Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-августу № 601

Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)

Натыйжалуу мамлекеттик саясат жүргүзүү жана энергия үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук маселелерин илгерилетүүнү координациялоо, пайдаланылган отун-энергетикалык ресурстарга акы төлөө үчүн бюджеттик уюмдарга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;

- 2015-2017-жылдарда Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы), 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр", "Кыргазнефтегаз", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору, "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Жылуулук менен жабдуу" Ош муниципалдык ишканасы:

- Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук боюнча саясатты пландоонун ведомстволук программаларын бекитишсин (мындан ары - Ведомстволук программа) жана Ведомстволук программаны бекитүү тууралуу буйруктардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине беришсин;

- 2015-2017-жылдардын ичинде ведомстволук жана ведомствонун алдындагы объекттерде энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүүнүн эсебинен ички дүң продукциянын энергия сыйымдуулугун жыл сайын өткөн отчеттук жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөргө салыштырганда 3%га төмөндөтүүнү камсыздашсын;

- Ведомстволук программаны ишке ашырууда жүргүзүлгөн жана пландаштырылган иштер жөнүндө коомчулукка толук маалымат берүү максатында ведомстволук веб-сайттардын маалымат берүүсүнүн деңгээлин жогорулатууну камсыздашсын;

- отчеттук кварталдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Программанын, Иш-аракеттер планынын, ведомстволук программалардын, ошондой эле, ушул пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:

- Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашырууну жалпы координациялоону ишке ашырсын;

- отчеттук кварталдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирбей Программаны, Иш-аракеттер планын жана ушул токтомдун 2-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр, жылуулук энергияларына жана жаратылыш газына тарифтерди кароодо жана белгилөөдө отун-энергетика комплексинин ишканаларынын энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук программаларын ишке ашырууга багытталган экономикалык жактан негизделген сарптоолорун эске алсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Т.Сариев

 

2-тиркеме

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясатын пландоо программасынын
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)

Милдеттер

Чаралар/Аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлгөн натыйжалар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

1

2

3

4

5

I бөлүм. Энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулук жана ЭЖБ жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү

1. Кыргыз Республикасында энергетикалык изилдөөнү киргизүү

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

2017-жылдын I кварталы

Чарбалык иш алып баруучу субъекттердин, ошондой эле мамлекеттин жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы мамилени жөнгө салуу аркылуу ОЭРди казып алууда, иштеп чыгууда, кайрадан иштетүүдө, берүүдө, сактоодо, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө майнаптуулук жогорулатылат, керектөөчүлөрдүн жана ОЭРди иштеп чыгуучулардын кызыкчылыктары корголот

ӨЭЖМК

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. ЭҮ, ЭМ жана ЭЖБ саясатын өркүндөтүү

өндүрүштө, ЭЖБдан өндүрүлө турган энергияны кайра түзүүдө жана берүүдө колдонулуучу технологиялык жабдыктарды импорттоо үчүн преференциялар механизмин иштеп чыгуу

2017-жылдын II кварталы

ЭҮ, ЭМ жана ЭЖБ үчүн зарыл жабдуулардын өздүк наркы төмөндөтүлөт

ӨЭЖМК, БК

4. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыздоо

"Имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө, имараттардын энергетикалык сертификаттарынын мамлекеттик реестри тууралуу, квалификацияны сертификациялоонун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу

2017-жылдын II кварталы

"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иш жүзүндө аткарылат

Курулуш агенттиги эл аралык жана жергиликтүү консультанттардын көмөгү менен "Имараттар секторундагы энергетикалык майнаптуулук боюнча жаңы мыйзамдарды киргизүүгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында

5. ОЭРди керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн ЭҮ жана ЭМ боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин аткарган энергиялык сервистик компанияларды (ЭСКО) уюштуруу үчүн шарттарды түзүү

ЭСКО ишине дем берүү механизмин иштеп чыгуу

2017-жылдын II кварталы

ЭМ жогорулатылат, технологиялык процесс оптималдаштырылат, ОЭРды сатып алууга кеткен чыгымдарды кыскартуу сыяктуу бюджеттик чөйрөнүн жана ТКЧ пайдасынын кеңири спектрине жетишилет

ӨЭЖМК

6. ЭҮ жана ЭЭ максаттуу көрсөткүчтөрүн (индикаторлорун) "Республиканын экономикасынын тармактарын жана калкын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" жыл сайын чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна киргизүү

1 Гкал жылуулук энергиясын жана 1 кВтс электр энергиясын иштеп чыгууда күйүүчү отундун салыштырма сарпталышын азайтуу үчүн энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын майнаптуулугунун индикаторлорун аныктоо

2017-жылдын II кварталы

ОЭРди өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергия үнөмдөө потенциалын күчөтүү аркылуу ОЭРди керектөөнү көбөйтпөстөн ИДПнын өсүшүнө жетүү, чыгарылган продукциянын энергия сыйымдуулугу азайтылат

ӨЭЖМК, тармактык министрликтер жана ведомстволор, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

7. Ишканалардын жана чарбакер субъекттердин көрсөткүчтөрү жана ЭҮ менен ЭМ индикаторлору боюнча отчеттун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана киргизүү

ӨЭЖМК менен УСКнын ортосунда энергетикалык текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин ЭҮ жана ЭМ боюнча статистикалык отчеттун формаларын жана методикасын иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу

