Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2015-жылдын 7-июлу № 455

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын жана 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү тууралуу

Жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатты мындан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган чараларды ишке ашырууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясы 1-тиркемеге ылайык;

- 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

1-тиркеме

 

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык

саясатынын концепциясы

 

1. Киришүү

 

Ушул Концепция фискалдык саясат жаатындагы чараларды аныктайт, алар өткөн жылдарда каралган максаттарды жана милдеттерди эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу (мындан ары- милдеттүү төлөмдөр) боюнча салыктарга, салыктык эмес төлөмдөргө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары ишке ашырылат.

Фискалдык саясаттын миссиясы коом үчүн минималдуу чыгымдар менен өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

2015-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концептуалдык негиздери төмөнкүдөй документтер менен түзүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 410-II токтому менен жактырылган, Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү концепциясы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-июнундагы «Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейинки фискалдык реформанын стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-апрелиндеги «2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы.

2015-2020-жылдарда фискалдык саясаттын негизги багыттары болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган чараларды ишке ашырууну улантуу болуп саналат:

1) инвестициялык климатты жакшыртуу;

2) салыктык жыйымдардын толуктугун камсыздоо;

3) салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо;

4) салыктык отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу, отчёттордун санын кыскартуу жана аларды берүүнүн мезгилдүүлүгүн тартипке салуу;

5) системалык коррупциянын пайда болушуна алып келүүчү  факторлорду айкындоо жана минималдаштыруу, анын чыныгы социалдык-экономикалык түпкү тамырларын табуу, фискалдык чөйрөдө мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын ишке ашырууну, мыйзамдуу жашоо ыңгайын  пропагандалоо.

Жалпысынан фискалдык саясат орто жана узак мөөнөттүү келечекте экономиканы турукташтырууга жана белгиленген мезгилдин аягында бюджеттин тартыштыгын пландуу түрдө жеңүүгө мүмкүн боло турган түрдө мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнө салыштырмалуу алгалаган өсүш темпин камсыздоого багытталат.

Бюджеттик тең салмактуулукту колдоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесин жогорулатууга багытталган чаралардын көрүлүшү, биринчи кезекте башкарууну жакшыртууга жана көмүскө экономиканын субъекттеринин жана операцияларынын эсебинен бюджетти толуктоо зарыл.

Өндүрүштү диверсификациялоого, технологиялык жаңыртууга жана модернизациялоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭСга катышуусунун алкагында экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган фискалдык саясаттын дем берүүчү ролу сакталат.

 

2. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын

негизги көйгөйлөрү

 

Өлкөнүн фискалдык саясаты соңку он жылдыкта салык салууга карата негизги мамилени олуттуу түрдө өзгөрткөн жана негизинен салык түйшүгүн  төмөндөтүүгө багытталган.

2000-жылдан тартып ИДПга карата бизнестин милдеттүү төлөмдөрүнөн бюджеттик түшүүлөрдүн суммасынын катышынын өзгөрүү динамикасы төмөндөгү диаграммада келтирилген:

2000-жылдан тартып 2007-жылга чейинки мезгилде бюджеттик түшүүлөрдүн ИДПга карата катышы жогорулоонун так жана туруктуу тенденциясына ээ болгон жана 2007-жылы бул үлүш ИДПга карата 24,4 пайызды түзгөн. 2008-2010-жылдары мындай түшүүлөрдүн ИДПга карата катышы бир аз төмөндөгөн, бул 2008-жылдагы дүйнөлүк кризистин кесепеттерине жана Кыргыз Республикасынын салыктык тарыхында мурда болуп көрбөгөн КНСтин ставкасынын 20 дан 12 пайызга чейин бир жолку төмөндөшүнө байланыштуу болгон. Бизнестин милдеттүү төлөмдөрүнүн үлүшүнүн өсүшү кийинки жылдары турукташкан жана 2013-жылы жалпысынан экономика боюнча орточо алганда 26,8 пайызды түзгөн. Каралган мезгилде КНСтин гана ставкалары эмес, киреше салыгынын, пайда салыгынын жана камсыздандыруу салыгынын да ставкаларынын кыйла төмөндөшүнө карабастан, каралып жаткан мезгилде бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн келип түшүүсүнүн өсүү динамикасы Кыргыз Республикасы тандап алган фискалдык саясаттын жалпы курсунун тууралыгына далил болот.

Азыркы учурда төлөмдөрдүн ИДПга карата катышынын өсүшүнүн оң динамикасына карабастан, кырдаал экономиканын тармактары жана секторлору боюнча аны бөлүштүрүүнүн бирдей эместиги менен тереңдөөдө. 2014-жылы экономиканын негизги секторлору боюнча  салыктык түйшүк көрсөткүчтөрү (импортко жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салыктарды эсепке албаганда) төмөнкүдөй болгон:

 

Экономиканын тармактары боюнча салыктык түйшүк

                                                                                                                      (млн. сом)

Экономика тармактары

 

2014-ж.

ИДП түзүмү

Жыйын-тыкка карата  % менен

Салыктык түшүүлөр*

Жалпы салыктар-га карата  % менен

Салык-тык түйшүк

(% менен)

Бардыгы

337 277,1

 

40 054,0

 

 

Өнөр жай

61 741,3

15,5

13 884,1

34,7

22,5 %

Айыл чарба

58 888,7

14,8

722,4

1,8

1,2 %

Курулуш

29 461,1

7,4

2 047,4

5,1

6,9 %

Кызмат көрсөтүүлөр

191 139,3

48,1

23 400,1

58,4

12,2 %

Продуктуларга жана импортко карата салыктар

56 046,7

14,1

 

 

 

 

(*) импортко жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата салыктарды камтыбайт.

