Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-июну № 324

Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633, 2017-жылдын 4-майындагы № 252, 2018-жылдын 16-июлундагы № 324, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Төлөмдөрдү эсепке алуунун ачык-айкындыгын камсыздоо, бизнести ак ниет жүргүзүүнү өбөлгөлөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- (Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графиги 3-тиркемеге ылайык;

- (Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн графикте белгиленген мөөнөттө субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды натыйжалуу ишке киргизүү жана жарандардын кассалык чектерди талап кылуусун өбөлгөлөө максатында кызыктыруучу лотереяны өткөрүү механизмин иштеп чыксын.

4. Субъекттердин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген графикте белгиленген мөөнөттөр бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды жетекчиликке ала тургандыгы белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2017-жылдын 1-январынан тартып:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы;

- 2017-жылдын 2-июлунан тартып:

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун тогузунчу абзацы.

6. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков

 

 

2-тиркеме

Ишинин өзгөчөлүгүнө же жайгашкан жеринин шарттарына байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын жана жеке жактардын
ТИЗМЕГИ

1. Төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзүшкөн субъекттер:

1) газета-журнал күркөлөрүндө газеталарды жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды сатуу;

2) баалуу кагаздарды сатуу;

3) стационардан тышкаркы жайларда лотерея билеттерин сатуу;

4) шаардык коомдук транспортто жүрүү үчүн талондорду жана жүрүү билеттерин сатуу;

5) базарларда, жарманкелерде, көргөзмө комплекстеринде (бул аймактарда турган аянты 20 чарчы м жана андан ашык болгон дүкөндөрдү, павильондорду жана башка ушундай жабдылган жана соода орундарында товарларды көрсөтүүнү жана сактоону камсыз кылгандардан, анын ичинен баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын саткандардан тышкары), ошондой эле үстү жабык базарлардын жайларынын ичиндеги ачык текчелерде товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү;

6) азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды көтөрүп жүрүп чекене сатуу, кол арабалардан, себеттерден, лотоктордон (анын ичинде жаан-чачындан каркастар, тартылган полиэтилен пленка, парусина, таар ж.б. менен корголгон);

7) поезддердин жүргүнчүлөр вагондорунда чай жана башка коомдук тамактануу азыктарын сатуу;

8) эл керектөөчү товарларды, өсүмдүк өстүрүү жана гүл өстүрүү продукцияларын аянты 7 чарчы метрге чейинки күркөлөрдө жана ларектордо сатуу;

9) цистерналардан (пиво, квас, сүт, өсүмдүк майы, тирүү балык) чекене жана автомобилден жер жемиштерди, мөмөлөрдү жана башка айыл чарба азыктарын сатуу;

10) калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки затты жана металл сыныктарын кабыл алуу;

11) жеке мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү (гувернанткалар, бала багуучулар, бакчылар, үй кызматкерлери, репетиторлор), иттерди үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, мал кайтаруу боюнча, жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казуу, мал союу, үйдөгү малдын терисин жана жүнүн даярдоо, товарларды таңгактоо).

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар, сыйынуучу имараттарда, көчөлөрдөгү күркөлөрдө ырым-жырым буюмдарын жана диний адабияттарды сатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды жана аземдерди өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө.

 

3-тиркеме

Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу
ГРАФИГИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633, 2017-жылдын 4-майындагы № 252 , 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү иштин түрлөрү

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

 

 

Бишкек жана Ош шаарларында

башка административдик-аймактык бирдиктерде

1-этап

1

Автомобиль майын куюучу станцияларда (АМКС) күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

2

Соода аянты 200 чарчы метрден ашык стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

 

3

Аянты 150 чарчы метрден ашык стационардык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрү

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

 

4

200дөн ашык орундуу жана/же аянты 300 чарчы метрден ашык болгон коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

 

5

Алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү

2016-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес

 

2-этап

1

Дарыканаларда дары каражаттарын сатуу

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

2

Соода аянты 200 чарчы метрден ашык стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу

 

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

3

Соода аянты 100 чарчы метрден 200 чарчы метрге чейин стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

 

4

Соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

 

5

Аянты 150 чарчы метрден ашык стационардык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрү

 

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

6

Аянты 150 чарчы метрге чейинки стационардык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

 

7

200дөн ашык орундуу жана/же аянты 300 чарчы метрден ашык болгон коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү

 

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

8

100дөн 200гө чейинки орундуу жана/же аянты 200 чарчы метрден ашык болгон коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

 

9

Алмаштыруу бюросунан тышкары, милдеттүү патенттин негизинде ишке ашырылуучу иш

2017-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес

 

3-этап

(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4-этап

(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

4-тиркеме

Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата убактылуу техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата
ТАЛАПТАР

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Түшүнүктөр жана терминдер

1. Ушул Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга (мындан ары - ККМ) карата убактылуу техникалык талаптарда жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

