Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 2-декабрындагы
№ 819 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653, 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 , 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Агентство в своей деятельности руководствуется Конституцией Кыргызской Республики, законами Кыргызской Республики, иными нормативными правовыми актами, общепризнанными принципами и нормами международного права, международными договорами, вступившими в силу в установленном законом порядке, участницей которых является Кыргызская Республика, а также настоящим Положением.

3. Агенттик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка мекеме-уюмдар менен карым-катнашта аткарат.

4. Агенттик юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар башка мөөрлөрү, штамптары болот.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Агенттиктин толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик";

расмий тилде:

"Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики".

6. Агенттиктин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.

2. Агенттиктин максаты

7. Агенттиктин максаты Кыргыз Республикасында жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана ишке ашыруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп эсептелет.

3. Агенттиктин милдеттери

8. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;

- өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын түзүү жана бекемдөө;

- сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо;

- мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын катышуусун камсыздоо жана алардын маанилүү жана инновациялык демилгелерин колдоо;

- коомдун кызыкчылыгында жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Агенттиктин функциялары

9. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялары:

- жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;

- тикелей инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;

2) жөнгө салуу функциялары:

- белгиленген тартипте, Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана чет элдик мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен карым-катнашты уюштурат;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик спорт мектептерине белгиленген тартипте олимпиадалык резерв статусун ыйгарат;

- белгиленген тартипте, мамлекеттик спорттук мектептерине олимпиадалык резерв статусун ыйгарат;

- мыйзамга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолук чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календарлык планын иштеп чыгат жана бекитет;

- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусунун, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберинин ардак наамдарын, квалификациялык судьялык категорияларды ыйгаруу жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;

- федерациялардын жана тийиштүү спорттук уюмдардын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясын иштеп чыгат жана бекитет;

- спорттук иш-чараларды жана спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү регламенттерин иштеп чыгат жана бекитет;

- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" ардак наамдарын ыйгарат жана ажыратат;

- белгиленген тартипте "Улуттук даражадагы калыс", "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" ардак наамдарын ыйгарат жана ажыратат;

- спорттун түрлөрү боюнча резервдерди кабыл алуунун жана келечектүү спортсмендерди даярдоонун планын аныктайт жана бекитет;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;

- белгиленген тартипте кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды каттоого алат.

3) мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:

- жаштар, дене тарбия жана спорт маселеси боюнча иштердин абалына мониторинг жүргүзөт жана баа берет, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин, концепциялардын, стратегиялардын, программалардын аткарылышын контролдойт;

- спортто допингдик каражаттарды пайдаланууга каршы белгиленген тартипте иш жүргүзөт;

- жаштарды колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;

- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелерин чечүүдө кызыгдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара карым-катнашта иш жүргүзөт;

4) колдоо функциялары:

- спорттук сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кадрдык саясатты турмушка ашырат;

- спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу жыйындарын белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;

- эл аралык мелдештерге спортсмендердин жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;

- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду бекитет;

- спорттун түрлөрү боюнча Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына, олимпиадаларга, паралимпиадаларга, сурдолимпиадаларга, атайын олимпиадаларга, азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге спорттук резервди, улуттук курама командаларды даярдоо боюнча иш жүргүзөт;

- жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча жарнамалык-маалыматтык иш жүргүзөт;

- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаштар чөйрөсүнүн, дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия менен машыгууларга жана волонтердук ишке тартуу боюнча иш жүргүзөт;

- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;

- жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик саясатты аткарууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;

- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат, ошондой эле мамлекеттик заказды аткарат;

- өз ишинин чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүгө мамлекеттик буюртманы ишке ашырат;

- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;

- белгиленген тартипте жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланыштуу эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;

- дилгир жана таланттуу балдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт.

 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653, 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 , 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Агенттиктин укуктары

10. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдардан, уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдардан жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- эл аралык жаштар жана дене тарбиялык-спорттук уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүүгө;

- Агенттиктин карамагындагы мекемелерди белгиленген тартипте түзүүгө, кайра түзүүгө жана жоюуга;

- спортсмендер, машыктыруучулар жана адистер, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө;

- коомдук жаштар жана спорт уюмдары, эл аралык уюмдар жана башка уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;

- мелдештер менен конкурстардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоого;

- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого;

- жергиликтүү кеңештердин чакыруусу менен жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарга тиешелүү маселелер боюнча сессиялардын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу үчүн Агенттиктин өкүлүн жиберүүгө;

- Агенттиктин кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;

- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер аткарууга милдеттүү болгон ички ведомстволук актыларды кабыл алууга;

- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;

- Агенттиктин ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;

- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча сынактарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана жарнамалык-басылма ишин жүргүзүүгө;

- белгиленген тартипте Агенттиктин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Агенттиктин ишин уюштуруу

11. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.

12. Директор;

- Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;

- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана Агенттиктин функцияларынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

- борбордук аппараттын, аймактык органдардын түзүмүн бекитет, аларды Агенттиктин милдеттери жана функциялары өзгөргөндө гана өзгөртүүгө мүмкүн. Мында Агенттиктин директорун дайындоо Агенттиктин структурасын өзгөртүүгө негиз болбойт;

- борбордук аппараттын, аймактык органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн штаттык санын бекитилген жалпы сандын жана эмгек акы фондунун чегинде бекитет;

- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин структурасын жана штаттык санын бекитет;

- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар жана мекемелер жөнүндө жоболорду бекитет;

- борбордук аппараттын кызматкерлерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

- Агенттикте администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялайт;

- Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилерин мыйзамда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Агенттиктин карамагындагы мекемелердин жетекчилерин жана башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер милдеттүү аткаруучу буйруктарды, башка ведомстволук актыларды чыгарат жана өз компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;

- Агенттиктин ишин жүргүзүү үчүн бюджеттик акча каражатынын көлөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды берет;

- бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;

- мыйзамда белгиленген тартипте Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;

- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

- Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен Агенттиктин статс-катчысына Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функциялык милдеттерди аткарууну тапшырат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган.

Статс-катчынын функциялары, ыйгарым укуктары жана аны дайындоо тартиби мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам менен аныкталат.

14. Агенттиктин директорунун орун басарлары болот, алар Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.

Агенттиктин директорунун орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурушат.

15. Агенттикте 11 кишиден турган коллегия түзүлөт.

Директор (төрага), статс-катчы жана директордун орун басарлары кызмат орду боюнча коллегия мүчөлөрү болушат. Коллегиянын калган мүчөлөрү директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.

Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.

16. Агенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.

17. Агенттикте Жаштар уюмдарынын жана комитеттеринин кеңеши өз ишин жүргүзөт, ал коомдук негизде туруктуу иштеген кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болот. Кеңештин сунуштары рекомендация мүнөзүндө болот. Жаштар уюмдарынын жана комитеттеринин кеңешин түзүүнүн тартиби, курамы жана анын жобосу Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.