|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 789
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуласындагы "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы:
экинчи абзацы "болгон" деген сөздөн кийин "социалдык жактан маанилүү" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацта "дүң-өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу" деген сөздөр "бааларды мамлекеттик жөнгө салуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-1-пункттагы:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзац "товарларга баалар" деген сөздөрдөн кийин "бир айдын ичинде 20 же андан көп пайызга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттагы "дүң-өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу" деген сөздөр "бааларды мамлекеттик жөнгө салуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Бул токтомдун 2-пункту" деген сөздөр "Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын ички рыногунда убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, социалдык жактан маанилүү товарларына дүң-өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартиби ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирет.
|
Премьер-министри |
Т.Сариев |
1. Буудай, кара буудай уну
2. Нан (бөлкө нан)
3. 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт
4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)
5. Каймакмайы
6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти)
7. Кумшекер
8. Күрүч
9. Макарон азыктары
10. Тоок жумурткасы
11. Картошка
12. Көмүр
13. Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну
14. Суюлтулган газ".
1. Бул Тартип тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген социалдык жактан маанилүү товарларга (мындан ары - товарлар) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин аныктайт.
2. Товарлардын өзгөчөлүгүнө жараша жөнгө салуу методдорунун бири төмөнкүлөрдү белгилөө аркылуу колдонулат:
- бааларга үстөк;
- максимумдук баалар;
- бааларга максимумдук жана минимумдук үстөктөр.
3. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- импортчу - социалдык жактан маанилүү товарларды чет өлкөдөн сатып алып, кийин сатуу үчүн аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген чарбакер субъекти же жеке ишкер;
- калькуляция - товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар беренелерин жана экономикалык негизделген бааларды аныктоо үчүн болжолдонгон пайданы чагылдыруучу товар бирдигинин наркы;
- товардын дүң-өткөрүү баасынын максимумдук деңгээли - товардын дүң-өткөрүү баасынын эң жогорку чоңдугу;
- товардын чекене баасынын максимумдук деңгээли - чекене соода тармагынан сатуу үчүн товардын баасынын эң жогорку чоңдугу;
- баага максимумдук же минимумдук үстөк - баага үстөктүн эң чоң же эң кичине чоңдугу;
- баага үстөк - сатуучуга товарды сатуу боюнча чыгымдарынын ордун толтурууну жана пайда алууну камсыздоочу баанын элементи;
- товардын өткөрүү-дүң баасы - ишкердик иште пайдалануу максатында өндүрүлгөн же импорттолгон товарга өндүрүүчү же жеткирүүчү белгилеген баа;
- дүң үстөгү - андан ары сатуу үчүн алынган товардын мурдагы баасына ортомчунун үстөгү;
- ортомчу - максаты соода операцияларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп эсептелген, товарды сатуу системасында өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы чарбакер субъекти же жеке ишкер;
- толук өздүк нарк - коммерциялык сарптоолор кошулган бардык чыгымдардын жыйындысы;
- өндүрүүчү - социалдык жактан маанилүү товарларды түзүүчү чарбакер субъекти же жеке ишкер;
- товардын чекене баасы - чекене тармактан сатуу үчүн арналган товарга коюлган баа;
- чекене үстөгү - чекене соода жүргүзүүдөгү мурдагы баага үстөк;
- товардык-коштоочу документтер - товардын кыймылынын бүтүндөй жолунда товардын партияларын идентификациялоо үчүн зарыл жана жетиштүү маалыматты камтыган документтер.
4. Товардын дүң-өткөрүү баасы өндүрүлгөн жана/же сатылуучу товардын ар бир түрүнө өндүрүүчү же импортчу тарабынан белгиленет.
5. Ата мекендик товарлардын дүң-өткөрүү баасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- чарба субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү, мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибине ылайык эсептелген товардын толук өздүк наркы;
- алгылыктуу рентабелдүүлүктүн деңгээли;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар.
6. Импорттук товарлардын дүң-өткөрүү баасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын келишим түзүлгөн күнгө карата курсу боюнча улуттук валютада сатып алуу баалары;
- товарды бажылык тариздөө үчүн белгиленген жыйымдар (төлөмдөр), импорттук бажы алымы (импорттук алымдарды алууга жаткан товарлардын);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар;
- товарларды сатып алуу, аяккы пунктка чейин ташуу жана сатуу боюнча бардык чыгымдар;
- алгылыктуу рентабелдүүлүктүн деңгээли.