а) автономдуу ККМ - функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ага жайгаштырылган программалар боюнча ККМди башкара турган туташтырып-ажыратуучу кошумча түзүлүштөрү туташтыруунун эсебинен гана жетишилиши мүмкүн болгон кассалык машина;

б) нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы - нөөмөт ичинде валютаны сатып алууларды, которууларды төлөөнү каттоодо ККМде таризделген документтердин жыйынтык суммасы;

в) нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгы - нөөмөт ичинде сатууларды (кызматтарды көрсөтүүнү) каттоодо ККМде таризделген документтердин жыйынтык суммасы;

г) нөөмөттү жабуу - фискалдык маалыматтардын нөөмөттүк акчалай каттоолорун нөлгө түшүрүү;

д) фискалдык эстутумда топтоочу - фискалдык маалыматтарды сактоо үчүн эстутумдун атайын бөлүнгөн бир же бир нече микро схемалары;

е) фискалдык эмес режим - ККМдин иштөө режими, мында фискалдык эстутумда нөөмөттүк отчетторду каттоо жана фискалдык отчетту алуу функциясы колдонулбайт;

ж) жалпы өчүрүү - жалпы акчалай жана операциялык каттоолорду (өчүрүүлөрдүн санын каттоодон тышкары) нөлгө түшүрүү. Эгерде, ККМде жалпы өчүрүүсүз жыйынтыктарды топтоо менен иштөө режимин программалоо каралса, аны туташтыруу ККМди пайдалануу документтерине ылайык аны орнотууда жүргүзүлөт;

з) пассивдүү ККМ - пломбалоону бузбастан ага программалык камсыздоону жүктөө мүмкүн болбогон программалык камсыздоонун башкаруусунда иштеген кассалык машина, ага маалыматтарды киргизүү кассир-операция жүргүзүүчү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын серверине зымдуу, зымсыз байланыш каналдары аркылуу онлайн режиминде маалыматтарды берүүнүн милдеттүү функциясы менен анын курамына кирген киргизүү түзүлүшү аркылуу ишке ашырылат;

и) кайра фискалдаштыруу - ККМдин суммалоочу эсептегичтерин нөлгө түшүрүү менен, фискалдык режимди кайрадан кошуу;

к) портативдүү ККМ - бул электр тармагына туруктуу туташтырылбастан иштеген кассалык машина;

л) суткалык отчет - нөөмөттү жабуу операцияларын жүргүзүүдө ККМдин фискалдык эстутумуна киргизүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөр жөнүндө жыйынтык маалыматтарды сөзсүз түрдө жазуу, мында нөөмөттүн узактыгы нөөмөттө биринчи чек алынгандан кийин 24 сааттан ашпашы керек;

м) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү - зымдуу же зымсыз байланыш каналдары аркылуу кассалык операциялар боюнча маалыматтарды сактоочу жана жиберүүчү түзүлүш;

н) фискалдык эстутум - ар бир суткалык (ар бир айлык) оңдолбогон каттоону жана ККМде жүргүзүлгөн калк менен акчалай эсептешүүлөр жөнүндө жыйынтык маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак убакытка сактоону камсыз кылган, салыктарды туура эсептөө максатында накта акчалай эсептешүүлөрдү жана/же банктык төлөм карточкаларын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон ККМдин курамындагы программалык-аппараттык каражаттардын комплекси;

о) фискалдык маалыматтар - контролдук тасмада жана фискалдык эстутумда белгиленүүчү акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар;

п) фискалдык каттоочу - пломбалоону бузбастан ага программалык камсыздоону жүктөө мүмкүн болбогон программалык камсыздоонун башкаруусунда иштеген ККМ, ага маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын серверине зымдуу, зымсыз байланыш каналдары аркылуу онлайн режиминде маалыматтарды берүүнүн милдеттүү функциясы бар ички түзүлүш аркылуу ишке ашырылат;

р) фискалдык режим - фискалдык эстутумда фискалдык маалыматтарды каттоону камсыз кылуучу ККМдин иштөө режими;

с) энергияга көз карандысыз узак убакытка сактоо - азыктандыруунун ички жана тышкы булактарын пайдаланбастан, фискалдык эстутумда маалыматтарды узак убакытка сактоо;

т) Х-отчет - жыйынтык сумманы өчүрбөстөн орто-аралык отчет;

у) Z-отчет - өчүрүү менен отчет, субъекттин жумуш күнүнүн аягында жүргүзүлөт.

2. Контролдук-кассалык машинанын классификациясы

2. Конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана программалык камсыздоосуна жараша ККМ төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

- автономдуу;

- пассивдүү;

- фискалдык каттоочу.

3. Контролдук-кассалык машиналарга карата жалпы техникалык талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)

3. ККМге карата жалпы техникалык талаптар 1-таблицада берилген.

