ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-июлу № 393
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 533, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу системасында жогорку кесипкөй кадрларды бекитүү жана алардын эмгегине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маянасын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7000 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка белгиленсин.
2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдарына пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 4-тиркемеге ылайык;
- ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн кызматтык маянага кошумчалардын өлчөмү 30 пайызга чейин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- дем берүүчү төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин эки айлык орточо эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жарым жылдын жана жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча берилет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлери өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнүп берилет.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 10-тиркемесинин 25-1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 12-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
|
С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
№ |
Кызмат орду |
Эселик коэффициенти |
1 |
Директор |
4,1 |
2 |
Директордун орун басары |
3,9 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенттер
№ |
Мамлекеттик кызмат орундарынын классификациясы |
Эселик коэффициенттер |
1 |
Жогорку "А" |
4,00 |
2 |
Жогорку "Б" |
3,65 |
3 |
Башкы "А" |
3,18 |
4 |
Башкы "Б" |
2,65 |
5 |
Улук "А" |
2,21 |
6 |
Улук "Б" |
1,84 |
7 |
Кенже "А" |
1,53 |
8 |
Кенже "Б" |
1,28 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү
№ |
Эмгек стажы |
Иштеген жылдары үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү(%) |
1 |
1ден 3 жылга чейин |
5 |
2 |
3төн 5 жылга чейин |
10 |
3 |
5тен 10 жылга чейин |
15 |
4 |
10дон 15 жылга чейин |
20 |
5 |
15тен 20 жылга чейин |
25 |
6 |
20дан 25 жылга чейин |
30 |
7 |
25 жылдан жогору |
40 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү
№ |
Класстык чен |
Кошумчалардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1. Жогорку кызмат орун | ||
1 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
1800 |
2 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
1700 |
3 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
1600 |
2. Башкы кызмат орун | ||
4 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси |
1400 |
5 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси |
1300 |
6 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси |
1200 |
3. Улук кызмат орун | ||
7 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору |
1000 |
8 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору |
900 |
9 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору |
800 |
4. Кенже кызмат орун | ||
10 |
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору |
600 |