";
онунчу абзацтагы "негизделген сунуштарды" деген сөздөр "негиздеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10-пункттун 6 жана 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) көп жолу же болбосо туруктуу кайрылууну караштырган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, бул кызмат көрсөтүү мурда акысыз көрсөтүлгөн учурда (алынган документтер жоголгон, бузулган учурда, документтердин дубликаттарын бергенде ж.у.с.) мамлекеттик кызмат көрсөтүү ошол эле керектөөчүгө кайрадан көрсөтүлөт;";
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн макулдашылган ведомстволук тизмеси мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жөнөтүлөт.
Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн макулдашылган ведомстволук тизмесине ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тизмеси милдеттүү түрдө тиркелет.";
- 3-бап төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоору мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) кароосуна киргизилет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун түзүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесин, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун түзүп, ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.
Ведомстволор аралык комиссия өз ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган мыйзамдын, ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен башка ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.";
- 14-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ведомстволор аралык комиссиянын отурумуна кароо үчүн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесине, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарга төмөнкүдөй материалдар тиркелет:";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам жана ушул Жобо менен белгиленген критерийлерге шайкештиги жөнүндө маалыматтык таблица;";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- жарандык сектордун катышуусундагы ведомстволук комиссиянын отурумунун(дарын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө протоколу(дору).";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бап менен толукталсын:
"3-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү
18-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдар мындан ары - ыйгарым укуктуу орган), мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) ээ.
18-2. Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талап менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
18-3. Ыйгарым укуктуу орган, суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт же болбосо жүйөөлөштүрүп, баш тартат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын жана бирликтердин) дарегине болгон баш тартуу ведомстволор аралык комиссияда, Өкмөттө же сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
18-4. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун ушул Жобонун 14 жана 15-пункттарында аныкталган тартипте ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.
18-5. Ведомстволор аралык комиссия киргизилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине шайкештигин текшерет жана ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарында аныкталган тартипте корутунду чыгарат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |