|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Кошумча нарк салыгы боюнча
эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу
ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга (мындан ары - КНСтин эсеп-фактурасы) серияларды жана номерлерди ыйгаруу жол-жобосун жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) КНСтин эсеп-фактурасы - салык салынуучу жеткирүүлөргө карата салык салынуучу субъект тарабынан таризделүүчү документ жана ал төмөнкү шарттарга ылайык келет:
а) ушул Тартипке ылайык КНСтин эсеп-фактурасына серия жана номер ыйгарылган;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган милдеттүү маалымдаректер толтурулган.
2) МСКнын маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "ИСНАК" салыктык тескеп-башкаруунун автоматташтырылган системасы.
3) Оператордун маалыматтык системасы - электрондук документ жүгүртүүнүн операторлору аркылуу маалыматты электрондук формада берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү системасы (мындан ары - Оператордун маалыматтык системасы).
3. Ушул Тартипте каралган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
4. Бул Тартиптин жоболору КНСтин эсеп-фактураларын пайдаланууга милдеттүү болгон салык салынуучу субъекттерге, анын ичинде салыктарды салыктык контракттын негизинде төлөгөн салык салынуучу субъекттерге карата колдонулат.
2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга салык салынуучу субъект тарабынан арыздын берилиши
5. Ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга арыз (мындан ары - Арыз), салык салынуучу субъект тарабынан КНС төлөөчү катары өзүнүн катталуу орду боюнча салык органына берилет.
6. Салык салынуучу субъект тарабынан арыз салык органына төмөнкүдөй ыкмалар менен берилет:
1) кагаз түрүндө, келүү жолу менен;
2) төмөнкүдөй маалыматтык системалар аркылуу:
а) ыйгарым укуктуу салык органынын (мындан ары - МСК);
б) оператордун.
7. Кагаз түрүндө келүү жолу менен берилген арыз, бирдей маалыматты камтыган эки нускада толтурулушу зарыл.
Салык салынуучу субъект толтура турган арыздын формасындагы оң, сол актай тилкелери чийилбей, булганбай жана оңдолбой туура толтурулушу керек.
8. Кагазга жазылган арыз салык салынуучу субъекттин кат жүзүндөгү буйругу менен дайындалган кызмат адамы тарабынан берилет.
9. Ушул Тартип менен каралган учурларда, арызга, аны кароо үчүн зарыл болгон документтер тиркелиши зарыл.
10. Салык органында каттоодон өткөн, башкача айтканда анын келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөткөн белгиси бар, ошондой эле арызды кабыл алган салык органынын кызматкеринин дайындары көрсөтүлгөн арыздын биринчи нускасы, салык салынуучу субъектиге кайтарылат.
Экинчи нускасы салык органында калат, анын негизинде ушул Тартипке ылайык салык органы тиешелүү чечимдерди чыгарат.
11. Оператордун маалыматтык системасы аркылуу берилген арызга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук документ жүгүртүү жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдары талаптарына ылайык электрондук кол тамга коюлушу керек.
Салык органында арызды каттоонун датасы жана убактысы болуп, МСКнын маалыматтык системасы тарабынан коюлган жеткирүүнүн датасы жана убакыты саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
12. МСКнын маалыматтык системасы аркылуу берилген арызга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук колтамга коюлушу керек.
Салык органында арызды каттоонун датасы жана убактысы болуп, МСКнын маалыматтык системасы тарабынан коюлган жеткирүүнүн датасы жана убакыты саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
3. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу
13. Сериялар жана номерлер салык органы тарабынан КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу субъектке анын катталган орду боюнча ушул Тартипке ылайык берген арызынын негизинде КНСтин эсеп-фактураларына ыйгарылат.
