ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Кыргыз Республикасында
2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясатын
пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
ПРОГРАММАСЫ
I. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
1. Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы жана отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун майнаптуулугу
Азыркы учурда өз энергоресурстарыбыздын тартыштыгы жана импорттолуучу көмүрсуутектеринин баасынын дайыма өсүп турушу өндүрүш көлөмдөрүн өстүрүүгө жана калктын республиканын экономикасынын реалдуу секторунун энергия заттарына болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырууну артка тартып жаткан факторлор болуп саналат.
2005-2013-жылдар мезгилинде ресурстарды калыптандырууда өзүбүздүн өндүрүүбүздү азайтуунун эсебинен структуралык жылыштар болуп, отун-энергетикалык ресурстар (мындан нары - ОЭР) өндүрүшү 2005-жылдагы 77,64%дан 2013-жылы 68,6%га азайган, импорттун өсүшү - 2005-жылдагы 18,24%дан 2013-жылы 25,8%га чейин жогорулаган. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отун-энергетикалык баланс ресурстарын калыптандыруунун структурасында чакан гидро-электр станциялардын (мындан нары - ГЭС) жана салттуу эмес жаңылануучу энергия булактарынын (мындан нары - ЖЭБ) үлүшүнө 0,9% гана туура келет.
ОЭРдин өндүрүш-технологиялык муктаждыктарга керектөө түзүмүндө 2013-жылы турак-жай коммуналдык чарбанын (мындан нары - ТКЧ) жана элдин үлүшүнө - 43,5%, өнөр жай үлүшүнө 12,4%, транспортко - 39,5%, айыл чарбасына - 3,9% туура келет. Анын ичинен 2005-2013-жылдар ичинде ТКЧ жана элдин керектөөсү - 1,68 эсеге, транспорттуку - 3,49 эсеге өстү, өнөр жайда энергияны керектөө - 2,6%га, айыл чарбасында - 27,4%га төмөндөдү.
2. Кыргыз Республикасында экономиканын энергия сарптуулугунун сереби жана энергия ресурстарын керектөө түзүмү
Республиканын экономикасынын энергия сарптуулугу жалпысынан жогорку деңгээлде калууда. Кыргызстанда ички дүң продукциянын (мындан нары - ИДП) энергия сыйымдуулугунун деңгээли Key World Energy statistics Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматы боюнча 2014-жылы 1000 АКШ долларына 1,29 тонна нефти эквивалентти (т.н.э.) түзгөн, дүйнөлүк орточо көрсөткүч - 0,24 т.н.э.
Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 0,1-0,18 т.н.э. түзөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө - АКШ 1000 долларына 0,22-0,86 т.н.э. түзөт. Өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясат активдүү жүргүзүлгөндө экономиканын энергия сарптуулугу бир нече эсеге азаят (1,5-2 эсеге).
экономиканы модернизациялоонун деңгээлинин төмөндүгү жана энергия заттарына болгон суроо-талаптын башкарылбастыгы бул кырдаалга таасир берген негизги факторлорду түзөт.
Экономиканын тармактары боюнча ОЭРди керектөө түзүмүндөгү коммуналдык-тиричилик секторунун үлүшү урунттуу көтөрүлүп, өнөр жай жана агрардык тармактын үлүшү төмөндөдү. Мисалы, 90-жылдардын башында ТКЧ жана калк ички рынокко коюлган бардык электр энергиясынын 23% керектеген; бюджеттик чөйрөдө - 10,6%, өнөр жай - 42%, айыл чарбасы 22%, башка керектөөчүлөр - 14% керектешкен. Бул көмүр казуу 1990-жылы 3,7 млн. тоннадан ашык болушу менен шартталган, анын 1,72 млн. тоннасы республиканын ичинде керектелген, 2,04 млрд. куб.метр жаратылыш газы, 600 миң тонна жагылуучу мазут алып келинген.
Бүгүнкү күндө электр энергиясын керектөө түзүмү ТКЧ жана калк ички рынокко коюлган бардык электр энергиясынын 76,6%, өнөр жай - 19,1%, айыл чарбасы 2,5%, транспорт - 0,4% керектеген абалга өзгөрдү. Көмүр менен газды керектөөнүн азайышынан улам булардын жүгү электрэнергетика тармагына түштү. Бүгүнкү күндө жылуулук берүү, ысык суу менен камсыздоо жана тамак-аш даярдоо дээрлик электр энергиясынын эсебинен ишке ашырылат, эгерде 1990-жылы ТКЧ менен калк 1,939 млрд. кВтс керектелсе, 2013-жылы - 7,87 млрд. кВтс керектеп калды, кышкы керектөө жайкыдан 3,5 эсеге көп болуп сезондук айырмасы абдан чоң болгон.