2017-жылдын II кварталы

ОЭР өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы жана аларды ишканалар менен уюмдарда пайдалануунун майнаптуулук көрсөткүчтөрү жөнүндөгү мамлекеттик статистикалык отчет жүргүзүүнү камсыздоо

ӨЭЖМК, УКС (макулдашуу боюнча)

II бөлүм. Энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулук жана ЭЖБ жаатында иш алып баруучу мамлекеттик жөнгө салуучу (анын ичинде көзөмөлдөөчү жана контролдоочу) институттар системасын жаңылоо

1. ОЭРге болгон суроо-талапка дайыма талдоону, пландаштырууну жана божомолдоону, энергетикалык изилдөө боюнча адистерди даярдоо аркылуу энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздоо

ЭӨЖМКнын алдындагы КИИИЭЭ структуралык бирдиги катары энергняны үнөмдөө боюнча жана энершяларга болгон суроо-талапты башкаруу лабораториясы жөнүндө Жобону бекигүү жана лабораторияны ачуу

2017-жылдын I кварталы

ЭҮ, ЭМ жана ЭЖБ боюнча долбоорлорду ишке аншрууга мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтардын бирднктүү маалыматтык-аналитикалык базасы түзүлөт. Энергетикалык изилдөөнү жүргүзүүчү адистерди окутуу жана даярдоо, аларды сертификациялоо үчүн шарт түзүлөт

ӨЭЖМК

2. МЭРди түзүү

"Мамлекеттик энергетикалык реестрди түзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу

2017-жылдын III кварталы

Кыргыз Республикасында ЭҮнүн чыныгы потенциалын жана ОЭРди үнөмдөөнүн мүмкүн болгон жолдорун аныктоо үчүн платформа түзүлөт

ӨЭЖМК, УСК (макулдашуу боюнча), тармактык министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

Энергетикалык изилденүүчү ишканаларды жана чарбакер субъекттерди аныктоо жана МЭРди түзүү

2017-жылдын III кварталы

3. Баардык категориядагы керектөөчүлөрдүн ОЭРди үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү

ЭҮ боюнча экономикалык дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана бюджеттик уюмдардын энергиялык майнаптуулугун жогорулатуу

2017-жылдын I кварталы

ОЭРди өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө ЭҮ потенциалын жогорулатуу аркылуу ОЭРди керектөөнү азайтууга жетиштүү

ӨЭЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

4. 2018-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасынын экинчи этабын иштеп чыгуу

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасын актуалдаштыруу жана мониторинг жүргүзүү

2017-жылдын IV кварталы

Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергия үнөмдөөнүн потенциалын жана экономиканын энергиялык майнаптуулугун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнү азайтуу

Эл аралык долбоорлордун көмөгү менен ЭӨЖМК

5. Энергияны үнөмдөөчү иш-чаралардын эсебинен бюджеттик уюмдарда электр энергияны керектөөнү азайтуу

Чыңалуу лампаларын энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу

2016-2017-жылдар

Электр энергияны керектөөнү азайтуу

ӨЭЖМК, министрликтер жана ведомстволор, Улуттук энерго холдинг (макулдашуу боюнча)

III бөлүм. Энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулук жана ЭЖБ жаатында маалыматтык камсыздоону, кадрлык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу

1. Калкка, мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго маалымдоону жана агартууну камсыздоо

Сайттарда жана маалыматтык порталдарда ЭЖБ, энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулугу боюнча маалыматтарды жайгаштыруу, ЖМК аркылуу саясатты киргизүү

2015-2017-жылдары, туруктуу негизде

ОЭК ишканаларынын чыгашалары жана кирешелери, баалары жана тарифтери, пайдалары жана тарткан зыяндары жөнүндө, жаратылыш ресурстарына, энергия заттарына аяр мамиле кылуу маселеси боюнча калктын жана коомчулуктун маалымдуулук деңгээли жогорулайт

ӨЭЖМК эл аралык долбоорлорунун көмөгү менен, "БИОМ" экологиялык кыймылы долбоорлорунун көмөгү менен, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

2. Окуу жайлардын кафедраларында энергия үнөмдөө, энергия майнаптуулук жана энергетикалык изилдөө багыты боюнча адистерди даярдоочу специалисттерди уюштуруу

Билим берүү системасынын тийиштүү жогорку окуу жайларында ЭҮ, ЭМ жана энергетикалык изилдөөлөр боюнча специалисттерди түзүү

2015-2016-жылдары

Республиканын экономика тармактарын жана ОЭК ишканаларын ЭҮ, ЭМ жана энергетикалык изилдөөлөр багытындагы адистердин зарыл саны менен камсыздоо

БИМ

 

Кыскартуулардын тизмеги

ИДП

-

ички дүң продукция

Курулуш агенттиги

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

ЕӨРБ

-

Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы

МБК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

ӨЭЖМК

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

ЭМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ЧУА

-

ченемдик укуктук актылар

УСК

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

ЕАЭБ

-

Евразия экономикалык бирлиги

САSЕР

-

Борбордук Азиядагы туруктуу энергетика боюнча программа

ЖӨБО

-

жергиликтүү өзү алдынча башкаруу органдары

ОЭК

-

отун-энергетикалык комплекси

ОЭР

-

отун-энергетикалык ресурстар

МЭР

-

Мамлекеттик энергетикалык реестр

ЭЖБ

-

энергиянын жаңылануучу булактары

ЭҮ

-

энергияны үнөмдөө

ЭМ

-

энергиялык майнаптуулук