14. Эгерде салык салынуучу субъект акыркы 12 ай катары менен экономикалык ишти жүзөгө ашырбаса же КНС салыгын төлөөчү катары катталса (биринчи жолу же жаңыдан) жана салык салынуучу жеткирүүлөрдү ишке ашырууга ниеттенгендиги же ишке ашыргандыгы тууралуу тастыкталган документтерди (келишим же контракт) берсе, серияларды жана номерлерди КНС эсеп-фактураларына алгачкы жолу 10 номерден ашпаган санда салык органы тарабынан ыйгарылат. Мындан сырткары салык салынуучу субъекттин арызына кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук, салык салынуучу субъекттин мамлекеттик каттоодон өткөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү тиркелет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Салык органы арызды жана берилген документтерди карап чыгып, ушул Тартип менен каралган учурларда, КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат, болбосо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген формалар боюнча КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө чечим же КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим салык кызматынын органы тарабынан, анын арызы салык органында катталган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей тапшырылат.
16. Салык салынуучу субъектке КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди алгачкы ирет тапшыруу учурунда салык салынуучу субъекттин жетекчиси жана башкы бухгалтери милдеттүү түрдө катышат.
17. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу ушул Тартипке ылайык салык салынуучу субъект берген Арыздын негизинде, мурда ыйгарылган сериялары жана номерлери менен КНСтин колдонулбаган эсеп-фактураларын эске алып, үч жолку орточо айлык керектөөдөн ашпаган санда салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Салык салынуучу субъекттин КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу, алар тарабынан КНС боюнча ай сайын салык отчёттору үзгүлтүксүз берилип турган шартта жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Салык мезгилинин аралыгында салык салынуучу субъектте КНСтин эсеп-фактураларынын серияларына жана номерлерине кошумча муктаждык пайда болгон учурда, сериялардын жана номерлердин зарыл болгон санын алуу үчүн салык салынуучу субъект салык органына арыз менен бирге, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жазып берген (таризделген) КНСтин эсеп-фактуралары жөнүндөгү маалыматты берүүгө милдеттүү.
19. Салык органы КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруудан төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
1) КНС боюнча каттоосу жок болсо;
2) отчетторду берүүнүн мөөнөтү келген учурда мурдагы отчеттук салык мезгилинде КНС боюнча отчетторду бербесе;
3) салык органынын тиешелүү чечимин алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы жөнүндө салык салынуучу субъекттин жазуу жүзүндөгү буйругунун түп нускасы жок болсо;
4) ушул Тартип менен каралган документтер берилбесе;
5) өз ара көз каранды болгон субъекттердин аныктамасына туура келген салык салынуучу субъекттин башкаруу органдарынын кызмат адамдары, анын бир же бир нече катышуучулары, мурда субъекттерди жетектегендиги же жетектеп жаткандыгы, субъекттерди уюмдаштырган же уюмдаштыруучусу болуп саналгандыгы тууралуу маалымат болгон учурда:
- ишинде, курулай же жалган бүтүмдү түзүү учурунда салык салынуучу жеткирүүлөрдү түзүүгө ниеттенбеген, жөн эле көрсөтмө үчүн таризделген КНСтин эсеп-фактуралары аныкталганда;
- КНСтин эсеп-фактураларын колдонуу менен байланышкан салыктык укук бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгондо.
4. Арыз берүүнүн, тармактык КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруунун, ошондой эле аларды жокко чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
20. Электр байланышы, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөткөн салык салынуучу субъекттер, жеткирилген товарлардын жана көрсөткөн кызматтарынын түрлөрүнө жараша гана тармактык КНСтин эсеп-фактураларына ыйгарылган серияларды жана номерлерди колдонууга милдеттүү.
21. Ушул Тартиптин 20-пунктунда белгиленген кызматтарды көрсөткөн салык салынуучу субъект салык органына алгачкы жолу кайрылган учурда, үстүдөгү жылдын аягына чейинки тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларына жана номерлерине муктаждыкты көрсөтүү менен, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча өзү барып арызды берүүгө милдеттүү. Муктаждык үстүдөгү жылдын аягына чейин калган айлардын санына көбөйтүлгөн бир айлык муктаждыкты көбөйтүү эсеби менен аныкталат.