Энергетика ресурстарын пайдалануунун тармактар боюнча майнаптуулугун "энергия ресурстарын үнөмдөө" индикатору аркылуу баалоо ИДПнын энергия сыйымдуулугунун азаюусуна карабастан, электр энергиясын үнөмдөө да, ашыкча пайдаланышы да орун алды.
3. Экономиканын секторлорундагы продукцияны чыгарууга кетүүчү жалпы сарптоолордогу энергияны керектөөгө жумшалуучу сарптоолордун үлүшү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча электр энергиясын сарптоолордун салыштырма салмагы 2005-жылдагы 2,6%дан 2013-жылы 1,5%га чейин төмөндөдү. Ошол эле учурда, ар кандай тармактарда ушул көрсөткүчтүн төмөндөшү байкалууда, анын ичинде: айыл чарбасында - 3,3%дан 2,6%га чейин; тоо-кен өндүрүш өнөр жайында - 5,5%дан 1,1%га, иштетүүчү өнөр-жайында - 2,3%дан 1,4%га; курулушта - 1,3%дан 0,5%га; соода, автомобилдерди, тиричилик жана жекече пайдалануу буюмдарын оңдоо тармагында - 1,7%дан 0,6%га, транспорт ишинде - 1,6%дан 0,7%га жана башкалар.
Ошол эле учурда, экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын отунга деген сарптоолору 2005-жылы 9,5%дан 2013-жылда 8,3%га чейин кыскартылды. Ошол эле учурда тоо-кен өнөр жайында - 7,5%дан 14,6%га ушул көрсөткүчтүн жогорулашы транспорт ишинде - 22,5%дан 26,1%га жогорулаган жана иштетүүчү өнөр-жайында - 4,6%дан 4,1%га, курулушта - 11%дан 9,7%га төмөндөгөнү байкалууда, бул электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрбөгөн шартта бардык углероддук отундарга баалардын өсүшү, ошондой эле көпчүлүк энергия керектөөчү өнөр жайлар пайдаланылбай турган жана майнапсыз өндүрүш кубаттуулуктары үчүн энергияны сарптоолорго кириптер болгондугу менен байланыштуу.
Айыл чарбасында отунга жана электр энергиясына деген сарптоолордун 2005-жылдагы 16,8%дан 2013-жылы 8,4%га чейин төмөндөө тенденциясы орун алууда, бул баалардын өсүшүнөн улам пайдалануучу көлөмдөрүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт.
ТКЧ чөйрөсү газды, сууну жана жылуулук энергиясын туура эмес пайдалануусу, экономия жаатынан алып караганда энергетика ресурстарын, имараттардын жана курулуштардын, түзүлмөлөрдүн долбоорлорун майнапсыз пайдалануу менен мүнөздөлөт. Жылуулук энергиясынын, газ менен суунун чыгымын эсептөөчү квартиралардагы шаймандар жетишээрлик көлөмдө орнотулган эмес. Турак жай фондунун жылуулук боюнча жоготуулары климаттарыбыз окшош башка өлкөлөргө салыштырганда, бизде бир канча эсеге жогору.
Заманбап курулуш энергияны сарптоолор боюнча алып караганда майнабы төмөн курулуш түзүлмөлөрүн жана материалдарды пайдаланып, курулуш материалдарын жана энергетика ресурстарын өтө көп чыгымдоо менен, ошондой эле жылуулук жоготуулары чоң, курулуш иштеринин сапаты төмөн имараттардын жана турак үйлөрдүн долбоорлорун колдонуу менен мүнөздөлөт. Кыргыз Республикасында жалпы аянттын 1 м2 энергияны орточо керектөө жылына 450-650 кВт түзөт, ал эми европа өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 100-150 кВт ашпайт. Бирок, энергия керектөө көлөмдөрүн эсептегенде жылуулукка жана жарык берүүгө коротулган сарптоолор гана эске алынат, ал эми европа өлкөлөрүндө бул көрсөткүч жылуулук, жарык берүү жана ысык суу менен камсыздоо сарптоолорун камтыйт.