1-таблица

Параметрлердин аталышы

Норма

Автономдуу

Пассивдүү

Фискалдык каттоочулар

1

Программалык пароль (разряддардын) же ККМди жеткирүү комплектине кирген номерлүү ачкычтар (ачкычтардын саны конкреттүү модель менен аныкталат).

Программалык паролдор менен эң кеминде ККМдин төмөнкү иш режимдери корголууга тийиш:

4төн кем эмес

+

+

+

- эсептешүү операцияларынын режими;

+

+

+

+

- программалоо режими;

+

+

+

+

- көрсөткүчтөрдү алып салуу режими;

+

+

+

+

- өчүрүү режими;

+

+

+

+

- салык инспекторунун режими

+

+

+

+

2

Фискалдык эстутум.

 

 

 

 

ККМда фискалдык эстутумдун көлөмү 1000 нөөмөттүк жазуудан кем болбоого тийиш

+

+

+

+

3

Машинаны тосмолоо:

 

 

 

 

- фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш толуп кеткен же бузук болгон учурда;

+

+

+

+

- ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен узактыгы 72 (жетимиш эки) сааттан ашык байланыш болбогон учурда;

-

-

-

+

- фискалдык режимде ККМ менен иштөөдө фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө жана фискалдык эстутумга санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда.

-

+

+

+

4

Электрондук журнал маалыматтын энергияга көз карандысыз сакталышын камсыздаган эске тутуучу түзүлүштө жайгаштырылууга тийиш (саат)

1400 сааттан кем эмес

+

+

+

5

Бир суткада маалыматтарды электрондук журналга ошол эле учурда сактоо (жүргүзүлгөн эсептешүү операцияларынын саны)

1000 чектен кем эмес

+

+

+

6

Контролдук тасманы чыгаруу нөөмөттү жапканда же электрондук журнал толуп кеткенде гана мүмкүн

 

+

+

+

7

Нөөмөттүк отчет алына электе электрондук журнал толуп кеткен учурда машинаны блокировкалоо

 

+

+

+

8

Электрондук журналды тазалоо контролдук тасманы бүт бойдон басып чыгаруу ийгиликтүү (кагазды айрыбастан жана булгабастан) аяктагандан кийин гана мүмкүн

 

+

+

+

9

Контролдук тасманы басып чыгарбастан же маалыматтарды электрондук контролдук тасмада сактабастан нөөмөттү жабуунун мүмкүн эместиги

 

+

+

+

10

Бир нөөмөттүн ичинде басып чыгарылуучу контролдук тасмалардын номери 1ден тартып улам көбөйүү жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

 

+

+

+

Нөөмөт ичинде басып чыгарылган тасмалардын саны нөөмөттү жабууда нөөмөттүк отчетто чыгарылат

 

+

+

+

11

Ичинде орнотулган аккумулятордун болушу (портативдүү ККМ үчүн милдеттүү талап)

 

+

+

-

12

Чек тасмасы жок учурда машинаны блокировкалоо

+

+

+

+

13

Контролдук тасма жок учурда машинаны блокировкалоо

+

+

+

+

14

Кассир операцияларды туура эмес аткарган учурда машинаны блокировкалоо

 

+

+

+

15

Машинада басып чыгарылуучу документти жараксыздыкка алып келүүчү авариялык кырдаал түзүлгөндө же машинада сторнир режими (жүргүзүлгөн операцияларды жок кылуу) болгондо машинаны блокировкалоо

+

+

+

+

16

ККМ фискалдык режимде иштеген учурда толуп кетсе, бузулса, ошондой эле фискалдык эстутумга санкцияланбаган кирүүдө машинаны блокировкалоо

+

+

+

+

17

Контролдук эсептегичтердин (операциялык каттоолордун) разряддуулугу, көрсөткүчтөрдүн саны менен өчүрүүлөрдүн саны

4төн кем эмес

+

+

+

18

Ичинде орнотулган кошуучу, кемитүүчү, көбөйтүүчү калькулятор менен аткарылуучу операциялар (ичинде орнотулган калькулятору болсо)

 

+

+

-

19

Кассирдин индикатору

 

+

+

-

20

Сатып алуучунун индикатору (бул талап милдеттүү эмес)

 

-

+

-

21

Иштин негизги режимдерин программалоо

+

+

+

+

22

Автоматтык тесттердин болушу

+

+

+

+

23

ККМде төмөнкүлөр камтылган маркировка болууга тийиш:

- машинанын аталышы;

- заводдук номери;

- чыгарылган датасы;

- ККМди чыгаруучунун фирмалык белгиси

+

+

+

+

24

Акчалай сумманы басып чыгаруу жана индикациялоо ККМди пайдалануу документтеринде көрсөтүлгөн бөлгүч аркылуу сомду тыйындан ажыратуу менен жүргүзүлөт

+

+

+

+

25

Аны контролсуз алууга жол бербей турган түзүлүш менен жабдылган жана жасаган ишкана же ККМди техникалык тейлөө жүргүзгөн уюм тарабынан пломба коюлган каптооч

