Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 13-июлу № 391

Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)

Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнү тартипке келтирүү максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар алган субсидиялары жөнүндө отчетту түзүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн актыларды жетекчиликке алышсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

C.Жээнбеков

 

1-тиркеме

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн
УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Убактылуу тартип төмөнкүлөрдү аныктайт:

- калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыгуучу жабылбаган чыгашаларды финансылык камсыздоо (ордун толтуруу) максатында калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана бөлүштүрүүчү жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн эрежелерин;

- калкка чыгымдарды жабууну камсыздабаган тарифтер боюнча жылуулук энергиясынын кызматтарын көрсөтүүчү жылуулук менен жабдуучу ишканалардын чыгымдарын жабууга субсидияларды берүү үчүн критерийлер;

- субсидияларды берүүнүн максаттары жана шарттары;

- субсидияларды берүүнүн жана аларды берүүдө белгиленген шарттар бузулган учурларда кайтаруунун тартиби.

2. Бул Убактылуу тартипте төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

жылуулук менен жабдуучу ишканага субсидия - калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана сатуучу жылуулук менен жабдуучу ишканалардын иш жүзүндөгү, экономикалык негизделген сарптоолору менен отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген калкка жылуулук энергиясын берүү тарифтеринин ортосундагы айырманын ордун толтурууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттары;

келечектеги мезгилдердин чыгымдары (активдерге таандык субсидиялар) - мурунку жана отчеттук мезгилдерде жүргүзүлгөн, кийинки мезгилдерде продукциянын өздүк наркына кошулууга тийиш күндөлүк жана узак мөөнөттүү активдерди сатып алуу боюнча сарптоолорду жабууга мамлекеттик субсидиялар;

жөнгө салынуучу тарифтер - жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу муктаждыктарына отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү мезгилге калк үчүн белгиленүүчү жылуулук энергиясынын тарифтери;

экономикалык негизделген сарптоолор - тиешелүү мезгилде калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана бөлүштүрүүчү жылуулук менен жабдуучу ишканалардын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү салыктарын жана рентабелдүүлүгүн кошкондо, жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу процессинде кеткен сарптоолордун акчалай түрдөгү жыйындысы;

даярдык көрүү мезгилинин чыгымдары - мурдагы мезгилде кеткен, кийинки мезгилде продукциянын өздүк наркына кошулууга тийиш сарптоолор.

2. Субсидияларды берүүнүн максаты жана критерийлери

3. Субсидияларды берүүнүн максаты жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктары үчүн калкты жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоо боюнча жылуулук менен жабдуучу ишканаларынын туруктуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

4. Субсидия иш жүзүндөгү, экономикалык негизделген сарптоолордун жана келечектеги мезгилдердин чыгымдарынын ордун толтурууну камсыздабаган жөнгө салынуучу тарифтер боюнча калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга байланыштуу келип чыгуучу жабылбаган чыгашалардын ордун толтуруу максатында калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана сатуучу жылуулук менен жабдуучу ишканаларга акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет.

3. Субсидияларды берүүнүн шарттары

5. Субсидияларды берүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтин белгиленүүсү;

2) салыктарды жана рентабелдүүлүктү эске алуу менен калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча иш жүзүндө жумшалган, экономикалык негизделген сарптоолордун отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясынын жөнгө салынуучу тарифтеринен ашып кетиши;

3) жылуулук менен жабдуучу ишкананын бухгалтердик балансында келечектеги мезгилдердин орду толтурулбаган чыгымдарынын болушу, анын ичинде:

- жылуулук берүү мезгилине даярданууга жана өндүрүштү өздөштүрүүгө (оңдоо иштерине) сарптоолор;

- келишимге ылайык газ үчүн алдын ала төлөм;

- отундун сезондук жана авариялык запасы;

- оңдоо иштерине жана авариялык кырдаалдарды четтетүүгө чыгымдалуучу материалдардын запасы (резерви);

- отчеттук мезгилдин аягына карата жылуулук менен жабдуучу ишканага таандык негизги каражаттардын амортизацияланбаган наркы;

- күндөлүк жана узак мөөнөттүү активдерди сатып алуу.

4. Субсидияларды берүүнүн жана кайтаруунун тартиби

6. Жабылбаган чыгашаларды мамлекеттик бюджеттен каржылоо бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметаларынын негизинде ишке ашырылат.

Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасы менен төмөнкүлөр аныкталат:

- субсидиянын өлчөмү (көлөмү);

- субсидиянын өлчөмүн (көлөмүн) квартал боюнча бөлүштүрүү.

7. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды берүү кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча ишке ашырылат:

- калкка жылытуу муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясын берүү;

- калкка ысык суу менен камсыз кылуу муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясын берүү.

8. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга берилүүчү субсидиялардын өлчөмү салыктарды жана рентабелдүүлүктү, ошондой эле келечектеги мезгилдердин чыгымдарын эске алуу менен калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу менен байланышкан иш жүзүндөгү жана экономикалык негизделген сарптоолор менен жөнгө салынуучу тарифтер боюнча сатылган жылуулук энергиясынын көлөмү үчүн калкка берилген төлөмдөрдүн суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

9. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларына тиешелүү болгон субсидиялардын өлчөмүн эсептөө Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасына (мындан ары - Методика) ылайык ишке ашырылат жана ыйгарым укуктуу финансы органына берилет.

10. Берилген субсидиянын пайдаланылышы тууралуу отчет жылуулук менен жабдуучу ишкана тарабынан Методикага ылайык түзүлөт.

11. Калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана сатуучу ишканалардын финансылык жылынын жыйынтыгы боюнча жылдык отчеттук маалыматтардын, отчеттун берилген формаларынын жана финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн талдоонун негизинде ыйгарым укуктуу финансы органы тарабынан учурдагы финансылык жылга карата субсидиялардын көлөмү такталат. Отчеттук мезгилде субсидиялардын ашыкча же жетишсиз каржылануусу кийинки отчеттук мезгилдеги каржылоо көлөмүнө эсептелет. Ашыкча каржылоо мамлекеттик бюджеттин кирешесине кайтарылып алынбайт.

Жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан субсидияларды пайдалануунун шарттары бузулгандыгы аныкталган учурда келечектеги мезгилге субсидиялардын суммасы анын өлчөмүн аныкталган бузуулардын суммасына азайтуу жолу менен оңдолот.

 

2-тиркеме

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө
МЕТОДИКАСЫ

1. Киришүү

1. Ушул Методика жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана бөлүштүрүүчү ар бир жылуулук менен жабдуучу ишкана боюнча өзүнчө отчетторду, эсептөөлөрдү, чечмелөөлөрдү, маалыматтарды түзүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Методиканын негизги максаты - рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин жана келечектеги мезгилдердин чыгымдарын эске алуу менен калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга жылуулук менен жабдуучу ишканалардын чыгымдарынын толук жабылышын камсыздоо.

3. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга субсидияларды берүүнүн шарттары Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн убактылуу тартибинин 3-пунктунда аныкталган.

2. Жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга чыгымдардын мүнөздөмөсү

4. Жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга жумшалган сарптоолор келип чыккан жана төлөнгөн убактысына карабастан алар тийиштүү болгон отчеттук мезгилдеги жылуулук энергиясынын өздүк наркына кошулат.

5. Кайсы отчеттук мезгилге таандык экендигин так белгилөөгө мүмкүн болбой турган сарптоолор, ошондой эле сезондук мүнөздөгү чыгымдар жана мезгилдик чыгымдар (кыйыр сарптоолор) бекитилген тарифтерге ылайык өндүрүштүк сарптоолорго кирет.

6. Финансылык отчеттук мезгилдер менен (1-январдан баштап 31-декабрга чейин), жылуулук берүү сезонунун (учурдагы жылдын 1-октябрынан баштап кийинки жылдын 31-мартына чейин) дал келбей калышына, жылуулук энергиясын берүүнүн азайышына же жай мезгилинде анын токтотулушуна, чыгымдалуучу материалдардын жана отундун запасынын (резервдин) милдеттүү болушуна, келишимге ылайык жаратылыш газы үчүн алдын ала төлөөгө, негизги каражаттар боюнча чыгымдарды (сатып алуу, техникалык кайра жабдуу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоолор боюнча) капиталдаштырууга байланыштуу жылуулук менен жабдуучу ишканаларда келечектеги мезгилдердин чыгымдары келип чыгат.

"Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасында кабыл алынган Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык жылуулук менен жабдуучу ишканалардын бухгалтердик эсепке алуусунда келечектеги мезгилдердин чыгымдары сатып алынган учурдагы жана узак мөөнөттүү активдерден кирешелерди алуу мезгилдериндеги продукциянын өздүк наркы кошулууга тийиш. Бул чыгымдарды жылуулук энергиясынын өздүк наркына кошконго чейин келечектеги мезгилдердин чыгымдары жылуулук менен жабдуучу ишкананын балансында актив катары капиталдаштырылат.

Келечектеги мезгилдердин чыгымдарына төмөнкүлөр кирет:

- жылуулук берүү мезгилине даярданууга жана өндүрүштү өздөштүрүүгө сарптоолор (оңдоо иштери);

- отундун сезондук запасы;

- авариялык кырдаалдарды четтетүүгө карата чыгымдалуучу материалдар жана отундун запасы (резерви);

- келишимге ылайык газга алдын ала төлөө;

- негизги каражаттардын амортизацияланбаган өздүк наркы.

Жылуулук менен жабдуучу ишканалардын жылуулук энергиясын иштеп чыгуусунда жана сатуусунда келечектеги мезгилдердин чыгымдары төмөнкүлөргө кошулат:

- пландуу өздүк наркына - тиешелүү пландык жылуулук берүү мезгилине;

- иш жүзүндөгү наркына - жылуулук энергиясы иштелип чыгуучу жана сатылуучу отчеттук мезгилге, алар келип чыккан мезгилге эмес.

Жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга чыгымдарды эсепке алуунун мындай ыкмасы бардык сарптоолорду иштелип чыгуучу жылуулук энергиясынын өздүк наркына пропорционалдуу тең, өз убагында жана толук бөлүштүрүлүшүн камсыздайт.