Заманбап экономикалык шарттарда бюджеттик уюмдарда энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды жүргүзүүнү кармап жаткан негизги факторлор энергияны үнөмдөөнү өбөлгөлөөчү механизмдердин жоктугу жана аларды аткарууга финансы каражаттарынын жетишсиздиги болуп саналат. Жыл сайын коммуналдык кызматтарга мамлекеттик бюджеттен 1,3 млрд. ашык сом бөлүнөт, бул мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 8% жана ИДПнын 1,5% түзөт. Мындай акыбал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммуналдык кызматтарга (электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы) бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттардын туура эмес пайдаланылып жатканынан, бюджеттик уюмдарга энергетикалык жана техникалык паспортторду туура эмес түзүүдөн, мамлекеттик органдар тарабынан финансы каражаттарынын пайдаланылышына контролдун жоктугунан, ошондой эле ишканаларда энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулугу боюнча чаралардын планынын жок экенинен кабар берип турат.
4. Реалдуу сектордун ОЭРди керектөөсүнүн жана 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында туруктуу энергия пайдалануу индикаторлорунун божомолу
ОЭРди керектөөнүн күтүлгөн болжолу 2015-2025-жылдардагы мезгилде ИДПнын 105%га өсүшү божомолдонгон, өлкөнүн орто жана узак мөөнөттөгү келечекте экономикалык өнүгүү тенденцияларына жараша иштелип чыккан.
ИДПнын энергия сыйымдуулугунун ар кандай төмөндөө темптеринин ОЭРди керектөө көлөмдөрүнө берген таасирине анализ жүргүзүлүп Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү сценарийин кабыл алынышы сунушталды, анын негизинде ИДПнын энергия сыйымдуулугун жыл сайын 3%га, жалпы божомолдонгон 2015-2025-жылдардагы мезгилде 24%га төмөндөтүү, ал эми электр керектөөнүн өсүү темптерин жыл сайын 4%га көтөрүү менен, 2015-2025 жылдарда 148%га көтөрүп, ошол эле учурда ИДПнын электр сыйымдуулугун 9%га төмөндөтүү зарыл.
Аткарылган эсептер экономиканы туруктуу өнүктүрүү жолу менен алдыга жылдырууну, экономиканын атаандаштыкка жарамдуулугун күчөтүүнү камсыздоочу ИДПнын божомолдонгон өсүүсүнө жетүү - энергия ресурстарын керектөөнүн өсүү темптерин ИДПнын өсүү темптерине карата төмөндөтүү менен гана мүмкүн болоорун көрсөттү. Бул төмөнкү жолдор менен камсыздалат:
- энергия заттарына суроо-талапты жана республикада энергия үнөмдөөнү, ЭЖБны өнүктүрүү процессин сапаттуу башкарууну уюштуруу;
- энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана ЭЖБны иштеп чыгууну, жайылтууну жана өндүрүүнү өбөлгөлөө;
- экономиканы энергия сыйымдуулугу төмөн продукция өндүрүүгө багыттоо.
5. Экономиканын энергия майнаптуулугун көтөрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү
Энергияны үнөмдөө саясатындагы маанилүү кадам тиешелүү шаймандар жана системалар менен энергия заттарынын бардык категорияларын жабдуу жолу менен ОЭРдин жумшалышынын эсебин алуу жана контроль жүргүзүү болуп саналат.
Экономика секторундагы энергия керектөөчү шаймандардын паркын модернизациялоо жана жаңылоо чөйрөсү ОЭРди жоготууларын азайтуунун резерви болуп саналат. Мында төмөнкүлөрдүн эсебинен электр энергиясын 20-25%га жана жылуулук энергиясын 10-15%га үнөмдөөгө болот:
- энергия сыйымдуу өнөр жай ишканаларын отун кендерине жана электр станцияларга жакын жерге жайгаштыруу;
- өнөр жай өндүрүшүнүн материалын жана энергия сыйымдуулугун төмөндөтүү, анын ичинде кайра иштетүүчү чийки заттын сапатын көтөрүүнүн жана өндүрүш калдыктарын кайталап масштабдуу пайдалануунун эсебинен;
- майнаптуу жана экологиялык таза энергия заттарын керектөөнүн акыркы стадиясында пайдалануу.
Бул үчүн инвестициялык жана ченемдик укуктук база, даярдалган квалификациялык персоналдын болушу, кеңири масштабдуу маалымат кампанияларын жүргүзүү менен энергия үнөмдөө ишине керектөөчүлөрдү да жана энергия ресурстарын иштеп чыгуучуларды да кеңири тартуу керек.
Энергияны үнөмдөөчү саясатты ишке ашыруудан максималдуу натыйжа алуу үчүн энергияны үнөмдөө тармагында эл аралык кызматташууну чыңдоо зарыл. Энергияны үнөмдөө жаатындагы координацияланган эл аралык күч-аракеттер энергияны үнөмдөө технологияларын чыгаруу жаатындагы акыркы жетишкендиктер жөнүндө маалымат алмашууга, энергияны үнөмдөө стандарттарына жооп бербеген продукциялар үчүн рынокту жабууга, же тескерисинче энергия керектөөдөгү эң майнаптуу үлгүлөрдү алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.
