Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 8-июлу № 462

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1 -тиркемесине ылайык юридикалык жактарды кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:

-    ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

-    үч айлык мөенөттө 1-тиркемеде аталган кайра түзүлүүчү юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N° 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна томөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүне жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр

Т.А.Сариев

 

 

 

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасына кошулуучу юридикалык жактардын тизмеги

 

Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 8 мекемесинин алдындагы № 4 чарбалык эсептеги участок;

Мекеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 25 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок;

Мекеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 31 мекемесинин алдындагы № 2 чарбалык эсептеги участок;

Мекемелер: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 10 мекемесинин алдындагы № 1 жана № 3 чарбалык эсептеги участоктор;

Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы "Топ Сервис" чарбалык эсептеги участок;

Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 48 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок;

Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын камсыздоо башкармалыгынын Борбордук базасынын "Үмүт" чарбалык эсептеги участогу;

Мамлекеттик ишкана: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 14 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги участок.

 

 

 

 

2-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 18-декабрындагы № 775

токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик

кызматынын башкаруу схемасы

 

 

 

 

Описание: Описание: Түзөтүү мекемелирин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти  Описание: Описание: КоллегияОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image004.pngОписание: Описание: ЖАМКнын бөлүмдөрүОписание: Описание:  «Келечек» мамлекеттик ишканасыОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image007.pngОписание: Описание: ЖАМК ишин камсыздоо кызматыОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image009.pngОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image010.pngОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image011.pngОписание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\06520248-a3b4-4324-a86a-ed628f5e3b6a\document.files\image012.pngОписание: Описание: Борбордук аппарат