22. Эгерде үстүдөгү жылдын ичинде салык салынуучу субъектте КНСтин эсеп-фактураларынын серияларына жана номерлерине карата кошумча муктаждык пайда болсо, ал ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн толтурулган арызды МСКнын же оператордун маалыматтык системалары аркылуу жиберүү менен салык органына кайрылышы керек.
23. Алдыдагы календардык жыл үчүн тармактык КНС эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу үчүн салык салынуучу субъект, алдыдагы календардык жылдын башталышына, (үстүдөгү жылдын 1-декабрына чейин) бир айдын ичинде, ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн арызды МСКнын же Оператордун маалыматтык системалары аркылуу жиберүүгө милдеттүү.
24. Арызды кароо, тармактык КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө чечимди, болбосо тармактык КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечимди чыгаруу, ушул Тартиптин 15-19-пункттарында каралган тартипте салык органы тарабынан ишке ашырылат.
25. Эгерде үстүдөгү жылдын башталышына карата салык салынуучу субъектте мурунку календардык жылга мурда ыйгарылган тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыгы бар болсо, салык салынуучу субъект мурдагы жылдын декабрь айы үчүн КНС боюнча салык отчетторун берүүнүн салык мыйзамы менен белгиленген мөөнөтүнө карата, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыгы жөнүндөгү кабарламаны салык органына берүүгө милдеттүү.
Тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган мындай калдыгын, салык салынуучу субъект, мурдагы календардык жылдын акыркы салык мезгилинде ишке ашырылган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө учурунда серияларды жана номерлерди пайдаланган учурлардан сырткары, үстүдөгү жылы пайдалана албайт.
Мындай кабарлама ушул Жобонун 6-пунктунда каралган ыкма менен салык салуучу субъект тарабынан салык органына берилет.
26. Эгерде үстүдөгү жылдын башталышына карата салык салынуучу субъектте мурунку календардык жылга мурда ыйгарылган тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыгы жок болсо, салык салынуучу субъект ошондой эле мурдагы жылдын декабрь айы үчүн КНС боюнча салык отчетторун берүүнүн салык мыйзамы менен белгиленген мөөнөтүнө карата, ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн кабарламаны, уячаларды "Х" менен белгилеп, салык органына берүүгө милдеттүү.
27. Салык органы ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн кабарламанын, тиешелүү салык мезгилиндеги КНС боюнча салык отчеттуулугунун, ошондой эле болгон документалдык маалыматтын негизинде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген формалар боюнча тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
28. КНСтин тармактык эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечим, тиешелүү кабарлама салык органында катталган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей салык салынуучу субъектке тапшырылат.
5. КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин жокко чыгаруу
29. Салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактураларына мурда ыйгарылган серияларын жана номерлерин жокко чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) төмөнкүлөр тарабынан тиешелүү Арыз берилгенде:
а) салык салынуучу субъект тарабынан - өзүнүн экономикалык ишин токтоткондугу жөнүндө;
б) салык салынуучу субъект тарабынан - КНС салыгын төлөөчү катары өзүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө;
в) атайын администратор тарабынан - салык салынуучу субъектти банкрот катары тааныган учурда КНС салыгын төлөөчү катары анын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө.
2) КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу субъекттин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө салык органы тарабынан чечим кабыл алынганда.
30. КНСтин эсеп-фактураларын пайдаланган салык салынуучу субъект өзүнүн экономикалык ишин токтоткон же КНС боюнча каттоосун жокко чыгарган учурларда, тиешелүү арызында ал КНС эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыктарын, ошондой эле тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыктарын көрсөтүшү керек.
Салык органы, ушундай арыздын, салык салынуучу субъекттерге тиешелүү салык мезгилиндеги КНС боюнча салыктык отчеттун, ошондой эле болгон башка документалдык маалыматтын негизинде, КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин тиешелүү калдыктарын, тармактык КНСтин эсеп-фактураларын кошо жараксыз деп таануу менен КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
31. Атайын администратор, салык салынуучу субъектти банкрот деп таануу учурунда КНС салыгын төлөөчү катары анын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызда, КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыктарын, ошондой эле тармактык КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин пайдаланылбаган калдыктарын көрсөтүшү керек.