Энергиянын майнаптуулугун көтөрүүгө финансы каражаттары тартыш болуп турган шартта энергияны үнөмдөө саясатын түзүү жана ишке ашыруу ишинде прогрессти камсыздоодо ОЭРге суроо-талапты жөнгө салуу жана башкаруу иши маанилүү ролду ойнойт.
II. Энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук жаатындагы мамлекеттик саясатты анализдөө жана баалоо
1. Мыйзамдар жана институттук база
Энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясаты жаатындагы талаптар "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" жана "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган.
Энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү экономикалык механизмдер мыйзамдарда аныкталганына карабастан, энергияны үнөмдөө саясатынын инвестициялык дараметин түзүү үчүн, тарифтердин төмөндүгүнө, инвесторлорго берилүүчү кепилдиктердин жана башка объективдүү негиздерге байланыштуу, аларды иш жүзүндө пайдаланууга болбой жатат.
Бүгүнкү күндө төмөнкүлөр жок:
- дайыма системалуу негизде отун-энергетикалык ресурстарын майнаптуу пайдалануусуна техникалык көзөмөл жүргүзүү иштери жок;
- энергетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын негизинде мекемелердин ченемдүү жана факт түрүндөгү энергетикалык чарбасынын акыбалын камтыган энергетикалык паспортторду түзүү мүмкүнчүлүгү жок;
- Энергияны үнөмдөө фонду жок;
- энергияны үнөмдөөнү жана энергиянын майнаптуулугун өнүктүрүүнү өбөлгөлөөчү экономикалык механизмдер жок;
- энергияны керектөөнүн белгиленген ченемдерден ашкандыгы үчүн экономикалык санкциялар жок.
Ошол эле, учурда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясаты багытында иштеп жаткан мамлекеттик институттук система төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:
- мамлекеттик органдардын ортосундагы коммуникациялык байланыштын жоктугу;
- энергияны үнөмдөө багытында саясатты иштеп чыгуу жана энергияны үнөмдөө багытында көзөмөл жүргүзүү жана текшерүү боюнча ишин аткарган ведомстволордун ортосунда жоопкерчиликтин чеги так жана даана көрсөтүлбөгөндүгү;
- каражат жагынан жетишсиз камсыздоо, техникалык жактан төмөнкү деңгээлде жабдылышы, лабораториялык инфраструктуранын жоктугу.
Программаны ишке ашыруу үчүн институттук реформалар зарыл - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" Кыргыз илимий-техникалык борборунун структурасында энергияны үнөмдөө жана энергия ресурстарына болгон талапты башкаруу лабораториясын (мындан ары - Лаборатория) түзүү, ал энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулугу жана ЭЖБ жаатында бирдиктүү аналитикалык органга айланат.
Лабораториянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: энергияны үнөмдөөчү технологияларды, жабдууларды, альтернативдүү энергия булактарын жайылтуу, экономиканын реалдуу тармактарын өнүктүрүүгө ылайык энергия заттарынын бардык түрлөрүнө суроо-талапты божомолдоо жана продукциянын энергия сыйымдуулугун, шаарлардагы жана региондордогу калктын энергияны керектөөсүн азайтуу; тиричилик шаймандарын сертификациялоо жана маркалоо боюнча экономикалык механизмдерди, ченемдерди иштеп чыгуу; энергетикалык тейлөө компанияларын (мындан нары - ЭТК) өнүктүрүү; ISO 50001 эл аралык энергетика менеджмент стандартын ылайыкташтыруу жана аны экономиканын реалдуу тармактарындагы бардык ишканаларга жайылтуу, ошондой эле сертификатталган энергия аудиторлорун жана энергия менеджерлерин даярдоо жана кайрадан даярдоо болуп эсептелет.
Лаборатория өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп шартында иш, республикадагы энергиялык компанияларга энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук жаатында программаларды аткаргандыгы үчүн алынган каражаттардын негизинде энергетикалык изилдөөнү аткаруучу инспекторлорду (энергия аудиторлорун) даярдоо үчүн алынган төлөмдөр, физикалык жана юридикалык жактардан өз ыктыяры менен берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка келүүчү каражаттардын негизинде жүргүзөт.
