Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\59b2b002-a5b2-46f5-ab4f-87a05308d141\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-июну № 377

Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасы") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.Сариев

 

 

 Тиркеме

Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

Талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык абалды оң кармап туруу, жугуштуу оорулардын айлана чөйрөдөгү козгогучтар жана козгогучтарды сактап, алып жүрүүчүлөр аркылуу жуктурбоого жол бербөөнүн негизинде жаныбарлардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында ветеринардык коопсуздук боюнча чараларды аныктайт.

2. Негизги түшүнүктөр

2. Ушул Талаптарда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

ветеринардык-санитардык абал - жаныбарлардын ылаңынын болушу, алардын таралышы жана ылаңдын деңгээли менен мүнөздөлүүчү так көрсөтүлгөн мезгилдеги кандайдыр бир аймактагы абал;

ветеринардык күбөлүк - контролго алынуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө алар жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик ылаңдары боюнча бакубат аймактан чыгып жаткандыгын, ал эми жаныбарлардан алынган чийки зат жана продуктулар мындан тышкары белгиленген тартипте ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөндүгүн жана козу карынга коюлуучу ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келе тургандыгын тастыктоочу мамлекеттик ветеринария мекемеси тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;

ветеринардык сертификат - контролго алынуучу жүктүн ветеринардык-санитардык жактан алганда коопсуздугун жана импорттоочу мамлекеттин ветеринардык талаптарга ылайык жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча мамлекеттин бакубаттыгын тастыктоочу чыгаруучу өлкөнүн мамлекеттик ветеринардык врачы берүүчү белгиленген үлгүдөгү эл аралык документ;

ветеринардык талаптар - импорттоочу мамлекеттин ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импорттоочу мамлекеттин аймагына чет мамлекеттен алынып келүүчү контролдо турган жүктөргө карата жеке жана юридикалык жактардын бардыгы аткаруу үчүн милдеттүү талаптар;

вакцина - алсызданган же өлтүрүлгөн патогендик микроорганизмдерди же алардын жашоо продуктуларын камтуучу биологиялык препарат, ал жаныбарлардын организми белгилүү бир жугуштуу ооруларды кабыл албастыгын түзүү максатында аларды активдүү иммундештирүү (вакцинация) үчүн колдонулат;

вакцинация - организмге тиешелүү вакцина саюу аркылуу жаныбарларды активдүү иммундештирүү ыкмасы;

жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын аныктоо - атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү жана козгогучтарды идентификациялоо аркылуу жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын аныктоо максатында жүргүзүлүүчү иш-чаралардын системасы;

дезинфекциялоо - адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын козгогучтарын (бактериялар, вирустар, козу карындар, риккетсиялар, эң жөнөкөйлөр) жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү звено болуп саналат;

дезинсекциялоо - тышкы чөйрөдө зыяндуу курт-кумурскаларды жана жаныбарлардын жана адамдын жугуштуу ооруларынын козгогучтарын жана алып жүрүүчүлөрүн жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси;

дезинвазиялоо - тышкы чөйрөдө адамдын жана малдын инвазиялык мите ооруларынын козгогучтарынын түйүлдүк элементтерин (жумурткаларды, личинкаларды ж.б.) жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси;

дератизациялоо - адам жана жаныбарлар үчүн коркунучтуу көптөгөн жугуштуу ооруларды таратуучуларды, ошондой эле жүктөрдү (товарларды) бузууга жөндөмдүү зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси;

дезинфекциялоочу, инсектициддик жана дератизациялык каражаттар - органикалык жана органикалык эмес мүнөздөгү химиялык кошулмалар (уу химикат), алардын түздөн-түз аракети же таасири астында ветеринардык көзөмөл объекттеринде малдын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары, өрчүп-өсүүнүн ар кайсы стадиясындагы курт-кумурскалар, ошондой эле жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү жана таратуучу кемирүүчүлөр жок кылынат;

дезинвазиялык каражаттар - органикалык же органикалык эмес мүнөздөгү (антигельминтиктер) химиялык кошулмалар, алардын түздөн-түз таасири астында организмдеги же тышкы чөйрөдөгү инвазиялык (паразитардык) оорулардын козгогучтары жок кылынат;

зоологиялык парктар (зоопарктар) - көрсөтүү, изилдөө жана көбөйтүү үчүн ар түрдүү жаныбарларды капаста же жарым капаста кармоо үчүн илимий-агартуучу жана изилдөөчү мекемелер;

жырткыч жаныбарларды кармоо чарбасы - терилерди алуу жана. чарбада пайдалануу максатында териси баалуу жаныбарларды көбөйтүү жана жакшыртуу менен алектенген ишкана;

жугуштуу ылаңдын булагы - жугуштуу ылаңдын козгогучу сакталып жана көбөйүүчү табигый жашоо чөйрөсү;

импорттоочу өлкө (импортер өлкө) - жүк биротоло багытталган өлкө;

мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунда ветеринардык контролдоо (мындан ары - ВКП) - мамлекеттик ветеринардык кызматтын контролундагы транспорттун бардык түрлөрүндө жүктөрдү эл аралык, мамлекеттер аралык жана мамлекет ичинде ташууларда ишке ашырылуучу ветеринардык контролдоо;

транзиттик өлкө - импорттоочу өлкөгө контролго алынуучу жүктү жеткирүүдө анын аймагынан өтүүчү же ВКП чектеринде убактылуу токтой турган өлкө;

жугуштуу ылаңды козгогучту алып жүрүүчү - биологиялык объект (кемирүүчүлөр, курт-кумурскалар, канталалар, молюскалар жана башка объектилер), анда инфекциялык жана инвазиялык ылаңдарды козгогучтар жашайт, көбөйөт, жылуу кандуу жаныбарларды чагып же терисин соруп, аларды жеп, оору жугузат;

ылаңдын очогу - оорунун келип чыккан орду, таралуу булагы;

тобокелдикти баалоо - товарларды импорттоодо жаныбарлардын жугуштуу ооруларды козгогучтарынын кирип кетүү ыктымалдыгын же оорулардын келип чыгышын жана таралышын болтурбоо үчүн ветеринардык-санитардык чараларды талап кылуучу башка факторлордун таасирин аныктоо;

капастар - кош чатырлуу бастырмалар, ага териси баалуу жаныбарларды кармоо үчүн торчолор жана үйчөлөр жайгаштырылат;

эпизоотиялык зоналаштыруу - ылаң жайылган жана ага жанаша аймакты зонага бөлүү, анда атайын иш-чаралар жүргүзүлөт жана чарбалык иштин атайын режимдери жүргүзүлүшү мүмкүн;

экспорттоочу өлкө (экспортёр өлкө) - контролго алынуучу жүктү кайсы бир башка өлкөгө жөнөтүүчү мамлекет.

3. Айыл чарба малын багуу жана көбөйтүү боюнча мал чарба ишканаларын долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптар

3. Жарандардын жеке көмөкчү чарбаларын, дыйкан (фермердик) чарбаларын, боордоп семиртүү пункттарын, канаттуулар фабрикаларын ар кандай багыттагы мал чарба комплекстерин эксплуатациялоодо жана курууда, долбоорлоодо айыл чарба жаныбарларын кармоо үчүн багытталган, жаныбарларды көбөйтүүгө жана багуу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жактары каралууга тийиш (малдарды сапаттуу тоюттандыруу, аларды багып кароо, абанын курамы жана анын нымдуулугу, температурасы, жарыктыгы, жайдын тазалыгы, иче турган суунун сапаты).

4. Мал чарбаларынын (комплекстерди), дыйкан (фермер) чарбаларынын ветеринардык-санитардык жагымдуулугун камсыз кылуу максатында аларда ветеринардык багыттагы көмөкчү объекттердин (изоляторлор, дезинфекциялык босоголор, санитардык өткөрмөлөр жана башкалар) болушу, ошондой эле биологиялык калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү, кыкты обочо сактоо жана башка коргоо чаралары каралууга тийиш.

5. Мал чарба фермалары жана ишканалар (комплекстер) үчүн тейлөөчү персоналды жана келгендерди, ошондой эле транспорт каражаттарын ферманын (ишкананын) аймагына ветеринардык-санитардык өткөрмөлөр жана тосмонун тилкесинде (башкы кирүүчү жер) жайгашкан дезинфекциялык блоктор аркылуу өткөрүү менен бүткүл аймакты курчап коюу каралат.

6. Адамдарды иштетүү үчүн санитардык блоктор бардык фермалардын, өнөр жайлык негизде сүт жана эт өндүрүү боюнча ишканалардын, бакма канаттуулар фабрикаларынын, ошондой эле жалпы чарбалык ветеринардык объекттердин (эт-сөөк унун чыгаруу үчүн чийки зат топтолуучу пункттан тышкары) аймагына кире бериштеги ветеринардык-санитардык өткөргүчтүн курамына жайгаштырылат.

7. Бир нече обочолонгон өндүрүштүк зоналары бар канаттуулар фабрикаларында санитардык блоктор ар бир зонага кире беришке жайгаштырылат.

8. Дезинфекциялык босогодо транспортту иштетүү үчүн дезинфекциялык блок бардык фермалардын, канаттуулар фабрикаларынын, өнөр жайлык негизде сүт жана эт өндүрүү боюнча ишканалардын аймагына кире беришке жайгаштырылат.

9. Кире бериштеги дезинфекциялык босоголор тоют сакталуучу зонага кире бериште, ошондой эле жалпы чарбалык ветеринардык объекттерге кире беришке каралат.

10. Тышкы жүк жүгүртүүсү суткасына 20 тоннаны түзгөн фермаларда транспортту иштетүү үчүн дезинфекциялык блоктордун ордуна кыш мезгилинде аны жылытуу менен кире бериштеги дезинфекциялык босоголор (каалгасы бар бастырманын астына) каралууга мүмкүн.

11. Ферманын жана ишкананын аймагы мал кармоо үчүн өндүрүштүк зонага бөлүнгөн, аларда ветеринардык жана ветеринардык-санитардык багыттагы объекттер, тоют сактоо жана даярдоо зонасы, кыкты сактоо жана кайра иштетүү жана администрациялык-чарбалык зона каралган.

12. Ферманын жана ишкананын курулушун пландаштырууда, эгерде технологиялык процесстин жана коопсуздук техникасынын талаптарынын шарттарына карама-каршы келбесе жана техникалык-экономикалык жактан максатка ылайыктуу болсо негизги өндүрүштүк, көмөкчү, кампалык жана көмөкчү багыттагы имараттарды жана курулуштарды блоктоо (бириктирүү) каралган.

13. Имараттарды, курулуштарды жана айрым ветеринардык объекттерди максатка ылайыктуу блоктоону кароо керек. Эгерде изоляторду өзүнүн ички короосуна чыгуучу жери менен кеминде 2 метрлик туташ бийик дубал менен курчоо шарты болсо ветеринардык дарылоочу жайдын же ферманын башка ветеринардык объекттери менен бирге блоктоого болот.

14. Ветеринардык пунктту саан же сүт бөлүмүнөн тышкары, ферманын каалаган өндүрүштүк имараты менен блоктоого болот.

15. Фермалардын ветеринардык объекттери менен алар тейлеген мал чарба имараттарынын жана курулуштардын ортосундагы, ошондой эле башка көмөкчү өндүрүштүк жана кошумча имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралык өрткө каршы аралыктар менен бирдей болууга, ал эми ветеринардык объекттер менен канаттуулар багылган имараттардын ортосундагы аралык - кеминде 60 м болууга тийиш.

16. Мал багуу үчүн имараттардын багыттары, анын ичинде стационардык имараттардын жана изоляторлордун төрт тарапка жана шамал көп согуп туруучу жактарга карата жайгашуусу инсоляцияны жакшыртуу максатында меридиналдуу (түндүктөн түштүктү карай кеткен өзөк боюнча); жайгашкан жерге жараша жергиликтүү шарттарга жараша (аптаптуу, кургакчыл жай, шамалдардын багыты ж.б.) сунуш кылынган багыттардан четтеп кетишине кендик багыттар (чыгыштан батышты карай кеткен өзөк боюнча) боюнча жана андан 45º чегинде жол берилет.

17. Өндүрүштүк, көмөкчү, кампа жана кошумча имараттар менен курулуштар сырттан ферманын (ишкананын) аймагына транспорттун киришине жол бербөө мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жайгаштырылат.

18. Бардык учурларда мал жаюу аянттары жана мал тоют жей турган короолорду имараттардын түндүк жагына жайгаштыруу сунуш кылынбайт.

19. Изоляторду жана мал союу-санитардык пункттарды өндүрүштүк имараттарга карата шамал согуп турган тарапка жайгаштыруу керек.

20. Долбоорлордо курулуштан эркин жаткан бардык участкаларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралат.

21. Башкы пландарда өндүрүштүн тынымсыздыгын, өндүрүштүк процесстерди аткаруу үчүн  шарттарды түзүүнү, негизги технологиялык агымдардын утурлаган жана кесип өткөн багыттарын жокко чыгарууну, талаптагыдай ветеринардык-санитардык тартипти колдоо үчүн шарттарды түзүүнү, технологиялык долбоорлоо ченемдерин сактоону кароо зарыл.

22. Өнөр жайлык негизде сүт, эт жана жумуртка өндүрүү боюнча мал чарба фермаларын жана ишканаларын курууга жана реконструкциялоого техникалык документацияларды иштеп чыгууну долбоордук уюмдар бодо малды, чочко, кой, жылкы, аң тери алынуучу жаныбарларды жана бакма коён багуу боюнча тийиштүү фермаларды (ишканаларды), ветеринардык объекттерди, канаттуулар фермаларын жана канаттуулар фабрикаларын, кыкты тазалоо жана иштетүү системаларын технологиялык долбоорлоону колдо бар ченемдерине ылайык жүргүзүүгө тийиш.

Мында технологиялык долбоорлоонун төмөнкүдөй ченемдери каралат:

1) мал кармоо системалары, баданын өлчөмү жана структурасы;

2) имараттардын жана курулуштардын номенклатурасы, жайлардын жана аларга карата технологиялык талаптардын курамы;

3) имараттардын, курулуштардын жана жайлардын аянттарынын ченемдери жана негизги технологиялык элементтеринин өлчөмү;

4) тоютка жана төшөмөлдөргө болгон керектөөнүн жана запастын болжолдуу ченеми;

5) сууну керектөө ченеми жана суу менен жабдуу талаптары;

6) кыктын чыгуу ченеми жана ферманын канализацияга болгон талаптары;

7) малдын жылуулук, газ жана суунун бууларын чыгаруу ченемдери;

8) ички абанын параметрлеринин ченемдери жана жайларды жылытуу жана желдетүү талаптары;

9) жайларды табигый жана жасалма жарык кылуу ченемдери;

10) өндүрүштүк процесстердин технологиялык жабдуулары жана механизация.

23. Жаныбар үчүн өндүрүштүк жайларда, санитардык станоктор, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык каралышы керек.

24. Фермалардын өлчөмдөрү, мал багуу системасы, фермаларда айрым имараттар менен курулуштардын номенклатурасы климаттык шарттарды жана капиталдын салымдардын кыйла натыйжалуулугун камсыз кылууну эске алуу менен чарбалардын багыттарына жана адистешүүсүнө жараша кабыл алынат.

25. Мал чарба жана канаттуулар фермаларын, имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо райондун климаттык жана жаратылыш-экономикалык шарттарын эске алуу менен ветеринардык объекттердин төмөнкүдөй таблицасына ылайык, тейлөөчү фермалардын багыты, түрү, ветеринардык объекттердин таблицасы боюнча жүргүзүлөт:

Ветеринардык объекттердин таблицасы

Объекттердин аталышы

Арналышы

Тейлөөчү мал чарба объекттери

А. Ветеринардык объекттер

1. Ветеринардык дарылоочу жай

Малды амбулаториялык жана стационардык дарылоо; алдын алуу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды, ошондой эле диагноздук изилдөөлөрдү жүргүзүү

Жаныбарлар фермасы, ветеринардык объекттерди долбоорлоого коюлуучу ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык курулат

2. Ветеринардык пункт

Малды амбулаториялык жана стационардык дарылоо, алдын алуу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү

Мал чарба фермалары жана аң-тери жаныбарларын жана бакма коён багуу ишканалары (12 миң жана андан ашык жана 600 жана андан ашык мегилжинге аяктаган өндүрүштүк цикли менен чочкону бордоп семиртүүдөн тышкары). 50 миң башка чейинки тоок, үндүк же өрдөккө эсептелген товардык канаттуулар фермасы. Тейленүүчү фермалардын аймагына жайгаштырылат

3. Ветеринардык участоктор

Малды амбулаториялык жана стационардык дарылоо, алдын алуу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү

Жайытка чыгарылуучу мал чарбаларында, кой жана бодо мал өстүрүү фермаларында. Алыскы жайыттарда жайгаштырылат. Долбоорлоо тапшырмасы боюнча ветеринардык дарылоочу жайдын ордуна борбордук чарбакка жайгаштырылышы мүмкүн

4. Ветеринардык лаборатория

Диагноздук изилдөөлөрдү; алдын алуу, дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү

Товардык (кеминде 50 миң тоок, үндүк же өрдөгү менен фермалардан тышкары) жана асыл тукум канаттуулар чарбасы, чочко фермалары жана ишканалар: 12 миң жана андан ашык баш бордолгон жана 600 жана андан ашык мегилжиндик аяктаган өндүрүштүк цикли менен. Тейлөө ишканасынын аймагына жайгаштырылат

5. Изолятор

Ылаңдаган жана малдын жугуштуу ылаңдарына чалдыккандыгы шектелген малды кармоо

Мал чарба (бордоп семиртилүүчү чочко жана бодо малдан тышкары), аң-тери алынуучу жаныбарлар жана коён фермалары, ишканалары, чарбалары. Ветеринардык дарылоо жайынын курамына жайгаштырылат. Чарбада ветеринардык дарылоо жайы жок болсо долбоорлоо тапшырмасы боюнча тейлөөчү ферманын (ишкананын) аймагына жайгаштырылышы мүмкүн

В. Ветеринардык-санитардык объекттер

6. Мал союу-санитардык пункт (санитардык кушкана)

Мал жана канаттууларды аргасыз союу. Өлүктү ачып кароо жана утилдештирүү

Жаш бодо малды өстүрүү, чоңойтуу жана бордоо боюнча фермалар жана ишканалар, чочкону бордоо жана аяктаган өндүрүштүк цикли менен жана кой фермалары жана канаттуулар чарбасы. Жалпы чарбалык жайлар ири фермаларга жакын жайгаштырылат

7. Ветеринардык-санитардык өткөргүчтөр

Тейлөөчү персоналды, чарбага келгендерди санитардык иштетүү, ошондой эле алардын кийимдерин жана бут кийимдерин дезинфекциялоо; транспорт каражаттарын жана идиштерди дезинфекциялоо

Тейлөөчү фермалардын же ишканалардын (тосмолоо тилкеси боюнча) аймагындагы фермер чарбалары. Мал жана канаттуулар фермалары жана ишканалары. Фермалардын (ишканалардын) аймагына башкы кире беришке жайгаштырылат. Обочолонгон зонасы, санитардык блоктору бар канаттуулар фабрикаларында ар бир обочолонгон өндүрүштүк зонага кире бериште жайгаштырылат

8. Малдын терилерин иштетүү үчүн курулуш

Малдын терилерин мителерге каршы жана дезинфекциялык аралашмалар менен иштетүү

Тейлөөчү персоналды, чарбага келгендерди санитардык иштетүү, ошондой эле алардын кийимдерин жана бут кийимдерин дезинфекциялоо; транспорт каражаттарын жана идиштерди дезинфекциялоо

9. Малга карантин жүргүзүү үчүн убактылуу талаа пункттары

Фермага (ишканага) келген малды кабыл алуу, кармоо, диагноздук изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ветеринардык-санитардык иштетүү

Бодо малды жана чочколорду бордоо, долбоорлоо тапшырмасы боюнча башка фермалар үчүн ар башка райондордон малдын башын толуктоодо бодо малдын жаш төлүн өстүрүү. Жалпы чарбалык жайлар ири фермаларга жакын жайгаштырылат

10. Эт-сөөк унун чыгаруу үчүн чийки затты топтоо пункту

Өлүктөрдү чогултуу, кыска убакытка сактоо

Чарбанын фермалары жана ишканалары

11. Чыга бериштеги дезбосого

Транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн дезинфекциялоо

Фермалардын же ишканалардын аймактарына башкы кире бериште (дезблок жок болсо), тоют сактоочу зонага жана жалпы чарбалык ветеринардык объекттердин аймагына кире бериште

26. Карантиндик курулуштун өлчөмү малды карантинде күн бою кармоо шарты менен тейлөөчү фермага малдын келишине жана санына жараша аныкталат.

