Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-июлу № 522

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесиндеги:

- "Бразилия Федеративдүү Республикасы" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Япония".

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасына граждандардын келип-кетишинин жана болушунун жөнөкөйлөтүлгөн режимин жөнгө салуучу нормативдик-укук актылары жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-июнундагы № 262 "Дүйнөлүк Соода Уюмунун жана "Шенген макулдашуусунун" кээ бир мүчө мамлекеттеринин граждандары үчүн 2001-жылга визасыз режим киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев