Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-июлу № 513

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Аталган отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө жиберилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
ОТЧЕТ

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) тарабынан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча пландагы 21917228,0 миң сомдун ордуна 22052566,9 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды, б.а. план 100,6 пайызга аткарылды. 2013-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун өсүшү 107,8 пайызды түздү, бул суммалык туюнтулушта 1603442,3 миң сомго көп. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 20817969,0 миң сом утурумдук төлөмдөр жана 1234597,9 миң сом өткөн жылдардагы мөөнөтү өткөн карыздардын түшүшү болуп эсептелет.

Республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 15322700,0 миң сом суммасында түштү. Мындан сырткары, 2013-жыл үчүн республикалык бюджеттин Социалдык фондго 214380,0 миң сом карызы жоюлду.

2014-жылы Социалдык фонддун бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын мөөнөттүү депозиттик эсептерине жайгаштыруудан, туумдар жана айыптардан, дивиденддерден, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк акча калдыктарына пайыздардан жана башка булактардан 252581,4 миң сом суммасында киреше алынган.

Социалдык фонддун 2014-жылдагы чыгымдары 37607215,6 миң сомду түздү, анын ичинде:

- Пенсиялык фонддуку - 34614806,1 миң сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку - 1717394,2 миң сом;

- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку - 213194,3 миң сом;

- Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку - 1061821,0 миң сом.

2014-жылы пенсиялардын жана жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуунун эсебинен Пенсиялык фонддун чыгымдары 2013-жылга караганда 3120336,6 миң сомго көбөйүп, 34614806,1 миң сомду түздү.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, 2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 250 сомго жогорулатылды, пенсияларынын өлчөмү 4400 сомдон ашпаган 1-топтогу майыптыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү 4400 сомго жеткирилип, өлчөмү 4400 сомдон ашкандары 300 сомго жогорулатылды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-октябрындагы № 564 "2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтому).

2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуу үчүн каражатка керектөөлөр Пенсиялык фонддун каражаттарынан 450139,0 миң сомду түздү.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 4562 сомду, пенсиянын орточо өлчөмүнүн пенсионердин жашоо минимумуна карата катышы 102,9 пайызды түздү.

2015-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 590,3 миң адамды түздү, алардын ичинен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу алгандары 390,6 миң адамды же пенсионерлердин жалпы санынын 66,2 пайызын, республиканын коммерциялык банктары аркылуу алгандары 199,7 миң адамды же 33,8 пайызды түзөт.

2015-жылдын 1-январына карата электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде пенсия төлөөгө керектелүүчү 31466713,6 миң сом толугу менен каржыланды.

2014-жылы сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү 15000 сомду түздү жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 316601,1 миң сом төлөнүп берилди.

2014-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1717394,2 миң сом суммасында каржыланган.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду боюнча аткаруу 213194,3 миң сомду түздү, анын ичинде Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2014-жылдын 6-февралындагы өз ара чегерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечими 2480,0 миң сом суммасында аткарылды.

Жалпысынан 2014-жылы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарынан мурда түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алганда 5144890,0 миң сом инвестицияланган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарга 2914890,0 миң сом суммасында жайгаштырылган.

Социалдык фонд тарабынан өткөрүлгөн депозиттик аукциондордун жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга 2230000,0 миң сом суммасында пенсиялык топтоо каражаттары жайгаштырылган. Бул депозиттер боюнча жайгаштыруу мөөнөтү 12,05тен 20,10 пайызга чейин кирешелүүлүгү менен 1 жылды түзөт.

Мурунку жылдарда жайгаштырылган каражаттарды эсепке алганда 2014-жылы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча кирешелер 651757,6 миң сомду түздү, бул бюджетте каралгандан 30793,3 миң сомго жогору.

2014-жылы камсыздандыруу базасын кеңейтүү максатында бардык эмгекке жарамдуу жарандарды жекече эсепке алуу, аларга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. 2015-жылдын 1-январына карата жекече эсепке алуу тутумунда турган жарандардын саны 5110,2 миң адамды же республиканын жалпы калкынын 96,9 пайызын түздү. 2014-жылдын башынан тартып жекече эсепке алуу тутумунда катталган жарандардын саны 97,3 миң адамды түздү.

2014-жылы жекече эсепке алуу тутумунда социалдык коргоого арыздар иштелип чыккан жана 337,5 миң жаранга социалдык коргоо күбөлүгү берилген. Алардын ичинен жекече эсепке алуу тутумунда жаңы катталган жарандардын саны 140,8 миң адамды түзөт, анын ичинде 34,8 миңи Кыргыз Республикасынын жаңы төрөлгөн жарандары.

Мындан сырткары, жекече эсепке алуу тутумунда жалпысынан 102,9 миң эмгек мигранттары катталган. 2014-жылы Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана башка өлкөлөрдө убактылуу жашап жаткан 4,1 миң Кыргыз Республикасынын жараны катталган.

Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети 614008,1 миң сом суммада профицит менен бекитилген, 2014-жыл үчүн бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча бюджеттин профицити 1007763,8 миң сомду түздү.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко
тиркеме

(миң сом)

 

Позициянын №

2014-жылга бюджет

2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы

Бардык кирешелер (3+29+39+51-позициялар)

1

38465099,7

38614979,4

ИДПга карата % менен

2

9,9

9,7

анын ичинде:

 

 

 

I. Пенсиялык фонд

3

35462584,6

35565873,2

1. Жыл башындагы калдык

4

627992,6

627992,6

2. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

5

19059471,4

19148219,2

анын ичинде:

 

 

 

өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

6

10962307,9

10350695,2

бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

7

6515996,1

7069298,2

уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү

8

30092,7

28261,5

фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү

9

171770,0

149029,8

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү

10

353496,5

477333,3

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

11

8208,2

8074,7

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү

12

1017600,0

1065526,5

3. Башка кирешелер, бардыгы

13

238040,6

252581,4

анын ичинде:

 

 

 

ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер

14

117037,7

115943,8

камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которгондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар

15

33500,0

42810,6

эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар

16

73000,0

72573,5

камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар

17

1829,7

1840,1

убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер

18

5000,0

5788,2

пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар

19

500,0

1089,2

регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар

20

3473,2

5518,0

башка түшүүлөр

21

3700,0

7018,0

4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр

22

15322700,0

15322700,0

анын ичинде:

 

 

 

пенсиянын базалык бөлүгү

23

8065188,3

8065188,3

жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация

24

1832521,4

1832521,4

аскер кызматчыларынын пенсиялары

25

1813483,9

1813483,9

аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул

26

20000,0

20000,0

пенсиялар жана пенсияга үстөктөр

27

3591506,4

3591506,4

5. Республикалык бюджеттин 2013-жыл үчүн карызын тындыруу

28

214380,0

214380,0

II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

29

1717394,2

1750612,0

1. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

30

1592190,0

1625407,8

анын ичинде:

 

 

 

өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

31

910440,0

879671,5

бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

32

536120,0

607139,2

уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү

33

3100,0

2724,0

фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү

34

13390,0

11 652.7

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү

35

43940,0

30397,0

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

36

0,0

579,6

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү

37

85200,0

93243,8

2. 2011-2012-жылдары үчүн карыздарды тындыруу

38

125204,2

125204,2

III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо Фонду

39

213194,3

236673,2

1. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

40

193640,0

217118,9

анын ичинде:

 

 

 

өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

41

113780,0

111623,4

бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

42

66930,0

85261,7

уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү

43

290,0

192,2

фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү

44

1650,0

1420,9

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү

45

90,0

6925,7

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

46

100,0

52,7

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү

47

10800,0

11642,3

2. 2011-2012-жылдар үчүн карыздарды тындыруу

48

19554,3

19554,3

IV. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду

49

6333227,8

6353915,5

1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары

50

4640336,9

4640336,9

2. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы

51

1071926,6

1061821,0

анын ичинде:

 

 

 

өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

52

664549,1

645001,3

бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

53

309892,0

336569,0

уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү

54

1421,3

1439,8

фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү

55

0,0

0,0

жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү

56

9476,8

14474,5

жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү

57

187,4

151,1

өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү

58

86400,0

64185,3

3. Отчеттук мезгилдеги инвестициялоодон киреше

59

620964,3

651757,6

Бардык чыгымдар (62+78+83+88-позициялар)

60

37851091,6

37607215,6

ИДПга карата % менен

61

9,7

9,5

анын ичинде:

 

 

 

I. Пенсиялык фонд

62

34848576,5

34614806,1

пенсиялар

63

29710763,2

29696944,4

электр энергиясына компенсация

64

1812582,9

1769769,2

аскер кызматчыларынын пенсиялары

65

1813483,9

1671498,5

аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул

66

20000,0

19462,1

сөөк коюуга жөлөкпул

67

322500,0

316601,1

пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар

68

335512,3

316691,5

Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар

69

16866,7

11182,7

жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар

70

1000,0

1000,0

Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары

71

625359,0

624601,3

резервдик фонд

72

10000,0

9429,4

өнүктүрүү фонду

73

30000,0

28494,0

мүчөлүк акыларды төлөө

74

5600,0

4281,8

ММК фондуна карыздарды жоюуга чыгымдар

75

125204,2

125204,2

ЭДЧ фондуна карыздарды жоюуга чыгымдар

76

19554,3

19554,3

башка чыгымдар

77

150,0

91,6

II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

78

1717394,2

1717394,2

медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо

79

1587394,2

1587394,2

административдик чыгымдар

80

111500,0

111500,0

маалыматтык камсыз кылууга чыгымдар

81

8500,0

8500,0

саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду

82

10000,0

10000,0

III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду

83

213194,3

213194,3

санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу

84

138576,3

142766,3

санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо

85

10659,7

12791,6

балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо

86

57562,5

54215,3

уюштуруу-административдик чыгымдар

87

6395,8

3421,1

IV. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду (МТПФ)

88

1071926,6

1061821,0

пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө

89

196851,7

89409,1

МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар

90

10719,3

1655,2

учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (51-89-90-позициялар)

91

864355,6

970756,7

Дефицит (-), профицит (+)

92

614008,1

1007763,8

жыл аягында Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (49-89-90-позициялар)

93

6125656,8

6262851,2

ИДП

94

388813700,0

397277100,0