27. Бодо малды, ремонттук кунаажын жана ноопаздарды өстүрүү жана бордоо боюнча фермаларда, чочколорду бордоо фермаларында мал атайын бекитилген чарбалардан келген учурда карантиндик иш-чараларды изоляциялык секциясы бар мал кармоо имараттарында жүргүзүүгө жол берилет. Мындай болгондо малды кабыл алуу жана санитардык иштетүү бөлүмдөрү ферманын өндүрүштүк имараттарынын курамында мал фермага транспортту киргизбестен санитардык иштетүү бөлүмү аркылуу келгидей эсеп менен анын чек арасына жайгаштырылат.

28. Эт-сөөк унун чыгаруу үчүн чийки заттарды чогултуу пункту эт-сөөк унун чыгаруу боюнча заводдор иштеген зонада жайгашкан чарбаларда долбоорлоо тапшырмасы боюнча каралат.

4. Жаратылышты фермалардын агындылары жана өндүрүштүк калдыктары менен булганышынан коргоо боюнча негизги талаптар

29. Мал чарба фермаларын куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунда өндүрүштүк агынды сууларды (малдын заарасы, жабдууларды, тамыры тоют өсүмдүктөрдү жуугандан чыккан сууларды), ошондой эле чарбалык-тиричилик агынды сууларды буруп кетүү үчүн канализация (кыкты механикалык жол менен тазалоодо өндүрүштүк агынды сууларды буруп кетүү үчүн канализация долбоорлонбойт) каралат.

30. Изоляторлордон, карантиндерден, ошондой эле кушкана жана утилдештирүү бөлүмүнөн чыккан агынды суулар өз алдынча канализациялык тармакка топтолот жана жалпы тармакка чыгаруунун алдында дезинфекцияланат.

31. Изоляторлордон жана карантиндерден чыккан кык чогултулат жана өзүнчө кык сактоочу жайларда же аянттарда сакталат (бир айдан кем эмес), аларды изоляторлордун же карантиндин өзүнүн ички короосуна жайгаштырууга болот. Мындай кыкты дезинфекциялоо, ташуу жана утилдештирүү ветеринардык мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

32. Малды таза кармоо үчүн аянттардан чыккан уулуу химикат аралашмалары суюктук топтоочу жерлерге чогултулат, эгерде зарыл болсо зыянсыздандырылат, андан кийин ташылып чыгат.

33. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жер семирткич жана сугаруу максатында агынды сууларды кабыл алуу үчүн дыйканчылык талаалары каралат. Кыртыш астындагы суулар 1,25 метрге жетпеген аймактарда агынды сууларды сугат үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

34. Биологиялык көлмөлөр долбоорлоо тапшырмасы боюнча өз алдынча тазалоо курулуштары катары пайдаланылат. Биологиялык көлмөлөрдөгү суунун орточо тереңдиги жер шартына жараша, бирок 1 метрден ашык жана 0,5 метрден кем болбоого тийиш.

35. Малдын өлүктөрү эт-сөөк унун чыгаруу боюнча заводго жөнөтүү үчүн чийки заттарды топтоо пунктуна жеткирилет. Чийки заттарды топтоо пунктунан өлүктөр эт-сөөк унун чыгаруу боюнча ветеринардык-санитардык (утилдештирүү) заводуна заводдун атайын машиналары менен жеткирилет. Завод жок болсо малдын өлүгү ветеринардык врачтын көрсөтмөсү боюнча кийин жаныбарлардын башка түрлөрүнө берүү же техникалык продукцияларды алуу менен мал союу-санитардык пункттун утилдештирүү бөлүмүндө атайын казандарда утилдештирилет (автоклавка салынат). Өтө коркунучтуу ылаңдан өлгөн мал тарп өрттөөчү мештерге жагуу жолу менен жок кылынат.

36. Фермалардагы ылаңдаган же ылаңга шектелген малдан жугуштуу оорулардын таркашынын алдын алуу максатында мал дарылоо үчүн изоляторго бөлүнөт же аргасыз союуга дуушар болот.

5. Фермаларды куруу үчүн аймактарды тандоодогу ветеринардык-санитардык талаптар

37. Фермаларды жайгаштыруу үчүн аймактар райондук пландаштыруунун колдонулуп жаткан долбооруна, ишканаларды уюштуруу-чарбалык жайгаштыруу планына жана ошол калктуу конушту пландаштырууга ылайык тандалат.

38. Ферма сапаттуу ичилүүчү суу, электр энергиясы, тоют ташып келүү жана продукцияларды жана кыкты ташып кетүү үчүн жолдор, кыкты пайдалануу үчүн жер аянттары жана агынды сууларды агызуучу жер менен камсыз кылынууга тийиш.

39. Ар бир ферма жакынкы райондон коргоо зонасын бөлүү таблицасына ылайык санитардык коргоо зонасы (ажыратуу) менен бөлүнүүгө тийиш.

Таблица

Айыл чарба ишканалары жана объекттери

Санитардык коргоо (бөлүү) зонасынын өлчөмү, метр менен

1. Жылкы, коён жана бодо мал (бардык адистикте), кой жана аң-терилүү жаныбарларды өстүрүү фермалары

100

300

300

2. Канаттуулар фабрикасы

1000

3. Ветеринардык дарылоо жайлары

200

40. Айыл чарба ишканалары менен башка объекттердин ортосундагы санитардык аралык төмөнкү таблицага ылайык келүүгө тийиш:

Таблица

Айыл чарба ишканасы менен башка объекттердин ортосундагы аралык, метр менен

Айыл чарба ишканаларынын аталышы

тоют даярдоо үчүн

кайра иштетүү үчүн

жашылча-жемиштер

дан өсүмдүктөрү

сүт

мал ж-а канаттуулар

дан жана картошка кампалары

1. Мал чарба канаттуулар жана аң-терилүү жаныбарлар

100

200

1000

50

2. Ветеринардык дарылоо жайлары жана фермалар

100

200

100

50

3. Аң-терилерди же булалуу өсүмдүктөрдү баштапкы иштетүү үчүн имарат

50

50

50

100

50

-

4. Акиташ жана башка илешчээк нерселерди чыгаруу боюнча имарат

100

100

100

300

300

-

Эскертүү. Санитардык аралык деп тийиштүү имарат менен курулуштун сырткы дубалдарынын же мал, канаттуулар жана жаныбарлар үчүн короолордун тосмолорунун ортосундагы эң кыска аралыкты алуу керек.

41. Ферманын же канаттуулар фабрикасынын аянтында жайгашкан сүттү кабыл алуу жана баштапкы иштетүү боюнча имараттар, тоют кампалары, ветеринардык объекттер үчүн санитардык аралык ченемге салынбайт.

42. Малды жана сүттү кайра иштетүү үчүн таблицада белгиленгендей аралык суткасына өндүрүмдүүлүгү 12 т. ашык сүт заводдоруна жана нөөмөттө өндүрүмдүүлүгү 10 т. ашык этти кайра иштетүү ишканаларына гана тиешелүү. Кубаттуулугу нөөмөттө 10 т. чейинки кушканалар жана этти кайра иштетүү ишканалары үчүн жаныбарлар, бакма канаттуулар, жапайы жаныбарлар жана коён өстүрүү фермалары үчүн 300 м аралыкты алуу керек.

43. Фермаларды (комплекстерди) куруу үчүн аянттар башка фермалардан жана өнөр жайлык негизде этти жана сүттү кайра иштетүү ишканаларынан жана зооветеринардык айрым объекттерден тийиштүү фермаларды (комплекстерди) технологиялык долбоорлоо ченемдеринде көрсөтүлгөн ажыратуу менен бөлүнүүгө тийиш.

44. Мал чарба фермалары менен башка айыл чарба ишканаларынын ортосундагы зооветеринардык аралыктар төмөнкү таблицага ылайык аныкталууга тийиш:

Мал чарба фермалары жана ишканалары

Минималдуу зооветеринардык аралыктар, метр менен

бодо мал, чочко, кой өстүрүү жана жылкы фермалары

аң-терилүү жаныбарлар жана коён өстүрүү фермалары

канаттуулар фермасы

канаттуулар фабрикасы

Фермалар: бодо мал өстүрүү

150

300

200

1000

чочко өстүрүү

150

300

200

1000

кой өстүрүү

150

300

200

1000

жылкы өстүрүү

150

300

200

1000

аң-терилүү жаныбарларды жана коён өстүрүү

300

300

300

1500

канаттуулар фермасы

200

300

2000

2000

канаттуулар фабрикасы

1000

1500

2000

2000

45. Атайын тапшырма боюнча долбоорлонгон ири өнөр жай ишканалары менен башка өндүрүштүк (мал чарба) объекттеринин жана калктуу конуштардын ортосундагы зооветеринардык аралык долбоорлоо тапшырмасында белгиленет.

46. Фермалар менен темир жол жана автомобиль жолдорунун ортосундагы зооветеринардык аралык технологиялык долбоорлоо ченемдеринде көрсөтүлөт.

6. Мал чарба объекттерин куруу үчүн жер участкалары

47. Курулуш үчүн участканы мурда мал көмүлгөн, тери иштеткен ишканалар жана мал чарба фермалары турган жерлерден тандоого болбойт.

48. Курулуш үчүн участок түз, ачык, бир аз жогору, суу ташкыны жана нөшөрлөгөн жамгыр каптап кетпегидей, кыртыш алдындагы суулар чыкпагыдай жерде болууга тийиш. Шамал дайыма согуп туруучу тарабынан участок токой тилкеси менен тосулууга тийиш.

7. Курулган мал чарба фермаларын эксплуатацияга кабыл алуу

49. Курулушу аяктаган, өзүнчө турган же жармакташтырып салынган көмөкчү, өндүрүштүк же тейлөө багытындагы имараттарды жана курулуштарды (кампаларды, тоют цехин, электр-чордондорун, компрессордук жана сордургуч чордондорду, келген жолдорду, ветеринардык объекттерди ж.б.) эксплуатацияга киргизүү датасы деп жумушчу комиссия тарабынан актыларга кол коюу датасы саналат.

8. Союлган малды алгачкы кайра иштетүү боюнча ишканаларды долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптар

50. Сүт жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча сүт заводдорун, цехтерди, эт комбинаттарын, деңиз азыктарын, муздаткыч комбинаттарды долбоорлоодо жана курууда ветеринардык-санитардык жагынан сапаттуу жана коопсуз малдан алынган азыктарды чыгарууда өндүрүштүк калдыктар жана малдын жугуштуу ылаңдарын козгогучтар менен курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгоону алдын алуу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү каралууга тийиш.

51. Курулуш үчүн жер участкасын берүү, ветеринардык көзөмөл объекттерин курууга, реконструкциялоого жана жаңылоого долбоордук ченемдерди жана долбоордук документтерди бекитүү, ошондой эле ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ветеринардык-санитардык корутундулары болгондо гана жол берилет.

52. Союлган малды алгачкы иштетүү боюнча ишканаларды, сүт жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча заводдорун, цехтерди, деңиз азыктарын, муздаткыч комбинаттарды, ишканаларды долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо тейлөөчү персоналды жана келгендерди, ошондой эле транспорт каражаттарын аймакка ветеринардык-санитардык өткөргүч жана тосмону бойлой жайгаштырылган дезблок аркылуу өткөрүү менен бүткүл аймакты тосуу каралат.

53. Чала бүткөрүлгөн, аларды кадимкидей эксплуатациялоого тоскоолдук кылган жана санитардык-гигиеналык жана ветеринардык-санитардык шарттарды жана жумушчулардын эмгегинин коопсуздугун начарлаткан, бекитилген долбоордон же ишке киргизүү комплексинин курамынан четтеген мал чарба фермаларын (ишканаларын) иштетип көрбөстөн, сынабастан жана орнотулган бардык жабдууларды жана механизмдердин ишин текшербестен кабыл алууга тыюу салынат.

9. Мал союучу жерлерге (эт комбинаттары, кушканалар) карата ветеринардык-санитардык талаптар

54. Мал союу пункттары үч негизги зонага ээ болууга тийиш:

1) союу алдында малды кармоо зонасы союу алдындагы малды кабыл алуу, ветеринардык кароо жана кармоого арналган. Анда дени сак мал үчүн короолор (ачык жана бастырмасы менен), алдын-алуу бөлүмү (карантиндик короо жана изолятор), малды жүктөө үчүн платформа, таразалар жайгашат.

2) негизги өндүрүш зонасы, ал жерде мал союлат, жиликтенет, субпродуктуларды, майларды, ичеги-карын жана жүн-тери чийки заты иштетилип, муздатылып, тоңдурулуп жана эт туздалат, колбаса азыктары жана тоют продукциялары иштелип чыгат. Бул зонага союу-жиликтөө бөлүмү, муздаткыч, колбаса цехи, терини туздоо жана утилге чыгаруу бөлүмү кирет;

3) көмөкчү курулуштар зонасы администрациялык имаратты, чарбалык курулуштарды, тоют үчүн кампаларды, канализациялык жабдууларды ж.б. камтыйт.

55. Кушкананын аймагына кире (чыга) беришке дезинфекциялык аралашма куюлган дезинфекциялык босоголор (чуңкурлар) жайгаштырылат.

56. Мал союу пунктунун аймагында жаан-чачындардын жана союла турган мал кармалган аянттан саркынды суулардын агып кетиши үчүн канализация системасы жабдылат.

57. Аймактын бош участкалары бак-терек, бадалдар жана чөп менен жашылдандырылат.

58. Кушканада карантиндик бөлүмү, агынды сууларды чогултуу жана дезинфекциялоо үчүн өзүнчө кудугу менен изолятору бар жабдылган мал базасы, ошондой эле малды түшүргөндөн кийин автотранспортту санитардык иштетүү үчүн аянтча каралат. Изолятор мал базасынын өзүнчө участкасына жайгашат жана тосулат.

59. Мал союу пунктунун өндүрүштүк цехтери (бөлүмдөрү) малдын, эттин жана даяр продукциянын беттешип калышына жол бербестен кайра иштетүүнүн технологиялык процессинин ырааттуулугун эске алуу менен жайгаштырылат. Өндүрүштүк цехтин кире беришине дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган дезинфекциялык килемче салынат. Чымын-чиркей кирбеши үчүн ал коргоочу тор менен тосулат.

60. Өндүрүштүк жайлардын полу агрессивдүү чөйрөгө туруктуу жана жууганга жана нымдуу дезинфекциялоого оңой материалдардан жасалат. Ал канализациялык системаны карай эңкейиш кылып жасалат.

61. Имараттарга кемирүүчүлөрдүн кирип кетишинен коргоо үчүн дубалдарга цоколдук деңгээлден 0,5 м бийиктикте жана полдон 5 см төмөн 12x12 мм уячалары бар темир тор капталат.

62. Мал союу пункттарынын өндүрүштүк жайлары жакшы жарык кылынууга тийиш. Муздаткыч камералардан тышкары бардык цехтерде табигый жарык пайдаланылат. Этке жана эт азыктарына күндүн нурунун тике тийишинин алдын алуу максатында терезелерге күндөн коргоочу жабдуулар (жалюз, кырбуу) коюлат.

63. Мал союу-жиликтөө, май, субазыктар жана ичеги-карын цехтерин (бөлүмдөрдү) иш аяктагандан кийин күн сайын жууп тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

64. Бардык өндүрүштүк жайларда майда шаймандар үчүн стерилизаторлор болууга тийиш.

65. Мал базаларда кеминде 30 күн буртта кармоо менен кыкты биотермикалык зыянсыздандыруу үчүн бетон аянттары жасалат. Споралык инфекцияларда, ошондой эле бодо мал маңка, кутурма, инфекциялык анемия жана чума менен ооруганда карантин бөлүмүнөн жана изолятордон чыккан кык жок кылынат.

66. Мал союу цехинде малдын башын, ички органдарын жана тулкусун ветеринардык-санитардык кароо жана экспертизалоо үчүн милдеттүү түрдө жай каралат. Ветеринардык-санитардык врачтын жумуш орду текчелери бар стеллаждар, стол, илмектер, конфискаттарды чогултуу үчүн идиштер менен жабдылат жана жакшы жарык кылынат.

67. Мал союуда пайда болгон калдыктардан тоют продукциясын иштеп чыгуу боюнча бөлүм өзүнчө кирип-чыгуу эшиги менен обочо жайгаштырылат. Ушул эле жерден чийки заттарды кабыл алуу үчүн участок, даяр продукцияны сактоо үчүн жай бөлүнөт, конфискаттарды кайнатуу (стерилизациялоо) үчүн жабдуулар коюлат.

68. Мал союу пунктунун муздаткычында лабораториялык изилдөөгө жаткан эт үчүн жана шарттуу жарактуу этти сактоо үчүн санитардык камера бөлүнөт.

69. Мал союу пунктунун канализация системасы өндүрүштүк саркындылар адегенде баштапкы механикалык тазалоо жана майларды кармап калуу боюнча жасалга аркылуу өткүдөй кылып орнотулат.

70. Ылаңдаган малды союуда чыккан өндүрүштүк агындыларды канализацияга куюудан же бөлүнгөн жерге чыгаруудан мурда дезинфекцияланат.

71. Колбаса цехтерин, сүттү, ошондой эле малдан алынган техникалык чийки заттарды кайра иштетүү ишканаларын курууну долбоорлоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

- энергия менен камсыз кылуу, суу менен жабдуу үзгүлтүксүз болууга тийиш;

- ишкана негизги жана көмөкчү жана тейлөө цехтеринен турууга тийиш.

72. Өндүрүштүк цехтин кире беришине дезинфекциялоочу аралашмалар менен нымдалган дезинфекциялоочу килемчелер салынат.

73. Өндүрүштүк-чарбалык агынды сууларды чогултуу үчүн кабыл алуу кудуктары каралат, алар өндүрүштүк имараттан кеминде 3 метр аралыкта жайгашат. Агынды суулар дезинфекциялоодон кийин жергиликтүү тазалоочу курулуштарга жиберилет же атайын бөлүнгөн жерге чыгарылат.

74. Баштапкы кайра иштетүү боюнча ишканаларды, сүт заводдорун, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктар цехтерин, колбаса жана чүчвара цехтерин, ошондой эле малдан алынган техникалык чийки заттарды кайра иштетүү цехтерин долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо тейлөөчү персоналды жана келгендерди, ошондой эле транспорт каражаттарын ишкананын аймагына курчоо тилкесинде жайгаштырылган ветеринардык-санитардык өткөргүчтөр жана дезинфекциялоочу босого аркылуу өткөрүү менен бүткүл аймакты курчап коюу каралат.

75. Малдан алынган техникалык чийки заттарды кайра иштетүү цехтеринде сөзсүз түрдө малдын башын, ички органдарын жана тулкусун ветеринардык-санитардык кароо үчүн жай каралат. Ветеринардык-санитардык врачтын жумуш орду текчелери бар стеллаждар, стол, илмектер, конфискаттарды чогултуу үчүн идиштер менен жабдылат жана жакшы жарык кылынат.

76. Цехтерде иш аяктагандан кийин күн сайын жууп тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

77. Муздаткыч камералар термометрлер же температурага автоматтык контроль, ошондой эле алардын көрсөткүчтөрүн жазуу жабдуулары менен жабдылууга тийиш.

10. Санитардык-коргоо зоналары жана зооветеринардык ажырымдар

78. Өндүрүштүк зыяндардын топтолуу булагы болуп саналган технологиялык процесстери бар объекттер, алардын айрым имараттары жана курулуштары үчүн алардын кубаттуулугуна, мүнөзүнө жана курчап турган чөйрөгө чыгарган токсиндүү жана сасык заттардын. санына жараша, ошондой эле алардын курчап турган чөйрөгө жана адамдарга жагымсыз таасирин азайтуу боюнча каралган чараларды эске алуу менен калктуу конуштан санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмү белгиленет:

I класс - өлчөмү Кеминде 2000 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) теринин калдыктарынан, таштанды сөөктөрдөн жана малдын башка калдыктарынан желим жасаган желим кайнатуучу заводдор;

2) талаада жаткан чириген сөөктөн, челден, теринин калдыктарынан жана малдын башка калдыктарынан жана таштандыларынан аларды кампага сактоо менен техникалык тунуш желим (желатин) жасоо;

3) өлгөн жаныбарларды, балыкты, алардын бырчаларын жана башка малдын калдыктарын жана таштандыларын кайра иштетүү боюнча утилзаводдор (май, мал үчүн тоютка, жер семирткичке ж.б. айландыруу).

4) сөөк күйгүзүү жана сөөк майдалоо өндүрүшү.

II класс - өлчөмү кеминде 1000 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) май эритүү ишканасы (техникалык май даярдоо).

III класс - өлчөмү кеминде 500 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) утилдик чийки заттарды чогултуу боюнча борбордук кампалар;

2) калдыктарды кайра иштетүү менен жаныбарлардын чийки жүн терисин (койдон ичик, койдон тон, мех, ийленген тери, булгаары, жумшак булгаары чыгаруу ж.б.) иштетүү жана боёо боюнча ишкана;

3) калдыктарды кайра иштетүү менен жаныбарлардын чийки терисин иштетүү боюнча ишкана: чийки тери, тондук тери (тамандык материал чыгаруу, чала ийленген, өөн).

IV класс - өлчөмү 500 м аз болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) жүн жуу боюнча ишканалар;

2) чала туздалган жана иштетилбеген терини убактылуу сактоочу кампалар;

3) кылдарды, түктөрдү, канаттуулардын жүнүн, канаттарын, мүйүз жана туюктарды иштетүү боюнча ишканалар;

4) малдын тулкусунан скелеттерди жана көрсөтмө куралдарды жасоо;

5) аралаш тоют заводдору (малдын тамак-аш калдыктарынан аларга тоют чыгаруу);

6) кийиз жана төшөнчү чыгаруу;

7) лакталган тери чыгаруу;

8) ичеги кылдарын жана кетгут чыгаруу.

V класс - өлчөмү 100 м жетпеген санитардык-коргоо зонасы:

1) ашатылып ийленген териден буюм жасоо;

2) кылдан жана чачтан щетка чыгаруу;

3) кийиз басуу устаканалары.

I класс - өлчөмү кеминде 2000 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) Малбазасы;

II класс - өлчөмү кеминде 1000 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

2) кушканалар (бодо жана майда малдын), эт жана эт союп тоңдуруу комбинаттары, анын ичинде малдын үч суткалык запасынын чегинде малды союу алдында күтүү базалары;

3) деңиз жаныбарларынан май эритүү боюнча ишканалар;

4) ичеги-карын тазалоо ишканалары;

5) мал ташыгандан кийин вагондорду жууп-тазалоочу станциялар жана пункттар (дезинфекциялап тазалоо станциялары);

6) сыр жасоо ишканалары;

7) эт ыштоо ишканалары;

8) балык ыштоо ишканалары.

III класс - өлчөмү кеминде 500 м болгон санитардык-коргоо зонасы.

1) балык промыслосу;

2) майда мал жана канаттуулардын кушканасы.

VI класс - өлчөмү кеминде 300 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) балык комбинаттары, балыкты консервалоо жана балыкты шылып алуу ишканалары утилдештирүү цехтери менен (ыштоо цехи жок);

2) сүт жана май алуу заводдору (малдын майы).

V класс - өлчөмү кеминде 100 м болгон санитардык-коргоо зонасы:

1) колбаса фабрикалары;

2) сыйымдуулугу 600 кг ашык муздаткычтар;

3) консерва заводдору.

11. Зоопарк комплекстерине, жапайы жаныбарларды жана илбээсиндерди багуу боюнча корук зоналарга жана алар менен чектешкен аймактарга карата ветеринардык-санитардык талаптар

79. Зоопарк комплекстерин долбоорлоодо жана эксплуатациялоодо жаңы келген жаныбарларды карантинде кармоо үчүн коргоо торчолор дайындалууга тийиш ошондой эле жугуштуу ооруга шектүү жаныбарларды бөлөк кармоо үчүн изоляциялоо торчолору каралууга тийиш.

80. Жаныбарлар паркына алынып келген (алыскы мамлекеттерден ташылууда) жаныбарлар жугуштуу оору менен ооруган коркунучу жоктугу тастыкталган ветеринардык күбөлүк жана кайсыл жерден алынып келгендиги тууралуу сертификат менен коштолот.

81. Зоопаркта жаныбарларды демонстрациялоо учурунда көрүүчүлөр тарабынан жаныбарга ар кандай азыктарды берүүгө жана жаныбарлар кармалган жайга кирүүгө катуу тыюу салынат.

82. Зоопарктардагы ветеринариялык тейлөөнүн өзгөчөлүгү, адистер-ден жаныбарлардын түрдүк курамын; алардын агрессивдүүлүгүн; сүт эмүүчүлөрдүн, сойлоочулардын канаттуулардын жана жер жүзүндөгү фаунанын башка өкүлдөрүнүн салыштырмалуу анатомиясын, жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн физиологиялык функцияларынын өзгөчөлүктөрүн (денесинин температурасын, пульсунун, жана дем алуусунун жыштыгын, канынын морфологиялык курамын ж.б.) билүү талап кылынганында.

83. Жаныбарлардын жугуштуу оорулары пайда болгону аныкталганда, алар дароо изоляцияланып, алдын алуу жана күрөшүү боюнча эрежелердин негизинде конкреттүү ооруну жок кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт.

Коруктардагы ветеринардык-санитардык чаралар

84. Коруктарда эсепке алуу, калыбына келтирүү жана жаныбарларды жана өсүмдүк ресурстарын рационалдуу пайдалануу ыкмалары иштелип чыгат; коруктун аймагындагы жаратылыш комплексин табигый абалында сактоону камсыздаган, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт, ошондой эле, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары менен күрөшүү ыкмалары, жырткыч жаныбарлардын жана туяктуулардын гельминтофаунасы изилденет.

85. Коруктун кызматкерлери жаныбарлардын жүрүм-турумуна көз салып турушу керек жана өлүп калган жаныбардын сөөгүн тапкан учурда тиешелүү административдик аймактын мамлекеттик ветеринария органдарына кабар берип, өлүктүн сакталышын камсыз кылып жана паталогоанатомиялык союуну жүргүзүүгө жана диагноз коюуга жөнөтүү керек. Зарыл болгон учурда патологиялык материал изилдөө үчүн ветеринардык лабораторияга жөнөтүлөт.

86. Коруктун территориясына кутурмага каршы эмделбеген иттерди алып кирүүгө тыюу салынат.

87. Коруктар оорулуу жана ооруга шектүү жаныбарларды бөлүү үчүн капастар же бөлмөлөр менен камсыздалышы керек.

88. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары менен ооруган жаныбарларды (кутурма, шарп, чочконун чумасы жана башкалар) союу же утилдештирүү керек. Ошондой эле жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулары менен ооруган жаныбарлардан алынган продуктулар күйгүзүү жолу менен жок кылынууга тийиш.

89. Оорулуу жана өлгөн жаныбарлар кармалган аянтчалар зыянсыздандыруу үчүн дезинфекция кылынат жана аларды тейлөөгө тиешеси жок жактарга чектөө салынат, ошондой эле ал жерден оору толук жоюлмайынча аймактарга алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынат.

Мал базарларды долбоорлоого, курууга, күтүүгө жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптар

90. Мал базарлардын аймактары айыл жана шаар жеринде алардын чет жакасында жайгашууга, калктуу конуштардан жана коомдук тамактануу объекттеринен кеминде 200 метр санитардык-коргоо зонасы менен бөлүнүп турууга тийиш.

91. Мал базарлардан шаардык, облустук жана райондук маанидеги автомобиль жолдоруна чейинки аралык 30 метрден кем болбоого тийиш.

92. Аймакты вертикалдык пландаштыруу жаан-чачын, эриген суулардын агып кетишин камсыз кылууга тийиш. Саркынды суулар алдын-ала тазалоодон өтүп жана суу топтогучтарга чогулуп жана зыянсыздандыруу үчүн кыкты биотермикалык зыянсыздандыруу үчүн базардын соода аянтынын сыртына атайын жабдылган кык сактоочу жайга чыгарылат. Кык сактоочу жай тосулуп жана жаныбарлар кире албагыдай болууга тийиш.

93. Мал базарларынын аймагы бүткүл периметри боюнча бийиктиги 2,0-2,2 м жылчыксыз тосмо менен тосулуп жана жашылдандырылууга тийиш.

94. Базарга кире беришке автотранспортту дезинфекциялоо, бут кийимдерди тазалоо, ошондой эле малды бастырманын астына түшүрүү жана жүктөө үчүн үстү жабык дезинфекциялоочу босого жайгаштырылат. Малды базарга ташып келүүдө (айдап кирүү) жана аймактан алып чыгууда (айдап чыгуу) алардын карама-каршы агымына жол берилбейт.

95. Түн ичинде айыл чарбалык жаныбарларды түшүрүү жана жүктөө үчүн аянттар, ошондой эле сатыла турган мал кармалган жер жарык кылынып жана кайтарылууга тийиш.

96. Мал базарларынын аймагы катуу жерге курулуп жана малдын түрлөрү боюнча зоналарга бөлүнүүгө тийиш. Сатыла турган мал кармалган жер бастырма, ошондой эле малды сугаруу менен камсыз кылынууга тийиш. Бодо мал үчүн байлоочу мамылар орнотулат.

97. Мал базардын аймагына автотранспорттун киришине тыюу салынат.

98. Келүүчүлөрдүн кириши үчүн бут кийимдерди иштетүүгө дезинфекциялык босогосу бар өзүнчө кириш орнотулат.

99. Мал базарларынын аймагында төмөнкүдөй ветеринардык жана ветеринардык-санитардык объекттердин болушу каралган:

- ветеринардык персонал үчүн кабинети, дарыкана жана малды фиксациялоо үчүн станогу бар манежи менен амбулатория;

- дезинфекциялык каражаттарды, ошондой эле дезинфекциялоо үчүн жасалгаларды жана механизмдерди сактоо үчүн кампа, дезинфекциялык каражаттарды сактоого талаптар;

- ылаңдаган же жугуштуу ылаң менен ооруп калды деп шек саналган малды карантинге коюу үчүн малды сатуунун пландаштырылган көлөмүнүн кеминде 5% кармоо эсебинде изолятор. Изоляторго бөтөн адамдардын киришине жол берилбейт, жылчыксыз тосмо жана үй жаныбарларынын жана куштардын учуп киришин болтурбоо үчүн тор менен тосулууга тийиш.

Ветеринардык-санитардык эрежелерди аткарууга контроль

100. Базарларда мал сатууда ветеринардык-санитардык эрежелер сакталууга тийиш.

Мал базарларында ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышына контроль тийиштүү аймактык органдын мамлекеттик ветеринардык кызматынын мамлекеттик ветеринария башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.

101. Мамлекеттик ветеринардык контроль өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мал ташыган транспорт каражаттарын кароо;

2) ветеринардык коштоо документтеринин бар экендигин жана алардын туура таризделишин текшерүү, ветеринардык коштоо документтери жок болсо мал базарга киргизилбейт;

3) малды термометрия менен клиникалык кароону өткөрүү;

4) жугуштуу ылаңдын белгилери табылганда сатуу же изоляторго жиберүү үчүн базардын аймагына малды киргизүү укугу жөнүндө корутунду берүү;

5) дезинфекция, дезинсекция, дератизация жана базардын аймагынын санитардык абалына контролдук кылуу.

Мал базарларга ветеринардык-санитардык тараптар

102. Ушул эрежелердин сакталышы үчүн жоопкерчилик базардын администрациясына жүктөлөт.

103. Базардын администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

- санитардык кийимдерди такай жууп жана оңдоп турууну уюштуруу, санитардык кийимди жекече үй шартында жууганга таптакыр тыюу салынат;

- базардын кызматкерлери үчүн жыйнап-тазалоочу шаймандардын, жууп жана дезинфекциялоочу каражаттардын, самындын жетиштүү санынын болушу;

- базардын аймагын кылдат тазалоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ветеринардык кызматтын аймактык мекемелери менен макулдашылган графикке ылайык дезинфекциялык, дезинсекциялык, дератизациялык иш-чараларды туруктуу өткөрүү;

- базардын кызматкерлеринин белгиленген медициналык изилдөөлөрдөн өтүшүн жана белгиленген формадагы медициналык китепче менен камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо ченемдерин жана эрежелерин сактоо;

- ыйгарым укуктуу көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын жазуу үчүн саламаттыкты сактоо органдары белгилеген формада, шнур өткөрүлүп, номер коюлуп жана мөөр басылган санитардык журналдын болушу;

- малдын ылаңы табылганда (плансыз) жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү;

- өрт коопсуздугунун иш-чараларын аткаруу жана өрт өчүрүү каражаттарынын болушу;

- базардын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү.

104. Мал сугарыла турган суу жакшы органолептикалык сапатта болууга жана малдын ден соолугуна зыяндуу таасир көрсөтүү булагы болбоого тийиш. Базардагы бардык курулуштар, жаныбарлар кармалуучу жайдан башкалары, суу түтүгүнүн, канализациянын жана электр менен жабдуунун магистралдарына жайгаштырылууга тийиш.

105. Базар жайгашкан райондо борбордук суу түтүгү жок болгон учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана курчап турган чөйрөнү мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашуу боюнча булакты тандоо менен жергиликтүү суу менен жабдуу системасын орнотууга жол берилет.

106. Шаардык канализацияга же жергиликтүү тазалоо курулуштарына агызуудан мурда саркынды сууларды алдын-ала тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык түйүндөр (чуңкурлар) жасалат, алар мал сатылган жерден кеминде 25 м аралыкта жайгашат.

107. Канализациясы жок мал базарларда мал сатылган жерге 50 м кем эмес аралыкта суу сарыгып кетпей турган санитардык түйүндөрдү (чуңкурлар) орнотууга жол берилет. Санитардык түйүндөр ыңгайлуу жана жарык кылынган жолдору, ошондой эле анын турган жеринин так көрсөткүчтөрү болууга жана сыйымдуулук 2/3 толгон учурда саркынды сууларды өз убагында сордуруп алуу жүргүзүлүүгө тийиш.

108. Малды ташууга, багууга тиешеси бар, ошондой эле шаймандарды жана жабдууларды санитардык иштеткен базардын кызматкерлери белгиленген тартипте медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

109. Жугуштуу оорулар менен ооруган жана ар жылы ревакцинациялоо менен сибирь жарасына каршы эмделбеген адамдар ишке киргизилбейт.

110. Базарда ушул эрежелер бузулгандыгы табылган учурда мал базарынын администрациясына карата, ошондой эле анын ээсине карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.

12. Биологиялык калдыктардын коопсуздугуна, анын ичинде жаратылыш жана техногендик алааматтардын учурунда пайда болгондорго карата ветеринардык-санитардык талаптар

111. Мал чарба ишканаларынын, малдан алынган продукцияларды кайра иштетүү боюнча ишканалардын жана башка жаратылыш жана техногендик алаамат объекттеринин ишинин натыйжасында пайда болгон биологиялык калдыктар топтолууга, утилдештирүүгө жана жок кылынууга тийиш.

112. Биологиялык калдыктарды чогултуу, утилдештирүү жана жок кылуу чарба жүргүзүү ыкмасына карабастан малдын ээсинин, ошондой эле менчиктин бардык түрүндөгү, малды, мал үчүн тоют жана малдан алынган продукцияларды жүгүртүүгө тартылган уюмдар, ишканалардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.

113. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу малдын ылаңдарынын келип чыгышын жана таркашын алдын-алууну толук камсыз кылган жана ветеринардык эрежелерди сактоодо алардын курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизүүсүн жокко чыгарган шартта жүргүзүлөт.

114. Күйдүргү, эмфизематоздук чыйкан, бодо малдын чумасы, төөлөрдүн чумасы, кутурма, туляремия, тырышма, жаман оорунун шишиги, бодо малдын жана койлордун катаралдык калтыратмасы, чочколордун африкалык чумасы, ботулизм, маңка, эпизооттук лимфангоит, мелоидоз (жалган маңка), миксоматоз, коёндордун геморрагиялык оорусу, канаттуулардын чумасы, Кыргыз Республикасынын аймагында мурда катталбаган оорулар жуккан же алардын козгогучтары менен контаминацияланган биологиялык калдыктар ошол жеринде, ошондой эле тарптарды жагуу мештеринде же атайын бөлүнгөн аянттарда өрттөлөт. Энцефалопатиянын, аденамотоздун, висна-маэдинин булганган калдыктары эт-сөөк унуна кайра иштетилет же өрттөлөт.

115. Биологиялык калдыктар 1х1 ОЕ - 6 Кю/кг жана андан ашык дозасы менен радиоактивдүү булганганда алар радиоактивдүү калдыктарга коюлган талаптарга ылайык атайын сактоочу жайларга көмүлөт.

116. Биологиялык калдыктар утилдештирилгенге же жок кылынганга чейин атайын жабдылган жабык жайларда же ным өтпөй турган жабык идиштерде бөтөн адамдар, ит-куш, чымын-чиркей кире албай турган жерлерде сакталат. Биологиялык калдыктар транспорт каражатына жүктөлгөндөн кийин ал жаткан жер жана пайдаланылган шаймандар дезинфекцияланат.

117. Суюк биологиялык калдыктар, фермалардын жана малдан алынган продукцияларды кайра иштетүү боюнча ишканалардын саркынды суулары сакталууга жана зыянсыздандырылууга тийиш.

118. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жерине ташуу атайын жабдылган транспорт (өлүк ташуучу машиналар) же кузову ным өтпөй турган, саман, таарынды же дезинфекциялык каражаттарга чыланган башка ным сиңирүүчү материалдар төшөлгөн автомашиналарда жүргүзүлөт.

119. Аз сандагы биологиялык калдыктарды ташуу бекем жабылган, ным өтпөй турган сыйымдуулуктарда аны жок кылуу үчүн жооптуу адамдын коштоосунда жүргүзүлөт.

120. Биологиялык калдыктарды ташуу, жүктөө жана түшүрүү үчүн пайдаланылган транспорт, ошондой эле техникалык каражаттар милдеттүү түрдө дезинфекцияланат.

121. Малдын өлүгү автотранспортто, темир жол вагонунда же мал түшүрүлгөн жерде табылган учурда анын ээси жакын жердеги мамлекеттик ветеринария органына кайрылууга милдеттүү.

122. Мал чарба фермаларынын, чарбалардын биологиялык калдыктарын (малдын өлүктөрү, өлгөн төлдү), конфискаттарды, азык-түлүк базарларындагы, дүкөндөрдөгү, коомдук тамактануу жайларындагы ветеринардык-санитардык көрсөткүчтөр боюнча сатууга жараксыз деп табылган продукцияларды жок кылуу (зыянсыздандыруу) атайын жабдууларда же айырмалоочу белгилер коюлган биотермикалык чуңкурларда жүргүзүлөт.

123. Биологиялык калдыктарды жерге көмүү, таштандыга чыгаруу, сууга ыргытуу, таштанды контейнерлерине таштоо жолу менен жок кылууга тыюу салынат.

124. Жаратылыш же техногендик алааматтын кесепетинен улам мал жапырт кырылган жана ветеринардык-санитардык заводдор жок болгон учурда жана биологиялык калдыктарды (малдын өлүктөрүн) жок кылуу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурларда ветеринардык жана санитардык көзөмөл органдарынын чечими менен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо органдарынын макулдугу боюнча кийин жерге көмүү менен жердин рельефин, кыртыштагы суулардын жаткан тереңдигин жана башка факторлорду эске алуу, көмүлгөн жерлерге айырмалоочу белгилерди орнотуу менен өрттөөгө жол берилет.

125. Биологиялык калдыктарды жок кылуу үчүн жегич натрийди же калийдин гидрокычкылын пайдалануу менен, ошондой эле толук коопсуздукту кепилдеген башка ыкмаларды колдонуу менен кийин аларды биотермикалык чуңкурга таштоо менен щелочтуу гидролизди колдонууга уруксат кылынат.

126. Мал чарба фермаларындагы, чарбалардагы кык биотермикалык ыкма менен зыянсыздандырылууга же өрттөлүүгө тийиш.

127. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жүргүзүлүп жаткан объекттер колдонулган ыкмаларга карабастан мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө органында каттоодо турууга тийиш.

128. Көмүү үчүн тандалып алынган жерде кеминде 2 метр тереңдикте аң казылат. Аңдын узундугу жана кеңдиги жаныбарлардын өлүгүнүн санына жараша болот жана кургак хлордуу акиташ же 1 м2 аянтка 2 кг эсебинде кеминде 25% активдүү хлору бар хлордон турган дезинфекциялоочу каражат себилет. Мал көмүлгөн жерге бийиктиги 1 м дөбө жасалат, анын бийиктиги кеминде 2 метрлик жылчыксыз тосмо менен тосулат. Бул жерге башка көмүү жүргүзүлбөйт.

129. Патологиялык материалдарды диагноздук изилдөөдө оору жуккан же эксперимент үчүн оору жуктурулган лабораториялык жаныбарлардын өлүктөрү өрттөө жолу менен жок кылынат же 2 саат бою 2,0 атм астында автоклавка салуу менен зыянсыздандырылат. Андан кийин зыянсыздандырылган калдыктар биотермикалык чуңкурга ташталат.

130. Биологиялык калдыктарды өрттөө ветеринардык адистин контролу астында атайын өлүктөрдү өрттөөчү мештерде же жерге казылган аңдарда (чуңкурларда) күйбөй турган органикалык эмес калдык калганга чейин жүргүзүлөт. Анын күлү жана башка органикалык эмес калдыктар өрттөө жүргүзүлгөн ошол чуңкурга көмүлөт.

Мал көмүлүүчү жайды (биотермикалык чуңкурларды) жайгаштыруу жана куруу

131. Мал көмүлүүчү жайды же өзүнчө турган биотермикалык чуңкурду куруу үчүн жер участогун тандоону жана бөлүүнү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, курчап турган чөйрөнү коргоо органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзөт.

132. Мал көмүлүүчү жайларды (биотермикалык чуңкурларды) суу коргоо, токой-парктык жана коруктук зонада жайгаштырууга тыюу салынат.

133. Мал көмүлүүчү жайлардын (биотермикалык чуңкурлардын) аянты 600 м2дан кем эмес болуш керек жана аймактагы кургак дөңсөө жерде жайгаштырылат. Кыртыш алдындагы суулардын туруу деңгээли жердин үстүнөн 2 метрден кем эмес болууга тийиш.

134. Мал көмүлүүчү жайдан (биотермикалык чуңкурдан) төмөнкүлөргө чейинки санитардык-коргоо зонасынын өлчөмү:

- турак үйлөргө, коомдук имараттарга, мал чарба фермаларына (комплекстерге) чейин - 1000 м;

- мал айдап чыгуучу жолдон жана жайыттардан - 200 м;

- категориясына жараша автомобиль, темир жолдордон - 50-300 м.

135. Мал көмүлүүчү жайдын (биотермикалык чуңкурдун) аймагы кирүүчү дарбазасы бар бийиктиги 2 метрден кем эмес жылчыксыз тосмо менен тосулат. Дубалдын ички тарабынан бүткүл периметри боюнча тереңдиги 0,8-1,4 метр жана ичинен алып чыгарылган кыртышты үйүп траншея казылат. Траншея көпүрө менен жабылат.

136. Чуңкурдун өлчөмү 3,0х3,0 м жана 10 метр тереңдикте казылат. Дубалдары суу өткөрбөс материалдан жасалып жана жердин деңгээлинен 40 см бийиктикте көтөрүлүп, кайруу менен бекемделет. Жабуунун ортосунан бекем жабылуучу капкагы бар 30х30 см өлчөмүндөгү тешикче калтырылат. Чуңкурдан диаметри 25 см жана бийиктиги 3 м сордуруучу-тартуучу түтүк чыгарылат.

137. Чуңкурдун үстүнөн 2,5 м бийиктикте узундугу 6 м, туурасы 3 метр бастырма курулат. Катарына малдын өлүгүн союу, дезинфекциялоочу каражаттарды, жабдыктарды, шаймандарды, кызматкерлердин атайын кийим-кечесин сактоо үчүн жай курулат.

138. Курулуп бүткөн мал көмүлүүчү жайды (биотермикалык чуңкурду) кабыл алуу мамлекеттик ветеринардык, санитардык көзөмөлдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алуу актысын түзүү менен өткөрүлөт.

Биологиялык калдыктарды жок кылуудагы, утилдештирүүдөгү санитардык гигиеналык коопсуздук

139. Биологиялык калдыктарды чогултуу, сактоо, ташуу, утилдештирүү же жок кылууга тартылган адамдар өздөрүнүн коопсуздугун жана айлана чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу чараларын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмө алуудан өтүшү керек.

140. Биологиялык калдыктар менен иштеген адамдар атайын кийим, колкап, беткап, көз айнек, жуугуч каражаттар, зарыл болгон учурда ооруга каршы алдын ала эмделүүдөн өтүп же вируска каршы препараттар менен камсыздалууга жана дайыма медициналык текшерүүдөн өтүп турууга тийиш.

141. Биологиялык калдыктар менен иштөөдө коргоо каражаттары (кийим, бут кийим ж.б.) зыянсыздандырылышы керек.

Мал көмүлүүчү жайды (биотермикалык чуңкурду) эксплуатациялоо

142. Мал көмүлүүчү жайлардын дарбазалары жана биотермикалык чуңкурлардын капкактары кулпу менен бекитилет, алардын ачкычы атайын дайындалган адамда сакталат.

143. Биотермикалык чуңкурларды кайтадан колдонууга ага биотермикалык калдыктар акыркы жолу ташталгандан кийин 2 жылдан кийин гана жол берилет. Чуңкур тазалагандан кийин анын абалы текшерилип, зарыл болсо оңдоолор жүргүзүлөт.

144. Мал көмүлүүчү жайдын (биотермикалык чуңкурдун) аймагында мал жаюуга, чөп чабууга, кыртышты анын чектеринен сырткары алып чыгууга тыюу салынат.

145. Эски мал көмүлүүчү жайлардын төмөн басырылып калган топурагы жердин үстүнөн 0,5 метрден кем эмес деңгээлге чейин калыбына келтирилүүгө тийиш.

146. Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты менен мал көмүлүүчү жайдын аймагын өнөр жай курулушу үчүн пайдаланса болот, мында биотермикалык чуңкурга мал акыркы көмүлгөн учурдан тартып (биотермикалык чуңкурду) 2 жылдан кем эмес, ал эми жердеги чуңкурга кыртыштан сынак жана гуммирленген калдыктын лабораториялык анализи сибирь жарасына терс натыйжаны көрсөткөн шартта 25 жылдан кем эмес убакыт өткөндө гана жол берилет. Өнөр жай объектиси мал багуу, тамак-аш продуктуларын жана тоютту кабыл алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү менен байланыштуу болбошу керек.

147. Гидрокурулмаларды курууда мал көмүлүүчү жайды жаан-чачын суулары каптаган учурда анын аймагында 2 метрден кем эмес терең траншеясы менен арык казылат. Казып алынган кыртыш мал көмүлүүчү жайдын аймагына жайгаштырылат.

148. Мал көмүлүүчү жайдын курулушу (биотермикалык чуңкур) санитардык абалы үчүн жоопкерчилик ушул эрежеге ылайык, бул объекттер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон уюмдун жетекчилерине жүктөлөт.

149. Биологиялык калдыкты ташууда, утилизациялоодо жана өрттөөдө иштеген адамдарды коргонуу каражаттары, атайын түзүлүштөр менен камсыздоо чарба субъекттеринин эсебинен жүргүзүлөт.

Биологиялык калдыктардын коопсуздугуна ветеринардык-санитардык талаптарды сактоодогу жоопкерчилик

150. Бардык кайрадан ачылган, иштеп жаткан жана жабылган жана өзүнчө турган биотермикалык чуңкурларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсепке алат. Биринчи тиркемеге ылайык аларга жеке номер берилет жана ветеринардык-санитардык карточка таризделет.

151. Ушул талаптарды бузуу үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

13. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо

152. Ушул талаптар республиканын аймагына чет өлкөдөн жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын козгогучтарын алып келүүгө же болтурбоого бекитилген иш-чаралардын системасын аныктайт.

153. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасына контролго алынуучу жүктөрдү импорттоону ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты болгондо гана жүргүзө алышат.

154. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролго алынуучу жүктөрдү ташуу, анын ичинде экспорт, импорт жана транзити ветеринардык күбөлүк же сертификат болгондо гана жүргүзүлөт.

155. Бажы чек арасы аркылуу контролго алынуучу жүктөрдү өткөрүү милдеттүү түрдө ветеринардык контролдон өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.

156. Контролго алынуучу жүктөрдү бажылык тариздөө ветеринардык контролдук кароо өткөрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

157. Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларынын келип чыгуу жана таркалуу коркунучун түзгөн жүктөрдү ташып кирүүгө жол берилбейт.

158. Эл аралык жана мамлекеттер аралык ташууларда ветеринардык кароону ветеринардык талаптарды аткаруучу, ошондой эле иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн аткаруу боюнча чыгымдарды контролго алынуучу жүктүн ээси тартат.

159. Мамлекеттер аралык жана ички мамлекеттик контролго алынуучу жүк ташууларды жүргүзүүдө ветеринардык эрежелерди бузууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Мамлекеттик чек ара аркылуу жаныбарлар өткөндө Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо боюнча иш-чаралар

160. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бойлото кеңдиги 500 метрден кем эмес алдын алуу тилкеси орнотулат, ал жерде мал багууга жана жаюуга тыюу салынат, алдын алуу тилкесине түздөн-түз чектеш аймакта малдын кароосуз жүрүшүнө жол берилбейт.

161. Чек арачылар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан кароосуз мал өткөндүгү аныкталса, алар кайта артка айдалат.

162. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан көзөмөлсүз өткөн малды кайта айдоо мүмкүн эмес болсо, аларда ылаңдын белгилери жок болсо, кийин кайра чек ара аркылуу өткөрүп берүү үчүн кармалууга тийиш. Мал токтотулгандыгы жана өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө чек ара кызматынын өкүлдөрү, ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусунда акт түзүлөт.

163. Эгерде 7 күндүн ичинде малдын ээси аныкталбаса, алар ветеринардык кароодон жана корутунду чыгарылгандан кийин этке союлууга тийиш.

164. Кармалган малдын арасында жугуштуу оорулар аныкталганда кармалган мал ээсине орду толтурулбастан жок кылынууга тийиш. Бул чаралар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими жана контролунун алдында жүргүзүлөт.

165. Кармалган малдын арасында башка жугуштуу оорулар аныкталса, алар союлууга тийиш, алынган продукцияны колдонуу же утилдештирүү ветеринардык-санитардык экспертизалоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.

166. Малды жок кылуу же союу жөнүндө акт түзүлөт, анын бир нускасы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

167. Кармалган жаныбарларда жугуштуу оорулар аныкталганда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо билдирилет.

168. Кыргыз Республикасынын аймагынан чектеш мамлекеттин аймагына кароосуз өткөн жана кайтарылган же кайтып келген чарба субъекттерге же Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык мал аларда өзгөчө коркунучтуу оору аныкталган учурда кармалууга жана союлууга же жок кылынууга тийиш.

169. Малды жайытка жана сугарууга жеткирүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.

170. Жайыт сезону бүткөнгө чейин же бүткөндөн кийин малды ташуу автотранспорт менен жана ветеринардык коштоочу документтери болгон учурда жүргүзүлөт.

171. Жайытта малдын жугуштуу ооруларынын пайда болушу аныкталган учурда аны жоюу жана карантинди белгилөө боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

172. Жайытта малдын жугуштуу оорулары же жугуштуу эмес оорулары (уулануу) менен жапырт ооруган учурларда мал багылган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ошондой эле малы багылган чектеш мамлекеттин ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу органына токтоосуз билдирилет.

173. Жайытка малды ташып баруу жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу чек аралык ветеринардык контролдоо пункту бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү жерлерде гана жүргүзүлөт.

174. Чек аралык ветеринардык контролдоо пунктунун нөөмөтчү ветеринардык врачы ветеринардык коштоочу документтерди, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктыгын, борбордук ветеринардык органдардан малды ташып кирүүгө жана ташып чыгууга уруксаты бар экендигин жана алардын документте көрсөтүлгөн санына ылайыктуулугун текшерет жана бузуулар жок болсо документтерге чек арадан малды алып өтүүгө уруксат берген штампты коёт.

175. Мамлекеттик чек арадан тийиштүү уруксатсыз (контрабандалык) өткөн коңшу мамлекеттердин малы жайытта же ташуу (айдоо) жолунда табылган учурда мындай мал ээсине орду толтурулбастан жок кылынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан Кыргыз Республикасынын жайыттарына жаюу максатында чектеш өлкөлөрдүн малынын санкциясыз бардык өтүү учурлары жөнүндө мамлекеттик ветеринария органдары инстанция боюнча жогоруда турган органдарга билдиришет жана күнөөлүү адамдарды табуу үчүн мамлекеттик чек арадан өтүүгө жол берген фактыны иликтөөнү жүргүзүшөт.

Контролго алынуучу жүктөрдү экспорттоодогу ветеринардык-санитардык чаралар

176. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу жүктөрдү Кыргыз Республикасынан экспорттоо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.

177. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн алдындагы мал чарбасынын жүктөрү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ветеринардык коштоочу документ (ветеринардык күбөлүк же сертификат) болгондо гана чыгарылат.

178. Алып чыгууга уруксат алуу үчүн жүктүн ээси 30 күндөн кечиктирбестен, ал эми малды экспорттоодо алып чыгуу пландаштырылганга чейин 60 күндөн кечиктирбестен ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга иморттоочу мамлекеттин жүккө коюлуучу талабынын түп нускасын жана анын мамлекеттик же орус тилиндеги расмий котормосун, ветеринардык-санитардык талаптарды тиркөө менен экспорттоого уруксат берүү талабы менен жазуу жүзүндө кайрылууга тийиш.

Импорттоочу мамлекеттин ветеринардык талаптарысыз контролго алынуучу жүктөрдү экспорттоо маселелери каралбайт.

179. Контролго алынуучу жүктөрдү алып чыгуу суроо-талабында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

- экспорттоочунун аталышы, юридикалык дареги;

- контролго алынуучу жүктүн аталышы, анын коду ТНВЭД (биринчи 4 белги), аны өлчөө бирдиктери жана саны;

- жүктүн арналышы;

- өндүрүштү ветеринардык-санитардык аттестациялоо жөнүндө маалыматтар;

- транспорттун түрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жана импорттоочу өлкөлөр.

180. Импорттоочу өлкөнүн ветеринардык-санитардык талаптары ошондой эле мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөлдүн адистерине жана транспортко жүктү жүктөөдө жана кароодо коюлат.

181. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы суроо-талапта билдирилген жүктү анын турган ордундагы (өндүрүштү) эпизоотиялык абалды эске алуу менен экспорттоо, ошондой эле коюлуучу ветеринардык талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн карайт.

182. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл алдындагы жүк транзити ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жүргүзүлөт.

183. Ветеринардык күбөлүктө же ветеринардык сертификатта продукцияны экспорттоодо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын номери көрсөтүлөт.

Ветеринардык көзөмөл объекттеринде дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо жүргүзүүдөгү талаптар

184. Бул талаптар малдын, анын ичинде адамга жугуштуу оорулардын козгогучтарын, алардын жашоо чөйрөсүндө (топурак, тышкы чөйрөнүн башка объекттери) жок кылуу жолу менен биологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, биологиялык объекттер (кемирүүчүлөр, курт-кумурскалар, муунак курттар, моллюскалар ж.б.) аркылуу берилүүчү малдын ооруларын болтурбоого багытталган.

185. Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо, дератизациялоо боюнча иш-чаралар милдеттүү тартипте өткөрүлө турган ветеринардык көзөмөл объекттери - бул өлкөнүн аймагында малды убактылуу жана туруктуу топтоо, союу, кайра иштетүү, малдан алынган продукцияны сактоочу жерлер, жайлар, ветеринардык багыттагы курулмалар, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл органдарына контролго алынуучу жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу транспорттук каражаттар, анын ичинде:

- мал кармалган жана багылган жана алардан алынган продукция же малдан алына турган чийки зат алынуучу ар кандай жабдылган жана жабдылбаган жерлер;

- жаныбарлардын көргөзмөлөрү, жаныбарлардын катышуусу менен оюндар, спорттук мелдештер, оюн-зоок көрсөтүүлөрү өткөрүлүүчү атайын имараттар, курулмалар жана жайлар;

- мал кууту үчүн атайын жайлар - малды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча пункттар жана жерлер, инкубатордук станциялар жана балык өстүрүүчү заводдор;

- малды жана малдан алынган продукцияны ташуу үчүн колдонулуучу транспорттук каражаттар (автомобилдер, темир жол вагондору, суу кемелери, учактар);

- мал базарлар жана мал сатылуучу башка жерлер;

- азык-түлүк базарлары, жарманкелер, малдан алынган өнөр жайлык кайра иштетүүдөн өтпөгөн продукция сатылган соода аянтчалары жана жерлер;

- жаныбарларды союу, баштапкы иштетүү, мал чарбасынын продукциясын кайра иштетүү үчүн ишканалар;

- мал чарбасынын продукциясын сактоо үчүн имараттар жана жайлар;

- өндүрүшүндө малдан алынган чийки продукция колдонулуучу ишканалар;

- союлган малдын колдонууга жараксыз продуктуларын кайра иштетүү же утилдештирүү жана жаныбарлардын өлүктөрүн утилдештирүү боюнча атайын ишканалар жана курулмалар;

- оорулуу жана оору жукту деп шектелген малды, ошондой эле сатуу үчүн же сатып алынган малды убактылуу кармоо үчүн атайын жабдылган жайлар;

- малга дарылоо-алдын-алуучу жардам, ветеринардык лабораториялык тестирлөө жана изилдөөлөр өткөрүлүүчү имараттар, жайлар жана жерлер;

- ветеринардык биологиялык препараттарды өндүрүүчү ишканалар, жугуштуу оорулардын козгогучтарынын штаммдарын депонирлөө жерлери;

- микроорганизмдердин штаммдарын колдонуу жана лабораториялык жаныбарларды жуктуруу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүчү ветеринардык профилдеги илимий-изилдөө мекемелери;

- тажрыйбалык лабораториялык жаныбарларды күтүү боюнча виварийлер;

- жайыт участоктору жана мал айдап өтүүчү трассалар.

186. Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо бул максаттарга колдонулуучу уу химикаттар менен иштөөдө жеке гигиенаны, коопсуздук техникасын сактоо менен дезинфекциялоо, дезинсекциялоо өткөрүү үчүн атайын каражаттарды, өрткө каршы коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо каражаттарын колдонуу менен өткөрүлөт. Иштеп жаткан персонал капюшону бар тыгыз атайын кийим же комбинезон, ным өткөрбөгөн бут кийим (резина өтүк, көлөш), резина мээлей, коргоочу көз айнек, респираторлор же противогаздар (формальдегид же хлор камтыган каражаттар менен иштөөдө) менен камсыз болушу керек, ошондой эле тийиштүү окутуудан жана коопсуздук техникасы боюнча нускоодон өтүүгө тийиш.

187. Чарбачыл субъекттерде дезинфекциялык каражаттардын жана коргоочу кийимдин запастары болушу керек, алар бөтөн адамдар жана жаныбарлар кире албагыдай өзүнчө жайда, атайын дайындалган адамдын жоопкерчилиги астында сакталышы керек.

188. Дезинфекциялоодо, дезинсекциялоодо, дезинвазиялоодо жана дератизациялоодо төмөнкүлөргө жол берилбеши керек:

- жаныбарлардын ден-соолугуна зыян келтирүүгө;

- өндүрүлүүчү мал чарба продукциясынын сапатын төмөндөтүүгө;

- объектте иштеген персоналдын ден соолугуна терс таасир көрсөтүүгө;

- курчап-турган чөйрөнү булгоого;

- дезинфекциялоого же дезинсекциялоого дуушарланган объекттерге бузуучу таасир көрсөтүүгө.

189. Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо үчүн колдонулуучу каражаттарга коюлган талаптар:

- колдонулуучу каражаттар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш;

- дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо үчүн колдонулуучу органикалык жана органикалык эмес мүнөздөгү (уу химикаттар) химиялык кошулмаларды даярдоочу заводдун сапат сертификаты, ошондой эле аларды колдонуу боюнча нускамасы же көрсөтмөсү болууга тийиш.

Уюштуруу-чарбалык иш-чаралар

190. Дезинфекциялоону, дезинсекциялоону, дезинвазиялоону жана дератизациялоону атайын техникалык даярдыгы бар адамдар өткөрөт.

191. Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо тийиштүү ветеринардык көзөмөл объекттери алардын аймагына аталган иш-чараларды өткөрүү мезгилинде малдын жана бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербегидей коргонууну камсыздоого тийиш.

192. Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга үлгү - тиркеме боюнча эки нускада акт түзүлөт, анын бири чарба объектинин ээсинде же кызмат адамында, экинчиси иш-чараны жүргүзүүчү мамлекеттик ветеринардык инспектордо болот.

Дезинфекциялоо

193. Дезинфекциялоочу каражаттар химиялык жана физикалык болуп бөлүнөт.

194. Химиялык дезинфекциялоочу каражаттар:

- күкүрт, туз, сүт, уксус кислотасы;

- щелочтор, жегич натрий (каустикалык сода), жегич калий, өчүрүлбөгөн акиташ, кальцинирленген сода;

- хлор камтыган препараттар (хлор акиташы, хлорамин, гипохлориттер) бардык спора пайда кылуучу козгогучтарды жана вирустарды чакырган ооруларда дезинфекциялоо үчүн колдонулат;

- фенолдор жана алардын кошулмалары;

- формалин;

- өнөр жайы чыгарган башка каражаттар.

195. Колдонулуучу дезинфекциялоочу каражатты тандоо оорунун козгогучунун туруктуулугунан жана дезинфекциялануучу объекттен көз каранды жана мамлекеттик ветеринардык көзөмөл органынын көрсөтмөсү боюнча аныкталат.

196. Физикалык дезинфекциялоочу каражаттар:

- кайнатуу, кургак ысык аба, ысык суу буусу менен тазалоо, кактоо, күйгүзүү, кургатуу, ультракөгүлтүр бактерициддик лампаларды колдонуу.

Айрым объекттерди дезинфекциялоо

197. Бодо мал, кой, эчки, жылкы, чочко үчүн жайларды дезинфекциялоо (алдын-алуучу) жылына эки жолудан кем эмес, ошондой эле объектинин булгануу коркунучу келип чыккан учурда өткөрүлөт.

198. Дезинфекциялоонун жүрүшүндө жайды механикалык тазалоо, кыкты ташып чыгуу жана зыянсыздандыруу жүргүзүлөт. Дезинфекциялоо үчүн универсалдуу химиялык каражаттар колдонулат.

199. Учурдагы дезинфекциялоону - карантин алып салынганга чейин 5-10 күн мезгилдүүлүгү менен (жугуштуу оорунун мүнөзүнө жараша) жугуштуу оорунун булагы аныкталган жана алып кетилген объекттерде, ошондой эле изилдөөлөрдүн натыйжаларына карабастан диагностикалык максатта малды ар бир изилдөөдөн кийин жүргүзүшөт.

200. Оорулуу мал кармалган изоляторлордо жана фермаларда учурдагы дезинфекциялоо күн сайын жүргүзүлөт.

201. Оорулуу мал түздөн-түз же кыйыр тийген нерсенин бардыгы, дубалдар, пол, тосмолор, аштоолор, тазалоо шаймандары, төшөлүүчү саман, тейлөөчү персоналдын бут кийими жана кийими учурдагы дезинфекцияланууга тийиш.

202. Акыркы дезинфекциялоо карантин (чектөө) алып салынаардын алдында жүргүзүлөт, мында жайлар адегенде дезинфекциялоочу аралашманы төгүү менен жуулат, андан соң тоюттун калдыктарынан, таштандылардан жана башка булганган нерселерден тазаланып, кургатылгандан кийин - оорунун козгогучун өлтүрүүчү - дезинфекциялоочу каражат менен дезинфекцияланат. Зарылчылык болсо, жыгач төшөмөл жана кыртыштын катмары, катмар алынган ачылган жер дезинфекцияланат жана таза топурак себеленет.

Тоокканаларды дезинфекциялоо

203. Алдын алуучу дезинфекциялоо демейки тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

204. Канаттуулар чечек, сасык тумоо, Ньюкасль оорусу, пастереллез, пуллороз менен ооруган учурдагы дезинфекциялоо күн сайын жүргүзүлөт. Дубалдар жана шыптар жаңы өчүрүлгөн акиташтын 10-20% аралашмасы менен акталат же каустикалык соданын 2% аралашмасы төгүп себилет. Тоют аштоолору, суу бергичтер жана башка шаймандар жаңы өчүрүлгөн акиташтын 10-20% аралашмасы менен дезинфекцияланат же куйкалоочу лампа менен күйгүзүлөт.

205. Инкубаторлор дезинфекциялоочу заттардын суюк аралашмалары же формалиндин буусу менен зыянсыздандырылат.

206. Акыркы дезинфекциялоодо карантинди алуунун алдында жайларды булгануулардын тазалашат, жыгачтын үстү 2% кальцинирленген соданын аралашмасы менен жуулат жана бардык жайлар 2-3% активдүү хлор камтыган дезинфекциялоочу аралашма, 2% акустикалык соданын аралашмасы же формальдегиддин буусу менен зыянсыздандырылат.

207. Таасири окшош башка дезинфекциялоочу заттар да колдонулат.

Коён кармоочу жайларды дезинфекциялоо

208. Алдын алуучу дезинфекциялоо механикалык тазалоодон жана торчолорду 2% кальцинирленген соданын аралашмасы менен жууп-тазалоодон турат.

209. Коёндор ооруган учурда дезинфекциялоо күн сайын жүргүзүлүшү керек.

Аңчылык жаныбарларынын жана иттердин питомниктерин дезинфекциялоо

210. Алдын алуучу дезинфекциялоодо механикалык тазалоо, жайларды актоо жүргүзүлөт же алар ысык 2% кальцинирленген соданын аралашмасы менен төгүп жуулат, кыртыш хлор акиташын куюу менен жумшартылат.

211. Учурдагы дезинфекциялоодо күн сайын кепелер жана шаймандар тазаланат жана 2% кальцинирленген соданын аралашмасын же колдонулган аралашмада 2-3% активдүү хлорду камтыган хлор акиташы төгүлүп жуулат.

Мал союлуучу жана эт иштетүүчү ишканаларды дезинфекциялоо

212. Мал союлуучу жана эт иштетүүчү ишканаларды дезинфекциялоо жугуштуу оору менен ооруган мал союуга келип түшкөндө козгогучтардын таркалышын алдын алуу максатында, ошондой эле эт азыктарынын микрорганизмдерден булганууларынан сактоо максатында жүргүзүлөт.

213. Союу жүргүзүлгөн жана эт иштетүүчү ишканаларда алдын алуу жана аргасыз дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

214. Дезинфекциялоо ыкмалары жана колдонулуучу каражаттар бул ишканалардагы ветеринардык көзөмөл органдары тарабынан аныкталат. Дезинфекциялоонун натыйжалуулугу лабораториялык контролдоо менен текшерилет.

215. Жүргүзүлгөн дезинфекциялоо жөнүндө атайын журналдарда жазылат же акт менен таризделет.

216. Союучу жана эт иштетүүчү ишканаларда колдонулуучу дезинфекциялоо каражаттары адамдар үчүн уулуу болбошу керек, туруктуу жыты жок болуп, жабдууларды бузбастан, жогору нымдуулукта жана ар кандай температураларда таасир көрсөтүшү керек.

Транспорт каражаттарын жаныбарларды, этти жана жаныбарлардан алынуучу чийки затты ташуудан кийин дезинфекциялоо

217. Жаныбарларды жана малдан алынган продукцияны жүктөө үчүн транспорт каражаттары тазаланып, жуулуп жана буга чейин жаныбарларды, малдан алынган продукцияны же биологиялык калдыктарды ташуу үчүн колдонулган болсо дезинфекцияланышы керек.

218. Вагондорду дезинфекциялоо үчүн өзгөчө шарттар колдонулушу керек, анткени андан жүктөрдү ветеринардык-санитардык баалоо көз каранды.

219. Тазалоонун (дезинфекциялоо) мүнөзү боюнча вагондор 3 категорияга бөлүнөт. Жугуштуу оорулар боюнча бакубат жерден ташылып келинген ден соолугу таза мал, дени таза малдан алынган эт жана чийки зат ташылган вагондор ысык суу (60-70º) менен жуу жолу аркылуу биринчи категория боюнча тазаланат. Жуулбаган бөлүктөрү тазаланып жана суу киргили кеткенче жуулат. Ошондой эле тышкы дубалдар, бут коюучу жана тормоздоо аянтчалары да жуулат.

220. Оорулуу мал же оору жуккандыгы шектелген мал ташылган вагондор, мындай малдан алынган эт, чийки зат экинчи категория боюнча тазаланат. Мындай вагондор механикалык тазалоого, жуулууга, андан соң хлор акиташынын түзсүз аралашмасы, формальдегид же каустикалык сода, ошондой эле малдын оорусунун мүнөзүнө жараша башка дезинфекциялануучу каражаттар менен дезинфекцияланууга тийиш.

221. Күйдүргү, эмфизематоздук карбункул, маңка, тырышма, койлордун брадзоту, эпизоотиялык лимфангоит менен ооруган же жуккандыгы шектүү мал ташылган, ошондой эле белгисиз болгон, сибирь жарасына изилденбеген тери чийки зат, ысык сууга жуулбаган талаа сөөгү, импорттук чийки зат ташылган вагон атайын дезинфекциялык жуучу станцияларда 3 категория боюнча тазаланат.

222. Вагондорду тазалоонун категориялары ветеринардык-санитардык көзөмөл тарабынан белгиленет.

223. Эт жана эт продукциясы ташылган соң вагондор атайын бөлүнгөн жолдордо же вагондорду биринчи категориядагы тазалоо аянтчаларында тазаланууга жатат, мында алар малды ташуу үчүн пайдаланылган вагондор менен бир эле маалда тазаланбашы керек. Вагондор тазалант жана жуулат. Дезинфекциялоо каражаттары мамлекеттик ветеринардык көзөмөл органдарынын көрсөтмөсү боюнча колдонулат. Биринчи категориядагы вагондордон кык жер семирткич үчүн чектөөсүз колдонулат. Экинчи категориядагы вагондордон кык темир жол тарамдарынын тилкесинде биотермикалык ыкма менен тазаланууга тийиш. Үчүнчү категориядагы вагондон кык жана таштанды өрттөлүүгө же көмүлүүгө тийиш.

224. Малды коштогон персоналдын атайын кийими да ветеринардык-санитардык көзөмөл органдарынын көрсөтмөсү боюнча вагондун категориясына жараша каражаттар жана ыкмалар менен зыянсыздандырылууга тийиш.

225. Кыртышты дезинфекциялоо ал патогендүү вегетативдүү жана споралык микрофлора менен булганганда жүргүзүлөт.

226. Жайкы шарттарда кыртышты дезинфекциялоо үчүн хлор камтылган препараттар колдонулат: хлор акиташынын 20% аралашмасы, гипохлорит кальцийдин 5% аралашмасы, активатор катары аммоний туздарын кошуу менен хлораминдин 10% аралашмасы. Кургак кыртыш нымдалууга тийиш. Кыш шартында тышкы абанын температурасы 20º Сдан төмөн болгондо автодезинфекциялык түзүлүштөрдү колдонуу менен ысык каустикалык соданын 10% аралашмасы (70-80º) колдонулат.

227. Кардын үстүнкү бети 1 метр кар катмарына 0,5 кг эсебинен алганда кургак хлор акиташы себилет.

Көлмөлөрдү дезинфекциялоо

228. Балык чарба көлмөлөрүн алдын алуучу дезинфекциялоону аны эксплуатациялоонун алдында, жылына 2 жолу жана аны эксплуатациялоо аяктаган соң жүргүзүү зарыл.

229. Урук ташталуучу көлмөлөр эрте жазда аны эксплуатациялоо башталаар алдында 3-4 жума мурда, кыштоочу, өстүрүүчү жана жайкы чоң балыктар бар көлмөлөр балык кармалгандан кийин дезинфекцияланууга тийиш.

Дезинфекциялоо үчүн негизинен хлор жана өчүрүлбөгөн акиташ колдонулат.

230. Жугуштуу жана инвазиялык оорулар боюнча бакубат эмес көлмөлөр ветеринардык-көзөмөл органынын көрсөтмөсү боюнча козгогучтун түрүнө жараша дезинфекцияланууга тийиш.

Айрым объекттерди дезинсекциялоо

231. Көлмөлөрдү дезинсекциялоо. Көлмөлөр курт-кумурскалардын жыштыгына изилденет. Курт-кумурсканын түрүнө, анын жаныбарларга жана адамга зыяндуу таасирине жараша, ошондой эле алардын өрчүп-өсүшүндөгү биологиялык циклди эске алуу менен инсектицид каражаттарын колдонуу маселесин жана дезинсекциялоо өткөрүү мөөнөттөрүн чечишет.

232. Аймакты дезинсекциялоо. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча мал жайылбаган аймакты чачыратуу менен тазалашат. Бак-дарактардын сөңгөгүнө жана бадалдарга чачыратылат. Зыяндуу курт-кумурскалардын жапырт учуу мезгилинде тобурчактарды күйгүзүү жолу менен инсектициддик аэрозолду колдонуу керек. Курт-кумурскалар жаңыдан пайда боло баштаганда аймак кайталап тазаланат.

233. Жайларды дезинсекциялоо. Жайдагы курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн уруксат берилген инсектициддердин аралашмалары чачылат. Чыгымдоо ченеми: 10 м аянтка 1 литр аралашма же эмульсия.

Айрым объекттерди дезинвазиялоо

234. Мал багылган бардык объекттерде кыкты тазалоо, станокторду, ат акырларын, тор тосмолорун тазалоо боюнча жалпы иш-чаралар өткөрүлөт.

235. Малды дегельминтизациялоону өткөргөндөн кийин кык жана жампалары биотермикалык зыянсыздандырылууга же өрттөлүүгө (иттерди дегельминтизациялоодо) тийиш.

236. Чочко кармалган жайда майда-барат шаймандар ысык суу менен атайын жуулууга тийиш. Бардык жайлар 10 күндө бир жолу өчүрүлбөгөн акиташ менен зыянсыздандырылат. Чочколордун жана жылкылардын мителерин дезинвазиялоо үчүн бир хлорлуу йоддун аралашмалары (10%), жегич натрийдин 5% аралашмалары (каустикалык сода) жана мал чарбасында жана ветеринарияда колдонууга жол берилген башка химиялык каражаттар колдонулат. Химиялык тазалоодон кийин жайлар ич жагынан жаңы өчүрүлгөн акиташ менен акталууга тийиш.

237. Дезинвазиялоо боюнча ушундай чаралар тоокканаларда да жүргүзүлөт.

238. Териси баалуу айбанаттар жана иттер үчүн питомниктерде механикалык тазалоодон тышкары жегич натрийдин 5% аралашмасы колдонулуп, андан соң жылуу суу менен жуулат.

Жырткыч айбанаттардын торлору куйкалоочу лампанын оту менен тазаланат же кайнак суу куюп тазаланат.

239. Дезинвазиялоону өткөрүүдө оорунун козгогучунун (мите) түрү, анын өрчүп-өсүү цикли эске алынат жана буга ылайык ветеринардык кызмат менен макулдашуу боюнча жылдын белгилүү мезгилдеринде тийиштүү каражаттарды колдонуу менен иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мал чарба объекттерин дератизациялоо

240. Мал чарба объекттерин дератизациялоо малдын жугуштуу ооруларынын келип чыгышын болтурбоо боюнча иш-чаралардын комплексинде өткөрүлүшү керек.

241. Кемирүүчүлөрдүн фермаларга кирүүсүн болтурбоо боюнча уюштуруу-алдын алуучу иш-чаралар мал чарба объекттерин курууда каралышы керек.

Мал чарба фермаларында полдор жана дубалдар кемирүүчүлөр кире албагыдай курулууга тийиш. Тоют кире алгыс үкөктөрдө сакталышы керек. Тоюттун калдыктары өз убагында жыйналып суу кемирүүчүлөр жете албагыдай коюлушу керек.

242. Кемирүүчүлөр пайда болгондо дератизациялык каражаттар менен кыруу иш-чаралары жүргүзүлүшү керек.

243. Кемирүүчүлөр пайда болгон учурда кыруу иш-чаралары системалуу түрдө бардык мал чарба объекттерин камтуу менен жүргүзүлөт. Объектти кемирүүчүлөрдүн каптап кетүүсүнүн деңгээлин түнкүсүн бири нече жерге ченелген жем азык-ууну коюу жолу менен аныкташат. Эртең менен жем азык-уунун калдыгын өлчөшөт. Мындай бөлүп-бөлүп жайгаштырууну 3 күн катары менен жасашат. Суткада жем азыктын орточо желген өлчөмү жана тешкен тешиктери боюнча кемирүүчүлөрдүн каптап кетүүсүнүн эсебин чыгарып, дератизациялык каражаттарга болгон керектөөлөрдү эсептеп чыгарышат.

14. Карантинди (чектөөчү иш-чараларды) уюштуруу жана жүргүзүү, жаныбарларды карантинге алуу боюнча талаптар

244. Карантин жаныбарлардын төмөнкүдөй жугуштуу ылаңдары пайда болгондо белгиленет:

- жаныбарлардын көп түрүндө жалпы: шарп, күйдүргү, кутурма;

- бодо малда: чума, өпкөнүн кагынышы, эмфизематоздук чыйкан, спонгиоформалуу энцефалопатия (уй кутурмасы);

- жылкыда: маңка, аңгилик, эпизоотиялык лимфангоит, жугуштуу анемия, энцефаломиелит, жогорку дем алуу жолдорунун жугуштуу катареси (тумоо), контагиоздук плевропневмония, африка чумасы;

- кой-эчкилерде: кой чечеги, эчки чечеги, эчкилердин жугуштуу плевропневмониясы, майда жандыктар чумасы;

- чочколордо: классикалык чума, африка чумасы;

- канаттууларда: тумоо (чума), Ньюкасл ылаңы, пастереллез, чечек-дифтерити, микоплазмоз, вирустук гепатит;

- балыктарда: кызылча жана карп бронхомикозу, фурункулез жана форелдин жугуштуу анемиясы;

- төө чумасы;

- бал аарыларыныкы: өлүү тукум, өнөкөт шал, америка ириңи, европа ириңи, акарапидоз.

245. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңынын очогу пайда болгондо төмөнкүлөргө карантин белгиленет:

1) айрым короолорго, бадаларга, оторлорго, үйүрлөргө, фермаларга, көлмөлөргө, бал челектерге, мал өстүрүү чарбасына, бакма канаттуулар фабрикасына, асыл-тукум заводдоруна, ипподромдорго, даярдоо базаларына, жаныбарлар багылган, сакталган же мал чарба продукциясы кайра иштетилген башка объекттерге;

2) шаарларды, райондорду, райондордун, облустардын топторун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын кошо алганда темир жол станцияларына, портторго, аэропортторго, калктуу конуштарга.

246. Жаныбарларда жугуштуу шарп, күйдүргү, бодо малдын чумасы, төө чумасы, чочколордун классикалык жана африка чумасы, канаттуулар тумоосу жана Ньюкасл ылаңдары пайда болгондо мамлекеттик ветеринария органынын сунушу боюнча карантин коюлуучу объекттин айланасында коркунучтуу зона белгиленет.

Карантинди белгилөө боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

247. Айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондун (шаардын) мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун сунушу боюнча ылаңдар боюнча таза эмес өзүнчө короолорго, бадаларга, оторлорго, үйүрлөргө, фермаларга, көлмөлөргө, бал челектерге, мал өстүрүү чарбасына, бакма канаттуулар фабрикасына, асыл-тукум заводдоруна, ипподромдорго, даярдоо базаларына, жаныбарлар багылган, сакталган же мал чарба продукциясы кайра иштетилген башка объекттерге өздөрүнүн чечими менен карантин белгилеп, бул тууралуу бир суткалык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кабарлашы керек.

248. Райондордун мамлекеттик администрациялары жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инспекторунун сунушу менен жаныбарлардын жугуштуу ылаңы боюнча темир жол станцияларынын, деңиз портторунун, аэропорттордун жагымсыз жерлер экендиги жөнүндө чечим чыгарып, булар тууралуу бир суткалык мөөнөттө транспортту башкаруунун жогоруда турган органына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө билдирүү менен аларга карантин белгилейт.

249. Тиешелүү аймактык бирдиктеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тиешелүү аймактагы башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун сунуштамасы боюнча жугуштуу ылаң боюнча жагымсыз жер деп жарыялайт жана бул тууралуу бир суткалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кабарлоо менен облустук/республикалык жана райондук маанидеги шаарга бир облустун шаардык райондорунун тобуна карантин белгилейт.

Карантин коюлган зоналардагы иш-чаралар

250. Карантан белгилөөдө төмөнкүдөй жалпы чектөөчү жана ветеринардык-санитардык иш-чаралар киргизилет:

- жаныбарларды карантин коюлган аймак аркылуу ташууга (айдап өтүүгө), бул аймакка алып келүүгө (алып чыгууга), бул аймактан мындай ылаңын кабылдаган (зарыл учурларда кабылдабагандарды да) жаныбарларды алып чыгууга тыюу салынат;

- карантин коюлган аймакта жаныбарларды, жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды, саман-чөптөрдү жана башка тоюттарды даярдоого тыюу салынат;

- карантин коюлган аймактын чегиндеги базарлар, ипподромдор жабылат жана жарманкелерди, базарларды, жаныбарлар көргөзмөлөрүн (анын ичинде канаттуулардын, айбанаттардын, иттердин) өткөрүүгө тыюу салынат;

- дени сак жаныбарлар менен ылаңдагандарды бирге жаюуга, сугарууга жана башка түрдө аралаштырууга, оору козгогучтар болуп саналган жаныбарларды жайлардан чыгарууга тыюу салынат;

- ветеринардык адистер менен макулдашуусуз жаныбарларды чарбанын ичинде кайра топтоштурууга (которууга) тыюу салынат;

- жугуштуу ылаңга кабылган жаныбарлардын өлүктөрү ылаңдын мүнөзүнө жараша дароо жок кылынат же утилдештирилет;

- ылаңдаган же ага шектүү делген жаныбарлардын кыгы, тоют калдыгы жок кылынат же зыянсыздандырылат. Мындай жаныбарлардын кыгын чарбалык колдонууга аны алдын ала зыянсыздандырылгандан кийин гана жол берилет;

- жаныбарлар үчүн жайларга, үйүрүнө, оторго, ж.б.у.с. объекттерге адамдардын (тейлөөчү персоналдан башка) келишине тыюу салынат;

- ири мал чарбаларында зарылчылыкка жараша жаныбарларды карап тейлеген персоналга интернирлөө өткөрүлөт, алардын атайын кийим-кечелерин жана бут кийимдерин, жаныбарларды караган буюмдарын, шаймандарын дайыма зыянсыздандыруу уюштурулат.

251. Карантин коюлган объекттерде (карантин аймактарында) күзөт-карантиндик жана башка ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү тартиби жана коркунучтуу зонада чектөө жана алдын алуу чараларын жүргүзүү тартиби ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиленген тартипте бекитилген ведомстволук акттарында аныкталат.

Темир жол станцияларына, суу транспортуна, аэропортко же ага жанаша калктуу конушка карантин учурундагы иш-чаралар

252. Темир жол станцияларында, суу транспортунда, аэропортто же бул объекттерден 10 км аралыкта жайгашкан же ага жанаша калктуу конушка карантин учурунда төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

- темир жол станциясынын, суу транспортунун, аэропорттун жетекчилиги райондун (шаардын) мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун же чек аралык ветеринардык контролдук пункттун начальнигинин сунушу боюнча карантин мезгилинде жаныбарларды, жаныбарлардан алынган башка азыктарды жүктөөнү жана түшүрүүнү токтотот жана бул тууралуу бир суткалык мөөнөттө бардык кызыкдар жүк алуучуларга жана жүк жөнөтүүчүлөргө кабарлайт;

- мамлекеттик ветеринариянын тиешелүү кызматы, темир жол станциясынын, суу транспортунун, аэропорттун жетекчилиги карантиндин бүткүл мезгилинде карантин коюлган объекттерде жаныбарлардын ылаңынын таралышын болтурбоого багытталган ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунда же ага жанаша жайгашкан калктуу конушта карантин учурундагы иш-чаралар

253. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктун же ага 20 км аралыкта жайгашкан чарбаны, калктуу конушту карантинге алууда төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

- карантин алып салынганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын өтүшү, жаныбарларды, жүктөрдү (товарларды) өсүмдүк жана башкалардан алынган азыктарды чет өлкөлөрдөн алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары же чектеш мамлекеттин аймагында оору козгогучтардын мүмкүн болуучу таралыш коркунучу болгондо аларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен токтотулат;

- мамлекеттик ветеринария башкармасынын республикалык органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык мамлекеттик чек ара аркылуу адамдардын, жүктөрдүн (товарлардын) өтүшү токтотулгандыгы тууралуу чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнө, коңшулаш мамлекеттердин ветеринардык кызматтарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга кабарлайт.

Карантин коюлган аймакты белгилөө

254. Карантин койгон органдын чечиминин негизинде карантин коюлган объекттерге (карантин аймактарына) айланып өтүүчү жолду көрсөтүү менен кабарлоочу белгилер жана милициялык күзөт посттору (тозоттор, кордондор) коюлат.

255. Күзөт постторунда, тозоттордо, кордондордо транспортту жана жүргүнчүлөрдүн бут кийимдерин дезинфекциялоо үчүн дезобарьерлер, тосмолор коюлат, тазалагычтар менен камсыз кылынат, ошондой эле постто тургандардын иштеши жана эс алышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

256. Постто тургандар карантин аймагын кайтаруунун тартиби, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү өткөрүү шарттары жөнүндө нускаманы алышат, алардын чек ара посттору аркылуу өтүшүнүн эсебин алат, бул үчүн жазуу журналдары, стол-стулдар жана мүмкүнчүлүккө жараша байланыш каражаттары менен камсыз кылынат.

Карантиндик режимди сактоо үчүн жоопкерчилик

257. Карантиндик режимди сактоо жана ылаңдарды жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн чарбалардын, ишканалардын жетекчилери, жаныбарлардын ээлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле карамагында карантин коюлган чарба жана ишкана болгон министрлик жана ведомство жоопкерчилик тартат.

258. Карантиндин шарттарын бузуу администрациялык айып салууга же мындай тартип бузуулар жаныбарлардын ылаңынын таралышына жана кыйла өлчөмдө экономикалык зыян келтирсе күнөөлүү адамдардын кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Карантинди алып салуу

259. Карантин жаныбарлардын ылаңы толугу менен токтоп жана карантин коюлган объекттерде зарыл ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүп жана пайда болгон ылаңга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү эрежелерде белгиленген мөөнөт бүткөндө жоюлат (алып салынат).

260. Карантинди жоюу (алып салуу) (коркунучтуу зонаны белгилөө жөнүндө чечимди жоюу) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча карантин (коркунучтуу зона) белгилеген орган тарабынан жүргүзүлөт.

Алдын алуу карантини

261. Кыргыз Республикасынын аймагына короолорду, үйүрлөрдү, оторлорду, канаттуулар жана башка чарбаларды комплекттөө үчүн асыл-тукум жаныбарларды алып келүүдө коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу максатында мындай жаныбарлар зарыл диагностикалык жана башка профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү, клиникалык көзөмөлдөө үчүн 30 күндүк мөөнөткө алдын алуу карантининен өтүүгө тийиш.

262. Ошондой эле экспортко жөнөтүлүүчү асыл-тукум жана пайдалануучу жаныбарлар да 30 күндүк мөөнөткө алдын алуу карантининен өтүүгө тийиш.

263. Импорттолуучу жана экспорттолуучу жаныбарларды карантиндик колдоо атайын түзүлгөн карантиндик станцияларда жүргүзүлүшү, андайлар жок болсо алардын ээлеринин чарбаларында өзүнчө бөлүнүп кармалышы керек.

264. Жаныбарларды алдын алуу карантининде кармоо чыгымдары алардын ээлери тарабынан төлөнөт.

15. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды ташуу үчүн колдонулуучу транспорт каражаттарына жана ташууларга ветеринардык-санитардык талаптар

265. Автомобиль, темир жол, аба жана суу транспорту менен ташылуучу төмөнкүдөй жүктөр ветеринардык көзөмөлдөн өтүүгө тийиш:

- бардык түрдөгү жаныбарлар, айбанаттар;

- лабораториялык жана зоопарк жаныбарлары;

- жаныбарлардын эмбриондору жана уруктары;

- жырткычтар, анын ичинде деңиз жырткычтары;

- тирүү балыктар, балык азыктары, уруктандыруу икрасы жана башка гидробионттор;

- бал челектер жана бал азыктары;

- чийки, муздатылган, жапайы, деңиз жаныбарларынын жана айбанаттардын эти, чийки эт азыктары;

- сүт жана сүт азыктары;

- союлган канаттуулар, азык-түлүк жумурткасы, инкубациялык жумуртка, жумуртка азыктары, канат жана мамыктар;

- эндокриндик жана ичеги-карын чийки заты;

- жаныбарлардын бардык түрүнүн терилери, кан, тыбыт-мех чийки заты, жүн, жал, кылы, мүйүз, туяк жана сөөктөр;

- жаныбарлар үчүн тоют;

- аңчылык олжолор;

- зоология, анатомия, жаныбарлардын палеонтологиясы боюнча коллекциялар жана коллекция буюмдары.

266. 348-пунктта саналган жүктөр мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынып жугуштуу ылаңдар болбогон жана карантин коюлбаган жерлерден (калктуу конуштар, чарбалар, ишканалар) Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарында каралган шарттарды сактаган учурларда гана ташып чыгарылышы мүмкүн.

267. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары болгон жана карантин коюлган аймактардан жүк ташып чыгууга жол берилбейт.

268. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды ташуу үчүн тазаланган жана дезинфекцияланган транспорт каражаттары колдонулат.

269. Ташылуучу жүктөр аны алып чыккан жерде жаныбарлардын жугуштуу ылаңы жок экендигин жана анын ветеринардык-санитардык коопсуздугун тастыктоочу ветеринардык-санитардык күбөлүктөрү менен коштолууга тийиш. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды ветеринардык-коштоо документтерисиз ташууга тыюу салынат.

270. Жаныбарларды ташуучу транспорт каражаттары жаныбарлардын салмагын жана санын эсепке алуу менен колдонулууга жана алардын саламаттыгы үчүн коопсуздук шарттарын камсыз кылууга тийиш.

Жабык транспорт каражаттары климаттык шарттарды эске алуу менен жөнгө салып туруучу желдеткич система менен жабдылууга тийиш.

271. Жаныбарлар жүктөө алдында текшерилип кароодон өткөрүлөт жана зарыл учурда термометрия жүргүзүлөт. Ылаңдаган жаныбарларды жүктөөгө жол берилбейт. Текшерип кароо ошондой эле бараткан жолдо да жүргүзүлөт.

272. Жаныбарларды ташуу үчүн ар кайсы жерден топтоого, ошондой эле тыным алдырган жерде алардын аралашуусуна жол берилбейт.

273. Жаныбарларды күтүүсүз ысык жана суук шартта ташууга жол берилбейт (жаныбарлардын организминин ысып жана муздап кетүүсүнө жол бербөө үчүн).

274. Жолдо баратканда жаныбарларды кароо, аларга тоют жана суу берүү чаралары көрүлүп, жаныбарларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбейт.

Жаныбарларды автомобиль транспорту менен ташуу

275. Жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу чийки заттар жана азыктарды ташуу үчүн колдонулуучу автомобилдер бардык учурда тиешелүү түрдө жүктүн түрүн эске алуу менен даярдалышы керек. Автотранспорт техникалык жактан оң абалда болуп жана зарыл учурда дезинфекцияланышы керек.

276. Автомобилдин кузовунун полу жылчыксыз, бүтүн жана таарынды, саман, чым көң жана башка материалдан ным соруп алуучу катмар менен төшөлүшү керек. Чочколорду, кой-эчкилерди машинанын бортунда ташууда анын бийиктиги кеминде 100-110 см, ал эми бодо малды, жылкыны ташууда 2 метрге чейин болушу керек.

277. Бодо малды (жылкы, уй, бука ж.б.у.с.) ташууда транспорт жүрүп бараткан жакка баштарын байлоо менен катар жайгаштырылууга тийиш. Узак жерге ташыла турган жылкылар бардык буттары байланып, ал эми кыска аралыкка арткы буттары байланышы керек.

278. 2 жашка чейинки жаш малды, чочко, кой-эчкилерди ташууда автомашинанын кузовунда кенен жата тургандай санда, байлабастан бош ташууга жол берилет.

279. Канаттууларды тиешелүү түрдө жабдылган торчолордо гана (канаттуулардын түрү боюнча) ташууга жол берилет. Торчолорду автомашинага биринин үстүнө бирин жүктөөгө (бирок төрттөн көп эмес) жол берилет, аларды ар бир торчодо абанын эркин алмашылып туруусу камсыздалгыдай жайгаштыруу керек, мында торчонун түбү жабык болушу керек. Торчолордо жетиштүү түрдө төшөгүчтөр болууга тийиш.