III. Программанын максаты, максатка жетүүнүн артыкчылыктары жана аны ишке ашыруунун иш-чаралары
Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергияны үнөмдөө дараметин күчтөндүрүү, элдин жашоо сапатын жана экономиканын энергия майнаптуулугун көтөрүү, ошондой эле курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди азайтуу жолдору менен отун-энергетикалык ресурстарды керектөөнүн көлөмүн көтөрбөстөн, 2017-жылы ички дүң продукциянын өсүүсүн камсыздоо.
2. Программанын максатына жетүү үчүн артыкчылыктар
Программанын максатына жетүү үчүн 4 стратегиялык өнүгүү артыкчылыгы аныкталган.
Биринчи артыкчылык. Өлкөдө энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү процессине сапаттуу уюштуруучулук жана башкаруучулук колдоо көрсөтүү аркылуу 2017-жылы үнөмдөлгөн энергиянын көлөмүн 2,23 млн. о.ш.т. чейин жеткирүүнү камсыздоого багытталган.
Экинчи артыкчылык. Энергия менен газды өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергиялык майнаптуу техникалык каражаттарды, технологияларды жана материалдарды иштеп чыгууну жана пайдаланууну өбөлгөлөө аркылуу 2020-жылы сакталган энергиянын көлөмүн 4,1 млн. о.ш.т. камсыздоо.
Үчүнчү артыкчылык. 2015-2025-жылдар ичинде экономиканы түзүмдүк кайра куруу аркылуу энергия сыйымдуулук көрсөткүчтөрүн 30%га жана жылына 5%га чейин азайтууга, ал эми үнөмдөлгөн энергиянын көлөмдөрүн 8 млн. о.ш.т. жеткирүүгө багытталган.
Төртүнчү артыкчылык Кыргыз Республикасынын өзүнө алган мелдеттенмелеринин негизинде, республикабызда парник газдарынын СО2 эквивалентиндеги абага чыгарылышын 20%га азайтуу аркылуу экологиялык акыбалды жакшыртуу зарыл, алар энергияны үнөмдөө иш-аракеттерин жана энергиянын жандандырылган булактарын пайдаланууну ишке ашыруу, реалдуу сектор экономикасынын энергиянын майнаптуулугун пландаштыруу жана ИДПнын энергия сыйымдуулугун макро деңгээлде башкаруу, энергия ресурстардын сарптоо нормаларын продукцияны өндүрүүдө жана кызмат кылуу чөйрөсүндө, ошондой эле калк тарабынан төмөндөтүү.
2015-2017-жылдар мезгилинде бүгүнкү күндөгү реалдуулуктан улам (инвестициялардын жетишпестиги, энергияны үнөмдөөдөгү экономикалык кызыкчылыктын жоктугу) технологиялык, уюштуруучулук жана илимий-техникалык мүнөздөгү иш-чараларды ишке киргизүү зарыл. Буга байланыштуу ишке ашыруу жаатынан алып караганда арзан, бирок келечекте жогорку натыйжаларды алып келе турган иш-аракеттерге басым жасалат. Негизинен алар төмөнкүлөргө багытталат:
- кызыкдар тараптардын ортосунда коммуникацияларды түзүү;
- ишканаларды изилдөө;
- имараттарды энергиянын майнаптуулугу боюнча изилдөө жана энергетикалык паспортторду түзүү;
- кызматкерлерди окутуу;
- методикалык жана мыйзамдык камсыздоону даярдоо;
- уюштуруу түзүмдөрүн түзүү;
- электр энергияны, жылуулук жана газ рыногунун катышуучуларын энергия ресурстар чыгымын эсептөөчү шаймандар менен жабдуу;
- энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана энергиянын жандандырылган булактарын өнүктүрүү келечеги боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- энергияны керектөөчүлөрдө да, өндүрүүчүлөрдө да энергия үнөмдөөнүн материалдык өбөлгө системасын түзүү.
Биринчи кезекте күйүүчү отун менен энергиянын үнөмдөлгөн көлөмдөрүнүн наркынан салыштырмалуу сарптоолору төмөн болгон технологиялык чараларды гана жүргүзүү зарыл. Мында кыска мөөнөттө өзүн-өзү актай турган иш-чаралар ишке ашырылууга тийиш. Өзүн-өзү актоо мөөнөтүнүн акыркы чеги 7 жыл (бекитилген амортизация ченемдерине ылайык энергияны үнөмдөөчү шаймандардын иштөө мөөнөтү) болушу керек.