Негизги түйшүк өнөр жай секторуна туура келет - 22,5 пайыз, ал эми айыл чарба секторунда экономиканын бул сектору жерге жана мүлккө салыктан тышкары, салыктардан бошотулгандыгына байланыштуу салык түйшүгү болгону 1,2 пайызды түзөт.

Кызмат көрсөтүү сектору өлкөнүн ИДПсында негизги үлүштү ээлейт, бул сектордон салыктардын түшүүсү салыктык түшүүлөрдүн негизги үлүшүн түзөт, бирок, бул сектордогу салыктык түйшүк өнөр жай тармагындагы салыктык түйшүктөн бир топ эле аз жана болгону 12,2 пайызды түзөт.

Азыркы учурда финансылык жана товардык агымдардын көлөмдөрү тууралуу толук маалыматтын жоктугуна байланыштуу, салык салуу боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында ар түрдүү категориядагы:  ири, орто жана чакан бизнестин салык төлөөчүлөрү ар түрдүү салыктык режимдерди колдонгон, ар түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы субъекттер боюнча салыктык түйшүктү так баалоо мүмкүн эмес. Буга байланыштуу фискалдык саясаттын бардык багыттары боюнча реформаларды улантуу менен бирге фискалдык башкаруунун жана контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн керектүү маалыматты чогултуунун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүү керек.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында болгон фискалдык саясатты талдоо төмөнкүдөй көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк түзөт.

1. Мамлекеттик башкаруунун жетишсиз натыйжалуулугу, ал:

1) финансылык эки негизги агымдын эки мамлекеттик ведомство - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун кайталануусу;

2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешесин түзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн ачыктыгынын жетишсиз деңгээли;

3) мыйзамдуу ченемдик актылар менен бир катар салыктык эмес төлөмдөрдү белгилөө, ошондой эле системалуу укуктук жөнгө салуу жок болгондо аларды башкаруу;

4) жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясаттын максаттарына адекваттуу классификацияда секторлор жана ишкердик субъекттери боюнча анык статистикалык жана каттоо маалыматынын жоктугунан улам сапаттуу мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун мүмкүн эместиги;

5) жергиликтүү салыктарды башкарууга жана жыйноону көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетишсиз катышуусу жана мотивациясы;

6) бизнести каттоонун мамлекеттик органдар тарабынан кайталанышы жана алардын ортосунда маалымат алмашуу боюнча өз ара тез аракеттенүүнүн жоктугу.

Мындан тышкары ар түрдүү мамлекеттик институттар: фискалдык ведомстволор, укук коргоо органдары, сот органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонуунун жоктугу иш жүзүндө салыктык укуктук мамилелер боюнча көптөгөн жана узакка созулган териштирүүлөрүнө алып келүүдө.

2. Салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуунун кеңири жана көпчүлүк учурларда негизсиз тизмеги менен коштолуусу көмүскө экономиканын ири деңгээли, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча иш берүүчүнүн  олуттуу түйшүгү салык түйшүгүн бирдей эмес бөлүштүрүүгө алып келүүдө.

3. Мыйзамдарда так эместиктердин жана кенемтелердин болушу, ал бир жактан фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу милдеттүү төлөмдөрдү башкаруу боюнча милдеттерге жана экинчи жактан алар боюнча милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөөчүлөрдүн керектөөлөрүнө толук ченемде келбейт.

4. Соңку жылдардагы оңдуу өзгөрүүлөргө карабастан салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү башкаруунун натыйжалуулугунун жетишсиздиги биринчи кезекте өлкөдө фискалдык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооп берүүчү органдардын кадрдык потенциалынын төмөндүгү менен шартталат.

5. Салык төлөөчүлөрдө жана бийликтин бардык бутактарындагы кызмат адамдарында, бүтүндөй коомдо салык маданиятын түзүү системасынын жоктугу.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүк мезгилинде өлкөдө мамлекеттин негиздерин бузуучу, салыктык милдеттерди аткарууга карата жарандардын жүрүм-турумунун терс стереотиби түзүлгөн. Өлкөнүн калкынын көпчүлүк бөлүгүндө салык төлөө негизги милдет болуп саналгандыгы жөнүндө түшүнүктүн жоктугу легалдуу экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө, системалык коррупцияны жеңүүгө, мамлекеттин социалдык милдеттерди аткаруу мүмкүндүгүн жогорулатууга тоскоолдук түзөт.

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна байланыштуу процесстердин фонунда жүзөгө ашырылат, бул интеграция каралып жаткан мезгилде республика үчүн негизги чакырык болуп саналат.

 

3. Фискалдык саясаттын максаттары жана милдеттери

 

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын максаты өлкөнүн салыктык мыйзамдарында белгиленген башкы принциптерди: салык төлөөчүнү минималдуу түйшүккө салган мыйзамдуу, так белгиленген эрежелер боюнча бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү адилеттүү жана ачык-айкын алууну мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк практикасында максималдуу ишке ашыруу болуп саналат.