+

+

+

+

26

Чекте (квитанцияда, билетте) басылып чыгуучу маалыматтар:

 

 

 

 

- машинанын заводдук номери

+

+

+

+

- ККМдин фискалдык эстутумунан салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН)

+

+

+

+

- субъекттин программалануучу аталышы (20 белгиден кем эмес);

+

+

+

+

- ККМдин каттоо номери;

+

+

+

+

- ФМБТ номери;

+

+

+

+

операциянын катар номери;

+

+

+

+

- операциянын/кызмат көрсөтүүнүн датасы;

+

+

+

+

- операциянын/кызмат көрсөтүүнүн убакыты;

+

+

+

+

- операциянын/кызмат көрсөтүүнүн суммасы;

+

+

+

+

фискалдык режим жөнүндө ырастама;

+

+

+

+

- салык мыйзамдарына ылайык салыктардын суммасы;

+

+

+

+

чек жөнүндө маалыматты камтуучу QR коду;

+

+

+

+

- чекти текшерүү боюнча маалыматтык порталдын дарегин чыгаруу;

+

+

+

+

төлөмдүн түрү (накталай, накталай эмес);

- валютанын түрү(**);

- валютапыи курсу(**);

- саны(**)

+

+

+

+

27

Контролдук тасмада басылып чыгарылуучу маалымат:

 

 

 

 

- операциянын катар номери; (эсептик же отчеттук)

+

+

+

+

- операциянын датасы;

+

+

+

+

- операциянын убактысы;

+

+

+

+

- эсептешүү операциясынын суммасы

+

+

+

+

28

Киргизилүүчү жана индикациялануучу сумманын разряддуулугу

Кем эмес

7

7

 

29

Акча эсептегичтердин (каттоолордун) разряддуулугу

Кем эмес

8

8

10

30

Аткарылуучу кассалык операциялардын курамы:

 

 

 

 

- акчалай сумманы эсепке алуу;

+

+

+

+

орто аралыктагы жыйынтыктарды эсептөө;

+

+

+

+

кайтарып берилүүчү сумманы эсептөө(**);

+

+

+

+

- жалпы жыйынтыктарды эсептөө;

+

+

+

+

- автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай жана операциялык каттоолордун көрсөткүчтөрүн алуу;

+

+

+

+

- автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай каттоолорду өчүрүү;

+

+

+

+

- накталай эсептешүү;

+

+

 

+

- кассадан төлөп берүү(*)(**);

+

+

+

+

- кассага салуу(*)(**)

+

+

+

+

- жокко чыгаруу(**);

+

+

+

+

пайыздык үстөгүн эсептөө(*)(**);

+

+

+

+

- пайыздык арзандатууну эсептөө(*)(**);

+

+

+

+

- кайтаруу(**);

+

+

+

+

- маалыматты басып чыгарууга чейин кассирдин/кардардын катасын оңдоо;

+

+

+

+

- 2ден кем эмес салык ставкаларын бөлүү(*)(**)

+

+

+

+

31

Отчеттук документтерди түзүү:

 

 

 

 

- фискалдык отчет;

+

+

+

+

- суткалык отчет

+

+

+

+

32

Зымдуу, зымсыз байланыш каналдары аркылуу маалыматтарды берүүнүн болушу:

- ТСD/IРге кошуу протоколун жана ККМ менен "онлайн режиминдеги ККМ" АМСнын ортосундагы маалымат алмашуу протоколун колдонуу менен Интернет түйүнү боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын серверине кошуу;

 

 

 

 

ыйгарым укуктуу салык органынын серверине кошулуу убактылуу жоголгон шартта чектерди түзүүнү жана басып чыгарууну камсыз кылуу. Байланыш калыбына келтирилгенде топтолгон фискалдык маалыматтарды ФСБТ блогунан ыйгарым укуктуу салык органынын серверине берүү;

+

+

+

+

- зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча маалыматтарды берүүнүн бирден кем эмес каналын кармоо (GSM, UMTS, LTE, Ethernet, LAN, WLAN);

+

+

+

+

- ыйгарым укуктуу салык органынын серверинде ККМди авторизациялоо жүргүзүү;

+

+

+

+

- ыйгарым укуктуу салык органынын серверине жүргүзүлгөн кассалык операциялар жана нөөмөттүн жабылышы тууралуу маалыматтарды берүү

+

+

+

+

 

- фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана алар ыйгарым укуктуу салык органынын серверине алынгандан кийин маалыматтарды берүү-кабыл алуу убактысы 10 (он) секунддан ашык эмес

+

+

+

+

 

Эскертүү.

1-таблицадагы шарттуу белгилер:

"ККМ" - контролдук-кассалык машина;

"ФМБТ" - фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү;

"ТСР/IР" - маалыматтарды берүүнүн тармактык протоколу;

"Онлайн режиминдеги ККМ" АМС" - "Онлайн режиминдеги ККМ" автоматташтырылган маалыматтык системасы;

"+" - милдеттүү параметр;

"-" - милдеттүү эмес параметр.

"*" белгиси менен белгиленген реквизиттер портативдүү ККМге тиешелүү.

"**" белгиси менен белгиленген реквизиттер алмаштыруу бюросунун иши үчүн ККМге тиешелүү.

4. ККМдин фискалдык эстутумуна карата талаптар:

1) фискалдык эстутумдун конструкциясы ККМдин иштөөсүндө, ошондой эле штаттык приборлорду, жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды колдонуу менен техникалык тейлөөдө жана оңдоодо механикалык, электр магниттик таасир этүүлөрдөн жана башка түрлөрүнөн коргоону караштырууга тийиш;

2) фискалдык эстутумда фискалдык эстутумдун бир же бир нече топтогучтары болууга тийиш. Эксплуатациялоо процессинде (фискалдык режимде) бир жолу маалымат жазылган фискалдык эстутумдун топтогуч зонасы ошондой эле эч бир шартта да кайталап жазуу жана/же селективдик өчүрүү үчүн жеткиликтүү болбошу керек;

3) фискалдык эстутумдун топтогучу блок конструкциясында же ККМдин курамында ККМдин жалпы каптоосу менен жайгаштырылышы керек. Фискалдык эстутумдун топтогучун башкача жайгаштырууга жол берилбейт.

2-таблица

Жазуунун түрү

Реквизити

Реквизиттин разряддуулугу (ондук белгилер)

Жазуулардын саны

ККМдин номери

ККМдин заводдук номери

7 min

1

ККМди фискалдаштыруу

ККМдин каттоо номери

6 min

1

Субъекттин ИСНи

14 min

 

ККМ фискалдаштырылган дата

6 min

 

Кайра каттоо жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль

5 min

 

ККМди кайра каттоо

ККМдин каттоо номери

6 min

 

Субъекттин ИСНи

14 min

4 min

ККМ кайра катталган дата

6 min

 

Кайра каттоо жүргүзүүнүн алдында нөөмөттү акыркы жабуудагы фискалдык эстутумдагы жазуунун номери

4 min

4 min

Кайра каттоо жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль

5 min

 

Нөөмөттү жабуу

Нөөмөттүн отчетунун датасы

6 min

 

Нөөмөттү жабуу номери

4 min

 

Нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгы

9 (10(*))min

1000 min

Нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы(**)

9 (10(*)) min

 

Кызматтык маалымат (милдеттүү түрдө)

Жазуулардын контролдук суммасы

Фискалдык эстутумда катталуучу жыйынтыктардын маанисинде үтүр жайгашкан жер

Даярдоочу тарабынан аныкталат

5. Нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгын жана нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгын каттоолордун разряддуулугу ККМдин тийиштүү акчалай каттоолорунун разряддуулугунан кем болбоого тийиш.

6. ККМ фискалдык эмес жана фискалдык режимдерде иштөөнү камсыз кылууга тийиш.

7. Фискалдык эмес режим ККМдин бардык калган функцияларын, анын ичинен сатуулар боюнча маалыматтарды топтоо жана ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтерине ылайык документтерди түзүү функцияларын колдоосу тийиш.

8. Фискалдык режим ККМдин ишинин пайдалануу документтерине толук шайкеш келишин камсыз кылуусу тийиш. Фискалдык режимдеги ККМде таризделүүчү бардык документтер (фискалдык маалыматтарды камтыбагандардан тышкары) ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлгөн жана фискалдык маалыматтарды түзүү аяктагандан кийин гана басып чыгарылуучу так айырмалоо белгисине ээ болууга тийиш.

9. Фискалдык режимди кошуу ККМди фискалдаштыруу аяктагандан жана фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү активдештирилгенден кийин жүргүзүлүүгө тийиш. ККМди фискалдаштыруу фискалдык эстутумга кирүү паролу киргизгенден кийин жүргүзүлөт. Фискалдык эстутумга кирүүнүн баштапкы паролу жана фискалдаштыруу жана кайра каттоо жүргүзүү тартиби ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүсү тийиш. Фискалдаштыруу жүргүзүлгөндөн кийин фискалдык режим өчүрүлүшү мүмкүн эмес.

10. ККМди фискалдаштырууда төмөнкү реквизиттер киргизилет:

- ККМ заводдук номери;

- ККМдин каттоо номери;

- субъекттин ИСНи;

- фискалдаштыруу жүргүзүлгөн дата;

- фискалдык эстутумга кирүүнүн жаңы паролу.

11. Эгерде, ККМдин заводдук номери фискалдык эстутумга аны жасаган ишканада киргизилсе, анда фискалдаштырууда ал киргизилбейт.

12. Фискалдаштыруу же кайра каттоо процесси фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүн активдештирүүнү камтууга тийиш.

13. Фискалдаштырууда же кайра каттоодо киргизилүүчү реквизиттер (фискалдык эстутумга кирүү паролунан тышкары) чекте басылып чыгарылуусу тийиш.