Энергияны үнөмдөөчү иш-чаралардын ичинен абсолюттуу артыкчылык электр энергетикада да, керектөөчүлөрдө да "чыгашасыз" иш-чараларга берилет, алар ишканалардын ишин уюштурууну жакшыртуунун, материалдык кызыктыруу системасын киргизүүнүн, элементардык тартипти оңдоонун эсебинен ишке ашырылат. Тажрыйбага таянсак, мындай тариздөө менен ишкананын бардык үнөмдөө дараметинин 5тен 25%га чейинкисин ишке ашырууга болот. Булардын негизинде, эсептерге ылайык парниктик газдардын эмиссиясынын кыскаруусу 20%дан жогоруга жетет. Ошол эле учурда, СО, NOx жана SO2 негизги булгоочу заттардын кыскартылышына жетишилет.
Андан кийин энергиянын майнаптуулугу жана технологиялык энергияны үнөмдөө потенциалын ишке ашыруу жаатындагы өнүгүүгө жетишүү үчүн инвестициянын көптөгөн көлөмүн тартуу талап кылынат.
Уюштуруу чараларынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- энергияны үнөмдөө чараларын жана механизмдерин уюштурууну, жүргүзүүнү жана жүзөгө ашырууну регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, министрликтердин жана ведомстволордун буйруктарын кабыл алуу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан энергияны үнөмдөөгө жетекчилик кылуу жана аны координациялоо.
Уюштуруу чараларынын комплексинде төмөнкүдөй системаларды түзүүгө багытталган иш-чаралар олуттуу мааниге ээ:
- жабдуулардын, материалдардын, процесстердин жана имараттардын энергиялык майнаптуулугун ченемдөө;
- энергияны керектөөчү жана энергияны өндүрүүчү жабдууларды стандартташтыруу, сертификациялоо, тиричилик шаймандарын маркировкалоо;
- жабдуулардын, материалдардын, процесстердин жана имараттардын иш жүзүндөгү энергия сыйымдуулугун, анын ичинде энергия аудитин уюштуруу жана жүргүзүү менен аныктоо;
- эсепке алуу жана статистикалык отчеттуулук;
- курулуш жана реконструкция долбоорлорунун энергиялык майнаптуулугун милдеттүү түрдө экспертизадан өткөрүү;
- көзөмөл жана контроль жүргүзүү.
5. Финансы-экономикалык чаралар жана механизмдер
Жаңы экономикалык шарттарда республиканы майнаптуу энергия менен жабдууну камсыздоо табигый монополиялардын чарбалык ишин жөнгө салуу боюнча мамлекет тарабынан аткарыла турган чараларга жана мамлекет тарабынан салык жана баа саясатынын жүргүзүлүшүнө жараша болот.
Негизги финансы-экономикалык механизмдер энергияны үнөмдөөнү экономикалык жактан өбөлгөлөөгө багытталган жана энергия сыйымдуулугунун ченемдик жана иш жүзүндөгү аныктамаларынан, процесстердин, жабдуулардын жана имараттардын энергия майнаптуулугунун коэффициентинен келип чыгат.
Энергияны үнөмдөө максаттары үчүн жөнгө салуунун төмөнкүдөй механизмдери пайдаланылат:
- бажы чөйрөсүндө (энергиянын майнаптуулугуна жараша бир типтеги жабдуулар үчүн ставкалардын жөнгө салуу айырмасын түзүү);
- инвестициялар чөйрөсүндө (энергияны үнөмдөө жаатындагы долбоорлор үчүн преференциялар);
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө (конкурстун критерийлерине жабдуунун энергия майнаптуулук коэффициентин кошуу);
- тарифтик саясатта (энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларга жөнгө салуунун эсептөө мезгилинде инвестицияларга чыгымдар тарифтерин кошуу).
ЭЖБ жайылтуу Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча 1992-жылдын 9-майындагы Рамкалык конвенциясы жараткан эл аралык колдоо механизмдери аркылуу божомолдонот (мындан нары - БУУнун Рамкалык конвенциясы).
Программаны ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук, финансылык-экономикалык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жана юридикалык тараптардын ведомстволук программаларында бекитилүүгө тийиш.
ОЭРди туура пайдалануу боюнча бюджеттик уюмдардын ишин өбөлгөлөө максатында бюджеттик уюмдардын энергияны үнөмдөө иш-чараларын киргизүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттарды кайра инвестициялоо механизмдеринин иштөөсүн камсыздоо зарыл.
Энергиянын майнаптуулук жаатындагы иш-чаралардын жана долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү жана энергияны үнөмдөөнү бизнестин үзүрлүү иштеген түрүнө айландыруу маселесине өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Бул максатта ОЭРди керектөөнү азайтуу үчүн энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруучу бюджеттик уюмдардын жана энергияны тейлөө компанияларынын өз ара иштөө механизмин иштеп чыгуу зарыл.