Коюлган максатка жетишүү үчүн фискалдык саясаттын негизги милдеттери:

1) мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана фискалдык саясат жаатында чечимдерди кабыл алуу;

2) экономиканын ар түрдүү секторлорунун жана тармактарынын субъекттеринин жана салык салуунун ар түрдүү режимдерин колдонуучу субъекттердин салыктык түйшүктөрүн мүмкүн болушунча теңдөө;

3) салык төлөөчүгө өзүнүн милдеттерин убакыт жана эмгек чыгымдарын айрыкча аз жумшоо менен аткарууга, ал эми мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү милдеттүү төлөмдөр жана аларды башкаруу боюнча мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү;

4) Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттер менен ийгиликтүү интеграцияны жана натыйжалуулукту камсыз кылуучу, башкаруунун болгон инструменттерин өнүктүрүү жана жаңыларды өздөштүрүү;

5) өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды изилдөөнүн  натыйжалары боюнча колдонууга киргизилүүчү башкаруунун жаңы механизмдери менен милдеттүү төлөмдөрдү алуу практикасын туруктуу байытуу;

6) салык маданиятын түзүүнүн узак мөөнөттүү мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана салык төлөөчүлөр сыяктуу эле мамлекеттик кызматкерлердин дагы салыктык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

 

4. Фискалдык саясат жаатындагы чаралар

 

2015-2020-жылдарга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу болжолдонууда.

                            

§ 4.1. Мамлекеттик кирешелерди башкаруу

 

1. Салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруу. Салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруудагы мамилелерди салыктык мыйзамдарда колдонулуучу мамилелерге максималдуу түрдө ылайык келтирүү менен салыктык эмес төлөмдөрдү классификациялоого карата бирдиктүү мамилени түзүү.

Салыктык эмес төлөмдөр боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча бирдиктүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин тиешелүү чараларын киргизүүнүн эсебинен анын аткарылышын камсыздоо менен мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен ар кандай милдеттүү төлөмдөрдү киргизүүгө тыюу салган ченемдик укуктук актыны мыйзамдуу тартипте кабыл алуу.

Салыктык эмес төлөмдөрдү жыйноо ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акырындык менен өткөрүп берүү.

2. Жергиликтүү салыктарды башкаруу. Жергиликтүү салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча кошумча коэффициенттерди белгилөөнү жана колдонуудагы ставкалардын диапазонун кеңейтүүнү кошкондо жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыктарды башкаруунун колдонуудагы инструменттерин дифференцияланган колдонуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү. 

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругу менен бекитилген иш-чараларга ылайык даярдык иштерин жүргүзүү жана пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү  боюнча чечим кабыл алуу.

Социалдык төгүмдөрдү алуу үчүн салыктык башкаруунун мамилелерин колдонуу максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды толуктап иштеп чыгуу.

4. Мамлекеттик статистикалык маалыматты түзүү жана отчет берүү. Бюджеттин кирешесин жана чыгымдарын талдоону кошкондо фискалдык саясаттын максаттары үчүн мамлекеттик статистикалык маалыматты түзүү жана берүү системасын кайра карап чыгуу.

Төлөөчү тарабынан финансылык иши жөнүндө отчетту бир мамлекеттик органга берүү мүмкүндүгүн караштыруу.

5. Фискалдык саясаттын стабилдүүлүгү жана мурастуулугу. Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү төлөмдөрдү алуу саясатын өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алуунун өзгөчө укугун белгилөө жолу менен фискалдык саясаттын стабилдүүлүгүн жана мурастуулугун камсыздоо.

Министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары демилгелеген милдеттүү төлөмдөр боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө бардык сунуштарды тиешелүү  ыйгарым укуктуу органдарга чечим кабыл алуу үчүн өткөрүп берүү боюнча талапты белгилөө.

Милдеттүү төлөмдөр боюнча саясатка тийиштүү маселелерди стратегиялык пландоонун тармактык документтерине киргизүүгө тыюу салууну киргизүү.

6. Ишкердик субъекттерин каттоо. Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоо системасын кайра карап чыгуу, «бирдиктүү терезенин» ишин өркүндөтүүнүн негизинде анын чачкындыгын жана кайталануусун жокко чыгаруу, ошондой эле жеке ишкерлерди каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү.

Башка ведомстволор менен байланыштын ишенимдүү каналдарын жана катталган субъекттер жөнүндө маалымат алмашуу системасын түзүү.

7. Салык соту. Колдонуудагы сот системасынын алкагында жаңы институтту - салыктарды, бажы жана салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу процессинде пайда болгон укуктук мамилелерди караштыруу боюнча администрациялык (салыктык) сотту өнүктүрүү.

 

§ 4.2. Салык системасы

 

1. КНС жана сатык салыгы. КНС менен сатык салыгын кайталоону жокко чыгаруу:

1) КНС ставкаларын жогорулатуусуз, салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча сатык салыгын толук жокко чыгаруу;

2) экспорттук жеткирүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жеткирүүлөрдөн сатык салыгын жокко чыгаруу.

2. Акциздик салык. Контролдук (идентификациялык) белгилери менен маркалоо системасын  колдонуу аркылуу алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздик маркаларды киргизүү жолу менен товарлардын акциздик топторун каттоо, эсепке алуу жана контролдоо механизмдерин өзгөртүү.

    ЕАЭСке мүчө-мамлекеттерде белгиленген ставкаларга акырындап жакындатуу максатында алкоголдук продукцияга карата акцизди колдонуунун ставкаларын кайра карап чыгуу.

            Тамеки буюмдарынан алынуучу акциздик салыкты саноонун өзгөчө системасына өтүүнү камсыздоо.

            3. Мүлк салыгы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мүлктүн айрым түрлөрүнө (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө) ставкаларды жогорулатуу аркылуу ашкере байлыкка салык салуунун элементтерин киргизүү же жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу.

            4. Атайын салык режимдери. Төмөнкүдөй жолдор менен ыктыярдуу патенттин негизинде салык режимин кайра карап чыгуу:

            1) иштин түрлөрүнүн санын кыскартуу;

            2) киреше алуунун негизи жеке эмгек болуп саналган ишке гана карата патентти колдонуу принцибин ишке ашыруу;

            3) базалык ставкаларды көбөйтүү;

            4) импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттерге ушул режимди колдонууга тыюу салуу;

            5) салыктык режимдин жогорку деңгээлдерине өтүүнү стимулдаштыруу үчүн механизмдерди жана инструменттерди түзүү.     

Бул чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүктөрүн кайра кароо боюнча сунуштарын эске алуу менен бир убакта кабыл алынышы керек.

 

 

 

§ 4.3. Экономиканын тармактарына жана

секторлоруна салык салуу

 

1. Банк сектору.    Кредиттик ставкаларды жогорулатуу, түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын өсүшүнүн азайышы жана ага жараша кредит берүү көлөмүнүн азайышы сыяктуу тобокелдиктерди эске алуу менен уруксат берилген эсептен чыгаруу системасын кайра карап чыгуу.

2. Жер казынасын пайдалануу. Пайдалуу казындыларга карата баалардын рыноктук бааларды колдонуунун негизинде бонустарды баалоо механизмин киргизүү.

Кен иштетилип башталганга чейин жер казынасын пайдалануучунун КНС боюнча салык төлөөчү катары катталуусун кошкондо жер казынасын пайдаланууга салык салууну жөнгө салуучу бардык ченемдерди чогуу карап чыгуу. 

Жаратылыш ресурстарын издөө жана чалгындоо боюнча иштин өздүк наркына колдонулган сатып алынган материалдар боюнча КНСтин суммасын кошуу мүмкүндүгүн караштыруу.

Пайдалуу кендерди иштетүү жана чалгындоо баскычында болгон жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди жер казынасын пайдалануучулардан алынуучу милдеттүү төлөмдөрдү (инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр, роялти, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга кармоо төлөмү) пайдалуу кендерден түшкөн кирешелерди регионалдык өнүктүрүү фондуларына кайра багыттоо.

3. Курулуш. Турак жай куруу секторунда салыктык кирешени аныктоодо негизги мамилелерди өзгөртүү жана турак жайдын рыноктук наркына жараша курулуштун көлөмүнүн заттык көрсөткүчтөрүнө салыктын белгиленген ставкаларын колдонуу.

4. Айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сектору. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субъекттер үчүн салык төлөөдөн бошотууларды жокко чыгаруу жана айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу мүмкүндүгүн карап чыгуу.

 

§ 4.4. Салык салуунун механизмдери жана инструменттери

 

1. Евразия экономикалык союзуна кошулуу. Кыргыз Республикасы ээ болгон артыкчылыктарды максималдуу түрдө сактап калууну эске алуу менен ЕАЭСтин алкагында салыктык башкарууга мамилелерди жакындатуу жана эриш-аркак келтирүү.

2. Чыгымдарды контролдоонун негизинде салык салуунун базасын кеңейтүү. Салык төлөөчүлөрдүн иш жүзүндө тарткан чыгымдары жөнүндө маалыматка таянып салык салынуучу кирешелерди контролдоо механизмин колдонууну төмөнкүлөрдүн негизинде кеңейтүү:

1) салык төлөөчүнүн кирешелерин жана чыгымдарын жалпы декларациялоону жүргүзүү;

2) салык салуу субъекттери жана обьекттери жөнүндө маалыматка ээ болгон министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтык  базаларын түзүү жана/ же өркүндөтүү;

3) министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда маалымат берүүнүн акыркы системасын орнотуу;

4) салык салуу максатында кирешени аныктоонун кыйыр методдорун өркүндөтүү. 

3. Фискалдык жеңилдиктер. Чет өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбаларын колдонуу менен милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо методикасын иштеп чыгуу.

Салыктык жеңилдиктерди максималдуу түрдө кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдиктер берилген категориясынын салыктык отчеттуулукту туруктуу негизде берүү милдетин белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугун мониторингдөө системасын түзүү.

4. Эл аралык келишимдер. Эл аралык келишимдерди колдонууда бирдиктүү тартипти иштеп чыгуу максатында, салык салуунун өзгөчөлүктөрүн белгилеген бардык эл аралык келишимдерге талдоо жүргүзүү, ошондой эле келечекте мындай макулдашууларды түзүүдө милдеттүү төлөмдөр боюнча артыкчылыктарды берүү эрежелерин белгилөө.

5. Жаңы финансылык инструменттер. “Жашыл” салыктарды киргизүүгө негизделген жогорку натыйжалуу “жашыл” технологияларды илгерилетүү үчүн жаңы финансылык инструменттерди пайдалануу.

Өз ара байланыштагы тараптардын ортосундагы бүтүмдөр боюнча рыноктук бааларды аныктоонун принциптерин өркүндөтүү үчүн трансферттик баа түзүү системасын мыйзамдуу жөнгө салууну киргизүү.

Инвесторлор үчүн салык салуунун туруктуулугун камсыздоо.

6. Дүйнөлүк тажрыйба. Мыйзам чыгаруу чөйрөсү сыяктуу эле тажрыйбалык башкаруу чөйрөсүндө да дүйнөлүк тажрыйбаны туруктуу негизде мониторингдөө, натыйжаларды талдоо жана өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен киргизүү. 