280. Аарылар ташуу үчүн тийиштүү түрдө даярдалган челектерде жана жүк жөнөтүүчүнүн толук жоопкерчилигинде ташылууга тийиш.

281. Түктүү айбанаттар, лабораториялык жаныбарлар атайын транспорт торчолорунда ташылат, алар жаныбарлардын кыктарын (заара, кыктары) чогултуу үчүн түбүнө төшөлмөлөр менен жабдылышы керек.

282. Балыктарды ташуу үчүн 300-350 км аралыкка тирүү балыкты ташууга эсептелген атайын автоцистерналар колдонулат. Икраларды, тирүү рактарды жана башка гидробионтторду ташуу үчүн атайын даярдалган идиштер (атайын контейнерлер, бактар, полиэтилен баштыкчалар ж.б.) колдонулат.

283. Жаныбарларды узак аралыкка ташууда жүк жөнөтүүчү аларды керектүү тоют запасы менен камсыз кылууга милдеттүү.

Жаныбарлар 12 сааттан ашык жолдо болсо, аларга 3-4 сааттык тыныгуу берилиши керек. Тыныгуу мезгилинде коштоп жүрүүчү аларга тоют жана суу берип, машинаны болсо кыктан тазалап, төшөлмөсүн жаңылап алмаштыруусу керек.

284. Тыныктыруу жана тоют берүүчү жер, ошондой эле машинаны кыктан тазалоо ташуу багыты боюнча мурдатан ветеринардык орган менен жүк жөнөтүүчү тарабынан макулдашылууга тийиш.

285. Жаныбарларды ташууда аларды жагымсыз климаттык шарттардан коргоо (катуу ысык, күзгү жана кышкы убак) үчүн машинанын кузову брезент же башка материал менен капталууга тийиш.

286. Жаныбарлар жолдо баратканда ылаңдап же өлүп калса коштоп жүрүүчү дароо бул тууралуу жакынкы ветеринардык мекемеге билдирүүгө милдеттүү. Ылаңдаган жаныбарды жолдо баратканда союуга тыюу салынат. Бара турган жерге андан ары жүрүүгө жаныбарды карап чыккан ветеринардык врачтын уруксаты менен гана жол берилет, бул тууралуу ветеринардык-коштомо документте көрсөтүлүүгө тийиш.

Мамлекеттик ветеринардык кызмат тарабынан контролдонуучу этти, эт азыктарын жана башка жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу

287. Мамлекеттик ветеринардык кызмат тарабынан контролдонуучу этти, эт азыктарын жана башка жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу үчүн арналган автомобилдер, анын ичинде атайын автомашиналар тиешелүү түрдө суюктук кирбей тургандай жабдылууга тийиш жана жергиликтүү санитардык көзөмөл органы берген санитардык паспорту болушу керек.

288. Муздап калган этти жана эт азыктарын адистештирилбеген транспортто ташууга ички жагы ак менен капталган же темир менен же атайын бул үчүн арналган башка материал менен капталган жана оозу бекем жабылган атайын үкөктөрдө ташууга жол берилет.

289. Канаттуулардын эти үкөктөргө салынышы керек.

290. Эт же эт азыктары жүктөлгөн автомашинанын кузовунда аны менен жүктөгүч жумушчулардын болушуна таптакыр тыюу салынат.

291. Эт жана эт азыктарын ташууга төмөнкүдөй шарттарды сактаганда жол берилет:

- эттин бөлүгү белгиленген талаптарга ылайык башсыз ажыратылышы керек (бодо жана башка ири малдын тулкусу төрткө, чочконуку - жарым же бүтүн бөлүктөргө, койдуку жана башка майда жандыктардыкы - бүтүн тулкуга ажыратылышы керек);

- эт бөлүгү бир нерсеге урунбашы, кан болбошу, ичеги-карындын калдыктары менен булганбашы, моюн бөлүгүндөгү, ички жана тышкы жагы, ички органдардын калдыктары болбошу керек;

- муз же кар менен тоңдурулган этти, ошондой эле тоңдурулган, муздатылган этти ж.б. чогуу ташууга жол берилбейт;

- тоңдурулган эт бөлүктөрүн тиешелүү идиште таңгактап ташууга жол берилет;

- эттин ар бир бөлүгүндө жана айрым бөлүктөрүндө (жарым жана төрткө бөлүнгөн) ветеринардык-санитардык кароонун так, белгиленген формадагы клеймосу болууга тийиш.

Эт жана эт азыктарын кузову мунайзат азыктары сиңген же башка жыттануучу заттар менен булганган автомашиналарда же өзгөчө жыты бар башка азыктар менен чогуу ташууга тыюу салынат.

Сууп калган, муздатылган, тоңдурулган эт жана эт азыктарын атайын автомашиналарда - рефрижераторлордо ташууда транспорттун ушул түрү үчүн белгиленген техникалык шарттарды (этти жыюу же илүү тартибин, температуралык режимди, муздатуучу системанын иштеши) милдеттүү түрдө сактоо керек.

292. Мамлекеттик ветеринардык кызмат тарабынан контролдонгон башка жүктөрдү ташуу:

- консерваланган кан темир же жыгач бочкаларда 4/5 көлөмүнө жакын толтурулуп ташылат;

- бал жана башка бал азыктары ташуу шартына туура келген идиштерде ташылат;

- эндокриндик сырье (ашказан, калкан бези жана башкалар) 12ºдан төмөнкү температурада тоңдурулган түрдө ташылат;

- жумуртка атайын уячаларга салынган бекем үкөктөрдө ташылат;

- канат жана тыбыттар мүшөктөргө же башка материалдарга таңгакталат;

- ичеги-карын чийки затын, терилер, жүн, жал, кылдарды тиешелүү таңгакча менен гана ташууга уруксат берилет;

- жумшак ткандардан тазаланган жана кургатылган мүйүз, туяк жана сөөктөрдү таңгаксыз ташууга уруксат берилет, бирок брезент менен жабылып, машинанын кузовунун полу бүтүн жана жылчыксыз болууга тийиш;

- тери жана мех чийки заты ташууга кургак, кургак-туздалган жана суу боюнча туздалган түрдө жана таңгакталып сорттолгон түрдө кабыл алынат. Кургак туздалган чийки зат бышык жип менен кайчылаштырып арчындалып таңгакталып ташылат. Тери жана мех чийки затты тоңдурулган түрдө ташууга тыюу салынат;

- зоология, анатомия, жаныбарлардын палеонтологиясы боюнча аңчылык олжолору жана коллекциялоо буюмдары таңгакталышы керек.

293. Жаныбарлардан алынган чийки затты тамак-аш азыктары, үй буюмдары, жаныбарлар, металл буюмдары жана боёгуч заттар менен чогуу ташууга тыюу салынат.

Жаныбарларды аба транспорту менен ташуу

294. Айыл чарба жана өнөр жай жаныбарларын, айбанаттарды, ошондой эле зоопарк (цирктеги) айбанаттарын жана канаттууларды самолет (вертолет) менен ташууда аба транспортунда колдонулуучу жана мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө органы менен макулдашуу боюнча чыгарылган эрежелерди жана техникалык шарттарды сөзсүз сактоо керек.

295. Атайын шарттарды түзүүнү талап кылган жаныбарларды жана канаттууларды ташууда жөнөтүүчү атайын (оптималдуу) шарттарды аэропорттун начальниги менен макулдашууга милдеттүү:

- самолеттордун кандай түрүндө ташууга жол бериле тургандыгын;

- самолеттордун кайсы жайында жана кандай температурада ташыса боло тургандыгын;

- жаныбарларды жана канаттууларды ташуу үчүн самолетту кошумча жабдуу талап кылынабы жана алар кандай шаймандар менен камсыз кылынышы керек (атайын торчолор, төшөөчү материалдын түрү, тоют берүүчү түзүлүш);

- бараткан жолдо жаныбарларды көзөмөлдөө, тоют берүү жана багуу тартиби;

- жаныбарларды узатып жүрүүчүлөр же адистер коштоп жүрүү зарылбы, алар канча адам болушу керек.

Жөнөтүүчү талап кылган шарттарды аткарууга мүмкүн болбосо алар ташууга кабыл алынбайт.

296. Самолеттордун жабдууларын бузулуудан, анын ичинде жаныбарлардан бөлүнүп чыгуучу суюктуктардан сактоо максатында самолеттун полуна брезент же башка ным соруп алуучу жетиштүү сандагы материалдар жана заттар (кургак таарынды ж.б.) төшөлүшү керек, алар булганышына жараша алмаштырылып же жетиштүү санда толукталып турушу керек.

Бардык керектүү жабдуулар, шаймандар, төшөөчү материалдар ж.б. жөнөтүүчү тарабынан берилет.

297. Жаныбарларды самолетко (вертолетко) жүктөөр алдында аэропорттун ветеринардык контролдоо пунктунун мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан каралууга тийиш.

298. Эл аралык ташууларда аэропорттордо жаныбарларды текшерип кароо бажы зонасындагы чек аралык ветеринардык контролдук пункттун мамлекеттик ветеринардык инспекторлору тарабынан жүргүзүлөт.

Жаныбарларды алып келгенде алар аэропорттун ветеринардык контролдоо пунктунун мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан текшерилиши керек. Аэропорттун ветеринардык контролдоо пунктунун мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксатысыз аэропорттун аймагынан жаныбарларды жөнөтүүгө тыюу салынат.

299. Жаныбарларда ылаң аныкталса же өтө жугуштуу ооруга шек жаралса, самолеттордон (вертолеттон) аларды түшүрүүгө ветеринардык контролдоо пунктунун мамлекеттик ветеринардык инспектору тарабынан гана уруксат берилет.

300. Аэропорттун аймагында ооруга шектелген жаныбарларды кармап туруу үчүн участок (пункт) уюштурулат.

301. Аба транспортторун сиңип калган нымдан (жаныбарлардын суюктугунан) тазалоодо алар атайын бөлүнгөн участокто дезинфекцияланат жана утилдештирилет.

Автомобилди жана аба транспортун тазалоо жана дезинфекциялоо

302. Автомашиналар жана самолеттор аларда жаныбарларды ташыгандан кийин жүк алуучунун күчтөрү жана каражаттары менен түшүргөндөн кийин сөзсүз түрдө дайыма тазаланууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Транспорт каражаттарын тазалагандан кийин калган калдыктар атайын бөлүнгөн участоктогу жүк алуучунун аймагында утилдештирилет.

Жалаң майда жаныбарларды жана канаттууларды (декоративдик, зоопарктык ж.б.у.с.) жана инкубатор балапандарын алып келүүдө атайын тазалоо жана дезинфекция жүргүзүлбөйт.

303. Эт, эт азыктарын же ушул талаптарда каралган башка жүктөрдү ташууда зарылдыгына жараша дезинфекция жүргүзүлөт.

304. Транспорт механикалык тазалоодон кийин адегенде ысык суу менен жуулат жана ташып келген жүккө жана булганышына жараша төмөнкүдөй дезинфекциялоочу каражаттардын бири менен дезинфекцияланат:

- формальдегиддин 2% аралашмасы;

- 2-3% активдүү хлорду камтыган хлордуу акиташ аралашмасы;

- хлораминдин 4% аралашмасы;

- жаңы өчүрүлгөн акиташтын 20% аралашмасы;

Ар бир аталган каражатты чыгымдоо ченеми - 1м2 аянтка 0,5 литр.

305. Жүктөр үчүн атайын бөлүнгөн транспорт бир райондун чегинде күнүнө бир нече каттам жасаса, аны ташып бүткөндөн кийин дезинфекциялоого жол берилет.

Самолеттун ичин (салондорун) дезинфекциялоо үчүн металлды дат бастыруучу дезинфекциялык каражаттарды колдонууга жол берилбейт.

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролдоочу жүктөрдү темир жол транспорту менен ташууга талаптар

306. Жаныбарлар темир жол транспорту менен атайын же бул максаттар үчүн убактылуу ыңгайлаштырылган кадимкидей жабык товардык вагондор менен ташылат.

307. Жаныбарларды жүктөө жана түшүрүү мал жүктөөчү платформа менен жабдылган белгилүү бир станцияларда жүргүзүлөт.

308. Жаныбарларды жүктөөгө оң абалдагы, жүктүн калдыктарынан жана таштандылардан тазаланган, жуулган жана дезинфекцияланган вагондор берилиши керек. Уулуу химикаттарды жана минералдык жер семирткичтерди ташыгандан кийин тийиштүү түрдө тазаланбастан вагонго жүктөөгө жол берилбейт.

309. Жаныбарларды бүтүндөй металл жана металл менен капталган вагондордо ташууга тыюу салынат.

310. Жүктөө ченеми жаныбардын түрүнө, курагына, чоңдугуна жана массасына жараша болот.

311. Жолдо вагондор капкактарын жана эшиктерин ачуу менен желдетилет. Кышында капкактар жабылып, вагондун бир жагындагы эшикти ачуу менен гана желдетилет.

312. Канаттуулар түбү бүтүн торчолордо же торчолорсуз эки катар кылынып жогорку катардын түбү бүтүн болушун камсыз кылуу менен ташылат.

313. Аарылар жабык товардык вагондордо же тоңдургучу бар вагондордо ташылат.

314. Товардык тирүү балыктар, балык өстүрүүчү материалдарды жана башка гидробионтторду ташуу үчүн сууну тазалагычы жана жүк жөнөтүүчүсү бар атайын вагондор колдонулат.

315. Чарбалардын жугуштуу оорулар менен оорубаган гана жаныбарларын ветеринардык текшерүүдөн кийин жана ветеринардык күбөлүк (сертификат) болгондо гана жүктөөгө жана ташууга жол берилет.

316. Эт, эт азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, балыктарды (кургак жана тоңдурулган), бал жана башка мал чарба азыктарын ташуу атайын муздаткычы бар транспортто, ошондой эле тоңдургучу бар вагондордо жүргүзүлөт.

317. Тез бузулуп кетүүчү азык катары жумуртка изотермикалык вагондордо муздатылган абалда, жумуртка продуктулары (меланж, жумуртка белогу) жылчыксыз чапталган банкаларда изотермикалык вагондордо тоңдурулуп ташылат.

318. Сүт флягаларда же сүт цистерналарында ташылат, ал эми сүт азыктары тиешелүү идиштерде изотермикалык вагондордо ташылат. Сүт жана сүт азыктарын кескин жыты бар продуктулар же заттар менен чогуу ташууга тыюу салынат.

319. Тери жана мех чийки заты суюктук кирбей турган товардык вагондордо ташылат. Тери жана мех чийки затын тоңдурулган түрдө ташууга, ошондой эле бир вагонго кургак жана нымдуу ыкма менен консервацияланган чийки затты жүктөөгө жол берилбейт.

320. Кургаган ичеги жана табарсык тыгыз жумшак идишке оролуп үкөктөрдө, себеттерде же таңгактарда ташылат. Кургак же нымдуу боюнча туздалган ичеги агып кетпегендей бекем жабылган бочкаларда (полиэтилен мүшөкчөлөрдө) ташылат.

16. Айыл чарба малын багуу шарттарына ветеринардык-санитардык талаптар

321. Айыл чарба малын багууда алардын ээлери мал багуу үчүн оптималдуу деңгээлдеги микроклиматка жана малды кармоо үчүн аянттык ченемине ылайык шарттарды түзүүгө милдеттүү.

322. Айыл чарба малын багууга пайдалануучу тоют жана тоют кошулмалары тийиштүү техникалык регламенттердин талаптарына жооп бериши керек.

323. Айыл чарба малын сугарууга жана тоюттарды даярдоого арналган суу "Ичүүчү сууга коопсуздук жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына дал келиши керек. Жаныбарларды ичүүчү суунун сапатына ылайык суу менен камсыз кылууга мүмкүн болбогондо, анда аларды сугарганга жана тоют камдаганга 3-тиркемеге ылайык жалпы катаалдыкта хлориддердин, сульфаттардын кургак калдыгын камтыган чектүү жол берилген деңгээлдеги сууну пайдаланууга жол берилет.

324. Башка юридикалык жана жеке жактардын менчигиндеги малга келтирилиши мүмкүн болгон зыян үчүн жоопкерчиликти кошкондо айыл чарба малын багуу шарттарына талаптарды сактоого боюнча жоопкерчиликти малдын ээси тартат.

325. Менчигинин түрүнө карабастан жаныбарлардын ээлери клиникалык текшерүү, эмдөө жүргүзүү, анализдер үчүн сынамдарды алуу боюнча эпизоотияга каршы чараларды жүргүзүүгө тартылган ветеринардык адистин жаныбарларга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.

326. Жапайы жана экзотикалык жаныбарларды багуу жана көбөйтүү ветеринария боюнча жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

17. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды өзүнчө бөлүү жана жок кылуу тартиби

327. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды өзүнчө бөлүү жана жок кылуу төмөнкүдөй учурларда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонулат:

- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдары келип чыкканда аны тез арада жоюу жана ылаңдын таралышын болтурбоо максатында;

- жаныбарлардын жалпы ылаңынын себебин аныктоо жана диагностикалык изилдөөлөрдүн комплексин жүргүзүү зарыл болгондо;

- бруцеллоз, кургак учук менен ооруган жаныбарларды, аңгилик менен ооруган жылкыларды санитардык союу же жок кылууда;

- жаныбарлардан алынган азыктарды шарттуу жарактуу же адамдардын ден соолугу үчүн кооптуу деп табылганда аларды өндүрүштүк же азык-түлүк максаттарында колдонууга жол бербөө максатында.

328. Төмөнкү саналган ылаңдар пайда болгон учурда шарп, кутурма, туберкулез, чума, контагиоздук плевропневмония, спонгиоформ энцефалопатиясы, кой-эчкилердин чечеги, эчкилердин инфекциялык плевропневмониясы, жылкы маңкасы, аңгилиги, энцефаломиэлит, контигиоз плевропневмониясы, инфекциялык анемия, эпизоотиялык лимфангоит, канаттуулар тумоосу, Ньюкасл ылаңы, чечек, микоплазмоз, вирустук гепатит шектүү оорулардын таралышын болтурбоо максатында зонадагы жаныбарларды өзүнчө бөлүүгө жана союуга жол берилет.

Ооруларды баштапкы келип чыккан очокторунда жоюу максатында жаныбарларды союу

329. Ооруларды баштапкы келип чыккан очокторунда союу жөнүндө чечим райондун мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун сунушу боюнча райондук өзгөчө эпизоотияга каршы комиссия тарабынан кабыл алынат, мында айрым курулмаларды, шаймандарды, башка буюмдарды, оору козгогучтарды сактоочуларды жана таралуу булактарын жок кылуу (өрттөө) тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн.

330. Жаныбарларды союуда оорулардын толук жоюлушун камсыз кылуучу ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплекси жүргүзүлөт.

331. Жаныбарларды союуда жана башка ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүдө райондун мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун же анын ордун алмаштыруучу адамдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнүн жана жаныбарлардын ээсинин, эгерде жаныбар камсыздандырылса аны союу компенсация төлөө үчүн негиз боло тургандай камсыздандыруу агентинин колу коюлган акт түзүлөт.

332. Жаныбарларды союу жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү, ылаңдын очогун жоюу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин дароо жүргүзүлөт.

