Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-декабры № 819

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168, 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-пунктунун 5-тиркемеси "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 77 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 17-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168, 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Описание: 133159kyr_3.png