Кыргыз Республикасындагы салык салуу шарттарынын акыркы талаптарга ылайыктуулугунун индикатору катары Дүйнөлүк банктын “Doing Business” рейтингинде лидердик позицияны ээлеген өлкөлөргө салыштыруу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана ЕАЭСке мүчө- мамлекеттерде бизнести өнүктүрүүнүн жана жүргүзүү шарттарынын индикаторлоруна салыштыруу колдонулат.

 

 

 

§ 4.5. Фискалдык башкаруу жана контролдоо

 

1. Башкаруу методдору жана инструменттери. Салыктык башкаруунун методдорун жана инструменттерин киргизүү жана өнүктүрүү:

1) КНСти эсептөөнү жана төлөөнү контролдоонун заманбап методдоруна жана механизмдерине өтүү, атап айтканда, КНСтин эсеп-фактураларынын - так отчёттук бланкаларынын ордуна КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди электрондук ыйгарууну киргизүү;

2) контролдоочу-кассалык машинаны (ККМ) жана реалдуу режимде салык кызматынын маалымат базасына мындай операциялар жөнүндө маалыматтарды белгилөөнү жана өткөрүп берүүнү караштырган, адистештирилген программалык камсыздоону колдонуу менен калкка  товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча операцияларды фискалдаштыруу механизмин киргизүү;

3) жергиликтүү салыктарды, патент негизиндеги салыктарды жана салык эмес төлөмдөрдү башкарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү  боюнча ишти улантуу;

4) жергиликтүү бюджеттердин кирешесин жогорулатуу боюнча бийликтин жергиликтүү органдарына стимул берүү жагында бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү;

5) акциз салыгын башкаруунун акыркы механизмдерин киргизүү:

а) жайларда алкоголдук жана тамеки акциздик продукцияларды сатуу боюнча талаптарды белгилөө;

б) куюу линияларында спирт чыгаруучулар тарабынан чыгым өлчөгүчтү колдонуу боюнча лицензиялык талаптарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;

в) акциздик продукцияны чыгарууну жана сатууну контролдоодо салык постунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

г) тамеки продукциясын сатууда минималдуу чекене бааларды киргизүү.

2. Милдеттүү төлөмдөр боюнча укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу. Милдеттүү төлөмдөр боюнча мыйзамдарды бузуу үчүн айып санкцияларын кыйла жогорулатуу мүмкүндүгүн караштыруу.

Бул чараларды колдонууга киргизүүнү салык маданиятын жогорулатуу программасын ишке ашырууну эске алуу менен жүргүзүү керек.

3. Салык жана бажы органдарынын ишин өркүндөтүү. Коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн салык жана бажы кызматтарынын иши:

1) функцияларды жана иш процесстерин өркүндөтүүгө;

2) кадрдык потенциалды чыңдоого;

3) салык төлөөчүлөрдү мотивациялоону өнүктүрүүгө;

4) бажы жана салык органдарын өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана ишке ашырууга багытталат.

Эң жагымдуу шарттарды камсыз кылган жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн туруктуулугуна жана толуктугуна кепилдик берген бажы системасын өркүндөтүүгө төмөнкү милдеттерди аткаруу жолу менен жетишүү керек:

1) өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо процесстерин оптималдаштыруу;

2) коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана төлөөчүлөрдүн бажы кызматына ишенимин жогорулатуу;

3) бажы төлөмдөрү жагында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн жана аткаруунун толуктугун камсыздоо;

4) бажы кызматын адекваттуу ресурстук камсыздоо менен камсыз кылуу.

4. Салык маданияты. Төмөнкүдөй чаралардын комплексин ишке ашыруунун негизинде калктын салык маданиятын жогорулатуу:

1) бардык деңгээлдерде - мектепке чейинки, орто, жогорку билим берүү программаларына - салык салуу боюнча милдеттүү предметти киргизүү;

2) калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү, анын ичинде бул иштерди жүргүзүү жана калк менен кайра байланышууну ишке ашыруу үчүн калктын активдүү бөлүгүн тартуу;

3) кара өзгөй салык төлөөчүлөргө карата коомдо терс мамилени түзүү боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу;

4) салык жана бажы мыйзамдарынын бизнес менен иштөөсүн өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү.

 

5. 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын ишке ашыруудагы коркунучтар

 

Фискалдык саясат концепциясын ишке ашырууда төмөнкү коркунучтары:

1) дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргыз Республикасы менен чектеш өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн таасирин;

2) өлкөдөгү социалдык-саясий туруксуз кырдаал мүмкүндүгүн;

3) чөйрөнүн (төлөөчүлөрдүн, салык жана бажы кызматынын персоналдарынын, жарандык коомдун жана башкалардын) алдыдагы боло турган өзгөрүүлөргө даярдык деңгээлин;

4) Концепцияда түптөлгөн фискалдык саясат чараларын жетишсиз каржылоону жана сунушталган иш-чаралардын мамлекеттик бюджетке терс таасирин эске алуу зарыл.

 

6. Корутунду. Фискалдык реформаларды улантуунун келечеги

 

Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын ишке ашыруунун натыйжаларын талдоонун негизинде жана мезгил талаптарына жараша фискалдык саясат реформаларын жүргүзүү боюнча келечектеги мындан аркы кадамдарды иштеп чыгуу керек. Мында туруктуу жана ырааттуу салыктык-укуктук талаасына өтүүнү милдеттүү түрдө эске алуу зарыл, ал потенциалдуу инвесторлор үчүн маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.