Энергия майнаптуулук жаатындагы статистикалык отчеттуулук жана мониторинг системасын өркүндөтүү максатында статистикалык отчет берүүнүн тартибин (отчеттуулуктун атайы формаларын, жол-жоболорун иштеп чыгуу) киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында энергиянын майнаптуулук жаатындагы мониторинг системасын иштеп чыгуу зарыл.
БУУнун Рамкалык конвенциясы камтыган аракеттердин мониторинги үчүн мониторингдин, отчеттуулуктун жана верификациянын (МRV) улуттук системасын киргизүү зарыл.
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, ОЭРди керектөө көлөмдөрүн - жаңы муундун технологиясына өтүү жана өндүрүү менен керектөө чөйрөсүндөгү негизги фонддорду тиешелүү түрдө жаңыртып энергияны керектөөнү оптималдаштырууну камсыздоочу ири комплекстүү долбоорлорду ишке ашыруу менен гана кыйла азайтууга болот. Бул биринчи кезектеги милдетти - экономикалык коопсуздуктун босоголук чегинен (ишканалардын негизги фонддорунун 50%ы моралдык жана физикалык эскириши) өтүү маселесин чечүүгө жана андан ары өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн 25%ды түзгөн деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берет. Республикабызда ишканалардын негизги фонддорунун эскиришинин орточо даражасы 55-60%га жеткен.
Биринчи кезектеги техникалык иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
- жогорку технологиялуу атаандаштыкка жөндөмдүү энергияны аз коротуучу продукцияны чыгарууга багыттап, ишканаларды түзүмдүк жактан кайра куруу;
- илим сыйымдуу, энергия үнөмдөөчү жана экологиялык таза технологиялардын негизинде жаңы өндүрүштөрдү түзүү;
- энергиянын сыйымдуулугун азайтууга багытталган оптималдуу илимий, долбоордук-технологиялык жана өндүрүштүк чечимдерди ишке ашыруу.
Энергетикадагы илимий-техникалык прогресстин иш-чаралары энергияны айкалыштырып өндүрүүнү камсыздоочу орнотмолорду кеңири масштабда жайылтууга негизделген иштеп чыгаруучу кубаттуулуктарды техникалык жактан кайрадан куралдандырууга максатталган. Электр жана жылуулук энергиясынын жоготууларын азайтууга маанилүү таасир берген, энергия булактарынын өз муктаждыктарына коротуучу чыгымдарын азайтуучу, реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоочу чараларды ишке ашыруу каралат. Сунушталып жаткан техникалык иш-чаралар ЭЖБны колдонууга жана өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
Айыл чарбасында, курулушта, транспортто жана экономиканын башка тармактарында ишке ашырууга сунуштала турган техникалык иш-чараларды тандоодо да ушундай мамиле колдонулушу керек.
ТКЧда жана бюджеттик чөйрөдө техникалык иш-чаралардын негизги багыты керектелүүчү ОЭРдин эсептөө, контролдоо жана жөнгө салуу боюнча заманбап системаларын жайылтуу болуп саналат.
Энергиянын майнаптуулугу жаатындагы инвестициялык саясаттын максаты энергияны үнөмдөөгө капиталды салуу үчүн жагымдуу шарттарды жана майнаптуу механизмдерди түзүү, жогорку технологиялуу энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жайылтуу болуп саналат. БУУнун Рамкалык конвенциясы камтыган аракеттер үчүн инвестициянын жагымдуулугун көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү белгиленген багыттарды ишке ашырууга эмиссиялардын кыскарышына баа берүү зарыл.
9. Инновациялык иш жана программаны илимий камсыздоо
Энергиянын майнаптуулук чөйрөсүндөгү инновациялык система энергиялык майнаптуулук маселелерин чечүү үчүн республиканын инновациялык системасынын курамдык бөлүгү катары мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, өнөр жай ишканаларынын, чакан бизнестин биригишин камсыздашы керек.
Инновациялык иш инновациялык энергия майнаптуу техникаларды, технологияларды жана материалдарды чыгарууну жана пайдаланууну кеңейтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын дараметин иштетүүгө багытталууга тийиш.
10. Билим берүү, маалыматтык камсыздоо жана кадрларды даярдоо боюнча иш-чаралар
Энергиялык майнаптуулук чөйрөсүндөгү инвестициялар жөнүндө калкка, коомчулукка жана адистерге маалымдоо боюнча милдеттер ушул Программада коюлган. Бул багытта натыйжага ээ болуу үчүн төмөнкү принциптерди аткаруу керек:
- пландоо;
- ырааттуулук;
- калктын бардык топторун (мектептер, ЖОЖдор ж.б.) камтуу;
- калктын жана адистердин категорияларына карата дифференциялуу мамиле.
Билим берүү, үгүттөө жана маалымдоо багытындагы негизги милдеттер:
- өлкөнүн ЖОЖдорунда жана мектептеринде программаларды өркүндөтүү жана окутуучу-методикалык колдонмолорду түзүү;
- орто жана жогорку техникалык жана экономикалык квалификациядагы кадрларды кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖдордун жана кайра даярдоочу борборлордун тийиштүү кафедраларынын окутуу-методикалык жана илимий-лабораториялык базаларын чыңдоо жана өнүктүрүү;
- базалык ЖОЖдордун негизги кафедраларына жана энергияны үнөмдөө боюнча билим берүү системасынын борборлорунун алдында окутуу жана илимий программалар камсыздалган компьютердик класстарды түзүү;
- орто жана жогорку техникалык жана экономикалык квалификациядагы кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборлоруна жана ЖОЖдордун кафедраларына шайкеш келген окуу-методикалык жана илимий-лабораториялык базаларды чыңдоо жана өнүктүрүү;
- энергияны үнөмдөө боюнча билим берүү системасын базалык жождордун негизги кафедраларынын жана борборлорунун алдында окуу жана илимий программалык камсыздоо менен компьютердик класстарды түзүү;
- жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн магистратураны, аспирантураны жана докторантураны кеңейтүү жана заманбап энергия майнаптуу технологиялар жана энергетикалык менеджмент жаатында ата мекендик илимий мектептерди түзүү;
- илимди жана өндүрүштү күчөтүүнү координациялоо жана концентрациялоо максатында изилдөө иштерин жүргүзүү жана энергияны үнөмдөөнүн алдыңкы технологияларын окутуу үчүн демонстрациялык зоналардын жана алдыңкы ишканалардын базасында республикалык илимий-изилдөө жана билим берүү борборлорун ачуу;
- "Энергияны үнөмдөө" илимий-техникалык маалыматтык журналын, энергияны үнөмдөө боюнча маалымдама окуу китептерин басып чыгаруу;
- республиканын облустарында, шаарларында, ишканаларында энергияны үнөмдөө боюнча көргөзмөлөрдү, тематикалык семинарларды өткөрүү;
- энергияны үнөмдөө жаатында иштин абалы жана жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берүү үчүн энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында веб-барак түзүү;
- республиканын калктуу пункттарында жарнамалык-үгүттөө кампанияларын өткөрүү.
Программаны киргизүүнүн оң натыйжасы болуп энергия ресурстарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу үчүн мамлекеттик башкаруунун механизмдер комплексин ишке ашыруу эсептелет, бул жылуулук энергиясын алган калк үчүн коммуналдык кызматтарды төлөөгө, бюджеттик каражаттарды субсидиялоого бөлүнүүчү мамлекеттик каражатты үнөмдүү жана рационалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышынын мониторингине жана контролдоого жардам берет, бул өлкөнүн экономика тармактарында электр энергиясынын тартыштыгын акырындык менен азайтат.
V. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
Өлкөнүн маанилүү артыкчылыгы болуп Евразия экономикалык биримдигине (мындан ары - ЕАЭБ) интеграциялоо процесси саналат, анын алкагында энергияны үнөмдөөнүн жана энергиялык майнаптуулуктун, ЭЖБ өнүктүрүүнүн макулдашылган саясатын киргизүү боюнча иштер кыйла активдүү болот.
Программаны ишке ашыруу учурунда пайда болгон тобокелдерге социалдык-саясий, экономикалык, уюштуруу-укуктук, экологиялык, маалыматтык, кадрдык жана башка тобокелдерди киргизүүгө болот.
VI. Ресурстук камсыздоо жана программанын аткарылышынын жүрүшүн контролдоо механизми
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо булактары болуп мамлекеттик бюджеттин каражаттары, гранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка келип түшүүлөр саналат.
Максаттуу көрсөткүчтөрдүн мониторингин энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт, ошондой эле ал энергияны үнөмдөө процесстеринин башка катышуучулары менен мониторинг уюштурууга консультациялык жана методикалык жардам көрсөтөт.
Максаттуу көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүү ыкмалары:
- отчетторду берүү;
- статистикалык маалыматтар;
- энергетикалык изилдөө.
Отчеттук мезгил боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдүн мониторингинин жалпыланган маалыматтары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.