Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-ноябры № 569

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- КНСтин эсеп-фактураларынын формалары 2 -7-тиркемелерге ылайык.

2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга өтүүгө байланыштуу төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде салык салынуучу жеткирүүлөрдү тариздөө үчүн салык төлөөчү тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары пайдаланылсын;

- КНС төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары боюнча реестрлер берилсин.

3) (КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 18-декабры № 816 токтомуна редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-февралында күчүнө кирүүчү 3-пункттун экинчи абзацынан тышкары 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

С.Жээнбеков

 

2-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

4-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
(Cуу менен жабдуу жана/же канализация)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

5-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
(Электр байланышы)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

6-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
(жылуулук энергиясы)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

 

7-тиркеме

КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
(электр энергиясы)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)