Фискалдык реформалоо боюнча мындан аркы кадамдар коррупцияга каршы күрөшүүгө жана администрациялык тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө багытталган шарттарды түзүүгө жана ошондой эле, экономиканын формалдуу эмес секторун легалдаштырууга стимул берүүгө багытталышы керек.

 

2-тиркеме

 

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын

ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

 

Иш-чаралар

 

Аракеттер

Жооптуу аткаруучулар

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжа

1

Салыктык эмес төлөмдөрдү башкарууну өркүндөтүү

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин иштеп чыгуу

ФМ, ЭМ, МСК

2015-жылдын               III кварталы

Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү башкарууга бирдиктүү мамиле кылуу. Мыйзамдык ченемдик укуктук актыларда белгиленген салыктык эмес төлөмдөрдү алып салуу

2

Жергиликтүү салыктарды башкарууну өркүндөтүү

 

Бийликтин жергиликтүү органдарына жергиликтүү салыктар боюнча кошумча коэффициенттерди белгилөөгө жана колдонуудагы ставкалардын диапазонун жогорулатууга ыйгарым укук берүүнү кошкондо жергиликтүү салыктарды башкаруунун жаңы инструменттерин ишке киргизүү

ЭМ, МСК, Этностор агенттиги

2015-жылдын      

IV кварталы

Салыктык башкарууну жакшыртуу.

Салык түйшүктү теңдөө

3

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу  булактарын түзүүдөгү көйгөйлөрдү изилдөө

 

ЭМ, ФМ, МСК, СФ

2015-жылдын

IV кварталы

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу-нун орто жана узак мөөнөттүү саясатын иштеп чыгуу боюнча сунуштамалар

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, СФ

2016-жылдын

IV кварталы

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарды башкаруунун бирдиктүү мамилелери

Камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгы боюнча отчеттуулуктун бирдиктүү формасын жана берүү тартибин иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, СФ

2015-жылдын

IV кварталы

Отчеттуулуктун санын кыскартуу 

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын МСКга өткөрүп берүү жана анын жыйынтыгына карата чечим кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорлорду жүргүзүү

 

ЭМ, МСК, СФ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан кийин 6 айдын ичинде (“Мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”,  “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” КР мыйзамдары)

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо

4

Мамлекеттик статистикалык маалыматтарды түзүүнү, классификациялоону оптималдаштыруу жана отчет берүү

 

Фискалдык саясаттын максаттары үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды түзүүгө карата мамилелерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү

ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча), ФМ, МСК

2016-жылдын

 II кварталы

Статистикалык отчеттуулуктун санын кыскартуу, кайталоолорду жоюу, мезгилдүүлүгүн жана формасын оптималдаштыруу

 

Салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу

ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча), ФМ, МСК

2016-жылдын

II кварталы

5

Фискалдык саясаттын туруктуулугун жана улантуучулугун камсыз кылуу

Фискалдык саясатты жүргүзүүдө улантуучулукту жана ырааттуулукту камсыз кылуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу

 

ЭМ, ФМ, МСК

2015-жылдын

IV кварталы

Фискалдык саясатты жүргүзүүдөгү улантуучулук жана ырааттуулук. Фискалдык саясат жаатында чечимдерди кабыл алуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын чектөө

6

Ишкердик субъекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү системасын кайрадан карап чыгуу жана салык кызматында бизнести мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү аркылуу андагы бөлүнүштөрдү жок кылуу

 

Жеке ишкерлерди каттоо функциясын УСКдан МСКга өткөрүп берүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

ЭМ, ЮМ, УСК (макулдашуу боюнча), МСК

2015-2016-жылдар

Жеке ишкерлерди каттоодон өткөрүүнү жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, кайталануучу функцияларды жоюу

“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча уюмдарды каттоодон өткөрүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, талдоо жана аларды ишке ашыруу

МСК

2015-2020-жылдар

 

Бизнеске карата башкаруу түйшүгүн азайтуу, салыктык башкарууну жакшыртуу, кайталануучу функцияларды жоюу

7

Республикада административдик (салыктык) соттун жаңы институтун ишке киргизүү

Колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, ЮМ

2017-жылдын

IV кварталы

Салыктык талаш-тартыштар боюнча кабыл алынган чечимдердин сапатын жана бир түрдүүлүгүн жогорулатуу, аларды карап чыгуунун мөөнөтүн кыскартуу

Адистештирилген соттук корпусту түзүү программасын иштеп чыгуу

ЭМ, ЮМ, МСК

2018-жылдын

I кварталы

8

КНС жана сатуу салыгындагы кайталоолорду жок кылуу

 

КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу

ЭМ, ФМ, МСК

2015-жылдын

III кварталы

КРдагы атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, салыктык жүктү азайтуу жана теңдөө

9

Акциздик топтогу товарларды каттоо, эсепке алуу жана контролдоо механизмдерин өркүндөтүү

 

Акциздик товарларды электрондук маркалоо концепциясын иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, МБК

2016-жыл

Акциз салыгын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу

Электрондук маркалоону ишке киргизүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, МБК

2015-2016-жылдар

10

Акциздик товарларды чыгарууга жана сатууга контролдоону күчөтүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу

 

Акциздик товарларды чыгарууга, сактоого жана сатууга карата атайын талаптардын комплексин ишке ашыруучу ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

МСК

2015-жылдын

IV кварталы

Акциздик товарлардын жана контрафакттык продукциялардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартуу

11

Тамеки жана алкоголдук продукцияларга карата акциздик ставканы ЕАЭСке мүчө-мамлекеттерде белгиленген ставкаларга этабы менен жакындоо

 

Акциздик салыктын ставкасын жогорулатуу этабы жана түзүмү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, МСК, МБК

ЕАЭС менен биргелешкен иштердин чегинде макулдашылган мөөнөттө

ЕАЭСке мүчө - мамлекеттерде белгиленген ставкаларга карата Кыргыз Республикасында акциздик салык ставкасынын минималдык өлчөмүнө жетишүү:

- тамеки продукциялары боюнча – 70%;

- алкоголдук продукциялар боюнчамакулдашылган өлчөмдө.