Салык органы, атайын администратор жана салык салынуучу субъект берген ушундай арыздын, салык салынуучу субъекттерге тиешелүү салык мезгилиндеги КНС боюнча салыктык отчеттун, ошондой эле болгон башка документалдык маалыматтын негизинде, КНСтин эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин тиешелүү калдыктарын, тармактык КНСтин эсеп-фактураларын кошо жараксыз деп таануу менен КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
32. КНС боюнча отчет берилүүчү айдан кийинки айдын 15-күнүнө чейин салык салынуучу субъект тарабынан КНС боюнча отчеттор берилбеген учурларда, салык органы тарабынан КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу учурунда, тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, аларды ыйгарган күндөн баштап жараксыз деп таанылат.
Жараксыз деп таанылган тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларынын мындай сериялары жана номерлери, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык, формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген, КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу субъекттин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ушул Тартипке ылайык жокко чыгарылган тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларынын мындай сериялары жана номерлери кайрадан ыйгарылышы мүмкүн эмес жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 26-пунктуна жана 230-беренесине ылайык жараксыз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Салык органынын чечимин тапшыруунун мөөнөттөрү жана ыкмалары
34. Салык салынуучу субъекттин жана атайын администратордун тиешелүү арызынын же кабарламасынын негизинде чыгарылган салык органынын чечими, тийиштүү түрдө салык салынуучу субъектке, КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган салык төлөөчүгө, атайын администраторго (мындан ары - Арыз ээси) мындай Арызды же кабарламаны салык органында каттоодон өткөргөн күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей тапшырылат.
35. Эгерде Арыз же кабарлама расмий майрам күнүнүн же дем алыш күндөрүнүн алдындагы күндө каттоого алынса, салык органынын тиешелүү чечими арыз ээсине кабарлама расмий майрам же дем алыш күндөрүнөн кийинки жумушчу күнүнүн аралыгында тапшырылат.
36. Салык органынын тиешелүү чечими, ушул Тартиптин 6 жана 25-пункттарында көрсөтүлгөн арызды же кабарламаны арыз ээсинин берүү ыкмасына жараша тапшырылат.
Салык органында салык салынуучу субъект тарабынан чечим колмо-кол алынганда салык салынуучу субъекттин кызмат адамынын өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы көрсөтүлүүгө тийиш.
37. Эгерде арыз ээси өзү барып арызды кагазга жазылган түрүндө берсе, анда ал салык органынын тиешелүү чечимин, арызды берген күнүнөн баштап 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде өзү барып алышы керек.
38. Эгерде арыз ээси ушул Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында келбесе:
1) тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндөгү чечим жокко чыгарылат. Мындай чечимди жокко чыгаруу салык органы тарабынан, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө алар тарабынан мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат.
2) тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим, арыз ээси тарабынан экономикалык ишти жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасында анын катталган акыркы дареги боюнча заказ каты менен почта аркылуу жиберилет;
3) тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНС эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим, арыз ээси тарабынан экономикалык ишин жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасында анын катталган акыркы дареги боюнча заказ каты менен почта аркылуу жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Эгерде арыз ээси Арызды же кабарламаны МСКнын маалыматтык системасы аркылуу берсе, салык органынын тиешелүү чечими электрондук түрдө МСКнын маалыматтык системасындагы анын жеке кабинетине Арызды же кабарламаны салык органында каттоодон өткөргөн күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей жиберилет.
40. Эгерде арыз ээси Арызды же кабарламаны оператордун маалыматтык системасы аркылуу берсе, салык органынын тиешелүү чечими электрондук түрдө оператордун маалыматтык системасындагы анын жеке кабинетине Арызды же кабарламаны салык органында каттоодон өткөргөн күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей жиберилет.
41. Ушул Тартиптин 30-32-пункттарында көрсөтүлгөн КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу субъекттин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим, ошондой эле КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу субъекттин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу тууралуу чечим, салык органы тарабынан КНС боюнча каттоонун тартибине ылайык, тиешелүү субъектиге жөнөтүлөт.