7. Жылуулук менен жабдуучу ишканалардагы жылуулук энергиясынын өздүк наркын түзүүнүн мүнөзү сарптоолорду өзгөрүлмөгө жана туруктууга так болуу менен аныкталат:

Өзгөрүлмө сарптоолор - чоңдугу туруктуу сарптоолордон айырмаланып иштелип чыгуучу жана сатылуучу жылуулук энергиясынын көлөмүн өзгөртүү менен өзгөрүлүүчү сарптоолордун түрү.

Өзгөрүлмө сарптоолорду аныктоочу негизги белги болуп жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу токтотулганда алардын жоголуп кетүүсү саналат.

Туруктуу сарптоолор - жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу көлөмүнүн өзгөрүүсүнө карабастан өзгөрүлбөй турган сарптоолор. Алар ар бир мезгилдеги туруктуу чыгымдарга байланыштуу, башкача айтканда өндүрүштүн көлөмүнө эмес, убакытка көз каранды.

Туруктуу жана өзгөрүлмө сарптоолордун суммасы жалпы сарптоолорду түзөт, алар өз кезегинде өздүк нарктын эки түрүнө бөлүнөт:

- өндүрүштүк өздүк нарк;

- толук өндүрүштүк өздүк нарк.

Өндүрүштүк өздүк нарк жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга түз сарптоолордун жыйындысын билдирет, алар экономикалык мазмунуна ылайык төмөнкү элементтер боюнча топтоштурулат:

- материалдык чыгымдар (отун, материалдар);

- өндүрүштө түздөн-түз иштеген жумушчулардын эмгек акысына сарптоолор;

- өндүрүштө түздөн-түз иштеген жумушчуларды социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр;

- негизги каражаттарды, өндүрүштүк кубаттуулуктарды амортизациялоо;

- башка өндүрүштүк сарптоолор.

Толук өндүрүштүк өздүк нарк өндүрүштүк өздүк нарк (түз чыгымдар) менен бирге жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу үчүн мезгил чыгымдарынын (кыйыр сарптоолор) үлүшүн билдирет.

9. Мезгил чыгымдары (кыйыр сарптоолор) - инвентаризацияланбай турган учурдагы сарптоолор. Алар өндүрүштүн белгилүү бир көлөмүнө эмес, мезгилге тийиштүү болот жана өндүрүштүк процесске байланышпайт. Алар продукциянын өндүрүштүк өздүк наркын аныктоодо эсепке алынбайт. Мезгил чыгымдарына (кыйыр сарптоолор) төмөнкүлөр кирет:

- административдик чыгымдар;

- жалпы чарбалык чыгымдар;

- сатуу боюнча чыгымдар (коммерциялык).

10. Ушул Методиканын 9-пунктунда көрсөтүлгөн жылуулук менен жабдуучу ишканалардын сарптоолору төмөнкүлөр катары да каралат:

- түз сарптоолор - жылуулук энергиясын өндүрүү менен жеңил жана так байланыштырууга мүмкүн болгон сарптоолор (өндүрүштө түздөн-түз иштеген жумушчулардын эмгек акысына жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөргө сарптоолор, өндүрүштүк кубаттуулуктарды амортизациялоо, чийки затка жана негизги материалдарга сарптоолор);

- мезгил чыгымдары (кыйыр сарптоолор) - жылуулук энергиясын өндүрүү менен жеңил жана так байланыштырууга жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга түздөн-түз киргизүүгө мүмкүн болбогон сарптоолор (көмөкчү жана административдик-башкаруу  персоналынын эмгек акысына жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөргө чыгымдар, жылуулук энергиясын өндүрүүгө түздөн-түз катышпаган негизги каражаттарды амортизациялоо жана башка сарптоолор).

Мезгил чыгымдары (кыйыр сарптоолор) төмөнкү критерийлердин бири боюнча бөлүштүрүлөт:

- түз материалдык сарптоолор (түз сарптоолордун суммасы);

- эмгекти көп талап кылуучу:

- келтирилген шарттуу коэффициент;

- жылуулук энергиясынын сатылуучу баасы.

Мезгил чыгымдарын (кыйыр сарптоолор) бөлүштүрүүнүн критерийлери ишкана тарабынан өз алдынча аныкталат жана жетекчинин буйругу менен эң аз дегенде бир финансылык жылга бекитилет.

Мезгил чыгымдарын (кыйыр сарптоолор) бөлүштүрүүнүн кабыл алынган критерийлери бааларды (тарифтерди) түзүүдө да, иш жүзүндө келип чыккан сарптоолорду аныктоодо да колдонулат.

11. Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча сарптоолорго төмөнкүлөр кирет:

- жылуулук энергиясын өндүрүүгө түз чыгымдар;

- техникалык тейлөөгө сарптоолор (жабдууларды, жылуулук тармактарын багыты боюнча пайдаланууда ишке жарамдуулугун же оң абалын колдоо боюнча пландалган иш);

- оңдоо иштерине сарптоолор (объектинин оң абалын жана ишке жарамдуулугун калыбына келтирүү жана объекттин ресурстарын же анын курамдык бөлүктөрүн калыбына келтирүү боюнча операциялардын комплекси);

- оңдоо иштеринен кийин от казандарын кургатууга, жагууга жана ысык резервди кармап турууга сарптоолор;

- жылуулук менен жабдуучу ишканалардын жылытуу тармактарындагы жылуулук энергиясынын ченемдик (техникалык) жоготуулары;