7. Товарлардын чекене баасы чарбакер субъекти же керектөөчүлөргө товарларды саткан жеке ишкер тарабынан өндүрүүчүнүн же импортчунун дүң-өткөрүү баасына, же ортомчунун дүң-өткөрүү баасына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы тарабынан белгиленген чекене үстөгүнө жараша аныкталат.
8. Эгерде монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы үстөктүн максимумдук (минимумдук) деңгээлин белгилесе, чекене үстөк өлчөмүн чарбакер субъекти же керектөөчүлөргө товарларды саткан жеке ишкер товарды сатууга байланыштуу чыгымдарына жараша аныктайт жана чекене соода чөйрөсүндө ишин жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн үстөктүн максимумдук (минимумдук) деңгээлинен ашпашы керек.
9. Товарлардын чекене баасы ушул Тартиптин тиркемесине ылайык, чарбакер субъекттин же керектөөчүлөргө товарларды сатуучу жеке ишкердин чекене бааны эсепке алуу китепчесинде белгиленет.
10. Товарлардын максимумдук дүң-өткөрүү жана/же чекене баасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы тарабынан республиканын региондору боюнча өндүрүүчүлөр же импортчулар тарабынан берилген эсептердин негизинде товарлардын ар бир түрүнө белгиленет.
11. Ата мекендик товарлардын дүң-өткөрүү жана/же чекене баасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү, мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларын (тарифтерин) аныктоонун тартибине ылайык эсептелген товардын толук өздүк наркы;
- алгылыктуу рентабелдүүлүктүн деңгээли;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар;
- сатуудагы чыгымдарга жараша чекене үстөгү.
12. Импорттолуучу товарлардын дүң-өткөрүү жана/же чекене баасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- келишим түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада сатып алуу баалары;
- товарды бажылык тариздөө үчүн белгиленген жыйымдар (төлөмдөр), импорттук бажы алымдары (импорттук алымдар алынууга тийиш болгон товарлар);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар;
- товарларды сатып алуу, аяккы пунктка чейин ташуу жана сатуу боюнча бардык чыгымдар;
- сатуудагы чыгымдарга жараша чекене үстөгү.
13. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген товарлардын дүң-өткөрүү жана/же чекене баасы, аларга карата максимумдук белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
14. Ортомчу аркылуу жеткирилген товарлардын дүң-өткөрүү баалары товарды өндүрүүчүнүн же импортчунун дүң-өткөрүү бааларына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы белгилеген дүң үстөгүнө жараша түзүлөт.
15. Ортомчулар аркылуу жеткирилген товарлардын дүң-өткөрүү бааларын түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы тарабынан белгиленгенден ашыкча дүң үстөгүн кошууга жол берилбейт.
16. Өндүрүүчүнүн же импортчунун товарларынын дүң-өткөрүү баасы товарды жеткирүү келишиминде жана товардык-коштоочу документтерде көрсөтүлөт.
17. Ортомчу аркылуу товарды жеткирүүдө товардык-коштоочу документтерде өндүрүүчүнүн же импортчунун дүң-өткөрүү баасы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы тарабынан белгиленүүчү дүң үстөгүнүн өлчөмү, ошондой эле ортомчунун дүң-өткөрүү баасы көрсөтүлүшү керек.
18. Ушул Тартипти аткарбаган учурда, товарды өндүргөн, жеткирген, же саткан чарбакер субъекти же жеке ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
|
|
|
Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө
салуу тартибине |
___________________________________________________
(Чекене
бааларды каттоочу чарбакер субъектинин же
жеке ишкердин аталышы)
|
№ |
Товардын аталышы жана кыскача мүнөздөмөсү |
Партиянын көлөмү |
Өндүрүүчү же импортчунун дүң-өткөрүү баасы (сом) |
Ортомчунун дүң үстөгү (%) |
Ортомчунун өткөрүү баасы (сом) |
Чекене үстөгүнүн өлчөмү (сом, %) |
Товар бирдиги үчүн чекене баа (сом) |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
|
Сатуучу |
|
Колу |
|
|
|
|
|
|
|
Датасы". |