Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-сентябры № 626

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө

Кыргыз элинин тарыхый жана рухий мурасын байытуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V "Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу жөнүндө" токтомунун 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында мекеме формасында түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасынын "Ведомстволук мекемелер" позициясы "Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөрдөн кийин ", Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти күтүүгө каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев