Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 15-сентябры № 639

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу

Илим жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"

10

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

362

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппарат

74

 

- ведомствонун алдындагы бөлүмдөр

11

 

- аймактык бөлүмдөр

277

".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди алты айлык мөөнөттө чечсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

 

Описание: 131859kyr.png