- жылуулук түйүндөрүн ысытууга чыгымдар, анын ичинде жылуулук берүү мезгилинде жылуулук тармактарын пландалбаган же алдын ала каралган жагдайда токтотуулар боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы № 172 токтому менен бекитилген Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелеринде каралган актылардын жана эсептөөлөрдүн негизинде жылуулук тармактарында жүргүзүлүүчү авариялык оңдоо иштерине сарптоолор;

- от казандарынын өздүк муктаждыктарына жылуулук энергиясынын жана ысык суунун ченемдик чыгымдары;

- жылуулук энергиясы менен ысык сууну сатууга, анын ичинде эсептөөчү приборлорду орнотууга жана аларды тейлөөгө сарптоолор;

- мезгил чыгымдарынын (кыйыр сарптоолор) (административдик, жалпы чарбалык, цехтик жана сатуу боюнча чыгымдар) үлүшү;

- башка чыгымдар, башкача айтканда мүнөзү боюнча жогоруда саналган чыгымдардын бирине дагы түздөн-түз таандык болбогон элементтер боюнча бөлүштүрүлбөй турган чыгымдар.

Аларга ижара акысы, рационализатордук сунуштары жана ойлоп табуулары үчүн авторлорду сыйлоо, илимий-изилдөө иштерине, стандартташтырууга жана кадрларды даярдоого; квалификацияларды жогорулатууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө чегерүүлөр жана өндүрүштүк фонддордун курамында эсепке алынуучу ишкананын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандырууга чыгымдар, жылуулук менен жабдуучу ишкана тарабынан чет элдик валютада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курстук айырмалар; маршруттук баракчалар боюнча жол кире акысы, иштердин көчмө мүнөзү; ишканаларды өрттөн жана күзөттүк кайтаруу боюнча уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү, байланыш, банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн компенсация, жабдууларды сыноо, отунду лабораториялык анализдөө боюнча иштерге, атайын кийимдерди жууп-тазалоо жана аны оңдоо иштери сыяктуу өзүнүн тейлөө чарбасынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө, изилдөө, кан тапшыруу жана ар бир кан тапшырган күндөн кийин берилүүчү эс алуу күндөрү үчүн кызматкерлерге-донорлорго акы төлөө, жылуулук энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркынын жана жылуулук энергиясы үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн курамына кирүүчү башка чыгымдар.

Бул чыгымдар төмөнкүлөр боюнча эсептөөлөргө жана иш жүзүндөгү сарптоолорго негизделет:

- жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо, өндүрүштүк цехтерди күтүү, жалпы чарбалык чыгымдар, көмөкчү өндүрүш цехтерин күтүү;

- салыктар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар, жыйымдар жана милдеттүү чегерүүлөр);

- карызды тейлөө (кандай болбосун кредиттер боюнча, чийки зат, материалдар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жеткирүүчүлөргө өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн пайыздык төлөмдөр).

3. Жылуулук энергиясын бөлүштүрүү (Гкал)

13. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларда иштелип чыккан жылуулук энергиясы, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максаттары үчүн гана эмес, өндүрүштүк эмес мүнөздөгү максаттар үчүн да колдонулат, мисалы:

- сатуу үчүн электр энергиясын иштеп чыгууга;

- уюмдар, ашканалар, мончолор, административдик корпустар жана жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча өндүрүштүк өздүк наркта катышпаган башка цехтер үчүн мазутту ысытууга.

Өндүрүштүк эмес мүнөздөгү максаттар үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жумшалуучу чыгымдар жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максаттары үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга тарифтердин эсебинен компенсацияланбайт. Аларды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максаттары үчүн жылуулук энергиясынын өндүрүштүк өздүк наркынан алып салуу зарыл. Бул чыгымдар калк жана башка керектөөчүлөр үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо боюнча чыгымдарга бөлүнгөнгө чейин жылуулук энергиясын иштеп чыгууга өндүрүштүк сарптоолордун курамынан чыгарылат.

13. Жылуулук энергиясы спецификалык товар болуп саналат, аны иштелип чыккан булактан керектөөчүгө чейин ташып жеткирүү төмөнкүдөй жоготуулар менен коштолот:

- ченемдик технологиялык (пландуу);

- ченемден ашыкча (иш жүзүндөгү).

Ченемдик технологиялык жоготуулардын аргасыздыгын жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга тарифтердин эсебинен компенсациялана тургандыгын эске алуу зарыл.

Ченемден ашыкча жоготуулар (жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга тарифтерди белгилөөдө бекитилген ченемдерден ашка жоготуулардын чоңдугу) жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максаттары үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча өздүк наркты түзүүгө чыгымдардын курамынан алынат жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын чыгымдарына киргизилет.

4. Субсидияларды алуучулардын отчетторун түзүүнүн тартиби

14. Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды берүү субсидияларды алуучулардын жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү, наркы жана калкка берилүүчү жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоого акы төлөөнүн өлчөмүн эсептөө үчүн тарифтерди колдоону менен байланыштуу жабылбай калган чыгымдардын өлчөмү жөнүндө отчетторунун негизинде жана баланста келечектеги мезгилдердин чыгымдары болгон учурда ишке ашырылат.

15. Отчеттор, эсептөөлөр жана маалымкаттар жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.

16. Бардык жылуулук менен жабдуучу ишканалардын отчетторунун негизинде түзүлгөн жыйынды отчет субсидия алуучу тарабынан квартал санын жана улам өскөн жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу финансылык органга берилип турат.

17. Бухгалтердик эсеп маалыматтык система катары каралат, анын максаты иштин ар бир түрү, продукцияны өндүрүүгө тике жана кыйыр түрдө катышкан цехтер жана участоктор боюнча, кирешелердин жана тике жана кыйыр сарптоолордун түрлөрү боюнча маалыматтарды так бөлүштүрүү, чыгарылуучу жана сатылуучу продукциянын көлөмүн аныктоо жана өлчөө, бул маалыматка кызыкдар керектөөчүлөргө иш тууралуу маалыматтарды берүү болуп саналат.

18. Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктары үчүн берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн аныктоо үчүн отчеттун төмөнкү түрлөрү каралат:

1) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымкат (ушул Методиканын 1-тиркемеси).

Маалымкат жыйынды киреше жөнүндө отчеттун (иштин түрлөрү боюнча кирешелерге жана чыгымдарга карата пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчет) чечмелениши болуп саналат жана бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.

Отчеттун максаты - жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча кирешелердин жана чыгымдардын реалдуу көлөмүн аныктоо.

2) Жылуулук энергиясы боюнча техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чечмелөө (ушул Методиканын 2-тиркемеси).

Чечмелөөнүн максаты - отундун түрлөрү боюнча отканаларга, сарптоолордун түрлөрү жана беренелери боюнча чыгымдарга карата жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча жылуулук менен жабдуучу ишкананын ишин талдоо. Чечмелөө төрт бөлүмдөн турат.

"Өндүрүштүк программа" 1-бөлүмү төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:

а) жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана сатууга тарифтерди түзүүнүн пландуу маалыматтарынын;

б) жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун жана сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтардын (ушул Методиканын 5-тиркемеси).

"Жылуулук энергиясын өндүрүүдөн жана сатуудан түшкөн кирешелер" 2-бөлүмү төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:

а) "Абоненттик бөлүм" бөлүмүнүн бухгалтердик маалыматтарынын - Кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө колдонуу жөнүндө отчет;

б) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымкат (ушул Методиканын 1-тиркемеси).

"Жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана сатууга чыгымдар" 3-бөлүмү төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:

а) "Өздүк нарк" бөлүмүндөгү бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын - чарбалык ишти талдоо жана кыйыр чыгымдарды (административдик, коммерциялык, жалпы чарбалык) бөлүштүрүү жөнүндө отчет, жүгүртмө-сальдолук ведомость (жүгүртмө баланс);

б) иштелип чыккан продукция жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча мезгил чыгымдардын (административдик, коммерциялык, жалпы чарбалык) үлүшүн аныктоонун эсебинин (ушул Методиканын 6-тиркемеси).

"Башка маалыматтар" 4-бөлүмү бул чечмелөөнүн биринчи үч бөлүмүнүн негизинде эсептөө жолу менен аныкталат.

3) Субсидияны алуу үчүн эсептөө (ушул Методиканын 3-тиркемеси).

Эсептөө жылуулук менен жабдуучу ишкана тарабынан отчеттук мезгилде алынуучу субсидиялардын өлчөмүн аныктайт.

Эсептөөнү түзүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

а) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымкат (ушул Методиканын 1-тиркемеси);

б) калк боюнча келечектеги мезгилдердин чыгымдардын үлүшүн аныктоонун эсеби (ушул Методиканын 4-тиркемеси);

в) жылуулук энергиясы боюнча техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чечмелөө (ушул Методиканын 2-тиркемеси);

г) чыгарылуучу продукциянын түрлөрү жана калкка карата керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча мезгил чыгымдарынын (административдик, коммерциялык, жалпы чарбалык) үлүшүн аныктоонун эсеби (ушул Методиканын 6-тиркемеси);

д) oт казандар жана отундун түрлөрү боюнча жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу көлөмдөрү жөнүндө маалымат (ушул Методиканын 5-тиркемеси);

е) тиешелүү мезгил үчүн жүгүртмө-сальдолук ведомость (жүгүртмө баланс);

ж) жылуулук менен жабдуучу ишкананын отчеттук күнгө карата финансылык абалы (балансы) жөнүндө отчет.

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын ("Мамлекеттик субсидияларды эсепке алуу жана мамлекеттик жардам жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу" 20-стандарт) негизинде жылуулук менен жабдуучу ишканалардын бухгалтердик эсебинде мамлекеттик субсидия ишкана аталган субсидия компенсациялоого тийиш тиешелүү сарптоолордун чыгымдары катары тааныган мезгил аралыгындагы пайданын курамында системалуу негизде таанылат.

Мамлекеттик субсидияны алып жаткан учурга карата пайданын курамында таануу кошуп эсептөө методикасы боюнча эсепке алуу принцибине туура келбейт.

Амортизациялануучу активдерге таандык субсидиялар аталган активдерге карата амортизация кошуп эсептелген мезгилдердин аралыгындагы жана ошол пропорциядагы киреше катары таанылат.