7. Салык салынуучу субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактураларына ыйгарылган сериялардын жана номерлердин колдонулушу
42. Салык салынуучу субъект тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:
1) тармактык КНСтин эсеп-фактуралары менен кошо, КНС эсеп-фактураларынын ыйгарылган серияларын жана номерлерин (мындан ары - КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери) өсүү жагына карата иреттик номерлери боюнча гана пайдалануу;
2) ар күнү, жумуш күнүнүн аягында, КНСтин эсеп-фактураларынын жазып берилген (таризделген) маалымдаректерин салык салынуучу субъект тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатына ылайык, жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрге киргизүү. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген КНС эсеп-фактураларынын бардык маалымдаректерин камтыйт;
3) бардык жасалган операцияларга жазылып берилген (таризделген) КНСтин эсеп-фактураларын сактоо. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча көрсөтүлгөн атайын регистрлерге киргизилген КНС суммалары, КНС боюнча салык отчетундагы суммаларга шайкеш келиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Салык салынуучу субъект КНСтин ыйгарылган эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин башка жакка берүүгө укугу жок.
Салык органы тарабынан бир субъектиге ыйгарылган КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана/же номерлери башка субъект тарабынан колдонулган фактылар аныкталган учурларда, башка субъект тарабынан жазып берилген КНСтин эсеп-фактураларынын мындай сериялары жана номерлери жараксыз деп саналат жана мындай эсеп-фактуралар боюнча КНС суммасы чегерүүгө жатпайт.
Бул тууралуу материалдар экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү органдарга тийиштүү чараларды кабыл алуу жана ыйгарым укуктуу салык органына эске алуу үчүн жиберилет.
44. Салык отчетторун нөлдүк көрсөткүч менен, б.а. катары менен эки салык мезгилинин аралыгында субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынын ыйгарылган серияларын жана номерлерин пайдаланбастан берген салык салынуучу субъект, экинчи ушундай салык мезгили үчүн салык отчету менен бирге, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча КНС эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктары тууралуу кабарлама берүүгө милдеттүү.
45. Салык органы тарабынан ыйгарылган КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин колдонуу боюнча иштерди уюштурууга жоопкерчиликти ушул Тартиптин 46-пунктунда көрсөтүлгөн салык салынуучу субъекттин жетекчиси, башкы бухгалтери жана кызмат адамы алып жүрөт.
46. Төмөнкүлөргө жооптуу болгон салык салынуучу субъекттин кызмат адамы катары Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жеке жак дайындалышы керек:
1) ушул Тартип менен каралган тиешелүү Арызды салык органына берүүгө;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга;
3) КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүгө (тариздөөгө) жана жазып берилгендерин (таризделгендерин) сактоого.
47. Ушул Тартиптин 46-пунктунда көрсөтүлгөн салык салынуучу субъекттин кызмат адамы салык салынуучу субъекттин жазма буйругу менен дайындалат.
Ушундай адамды дайындоо жөнүндөгү салык салынуучу субъекттин жазуу жүзүндөгү буйругунун түп нускасы, мындай адамды дайындаган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн аралыгында, КНС төлөөчү катары катталган орду боюнча, салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилет.
8. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө
48. КНСтин эсеп-фактурасы окшош маалыматтарды камтыган эки нускадагы 1 баракта таризделет. Түп нусканын биринчи нускасы сатып алуучуга берилет, түп нусканын экинчи нускасы сатуучуда (жеткирүүчүдө) калат.
КНСтин эсеп-фактурасынын "Жеткирүү" бөлүмүндө толтурулган саптардын саны КНСтин эсеп-фактурасынын бекитилген формасындагы саптарынын санынан ашып кетсе, салык салынуучу субъект салык органы тарабынан ушул салык салынуучу субъектке ыйгарылган башка номери жана сериясы менен КНСтин эсеп-фактурасынын башка бланкын тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
49. КНСтин эсеп-фактураларынын маалымдаректери тазаланбай, чийилбей, булганбай жана оңдолбой туура толтурулушу керек. Андайлар болгон учурда КНСтин эсеп-фактурасы жараксыз деп табылат.