Жаныбарлардын дартын аныктоо максатында аларды өзүнчө бөлүү жана союу

333. Этиологиясы аныкталбаган жаныбарлардын жалпы ылаңдашынын себептерин аныктоо максатында жаныбарларды өзүнчө бөлүү (кайтарымдуу же кайтарымсыз жол менен малды мал ээсинен мажбурлоо же макулдугу менен өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар) жана союу райондун мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун чечими боюнча жүргүзүлөт.

334. Жаныбарларды союуда аларды ачып кароо актысы жана протокол түзүлүп, ал актыга тиркелет. Алынган патологиялык материал ветеринардык лабораторияга жөнөтүлөт. Ветеринардык лабораториянын экспертизасынын жыйынтыктары актыга тиркелет.

335. Бруцеллез, кургак учук менен ооруган жаныбарларды жана аңгилик менен ооруган жылкыны союу ылаңдардын таралуу булактарын жоюу, чарбаларды жакшыртуу жана адамдардын бруцеллез, кургак учук менен оорушун болтурбоо максатында жүргүзүлөт.

336. Жаныбарларды союу жөнүндө чечим кургак учукка жана жылкы аңгилигине карата жүргүзүлгөн дартты аныктоо изилдөөлөрү жөнүндө ветеринардык лабораториянын корутундусунун же актынын негизинде чечим райондун мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору тарабынан кабыл алынат.

337. Көрсөтүлгөн ылаңдарга кабылган жаныбарларды союу ветеринардык-санитардык эрежелерди сактоо менен, ылаң аныкталгандан кийин 15 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

Коопсуздук талаптарына жооп бербеген жаныбарлардан алынган продукцияларды өзүнчө бөлүү жана жок кылуу

338. Жаныбарлардан алынган продукцияларды өзүнчө бөлүү жана жок кылуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- аккредитацияланган ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясы тарабынан жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын;

- жаныбарларды союу жана союлган азыктарды кайра иштетүү боюнча ишканаларга мамлекеттик ветеринардык контролдоо адистеринин корутундусунун;

- ветеринардык лабораториянын, анын ичинде тери чийки затын күйдүргүгө изилдөө боюнча корутундунун;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун уруксатысыз жана экспорттоочу өлкөнүн ветеринардык кызматы берген ветеринардык сертификаты жок этти же жаныбарлардан алынган башка азыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө мамлекеттик чек арадагы мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун токтомунун.

18. Эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү

339. Эпизоотияга каршы иш-чаралар жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушун, таралышын болтурбоого, аны жоюуга багытталууга тийиш жана эпизоотиялык мониторингди, региондоштурууну, компартментализациялоону, эпизоотиялык зоналаштырууну, оорулардын жайылуу тобокелдигине баа берүүнү, эпизоотиялык кырдаалды ретроспективдүү талдоону, жугуштуу оорулардын келип чыгуу очокторун, ооруларга сезгич жаныбарлардын башын эсепке алууну, аларды идентификациялоону, пландуу жана аргасыз дарт аныктоо изилдөөлөрүн жана алдын алуу эмдөөлөрүн жүргүзүүнү, сезгич жаныбарларды иммундук жактан контролдоону, жугуштуу оорулардын келип чыгуу очокторун жоюу боюнча ветеринардык-санитардык чараларды, жүргүзүлүүчү эпизоотияга каршы чараларды эсепке алууну жана ал боюнча отчеттуулукту, жаныбарларды багуунун санитардык-гигиеналык ченемдерин жана эрежелерин, чарбалык иштердин атайын режимдерин сактоого көзөмөлдү, өзгөчө жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таралуу коркунучтарын жана аларды болтурбоо боюнча чаралар тууралуу калкка жана коомчулукка маалымат берүүнү, союлган жаныбарларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү жана алардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында патологоанатомиялык ачууну, ошондой эле биологиялык калдыктарды жок кылууну жана утилдештирүүнү камтыйт.

340. Туруктуу эпизоотиялык кырдаалды кармап туруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы алардын эпизоотиялык жайлуу деңгээлин эске алуу менен региондорго бөлүштүрүлүшү керек, мында региондун статусу төмөнкүдөй белгиленет:

- вакцинациясыз, бул оорудан таза регион;

- вакцинация жасоо менен бул оорудан таза регион;

- бул ооруга карата аныкталбаган статустагы регион;

- бул оору боюнча жайсыз регион;

- бул оору боюнча стационардык жайсыз регион.

341. Эпизоотияга каршы иш-чараларды пландаштыруу максатында ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чектеш өлкөлөрдөгү мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролдоочу жүктөрдү экспорттоочу өлкөлөрдөгү эпизоотиялык кырдаалды, ошондой эле бул өлкөлөрдүн ветеринардык кызматтарынын экспорттолууга тийиш болгон жүктөргө коюлуучу ветеринардык-санитардык талаптарды тиешелүү түрдө аткарууну камсыз кылуу абалын жана жөндөмдүүлүгүн изилдөөгө негизделген, республиканын аймагына жаныбарлардын ооруларынын козгогучтарды алып келүү тобокелдигине баа берүү жүргүзүлүүгө тийиш.

342. Оорулардын болушуна жана таралышына карата тобокелдик деңгээли төмөнкүдөй белгиленет:

- тобокелдик анча эмес деңгээлдеги регион;

- тобокелдик төмөн деңгээлдеги регион;

- тобокелдик контролдонуучу деңгээлдеги регион;

- тобокелдик жогорку деңгээлдеги регион.

343. Региондоштуруу эпизоотиялык мониторинг жүргүзүүнүн негизинде ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

344. Жугуштуу оору же анын табигый очогу пайда болгондо эпизоотиялык зонага бөлүү жүргүзүлөт, анда эпизоотиялык очок өзүнчө бөлүнөт. Очоктун айланасы биринчи коркунучтуу зонага бөлүнөт. Биринчи коркунучтуу зонанын айланасы - экинчи коркунучтуу зонага, экинчи коркунучтуу зонанын айланасы - көзөмөлдөө зонасына бөлүнөт. Зоналардын өлчөмдөрү жана алардын ар биринде жүргүзүлүүчү милдеттүү иш-чаралар аныкталат.

345. Райондук (шаардык) мамлекеттик ветеринария органдары сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен (10 жылдан кем эмес), ал эми күйдүргүнүн очогунда дайыма эпизоотиялык журналдарды жана карталарды жүргүзүүгө тийиш. Ошондой эле жугуштуу ооруларды сактоочулардын жана алып жүрүүчүлөрдүн (кене, чиркей жана башка жарнак буттуулар) болушуна байланыштуу оорулардын табигый очокторунун эсебин алуу да жүргүзүлөт.

346. Эсепке алуу жана отчеттуулук формалары жана аларды берүү мөөнөттөрү ветеринардык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча нускама менен регламенттештирилет.

347. Пландардагы бул көп жылдык маалыматтардын негизинде жаныбарларды эмдөө боюнча иш-чаралар жана жаныбарлардын ооруларынын табигый очокторунун зыяндуу таасирин четтетүү боюнча ветеринардык-санитардык иш-чаралар (кыртыш очокторун дератизациялоо, дезинсекциялоо, дезинфекциялоо) каралууга тийиш.

348. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ветеринария органдары жаныбарлардын башын эсепке алуу жана алардын кыймылына (орун которулушуна) контроль жүргүзүүгө тийиш, бул үчүн жаныбарларды идентификациялоо жана мал чарбаларын ветеринардык-санитардык жактан баалоо жүргүзүүнү камсыз кылуу зарыл.

349. Дартты аныктоо изилдөөлөрүн уюштуруу жана жүргүзүү:

Өнөкөт оорулардын козгогучтарын көмүскө алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында атайын диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү уюштурулат:

ача туяктуу малды (ири мүйүздү малды, кой-эчки, чочко) бруцеллёзго, кургак учукка (ири мүйүздү малды), чочкону (эпизоотиялык көрсөткүч боюнча), сыңар туяктууларды жана төөлөрдү маңкага жана трипаносомозго. Изилдөөлөрдүн мөөнөтү эпизоотиялык көрсөткүчтөргө жараша жана белгиленген тартипте бекитилген конкреттүү жугуштуу оору менен күрөшүү боюнча ведомстволук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Зарыл учурда башка ооруларга да изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Алдын алуучу жана аргасыз вакцинацияларды жүргүзүү

350. Алдын алуучу вакцинация мал айдоочу жолдун, мал айдалып келе турган жердин же малды эл аралык сатууда импорттоочунун талабы боюнча эпизоотиялык абалын эске алуу менен мал айдоону, ташууну пландаштырууда малдын иммундук башынан буфердик зона түзүү үчүн жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып келүүнүн чыныгы коркунучу туулганда оорулардын жаратылыштык очокторунун таасир этүү зоналарында жүргүзүлүүгө тийиш.

351. Аргасыз вакцинация түздөн-түз оорунун очогунда жана коркунуч туулган зонада жүргүзүлөт.

352. Жүргүзүлгөн вакцинациянын сапатын контролдоо үчүн малда иммунитеттин болушуна жана ага оорчулук келишине изилдөө (иргеп) уюштурулат. Иммунитетке оорчулуктарга (анын иммунитетке начардыгына) изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү терс болсо, териштирүү актысын түзүү менен жана зарыл болгондо колдонулуучу вакцинанын эки үлгүсүн алып, аларды мындай контроль жүргүзгөн мекемеге экспертизага жөнөтүү менен бул көрүнүштүн себебин териштирүү зарыл.

Эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды материалдык-техникалык камсыз кылуу

353. Тизмеге киргизилбеген малдын ооруларын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү малдын ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.

354. Диагностикалык жана иммунобиологиялык препараттар менен камсыз кылууну ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштурат.

355. Малга диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү мамлекеттик ветеринариянын, өндүрүштүк кызматтардын адистери, тизмекке киргизилген өзгөчө коркунучтуу ооруларга диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүүгө райондун (шаардын) мамлекеттик ветеринардык башкы инспектору менен түзүлгөн келишимге ылайык ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар жүргүзөт.

356. Диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу биопрепараттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш.

Мал ээлеринин милдеттери жана эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүгө жоопкерчилик

357. Мал ээлери - юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жарандар жаңы сатып алынган мал, туулган, ошондой эле бөөдө өлгөн же бир эле убакта бир нече малы ооруган учурлар же алардын башкача болушу жөнүндө мамлекеттик ветеринария органдарына билдирүүгө жана ветеринардык адис келгенче аларды өзүнчө кармоону камсыз кылууга милдеттүү.

358. Мал ээлери ветеринардык кароосуз оорулуу малды союп жана ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзбөстөн, союлган этти саткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылат.

359. Жарандар жана жеке ишкерлер, юридикалык жактар - мал ээлери алдын алуучу эмдөөлөрдү жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ветеринардык адистин талабы боюнча жаныбарларды көрсөтүүгө милдеттүү.

360. Эгерде жаныбарларга алдын алуучу эмдөөлөр .жана диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлбөсө, жаныбарларды ташууга (айдоого), аларды этке союуга жол берилбейт.

 

 

 

Малдын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптардын
1-тиркемеси

Мал көмүлүүчү жайдын (биотермикалык чуңкурдун) ветеринардык-санитардык карточкасы №

Жайгашкан жери_______________________________________________________________________

(облусу, район, пункттун аталышы)

Жайгашкан орду ________________________________________________________________________________________

Багыт алууга байланыштуу (жолго, бийик секиге, электр берүү линияларына, башка багыт алуулар) карта-схема тиркелет.

Жакынкы калктуу конуштан алыстыгы жана анын аталышы, фермадан, комплекстен,

жайыттан (м2), суудан (м), жолдон (м). алыстыгы

Аймактын мүнөздөмөсү ______________________________________________________

кыртыш ___________________________ кыртыш сууларынын жайгашуу тереңдиги ________________________________

(эриген суулардын, жаан-чачын агымдарынын багыты)

Мал көмүлүүчү жайды (биотермикалык чуңкурду) пайдалануучулардын калктуу конуштардын тизмеги

Мал көмүлүүчү жайдын аянты _______________ м2

Мал көмүлүүчү жайдын тосмосу (бар, жок)

Мал көмүлүүчү жайдын санитардык мүнөздөмөсү

а) алгачкы көмүү жүргүзүлгөн дата _______________

б) күйдүргүдөн өлгөн малды көмүү

в) талаптардын 4.4-пункттарында көрсөтүлгөн споралык микроорганизмдерди чакырган оорулардан

жана эмкардан өлгөн малды көмүү ___________________________________________

(көмүлгөн датасы)

Райондун башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору_______________________

аты-жөнү (колу)

Ветеринардык-санитардык карточканы алдым____________________________________

              аты-жөнү (колу)

Ветеринардык - санитардык карточка 3 нускада түзүлөт.

Биринчи нуска айылдык округуна (чарбага) берилет.

Экинчи нуска райондук (шаардык) мамлекеттик ветеринария башкармалыгында сакталат.

Үчүнчү нуска райондук санитардык көзөмөл органына берилет. Карточканын арткы бетинде мал көмүлүүчү жайдын абалына көзөмөл жүргүзүлгөндүгү жөнүндө төмөнкү форма боюнча белги коюлат.

Текшерүү датасы

Аныкталган кемчиликтер

Четтетүү боюнча көрсөтмөлөр (иштердин тизмеси, аткаруу мөөнөтү, аткаруучу)

Аткарылышына контроль

Текшерүүчүнүн кызмат орду

1

 

 

 

 

 

 

 

Малдын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптардын
2-тиркемеси

АКТ
(дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо жүргүзүүгө)

201__-жылдын "___" ____________________

Калктуу конуш _________________________

Айыл өкмөтү __________________________

Району _______________________________

Облусу _______________________________

 

 

 

Биз төмөндө кол койгондор: ________________________________________________

Ветеринар адистин Ф.А.Ж. жана дезинфекциялоо, дезинсекциялоо,

деинвазиялоо жана дератизациялоо жүргүзгөн башка кызматкерлердин

_______________________________________________________________________

аты-жөнү

Төмөнкүлөрдүн катышуусунда _____________________________________________

(чарба субъекттин аталышы же анын өкүлүнүн аты-жөнү)

20__-жылдын "___" _______________ тартып "___" ______________________ чейин

____________________________________________________________ оору боюнча

жайсыздык боюнча (алдын-алуучу, учурдагы же акыркы дезинфекциялоону,

дезинсекциялоону, дезинвазиялоону жана дератизациялоону)

________________________________________________________________ жүргүздүк

(кайсы жерлерди жана жайлардын аймактардын аянттарынын квадрат метрлери ж.б.)

Дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо

________________________________________________________________________

(кандай метод, каражат менен колдонулгандыгын көрсөтүү керек)

________________________________________________________________ жүргүздүк

төмөнкү режимде: _________________________________________________________

препараттын концентрациясы _______________________________________________

1 м2 аянтка аралашманын кетиши

(1 м2 аэрозоль) ____________________________________________________________

Жай зыянсыздандырылгандан кийин __________________ саатка жабык калтырылды.

Препараттын калдыгы __________________________________ бейтарапташтырылды

_________________________________________________________________________

(бейтарапташтыргыч, анын концентрациясы, %)

Бардык зыянсыздандырылган объекттердин саны

_________________________________________________________________________

(кайсы, канча)

Аянты _____________ м2; көлөмү _______________ м2;

Аймагы ____________________________________ м2;

Багууда колдонулган тазаланган шаймандардын саны _____________________ даана.

Малдын башы ________________________________________ (бардыгы чыгымдалды)

______________________________________________________________________ кг.

(препараттардын аталышы, саны)

Зыянсыздандыруунун сапатына контроль жүргүзүлдү ___________________________

(ким тарабынан, изилдөөлөрдүн натыйжалары,

экспертизалоонун номери жана анын корутундусу)

Акт дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дезинвазиялоо жана дератизациялоо өткөрүү

фактысын жана колдонулган каражаттардын чыгымдалгандыгын тастыктоо үчүн түзүлдү

_________________________________________________________________________

(препараттардын аталышы, саны)

 

Колу________________________     (                         )

       ________________________      (                         )

       ________________________      (                         )

       ________________________      (                         )

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Малдын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптардын
3-тиркемеси

Продуктивдүү малды кармоо үчүн имаратта жагымдуу микроклиматтын оптималдуу параметрлеринин
КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Жаныбарлардын түрү

Абанын температурасы, град.

Абанын салыштырма нымдуулугу %

Аба алмашуусу, куб. м/с (ар бир баш үчүн)

Бодо мал:

Чоң бодо мал

8-15

50-80

17-70

Жаш бодо мал (4-12 ай курагы)

8-16

50-85

60-250

Торпок

8-14

50-85

20-120

Чочко:

Ургаачы жана эркек чочко өстүрүүчү жай

14-16

65-85

35-70

Бордолуучу чочко

12-22

60-85

35-65

торопой

22-30

60-80

35-60

Жылкы:

Асыйдан жогору

6-8

60-85

50-100

Асыйдан төмөн

8-16

65-85

60-100

Канаттуу:

жашы 160 күндөн жогорку

12-16

до 70

35-70

1--30 күндүк

18-28

до 70

40-80

30--90 күндүк

16-18

до 70

35-75

90--160 күндүк

12-16

до 70

30-75

Кой, эчки:

Кочкор, кой, ирик

3-6

50-85

15-45

Токту, борук

16-20

50-80

10-30

Коён:

Коён

15-23

50-70

20-100

Бөжөк

32-35

50-72

40-120

 

 

 

Малдын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптардын
4-тиркемеси

Продуктивдүү малды багуу үчүн аянттын оптималдуу

ЧЕНЕМДЕРИ

Жаныбарлардын түрү

Малды багуу үчүн аянттын оптималдуу ченемдери, кв.м (ар бир баш үчүн)

Бодо мал:

Саан жана кысыр уйлар

2,5

Букачар

2,0

Торпок

1,8

Чочко:

Ургаачы жана эркек чочко өстүрүүчү жай

7,0

Бордолуучу чочко

0,8

Торопой

0,35

Жылкы:

Асыйдан жогору

5,0

Асыйга чейин

2,5

Канаттуу:

Тоок

0,25

Өрдөк

0,2

Каз

0,3

Үндүк

0,35

Кой эчки:

Кой эчкилер төлү менен

2,5

кысыр кой, эчки

1,5

Козу, улак (6дан 12 айга чейин)

0,6

Коён

Чоң коён

Бир бөлүктө торчодо

0,72

Эки бөлүк торчодо

0,78

Бириктирип кармоо

Тор төшөлмө

0,12

Жыгач тор төшөлмө

0,7

Тактай төшөлмө

0,25

 

 

 

Малдын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптардын
5-тиркемеси

Айыл чарба малдарын сугаруу жана тоют даярдоо үчүн пайдаланылуучу катуу калдыктын, сульфаттардын, хлориддердин камтылышынын, суунун жалпы катуулугунун чектүү жол берилген
ДЕҢГЭЭЛИ

Жаныбар

Сууга кошулуучу заттын чектүү жол берилген деңгээли, мг/л

Суунун жалпы тыгыздыгынын чектүү жол берилген деңгээли, мг экв./л

Кургак калдык

Хлорид

Сульфат

Чоң жаныбар

2400

600

800

18

Жаш жаныбар

1800

400

600

14