Ошондуктан алынган субсидия жана ишкана тарабынан киреше катары таанылган субсидия бири-бирине барабар болбойт. Бул факт ишкананын балансында субсидиялар боюнча дебеттик же кредиттик калдыктардын болуусуна алып келет.

4) Калк боюнча келечектеги мезгилдердин чыгымдарынын үлүшүн аныктоонун эсеби (ушул Методиканын 4-тиркемеси).

Аталган эсеп төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:

а) ишкананын финансылык абалы (балансы) жөнүндө отчеттун;

б) жүгүртмө-сальдолук ведомосттун (жүгүртмө баланстын);

в) жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу көлөмдөрү жөнүндө маалыматтардын (ушул Методиканын 5-тиркемеси).

5) От казандар жана күйүүчү отундун түрлөрү боюнча жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун жана сатуунун көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар от казандарга карата, күйүүчү отундун түрлөрү жана керектөөчүлөрдүн категорияларына карата сатуу көлөмдөрү боюнча иштелип чыккан жылуулук энергиясынын көлөмдөрү жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт (ушул Методиканын 5-тиркемеси).

Ар бир от казан үчүн жылуулук энергиясынын тарифтерин түзүүдө ченемдик техникалык документтерде каралган отундун жана жылуулук энергиясынын чыгымынын ченемдери жана от казандардын ички эсептик каттоолорунун көрсөткүчтөрү (иштин параметрлери, температуралык режим, муздак суунун, отундун чыгымы) маалымат түзүү үчүн негиз болот.

Аталган маалыматтар пайдаланылган отундун көлөмүн аныктоо үчүн да негиз болот.

6) Чыгарылуучу продукциянын түрлөрү жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча мезгил чыгымдарынын (административдик, коммерциялык, жалпы чарбалык) үлүшүн аныктоонун эсеби (ушул Методиканын 6-тиркемеси).

Иштин бир нече түрлөрүн жүргүзүүчү (жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу, муздак сууну жеткирүү, канализация боюнча кызмат көрсөтүүлөр) жылуулук менен жабдуучу ишканалар үчүн мезгил чыгымдарынын үлүшүн бөлүштүрүү эки этапта өтөт:

а) иштин түрлөрү боюнча мезгил чыгымдарын бөлүштүрүү (жылуулук энергиясына, муздак сууга, канализацияга, электр энергиясына);

б) жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн категориялары (калк жана башкалар) боюнча мезгил чыгымдарын (кыйыр сарптоолорду) бөлүштүрүү.

Мезгил чыгымдарын (кыйыр сарптоолорду) бөлүштүрүү үчүн жылуулук менен жабдуучу ишкананын чыгымдары жана бөлүштүрүүнүн тандалып алынган критерийлери жөнүндө ишкананын буйругу негиз болот.

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
1-тиркемеси

20__-жылдын ________ үчүн ___________________ (ишкананын аталышы) боюнча чарбалык-финансылык иштин жыйынтыгы жөнүндө
МААЛЫМКАТ

Көрсөткүчтүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Ишкана боюнча бардыгы

анын ичинде:

Жылуулук энергиясы

Электр энергиясы

Муздак суу

Канализация

Техникалык тейлөө, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо

Башкалар

1

 

3

4

5

6

7

8

9

10

1

Сатуудан түшкөн кирешелер, бардыгы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

2

Сатылган продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

3

Дүң пайда

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

4

Мезгил чыгымдары (административдик, сатуу боюнча, жалпы чарбалык)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

5

Субсидиялардан түшкөн кирешелер

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

6

Субсидиялар боюнча чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

7

Операциялык иштен түшкөн пайда/чыгаша

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

8

Операциялык эмес башка кирешелер

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

8.1

анын ичинде: -

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

8.2

-

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

9

Операциялык эмес башка кирешелер

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

9.1

анын ичинде: -

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

9.2

-

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

10

Салык төлөгөнгө чейинки пайда

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

11

Пайда салыгы боюнча чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

12

Таза пайда

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

Директор

______________________________________

 

 

Башкы бухгалтер

______________________________________

 

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
2-тиркемеси

20__-жылдын ______________ үчүн ______________________ (ишкананын аталышы) карата жылуулук энергиясы боюнча техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү
ЧЕЧМЕЛӨӨ

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Бардыгы

анын ичинде отундун түрлөрү боюнча:

Көмүр

Газ

Мазут

э/энергиясы

План

Факт

План

Факт

План

Факт

План

Факт

План

Факт

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

 

1-бөлүм. Өндүрүштүк программа

1.1

Жылуулук энергиясы, бардыгы:

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.1

анын ичинде: - өз күчтөрү менен иштелип чыккан жылуулук энергиясы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.2

- башка тараптан алынган жылуулук энергиясы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.2

Өздүк техникалык муктаждыктарга жылуулук энергиясынын чыгымы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.3

Тармакка берилген жылуулук энергиясы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.4

Жылуулук тарамын ысытууга жылуулук энергиясынын чыгымы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.5

Тармактагы жылуулук энергиясынын ченемдик жоготуулары

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.6

Тармактагы жылуулук энергиясынын ченемден ашык жоготуулары

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.7

Актылар боюнча авариялык жоготуулар

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.7.1

анын ичинде: -

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.8

Жылуулук энергиясы берилди, бардыгы

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.8.1

анын ичинде - өздүк керектөөгө

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

алардын ичинде: - өздүк муктаждыктарга электр энергиясын иштеп чыгууга

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка тарапка сатуу үчүн электр энергиясын иштеп чыгууга

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- административдик муктаждыктарга

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- мазут сактоочу жайдын өздүк муктаждыктарга чыгымдары

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- мазут сактоочу жайдын башка тарапка чыгымдары

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- цехтерге

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- ашкана, күзөт жайларына

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- мончолорго

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.8.2

Башка тарапка сатуу

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

алардын ичинен: - калк

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- бюджеттик уюмдар

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка керектөөчүлөр

Гкал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-бөлүм. Жылуулук энергиясын өндүрүүдөн жана сатуудан түшкөн кирешелер

2.1

Салыктарсыз жана субсидияларсыз учурдагы бааларда сатылган жылуулук энергиясынын көлөм, бардыгы салыктарсыз жана субсидияларсыз

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.1.1

анын ичинен: - калк

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.1.2

- бюджеттик уюмдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.1.3

- башка керектөөчүлөр

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2

Коюлган эсептер, бардыгы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2.1

анын ичинен: - калкка

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2.2

- бюджеттик уюмдарга

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2.3

- башка керектөөчүлөргө

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.3.0

Төлөнгөн, бардыгы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.3.1

анын ичинен: - калк

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2 3.2

- бюджеттик уюмдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.3.3

- башка керектөөчүлөр

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-бөлүм. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана сатууга кеткен чыгымдар

3.1.

Жылытуу жана ысык суу үчүн жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана сатууга кеткен чыгымдар, бардыгы (3.1.4-3.1.5)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.1

Жылуулук энергиясынын өндүрүштүк өздүк наркы, бардыгы:

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

анын ичинде: - материалдык сарптоолор

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

алардын ичинде: - чийки зат жана материалдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- сатып алынуучу комплектөөчү буюмдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- отун

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- электр энергиясы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- өндүрүштүк муктаждыктар үчүн сууга акы төлөө (роялти)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- өндүрүштүк мүнөздөгү жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка тараптан алынган жылуулук энергиясына акы төлөө

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- негизги жумушчуларга эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- амортизация

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- жол берилген чыгарууларга акы төлөө

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- жер салыгы, мүлк салыгы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.2

Жылуулук энергиясы үчүн мезгил чыгымдарынын үлүшү (эсептөө боюнча)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

анын ичинде: - административдик-башкаруу персоналынын эмгегине акы төлөөгө кеткен чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- амортизация

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- жер салыгы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- банктын жана башка тараптык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка чыгымдар (командировкалык, ижара. абон. кызмат, күзөт)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.3

Калк бөлүгүндө кошо эсептелүүгө тийиш эмес кошумча нарк салыгы (КНС)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.4

Жылуулук энергиясын иштеп чыгууга чыгымдар, бардыгы (3.1.1+3.1.2+3.1.3)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.5

Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясынын өздүк наркына кошулбаган чыгымдар:

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

анын ичинде: ченемден ашык жоготуулардын өндүрүштүк өздүк наркы

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- төмөнкүлөр үчүн жылуулук энергиясынын өндүрүштүк өздүк наркы:

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка тарапка сатуу үчүн электр энергиясын иштеп чыгууга

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- башка тарапка сатуу үчүн мазутту сактоого

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- ашкана муктаждыктарына

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- административдик муктаждыктарга

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- күзөт муктаждыктарына

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- мончо муктаждыктарына

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.6

Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгууга чыгымдар, бардыгы (3.1.4-3.1.5)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.7

жылуулук энергиясын өндүрүүдөн (2.1-3.1) пайда (+), чыгаша (-)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.8

анын ичинде: - уюмдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.9

- калк

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.10

- жабылбаган чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.11

Жабылбаган чыгымдардын рентабелдүүлүгү (3.1.10 * %)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.12

Жабылбаган чыгымдардын/субсидиялардан түшкөн кирешелердин жыйынтыгы (3.1.10+3.1.11)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.1.13

пайда (+), чыгаша (-), бардыгы (3.1.7+3.1.12)

Миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-бөлүм. Башка маалыматтар

4.1

1 Гкал жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы (3.1.4/1.1)

Сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.2

Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн 1 Гкал жылуулук энергиясын сатуунун өздүк наркы (3.1.6/1.8.2)

Сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.3

Иштегендердин саны

адам

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.4

Орточо айлык эмгек акы

Сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.5

Кирешелердин жалпы суммасында калк боюнча кирешелердин салыштырма салмагы

%

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.6

Продукциянын 1 сомго сарптоолору

Сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Директор

___________________________________________

 

 

Башкы бухгалтер

___________________________________________

 

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
3-тиркемеси

20__-жылдын ___________ үчүн _______________________ (ишкананын аталышы) боюнча алынуучу субсидияларды
ЭСЕПТӨӨ

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Баары

анын ичинде

Уюм

Калк

Чыгымдарды жабуу

Жабылган чыгымдар

Жабылбаган чыгымдар

1

Салыктарсыз жана субсидиясыз башка тарапка жылуулук энергиясын сатуудан түшкөн акча

Миң сом

 

 

 

 

2

Толук өндүрүштүк өздүк нарк

Миң сом

 

 

 

 