50. КНСтин эсеп-фактурасында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы жана номери, ошондой эле анын жазып берилген (таризделген) датасы;
2) товарларды (аткарылган жумуштарды, көрсөтүлгөн кызматтарды) сатуучунун (жеткирүүчүнүн) жана сатып алуучунун идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН), толук аты-жөнү же аталышы, юридикалык дареги;
3) сатуучунун (жеткирүүчүнүн) жана сатып алуучунун салыктык катталуу орду боюнча салык органынын коду жана аталышы;
4) сатуучунун (жеткирүүчүнүн) жана сатып алуучунун банктык идентификациялык коду (мындан ары - БИК), банктын аталышы, эсеби;
5) иш жүзүндө жеткирүүнүн датасы;
6) жеткирүүнүн түрү: экспорт, ички;
7) төлөөнүн формасы:
а) накталай эмес: банк төлөмү, өз ара чегеришүү, товар алмашуу;
б) накталай;
Эгерде кызмат көрсөтүү акысы бир эле учурда накталай жана накталай эмес формада төлөнсө, КНСтин эсеп-фактурасынын "төлөө формасы" 403-уячасында төлөө формасынын экөөсү тең көрсөтүлөт.
Бекер жеткирилген учурда (кайрымдуулук максатында жеткирүү жана/же бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык алардын эсептик наркы "нөлдүк" деп кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу), КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 403-уячасында "Бекер жеткирүү" жазуусу жүргүзүлөт.
8) жеткирилген товарлардын аталышы (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын);
9) биринчи төрт белгинин деңгээлинде Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (ТЭИТН) товардык позициясынын коду. ТЭИТН коду жок болгон учурда төмөнкү цифралар "0000" көрсөтүлөт;
10) товарлардын өлчөм бирдиги, саны (көлөмү) жана баасы (жумуштардын, кызматтардын). Өлчөм бирдиги Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлөт;
11) кошумча нарк салыгын эсепке албагандагы товарлардын наркы (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын);
12) кошумча нарк салыгынын ставкасы жана суммасы;
13) кошумча нарк салыгын эсепке алгандагы товарлардын наркы (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын);
14) сатуу салыгынын ставкасы жана суммасы;
15) сатуучунун (жеткирүүчүнүн) жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Сатуучунун (жеткирүүчүнүн) жана сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашпаган цифралык белгилөөлөрдөн турушу керек.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилөөлөрдөн турса, анда биринчи 14 белги көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашпаган цифралык белгилөөлөрдөн турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-сатып алуучунун ИСНи жок болсо, анда "ИСН" маалымдарегинде "99999999999999" цифралары көрсөтүлөт.
52. Эгерде сатып алуучу болуп патенттин негизинде ишин жүргүзгөн жеке ишкер саналса, анда бул патентти берген салык органынын коду жана аталышы, ошондой эле патенттин номери жана сериясы көрсөтүлөт.
53. Эгерде КНСтин эсеп-фактурасы банкта эсеп-чоту жок сатып алуучуга жазылып берилсе, анда "банктын коду (БИК) жана аталышы" жана "алыш-бериш эсеби" маалымдаректерине "жок" деген жазуу жазылат.
54. Эгерде КНСтин эсеп-фактурасы чет өлкөлүк, б.а. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү эмес компанияга, ишкердик ишин жүргүзбөгөн сатып алуучу-жеке жакка жазылып берилсе, "салык органынын коду жана аталышы, патенттин номери жана сериясы", "банктын коду (БИК) жана аталышы" жана "алыш-бериш эсеби" маалымдаректерине "жок" деген жазуу жазылат.
55. "Сериянын эсеп-фактурасына корректирлөө жана "Түзмөлөөнүн себептери" маалымдаректери, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдөрдүн шарттары өзгөргөн учурда салык салынган жеткирүүнүн наркын корректирлөө үчүн кошумча КНСтин эсеп-фактурасын тариздөө учурунда салык салынуучу субъект-сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан толтурулат.