12

Тамеки буюмдарынан алынуучу акциздик салыктарды эсептөөнүн өзгөчө системасына өтүүнү камсыз кылуу

Ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, МСК

2015-жылдын

IV кварталы

Салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү

13

Ашкере байлыкка салык салуунун элементтерин жайылтуу

 

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн айрым түрлөрү үчүн жогорку коэффициенттерди белгилөө боюнча КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу

ЭМ, МСК

2015-жылдын

IV кварталы

Салык салуудагы социалдык адилеттүүлүктү жогорулатуу

14

Ыктыярдуу патенттин негизинде салыктык режимди кайрадан карап чыгуу

Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу

 

ЭМ, ФМ, МСК

Бардык мезгилдин ичинде

Патент боюнча иштердин чөйрөсүн кыскартуу. Салык түйшүктөрүн теңдөө

15

Кредиттик коюмдардын жогорулашы, түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын жана кредит берүү көлөмүнүн азайышы сыяктуу тобокелдиктерди эске алуу менен банк секторлоруна салык салууну карап чыгуу

Финансы секторундагы салык түйшүгү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ага салык салууну оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу

ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), МСК

2016-жылдын

II кварталы

Башка секторлор менен финансы секторундагы салыктык жүктү теңдөө

КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу

ЭМ, МСК

2016-жылдын

III кварталы

16

Пайдалуу кендерге карата баанын рыноктук өзгөрүшүнө негизделген бонустарды баалоо механизмдерин ишке киргизүү

 

Пайдалуу кендерге карата эл аралык бааны түзүүгө талдоо жүргүзүү

 

 

Пайдалуу кендерге карата эл аралык бааны колдонуу менен бонустарды эсептөө боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

 

КР Салык кодексинин жер казынасын пайдалануучуларга салык салуу боюнча бөлүгүн өркүндөтүү, анын ичинде кенди иштетүү башталганга чейин КНС боюнча салык төлөөчү катары жер казынасын пайдалануучуну каттоо бөлүгүндө

 

Ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, Геология мамагенттиги

 

 

 

ЭМ, Геология мамагенттиги

 

 

 

 

ЭМ, МСК

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЭМ, МСК

2017-жыл

 

 

 

 

2016-жылдын

II кварталы

 

 

 

 

2016-жылдын

III кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2016-жылдын

III кварталы

Тоо секторуна салык салууну оптималдаштыруу

17

Жаратылыш ресурстарын издөө жана чалгындоо жаатындагы иштердин өздүк наркына алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана аларга карата чечим кабыл алуу

Изилдөө жүргүзүү

 

 

ЭМ, МСК, Геология агенттиги

2016-жылдын

III кварталы

Секторго салык салууну оптималдаштыруу

18

Турак-жай курулуш секторуна карата салыктык кирешелерди аныктоодогу негизги мамилелерди өзгөртүү жана турак-жайдын рыноктук наркына жараша пайдага салыктарды эсептөөдө өзүнчө ченемдерди колдонуу

Ченемдик укуктук актынын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, МСК

 

2015-жылдын

III кварталы

Башкарууну жөнөкөйлөтүү. Бизнеске карата башкаруу түйшүгүн азайтуу. Коррупцияны кыскартуу

 

Жаңы ыкмаларды колдонуунун натыйжалуулугун талдоо

ЭМ, МСК

2016-жылдын

I кварталы

2017-жылдын

 I кварталы

2018-жылдын

I кварталы

19

Айыл чарба секторунун жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү субъекттерге салык салууну өркүндөтүү

 

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү субъекттер үчүн салык төлөөдөн бошотуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү

ЭМ, МСК, АЧМММ

2015-жылдын

IV кварталы

Салыктык башкарууну жакшыртуу. Салык түйшүгүн теңдөө

 

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык коюмдарын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө

ЭМ, АЧММ, МСК

2016-жылдын

 II кварталы

20

Салыктык механизмдерди жана инструменттерди колдонуу боюнча позицияларды ЕАЭСке мүчө - мамлекеттер менен  жакындатуу

 

Салык салынуучу субъекттер жана объекттер жөнүндө маалыматтарга ээ болгон министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтык базасын өркүндөтүү

ЭМ, МСК, МБК, СФ, УСК (макулдашуу боюнча), ЮМ, ТКМ, министрликтер жана ведомстволор.