2.1

анын ичинен - өндүрүштүк чыгымдар

Миң сом

 

 

 

 

2.2

- мезгил чыгымдарынын үлүшү

Миң сом

 

 

 

 

2.3

- чегерүүгө кабыл алынбай турган КНС

Миң сом

 

 

 

 

3

Пайда/чыгаша (1-2)

Миң сом

 

 

 

 

4

Жабылбаган чыгымдардын рентабелдүүлүгү (3 * %)

Миң сом

 

 

 

 

5

Жабылбаган чыгымдар жалпы (3+4)

Миң сом

 

 

 

 

6

Келечектеги мезгилдердин чыгымдары (ушул Методиканын 4-тиркемеси)

Миң сом

 

 

 

 

6.1

анын ичинен - мазут

Миң сом

 

 

 

 

6.2

- көмүр

Миң сом

 

 

 

 

6.3

- материалдар

Миң сом

 

 

 

 

6.4

- даярдык көрүү мезгилинин чыгымдары

Миң сом

 

 

 

 

6.5

- газга алдын ала төлөө

Миң сом

 

 

 

 

6.6

- негизги каражаттардын амортизацияланбаган өздүк наркы

Миң сом

 

 

 

 

7

Жабылбаган чыгымдар, бардыгы (5+6)

Миң сом

 

 

 

 

8

Учурдагы жылы каржыланды

Миң сом

 

 

 

 

9

Алууга субсидиялар (7-8 )

Миң сом

 

 

 

 

10

01.01.....-ж. карата субсидиялардын калдыгы (баланс боюнча Дт -, Кр +)

Миң сом

 

 

 

 

11

Толук каржыланган эмес (-), кайра каржылоо (+) (9+10)

Миң сом

 

 

 

 

11.1

анын ичинде: отчеттук мезгилдин аягына карата баланс боюнча калдык (Дт -; Кт +)

Миң сом

 

 

 

 

 

Директор

___________________________________________

 

 

Башкы бухгалтер

___________________________________________

 

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
4-тиркемеси

20___-жылдын ___________ үчүн ________________________ (ишкананын аталышы) боюнча калк бөлүгүндө келечектеги мезгилдердин чыгымдарынын үлүшүн аныктоонун
ЭСЕБИ

Активдин аталышы

Өлчөө бирдиги

Мезгилдин аягына карата калдык

анын ичинен, калк үчүн

%

сумма

1

2

3

4

5

6

1

Мазут

Миң сом

 

 

 

2

Көмүр

Миң сом

 

 

 

3

Материалдар

Миң сом

 

 

 

4

Даярдык көрүүчү мезгилдин чыгымдары

Миң сом

 

 

 

5

Негизги каражаттардын амортизацияланбаган өздүк наркы

Миң сом

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

 

 

 

Директор

___________________________________________

 

 

Башкы бухгалтер

___________________________________________

 

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
5-тиркемеси

20___-жылдын _________ үчүн от казандарга жана отундун түрлөрүнө карата _______________________ (ишкананын аталышы) боюнча жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун жана сатуунун көлөмдөрү жөнүндө сатуунун көлөмдөрү жөнүндө
МААЛЫМАТ

От казандын аталышы

От казандын №

Иштеп чыгуу (Гкал)

Ысытуу (Гкал)

Өздүк муктаждыктарга чыгымдар (Гкал)

Жылуулук тармактарындагы жоготуулар

Берүү, бардыгы (Гкал)

анын ичинде:

анын ичинде:

1 Гкалга отундун ченеми (кг, куб.м, квт. саат)

Отун түрү

ченемдик (Гкал)

ченемден ашыкча (Гкал)

актылар боюнча (Гкал)

жеке керектөө:

сатылды, бардыгы (Гкал)

калк

уюм

башка

электр энергиясын иштеп чыгууга (Гкал)

мазутту ысытууга (Гкал)

административдик имараттарды жылытууга (Гкал)

жылытуу

ЫСК

жылытуу

ЫСК

жылытуу

ЫСК

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

21

22

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн

_____________________________________

 

 

Абоненттик бөлүмдүн начальниги

_____________________________________

 

 

 

 

Калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан чыгашаларды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөө методикасынын
6-тиркемеси

20___-жылдын ________ үчүн ____________________________ (ишкананын аталышы) боюнча иштелип чыгуучу продукциянын түрлөрү жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча мезгил чыгымдардын (административдик, коммерциялык, жалпы чарбалык) үлүшүн аныктоонун
ЭСЕБИ

Чыгымдардын аталышы

Чыгымдардын үлүшү

январь

февраль

март

апрель

май

июнь

июль

август

сентябрь

октябрь

ноябрь

декабрь

Баары

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

1

Калктын үлүшү

%

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

КНСсиз мезгилдин жана консервацияланган от казандардын чыгымдары

Бардыгы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ж/э б-ча %

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

калк б-ча %

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3

Чегерилүүгө тийиштүү эмес КНС

миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4

Жабылбаган түз чыгымдар

миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5

Жабылбаган чыгымдар, бардыгы (2+3+4)

миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

Рентабелдүүлүк (5 * %)

миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7

Субсидиядан түшкөн кирешелер (5+6)

миң сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы бухгалтер

 _______________________________________

 

 

Экономист

 _______________________________________