56. 55-пунктта көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактурасын тариздөө учурунда милдеттүү тартипте төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы жана номери, жазып берилген (таризделген) датасы, ага кошумча КНСтин эсеп-фактурасы таризделет, ошондой эле оңдоонун себептери;
2) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары, алар боюнча жеткирүүлөр оңдолот;
3) жеткирүүнүн өлчөмүн оңдоонун себептерине жараша КНСтин эсеп-фактурасында каралган сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдү оңдоонун өлчөмүн.
Эгерде салык салынган жеткирүүнү корректирлөө азаюу жагына жүргүзүлсө, анда сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү "-" белгиси, көбөйүү жагына жүргүзүлсө "+" белгиси менен көрсөтүлөт.
57. Салык салынган жеткирүүнүн наркы жана жараксыз болуп саналган КНСтин эсеп-фактурасы боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы оңдолбойт.
58. Товарлардын наркы (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын), КНС суммалары, ошондой эле сатуу салыгы КНСтин эсеп-фактурасында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, сомдордо жана тыйындарда көрсөтүлөт.
Экспортко жеткирүүлөр болгон учурда, КНСтин эсеп-фактурасында нарктык көрсөткүчтөр (товардын баасы, наркы жана жалпы наркы) бир эле убакта улуттук жана түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык чет өлкөлүк валюталарда көрсөтүлөт: биринчи сапта - улуттук валютада, экинчи сапта - эсеп-фактурасын жазып берүү (тариздөө) күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын КНСтин эсеп-фактурасын жазып (тариздеп) берген күндөгү валютанын курсун көрсөтүү менен, чет өлкөлүк валютада.
59. КНСтин эсеп-фактурасы, сатуучунун (жеткирүүчүнүн) же анын филиалынын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин же ага ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүшү жана КНСтин эсеп-фактурасын жазып берген салык салынуучу субъекттин мөөрү менен, же салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык оператордун маалыматтык системасынын жардамы менен электрондук колтамганы колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук документ жүгүртүү жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдары менен бекемделиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Электр байланыш, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу, канализация кызматтарын көрсөтүшкөн салык салынуучу субъекттер, ошондой эле ар ай сайын 5000 ашык КНСтин эсеп-фактураларын тариздешкен (жазып беришкен) салык салынуучу субъекттер, салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтык системасынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук документ жүгүртүү жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдары жардамы менен КНСтин эсеп-фактурасынын бланкаларына жетекчинин, башкы бухгалтердин колтамгаларын жана электрондук түрдөгү мөөрдү же факсимилени, болбосо электрондук колтамганы коё алышат.
КНСтин эсеп-фактурасына электрондук колтамга менен кол коюлган учурда, милдеттүү тартипте салык салынуучу субъект жана/же оператор электрондук колтамганы визиуалдаштырууну камсыз кылуулары керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Салык контрагынын негизинде салыктарды төлөшкөн салык салынуучу субъекттер, салык салынган жеткирүүлөргө КНСтин эсеп-фактурасын жазып берүүгө жана КНС боюнча салык отчетторун салык мыйзамдарында жана ушул Тартипте белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.
62. Эгерде КНСтин эсеп-фактурасында, ушул Тартипте белгиленген маалымдаректери жок болсо, анда мындай КНСтин эсеп-фактурасы жараксыз деп саналат.
63. Салык салынуучу субъекттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, таризделген (жазып берилген) КНСтин эсеп-фактураларында көрсөтүлгөн маалыматтарга жоопкер болушат. Ушундай эле тартипте, салык салынуучу субъект-жеткирүүчүлөрдөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алышкан жана алар боюнча КНС суммаларын чегерүүгө кабыл алышкан салык салынуучу субъекттер-сатып алуучулардын кызмат адамдары жоопкерчиликти алып жүрүшөт.
9. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү
64. КНСтин эсеп-фактурасын тариздөө жалпы жыйынды маанилерди бир сапта көрсөтүү менен, салык салынуучу субъект бекиткен эсептик саясатка ылайык, жыйналып калган бир айлык эсептик документациянын негизинде, бир жолу айдын аягында жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда;
2) жарнамалык акциялардын жүрүшүндө калкка товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) бекер жеткирүү учурунда;
3) банк мекемелери аркылуу накталай эмес эсептешүү менен калкка акы төлөнгөн кызматтарды көрсөтүү жана электрондук терминал жана/же банкоматтар аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
64-1. Сатуудан салыктын түрдүү ставкаларын колдонуу менен бир сатып алуучуга товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирүү/аткаруу/көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ушул Тартиптин 48-пунктунун талаптарын сактоо менен КНСтин эсеп-фактурасынын бир комплектин тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
65. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу учурунда, салык салынуучу жеткирүүлөргө киргизилген товардык-материалдык камдыктардын (запастардын), негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктарына КНСтин эсеп-фактурасы таризделбейт.
66. КНСтин эсеп-фактурасын жазып берүү учурунда салык салынуучу субъекттин филиалы, салыктык катталуу орду боюнча салык органында КНС салыгын төлөөчүсү катары катталган башкы уюмдун ИСНнин, аталышын, юридикалык дарегин көрсөтүүсү керек. Мындай учурда башкы уюмдун аталышынан кийин кашанын ичинде филиалдын аталышын көрсөтүү зарыл.
Бул учурда башкы уюм, КНС салыгын төлөөчүсү катары катталган орду боюнча салык органына, бул ыйгарым укуктары филиалдын жетекчисине жүктөлгөндүгү жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсүн берүүгө, ошондой эле филиалдын жетекчисинин же буга ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын мөөрлөрүнүн жана колтамгаларынын үлгүлөрүн көрсөтүү менен маалымкат берүүгө милдеттүү.
Филиалдардын жетекчилеринин жана бухгалтерлеринин электрондук колтамгаларын колдонуу учурунда, уюмдун колтамгасы жана мөөрү же уюмдун жетекчисинин электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн, бул ыйгарым укуктары филиалдын жетекчисине жүктөлгөндүгү жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү эле жетиштүү.
67. Салык салынуучу субъект-сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан салык салынуучу субъект-сатып алуучунун филиалынын дарегине КНСтин эсеп-фактурасын жазып берүү учурунда, эсеп-фактурасында салыктык катталуу орду боюнча салык органында КНС салык төлөөчүсү катары катталган башкы уюмдун ИСНнин, аталышын, юридикалык дарегин көрсөтүүсү керек. Мындай учурда башкы уюмдун аталышынан кийин кашанын ичинде филиалдын аталышын көрсөтүү зарыл.
68. Контрагенттердин бири тарабынан (сатуучу-жеткирүүчү же сатып алуучу) КНСтин эсеп-фактурасынын таризделген (жазып берилген) бланкы жоголгон же бузулган учурда, башка контрагент биринчи контрагентке КНСтин эсеп-фактурасынын таризделген (жазып берилген) бланкынын сакталып калган түп нускасынын колтамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бере алат.
69. Салык салынуучу жеткирүүнүн наркы жана жараксыз деп таанылган КНСтин эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммалары оңдоого жатпайт.
Мындай ченем, КНС боюнча салык милдеттенмесин өсүү жагына оңдолгон учурларда колдонулбайт.
|
серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине |
Салык салынуучу субъекттин КНСтин
эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга
АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
|
КНСтин эсеп-фактураларына
серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине |
Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча
КНСтин жазылып берилген (таризделген) эсеп-фактуралары
тууралуу
МААЛЫМАТ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
|
КНСтин эсеп-фактураларына
серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине |
КНСтин тармактык
эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу
АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
|
КНСтин эсеп-фактураларына
серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине |
КНСтин эсеп-фактураларынын
колдонулбай калган серияларынын жана номерлеринин калдыктары
тууралуу
КАБАРЛОО
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.