2015-2020-жылдар

Кыргыз Республикасын ЕАЭСке интеграциялоо 

Заманбап талаптарга шайкеш келген байланыш каналдары менен камсыз кылуу жана министрликтер менен ведомстволордун ортосунда маалымат берүү системасын орнотуу

 

ЭМ, МСК, МБК, СФ, УСК (макулдашуу боюнча), ЮМ, министрликтер жана ведомстволор

2015-жылдын

II кварталы

21

Салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоо механизмин колдонууну кеңейтүүнүн негизинде алардын кирешелерин башкарууну жакшыртуу

 

Кирешелерге жана чыгашаларга жалпы декларациялоо жүргүзүү

 

ЭМ, МСК

2016-жылдын
1-январынан тартып

Салык талаасын жана салыктардын жыйналышын кеңейтүү. Формалдык эмес секторду азайтуу

Салык төлөөчүлөрдүн кирешелерин баалоонун кыйыр методдорунун колдонуу чөйрөсүн иштеп чыгуу жана кеңейтүү

ЭМ, МСК

2016-жылдын

II кварталы

 

22

Жеңилдиктерди жана бошотууларды берүүнүн критерийлерин белгилөө

 

 

Дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен салыктык жеңилдиктерди берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо ыкмасын иштеп чыгуу

ЭМ, ФМ, МСК, МБК

2015-жылдын

IV кварталы

Салык түйшүгүн теңдөө

 

Жеңилдиктер жана салык төлөөдөн бошотуу боюнча отчеттуулуктун колдонуудагы формасына өзгөртүү киргизүү. 

Жеңилдиктерди жана бошотууларды берүүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системасын түзүү.

ЭМ, ФМ, МСК, МБК

 

 

 

ЭМ, ФМ, МСК, МБК

2015-жылдын

IV кварталы

 

 

2016-жылдын

II кварталы

 Колдонуудагы салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоонун негизинде салыктык жеңилдиктерди жана бошотууларды максималдык түрдө кыскартуу.

ЭМ, ФМ, МСК, МБК

2016-2020-жылдар

23

Милдеттүү төлөмдөр боюнча жана эл аралык келишимдерди түзүүдө бирдиктүү мамилелерди белгилөө

 

Милдеттүү төлөмдөрдү алуунун өзгөчөлүктөрүн белгилөөчү бардык эл аралык келишимдерге талдоо жүргүзүү мындай келишимдерди түзүүдө милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү эрежелерин иштеп чыгуу

ФМ, ЭМ, МСК, МБК, ТИМ

2016-жылдын

III кварталы

Коррупцияны азайтуу.

Инвестициялар үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү

 

24

Экологиялык технологияларды, жабдууларды жана продуктуларды илгерилетүү жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү

“Жашыл” экономиканын өнүгүшүнө дем берүү инструменттердин жана механизмдерин системасын иштеп чыгуу

ЭМ, ФМ, МСК, МБК, Токой чарба

2017-жыл

Экологияны жакшыртуу

 

25

Трансферттик баа түзүү системасын мыйзамдык жөнгө салууну ишке киргизүү

 

 

Ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, ФМ,  МСК, МБК

2016-жылдын

IV кварталы

Фискалдык максаттарда рыноктук бааны аныктоо принцибин өркүндөтүү

26

Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу 

Дүйнөлүк тажрыйбаны талдоо жана мониторинг жүргүзүү, туруктуу негизде фискалдык саясаттын чараларын иштеп чыгуу

 

ЭМ, МСК

2015-2020-жылдар

Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу. Фискалдык укуктук мамилелерди өркүндөтүү

27

Салыктык башкаруу методдорун жана механизмдерин өркүндөтүү

КНС эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин электрондук алууну ишке киргизүү

ЭМ, МСК

КНСти башкаруунун жаңы концепциясы боюнча мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына жараша

Салыктык укуктук мамилелерге катышуучулардын административдик чыгымдарын кыскартуу

Товарларды, иштерди сатуу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча операцияларды фискалдаштыруу механизмин ишке киргизүү

 

МСК, ЭМ

КР ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышына жана КР Финансы министрлиги тарабынан механизмдерди ишке киргизүүгө бөлүп берилген акча каражаттарына  жараша

Салык салуучу базаны кеңейтүү

Милдеттүү төлөмдөр боюнча электрондук түрдө отчет берүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана жүйөөлөрдү күчөтүү

МСК, МБК, СФ

2015-2020-жылдар

Салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

Салык төлөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин кеңейтүү

МСК, МБК, СФ

2015-2020-жылдар

Жергиликтүү салыктарды башкарууну жана жыйноону жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иштерди улантуу жана жайылтуу

ЭМ, МСК, Этностор агенттиги

2015-2020-жылдар

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу

Бюджеттер аралык трансферттерди эсептөө методун өркүндөтүү

ФМ, ЭМ, МСК

2015-2020-жылдар

28

Милдеттүү төлөмдөр боюнча укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралар системасын жакшыртуу

 

Милдеттүү төлөмдөр боюнча укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ, ФМ, МСК, МБК, СФ

2015-2020-жылдар

Ак ниет салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү

 

29

Салык жана бажы органдарынын ишин өркүндөтүү.

Салык жана бажы органдарын өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу

ФМ, МСК, МБК

2015-2020-жылдар

Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу. Салык жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун  жогорулатуу

30

Жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү

 

Салык салуунун туруктуу режимин белгилеген ченемдик укуктук актынын пакетин иштеп чыгуу

ЭМ

2015-жылдын

IV кварталы

Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү

31

Калктын салыктык маданиятын жогорулатуу.

Бардык деңгээлдеги - мектепке чейинки, орто, жогорку билим берүү программаларына салык салуу боюнча милдеттүү предмет киргизүү

ЭМ, ФМ, МСК, БИМ

2015-2020-жылдар

Салыктык дисциплинаны жакшыртуу

Калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү

ЭМ, ФМ, МСК, МБК, СФ

2015-2020-жылдар

Төлөбөөнү көнүмүшкө айландыргандарга карата калк арасында начар мамилелерди жаратуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

ЭМ, ФМ, МСК

2015-2020-жылдар

Бизнес менен салык жана бажы мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттерин өнүктүрүү

ЭМ, МСК, МБС

2015-2020-жылдар