Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 7-декабры № 834

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.";

- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын;

- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жободо:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 токтому менен бекитилген" деген сөздөр жана цифралар "1-тиркеме" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- министрдин кызматтарынын номенклатурасына кирген кызматтардан тышкары, Департаменттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;

- башкаруу схемасына ылайык ведомстволук мекемелердин уставдарын (жоболорун) жана түзүмдөрүн бекитет;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:

- 13-пунктунда:

сегизинчи абзац "мекемелердин жетекчилерин" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле башка кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;

тогузунчу абзацындагы "жана ведомстволук мекемелеринин" деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

1-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

Описание: 133244-1kyr.png

".

 

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

Описание: 133244-2kyr.png

".