14. ККМди кайра каттоодо төмөнкү реквизиттер киргизилет:

- ККМдин каттоо номери;

- субъекттин ИСНи;

- кайра каттоо жүргүзүлгөн дата;

- фискалдык эстутумга кирүүчү жаңы пароль.

15. Нөөмөттүк отчеттун маалыматтары нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө (өчүрүү менен нөөмөттүк отчетту ККМде түзүүдө) фискалдык эстутумда катталуусу тийиш. Мында акчалай нөөмөттүк каттоолорду өчүрүү нөөмөттүк отчет басып чыгарылгандан жана маалыматтар фискалдык эстутумга ийгиликтүү катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.

16. ККМ нөөмөттүн узактыгын контролдоого тийиш, ал 24 сааттан ашпашы керек.

17. Нөөмөт ичинде биринчи төлөм документин тариздөөнүн аякташы нөөмөттүн узактыгын эсептөө башталган учур деп эсептелет.

18. Нөөмөттүн жогоруда көрсөтүлгөн узактыгы ашып кеткен учурда ККМ өчүрүү менен нөөмөттүк отчет жүргүзүлгөнгө чейин төлөм документтерин тариздөө мүмкүнчүлүгүн блокировкалоого тийиш.

19. Учурдагы датаны оңдоодо ККМ киргизилген датанын тууралыгын контролдошу керек, ал фискалдаштыруу же кайра каттоо жүргүзүлгөн датаны кошкондо, фискалдык эстутумда акыркы жазуу жүргүзүлгөн датадан эрте болбошу керек.

20. Кыйла эрте датаны киргизүүгө аракет жасалса, ККМ туура дата киргизилгенге чейин бардык операциялардын жүргүзүлүшүн блокировкалоого тийиш.

21. Датага оңдоолор киргизген учурда, ККМда кокусунан жаңылыш киргизүүнүн алдын алуу боюнча атайын чаралар каралууга тийиш, мисалы датаны кайталап суроо жана ал 2 жолу дал келгенден кийин гана коюу.

Эскертүү. Жылдын "00" номерлүү датасы андан ары жылдын "99" номерлүү датасына караганда кыйла кийинки деп эсептелет.

22. Фискалдык отчетту алуу жана кайра каттоо жүргүзүү фискалдык эстутумга кирүү паролун киргизүү менен гана мүмкүн.

23. Фискалдык эстутумга кирүү паролу фискалдаштыруу же кайра каттоо процессинде фискалдык эстутумга киргизилет жана катталат.

24. Фискалдык маалыматтарга кайрылууда режимге кирүү паролунун жардамы менен тийиштүү режимге кирүү керек. Бул режимдеги кийинки аракеттер ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүсү тийиш.

25. ККМ төмөнкү учурларда функциялардын аткарылышын блокировкалоого тийиш:

- фискалдык эстутумга кирүү паролун туура эмес киргизүү аракети жасалганда. Мында бардык операцияларды аткаруу жана паролго кирүү режиминен чыгуу блокировкаланат. Блокировкалоо туура паролду киргизген учурга чейин иштеши керек;

- нөөмөттү жабуу операциясы аяктаганга чейин жалпы өчүрүү, кайра каттоо, фискалдык отчетту алуу жана датасын оңдоо операцияларын жүргүзүү аракети жасалган учурда. ККМдин бул функцияларын аткарууну блокировкалоо нөөмөттү жабуу операциясы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш;

- ККМди жалпы өчүрүү операциясын жүргүзбөстөн ондук чекиттин абалын өзгөртүү аракети жасалган учурда. ККМдин бул функцияларын аткарууну блокировкалоо ККМди жалпы тындыруу операциясы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш;

- ушул Убактылуу талаптардын 18-пунктунда келтирилген учурда нөөмөттү жабуу операциясы жүргүзүлбөгөндө. ККМдин каттоочу функцияларын блокировкалоо нөөмөттү жабуу операциясы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш;

- ушул Убактылуу талаптардын 21-пунктунда келтирилген учурларда датаны оңдоодо. ККМдин каттоочу функцияларын блокировкалоо туура дата коюлгандан кийин алынууга тийиш;

- фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш толуп, бузулуп же өчүп калгандыгы аныкталганда ККМдин каттоочу функцияларына бөгөт коюу аны пайда кылган себептер четтетилгенден кийин алынууга тийиш. Мында ККМ өчүрбөстөн нөөмөттүк жана топтолгон отчетторду алууга, ал эми фискалдык эстутум толуп кеткенде - фискалдык отчетту алууга уруксат берет.

- фискалдык режимде ККМ иштеп жаткан учурда фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүштөрүнө санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда;

- ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен узактыгы 72 (жетимиш эки) сааттан ашык байланыш болбогон учурда;

- программалык камсыздоого жана ККМдеги кассалык операциялар жөнүндө маалыматты модификациялоо жана санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда.

26. Фискалдык отчеттун үлгүсү жана аны алуу үчүн иш-аракеттердин ырааты ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

27. ККМ нөөмөт жабылган мезгилдин даталарын да, номерлерин да көрсөтүү менен толук, ошондой эле кыскартылган фискалдык отчетту алууну камсыз кылуусу тийиш, мында мезгилдин башталышы менен аякташы бир типте берилүүгө тийиш.

28. Фискалдык отчетту алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- фискалдык эстутумга кирүүнүн мурда белгиленген паролун киргизүү;

- фискалдык отчет алынуучу мезгилдин алгачкы датасын (же нөөмөттү жабуудагы баштапкы номерди) киргизүү;

- фискалдык отчет алынуучу мезгилдин акыркы датасын (же нөөмөттү жабуудагы акыркы номерди) киргизүү;

- фискалдык отчеттун тибинин белгисин киргизүү (толук же кыскартылган).

29. Фискалдык отчетто төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:

- ККМдин конкреттүү тобу үчүн талаптарга ылайык субъекттин аталышы;

- фискалдык отчеттун белгиси;

- документтин туташ катар номери;

- отчет алынган дата;

- ККМдин конкреттүү тобу үчүн талаптарга ылайык отчет алынган убакыт;

- отчет түзүлгөн мезгил;

- ККМдин заводдук номери;

- ККМ фискалдаштыруунун реквизиттери (паролдон тышкары);

- ККМге жүргүзүлгөн бардык кайра каттоолордун (паролдон тышкары) реквизиттери;

- нөөмөттүн конкреттүү жыйынтыгы жана жабылган номери катталган датаны көрсөтүү менен ошол мезгил ичиндеги нөөмөттүк сатуулардын бардык жыйынтыгы(*);

- мезгил ичиндеги сатуулардын суммалык жыйынтыгы(**);

- мезгил ичиндеги сатып алуулардын суммалык жыйынтыгы(**).

Эскертүү.

(*) реквизиттер толук фискалдык отчет алынгандан кийин гана чыгарылат.

(**) эгерде фискалдык отчет алынып жаткан мезгилде ондук чекиттин абалы өзгөрсө, анда реквизиттер ККМде белгиленген форматта кайра эсептелип чыгууга жана басылып чыгарылууга тийиш, ал алмаштыруу бюролорундагы ККМ үчүн да ондук чекиттен кийинки белгилердин максималдуу санын камтыйт.

30. Фискалдык эстутумда топтогучта катталган маалыматтар каттоо мезгилинин ичинде сакталышы керек, ал эми фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү - ККМ фискалдык режимге которулган учурдан тартып 12 айдын ичинде сакталууга тийиш.

31. Фискалдык эстутум жана фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү ККМдин каптоочунда фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүн жайгаштырууга мүмкүн болбогон моделдеринен тышкары, ККМдин жалпы каптоочунун ичинде жайгаштырылышы керек.

32. Фискалдык эстутумга жана фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө Техникалык тейлөө борбору тарабынан пломба коюлууга тийиш.

33. Фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү чечилбеген корпуста же ККМ курамында аткарылууга тийиш. ККМге туташтыруу үчүн ажыратуучу же СИМ-карта үчүн слот болушу керек.

34. Зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча маалыматтарды берүү функцияларына талаптар:

- ТСD/IPге кошуу протоколун жана ККМ менен "онлайн режиминдеги ККМ" автоматташтырылган маалыматтар системасынын ортосундагы маалымат алмашуу протоколун колдонуу менен Интернет түйүнү боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын серверине кошуу;

- ыйгарым укуктуу салык органынын серверине кошулуу убактылуу жоголгон шартта чектерди түзүүнү жана басып чыгарууну камсыз кылуу. Байланыш калыбына келтирилгенде топтолгон фискалдык маалыматтарды фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн блогунан ыйгарым укуктуу салык органынын серверине өткөрүү;

- зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча маалыматтарды берүүнүн бирден кем эмес каналын кармоо;

- ыйгарым укуктуу салык органынын серверинде ККМди авторизациялоо жүргүзүү;

- ыйгарым укуктуу салык органынын серверине жүргүзүлгөн кассалык операциялар жана нөөмөттүн жабылышы тууралуу маалыматтарды берүү.

- фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана алар ыйгарым укуктуу салык органынын серверине алынгандан кийин маалыматтарды берүү-кабыл алуу убактысы 10 (он) секунддан ашпоого тийиш.

4. Техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар

35. Техникалык тейлөө борборлорунда (мындан ары – ТТБ) төмөнкүлөр болушу керек:

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү менен ККМди жеткирүү, техникалык жана кепилдик колдоо жана аларды оңдоо үчүн комплекттөөлөр жөнүндө, ККМдин моделин (аталыштарын), санын жана жеткирүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен келишим. Эгерде ТТБ ККМди даярдоочу завод болуп саналса, анда ТТБда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ККМди өндүргөн даярдоочу заводдун ККМге автордук укугун ырастоочу документтер болушу тийиш;

- ТТБ тарабынан бекитилген чекене баалардын өлчөмүн көрсөтүү менен ККМ тейлеген моделдеринин жана оңдоо үчүн аларды комплекттөөлөрдүн тизмеги;

- ТТБ тарабынан бекитилген ККМди техникалык тейлөө үчүн тарифтер;

- провайдер (байланыш оператору) менен тарифтерди көрсөтүү, корголгон байланыш каналдарын берүү аркылуу маалымат алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү тууралуу келишим;

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү тарабынан берилген ККМди орнотуу, эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча алардын кесиптик көндүмдөрүн ырастоочу колдонуудагы сертификаты бар кызматкерлер;

- ККМди күнү-түнү техникалык жактан колдоо жана сервистик тейлөө үчүн материалдык-техникалык база.

36. ТТБ төмөнкүлөр менен өз ара аракеттешет:

субъект менен - суткасына 24 (жыйырма төрт) саат, жумасына 7 (жети) күн режиминде ККМди техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө келишимдин негизинде;

ыйгарым укуктуу салык органы менен - өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашуунун негизинде.

37. ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине (мындан ары – ККМдин мамлекеттик реестри) киргизилген ККМдин моделдери боюнча гана сатууну, техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөнү ишке ашырууга;

- субъекттин кайрылуусунда ККМди ижарага берүүгө, ККМди лизинг келишими боюнча берүүгө же акы төлөө мөөнөтүн узартуу менен ККМди сатууга;

- техникалык жактан бузулуп калган учурда мындай бузулуулар аныкталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тийиштүү санынын болушуна;

- ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү боюнча ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө жана мындай берүү жок экендиги аныкталган учурда 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде ККМдин бузулууларын четтетүүгө;

- субъекттердин жана салык кызматынын органдарынын кайрылуусунда ККМдин бузулуусун 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде четтетүүгө;

- ар бир келип түшкөн кайрылуулардын күнүн жана убактысын көрсөтүү менен оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар белгилене турган субъекттердин ККМдин бузулуусун четтетүү боюнча кайрылуулары каттала турган журнал жүргүзүүгө;

- белгиленген мөөнөттүн ичинде ККМдын бузулушун четтетүү мүмкүн болбогон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында каттоого жана оңдоо мезгилинде субъектке жараксыз ККМдин ордуна башка так ошондой, техникалык мүнөздөмөлөрү окшош, иштеген ККМди акысыз негизде берүүгө;

- провайдерлердин (байланыш операторлорунун) ар бир ККМ боюнча корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүсү үчүн чыгымдарын, ошондой эле фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка чыгымдарды өз убагында төлөөнү камсыз кылууга;

- өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, мурда түзүлгөн келишимге ылайык, субъект үчүн шарттарды өзгөртүүсүз ККМ техникалык тейлөө боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин башка ТТБга өткөрүп берүүгө;

- өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, субъекттерге жана ыйгарым укуктуу салык органына жазуу жүзүндө өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурга чейин 90 (токсон) календарлык күн мурда билдирүүгө;

- ККМге, анын ичинде фискалдык эстутумга жана электрондук контролдук тасмага санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздукту камсыздоого;

- субъект келишимдин шарттарын аткарбаган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу келишим бузулганга чейин 10 (он) жумуш күн мурда ККМди тейлөөгө келишимдин бузулушу жөнүндө салык органына билдирүүгө.

38. ТТБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:

- ККМдеги фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкциясыз өзгөрткөндүгү, ошондой эле ККМдин мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин аны программалык камсыз кылууну санкциясыз модификациялагандыгы үчүн;

- ушул Талаптардын 37-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну аткарбагандыгы үчүн;

- ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү боюнча субъекттер колдонгон ККМдин оңдугу үчүн, анын ичинде провайдерлердин (байланыш операторлорунун) корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү жана фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка сарптоолор үчүн чыгымдардын өз убагында төлөнүшү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекетке же субъектке зыян алып келген аракеттер/аракетсиздик үчүн.

ТТБ жоопкерчилиги ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен берилүүчү отчеттордун, салык кызматынын органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБ ишин жана субъекттерди контролдоого ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдардын контролдук иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

39. ТТБ төмөнкүлөргө укуктуу:

- ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамынан макулдашууну тийиштүү түрдө аткарууну талап кылууга;

- өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына белгилүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырды сактоону талап кылууга;

- салык органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБ жана субъекттердин ишин контролдоого ыйгарым укуктуу башка органдардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздиктерине даттанууга;

- ККМдин ишин каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгүн алууга;

- өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөөгө өзүнүн кызматкерлерин тийиштүү окутууга;

- субъект келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган учурда ККМди тейлөө келишимин бузууга.