Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-сентябры № 520

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегинин 11-пунктунун колдонулушун убактылуу токтото туруу жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун конвенцияларында каралган эл аралык милдеттенмелерди сактоо жол-жоболорун аткаруу максатында, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 11-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегинин 11-пунктунун колдонулушу 2016-жылдын 31-декабрына чейин токтотула турсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун экспортуна жана импортуна лицензияларды берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун экспортуна жана импортуна лицензияларды берүү боюнча лицензиардын алмашкандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына дипломаттык каналдар аркылуу белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков