Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 22-майы № 298

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байпакбаев демилгелеген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байпакбаев демилгелеген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.

1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүн 12-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү абалдагы кайра жаралуучу отунду, энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭЖБ) пайдалануудан алынган суюк биологиялык отунду өндүрүүчүлөрдү киреше алган учурдан тартып беш жыл ичинде киреше салыгынан бошотуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Мыйзам долбоорунун ушул эле беренесинин 2-пунктунда ТЭИ ТН 8501-8504, 8541 товардык позицияларда классификацияланган Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттардын кошумча наркына салынуучу салыктан бошотуу каралууда.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу тармагындагы саясатынын өзүнчө багыты - салык преференцияларынын учурдагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салыктан качуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жок кылуу болуп аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган 2015-2018-жылдарга Экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумдун 12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы ишкер климатын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүнү колдоого жөндөмдүү атаандаштыкка жарамдуу менчик секторду өнүктүрүү максатында, салык саясаты тармагындагы белгилүү бир иш-чараларды ишке ашыруу, мунун ичинен калган салык бошотууларынан жана өзүнчө ишкер секторлоруна жана түрлөрүнө жеңилдетилген салык салуу режимин киргизүүдөн баш тартуу милдеттерин өзүнө алат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясаты концепциясында колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоонун негизинде салык жеңилдиктерин жана бошотууларын максималдуу азайтуу боюнча ошондой эле чаралар каралат.

Ошондой эле ТЭИ ТН 8501-8504, 8541 товардык позицияларда классификацияланган негизги каражаттар запастык бөлүктөр жана комплекттөөчүлөр түшүнүгүнө кирген өтө кеңири ассортиментин билдирет, буларды КНСдан бошотуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калуу коркунучуна алып келиши мүмкүн экендигин белгилейбиз.

Айтылгандарга байланыштуу, сунушталган түзөтүүлөрдүн тобокелдигин азайтуу максатында алгач бюджеттин тикелей жоготууларын компенсациялоо боюнча тийиштүү альтернативалуу булактарды аныктоо зарыл деп эсептейбиз. Болбосо, бюджеттик каражаттардын өтө тартыш болуп жаткан шарттарында бюджеттин киреше бөлүгүн азайтуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда ыйгарым укуктуу орган менен реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуудан кийин, болгон курулмалардын баланстык наркынан элүү пайызынан көбүн жана негизги иштеп чыгаруучу шайманды алмаштыруу менен ЭЖБнын реконструкциялануучу объектилерине преференциялар каралган. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренелеринин колдонулушун жайылтуу сунушталууда.

Ушуга байланыштуу "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ЭЖБ субъекттери үчүн маанилүү преференциялар, мунун ичинен алардан электр энергиясын сатып алуу тарифтерин белгилөөдө олуттуу артыкчылыктар каралган.

Ошондой эле преференциялар ЭЖБ пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгаруучу жаңы ишке киргизилген объектилерге гана жайылтылууга тийиш, анткени алар жаңы инвестициялык долбоор болуп эсептеле тургандыгын белгилейбиз. Мында ЭЖБ пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгаруучу иштеп жаткан объектилерге преференцияларды жайылтуу негизсиз болуп калат, анткени аларды кармоого коротулган бардык сарптоолор белгиленген тарифтердин эсебинен жабылган.

Мындан тышкары, бул ченемди киргизүү иштеп жаткан ЭЖБ объектилерин жөндөө ишин бир топ татаалдатып жана кыянаттык менен пайдаланууга өбөлгө түзүп коюусу мүмкүн, анткени баланстык нарктын элүү пайыздык босогосун ким, кантип жана эмненин негизинде аныктайт, бул баланстык нарк (калдык же кайра баалоо эске алынган нарк) кандай болушу керек деген маселелер чечилбестен калууда. Ошондой эле өзүн актоо мөөнөтү аяктагандан кийин сунушталган долбоорго ылайык ЭЖБ объектинде реконструкция жүргүзүлө турган абал түзүлүп, жогорулаган коэффициенттерди эске алуу менен электр энергиясынын тарифтерин кайрадан белгилөө зарылдыгы чыгышы мүмкүн болот.

Көбүрөөк киреше алуу жана Кыргыз Республикасынын энергосистемасынан жеке компанияларга акча каражаттарын тартуу максатында болгон курулмалардын жана негизги иштеп чыгаруучу шаймандын баланстык наркынын элүү пайыздан ашыгын алмаштыруу менен реконструкциялоо бул беренеде даректүү мүнөзгө ээ жана калк менен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөстөн, чоңураак киреше алууну жана Кыргыз Республикасынын энергосистемасынан акча каражаттарын менчик компанияларга алууну көздөйт деп эсептейбиз.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, мыйзам долбоордун 2-беренесинин 1-пунктунан "ошондой эле реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылгандан кийин жана ырастагандан кийин болгон курулмалардын жана негизги иштеп чыгаруучу шаймандын баланстык наркынын элүү пайыздан ашыгын алмаштыруу менен реконструкциялануучу" деген сөздөрдү алып салуу максатка ылайык деп эсептейбиз.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-пункту менен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "жеңилдетилген мезгил" түшүнүгүн киргизүү сунушталууда, ага ылайык жогорулоочу коэффициенттерди колдонуу менен ЭЖБ пайдалануу боюнча орнотмолор үчүн мыйзамда белгиленген атайын тарифти колдонуунун акыркы мөөнөтүн түшүнүү керек.

Ушуну менен бирге, мыйзам долбоору менен сунушталган түшүнүктөн келип чыккан тийиштүү түзөтүүлөрдү "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 12-беренелерине киргизүү сунушталат. Мындай түзөтүүлөр Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктунун он бешинчи абзацында, 5-пунктунун он биринчи-он үчүнчү, жыйырманчы абзацтарында каралат.

"Өзүн актоонун акыркы мөөнөтү" деген сөздөрдү "жеңилдетилген мезгил" деген сөздөргө алмаштыруу ЭЖБ колдонгон объектилерге мамлекеттик преференцияларды берүү системасын өзгөртүүнү шарттайт жана мындай энергиянын өндүрүүчүлөрүн чыгым нарктарын жогорулатуу жоопкерчилигинен бошотуп, алар ала турган ашыкча кирешени күн мурун көбөйтүүгө коюуга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-пунктундагы жеңилдетилген мезгил аяктаган соң, акыркы керектөөчүлөр үчүн ЭЖБ пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына максималдуу тарифти белгилөө каралган жыйырманчы абзацын алып салуу сунушталат, анткени акыркы керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифтер боюнча ЭЖБ субъектилери акыркы керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишим боюнча гана беришет.

Ушуга байланыштуу колдонуудагы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин он алтынчы абзацын мурунку редакцияда калтыруу сунушталат.

Мүмкүн болуучу кыянаттык менен пайдалануу жана ЭЖБ субъектилеринин башка чарбакер субъектинин эсебинен негизделбеген чоң кирешени алуусу үчүн түзүлө турган өбөлгөлөрдү жок кылуу үчүн бөлүштүрүүчү энергокомпанияларга электр энергияны берүүдө долбоордун өзүн актоо мезгили бүткөндөн кийин ЭЖБны пайдалануу менен иштелип чыга турган электр энергиянын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан) электр энергияны иштеп чыгарууга жана адилеттүү киреше алуу элементине негизделген сарптоолорду эсепке алган эсептөөлөрдүн негизинде ар бир станцияга жекече белгиленет. ЭЖБны колдонуу менен өндүрүлө турган электр энергиянын кайрадан белгиленген тарифтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын индексацияланууга тийиш.

Айтылгандарга байланыштуу "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "өзүн актоонун акыркы мөөнөтү" деген сөздөрдү "жеңилдетилген мезгил" деген сөздөргө алмаштыруу менен ЭЖБ колдонуучу объектилерге мамлекеттик преференцияларды берүү системасын алмаштырууну шарттаган өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "инвестор" деген түшүнүктү киргизүү сунушталат, бул түшүнүк "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген жана кошумча чечмелөөнүн талап кылбайт. Башка мыйзам актысында бир түшүнүктү кошумча бекемдөө укук ченемдеринин кайталанышына алып келет.

Айтылгандарга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-пункттагы "инвестор" деген түшүнүктү белгилөөчү экинчи абзацын алып салуу сунушталат.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-пунктунда "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-главасын ЭЖБ пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясын белгилөөнү караштыруучу 8-1-берене менен толуктоо сунушталат.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелеринин негизинде Өкмөт ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, укуктарына жана функцияларына таандык кандайдыр бир ченемдерди мыйзам негизинде бекитип берүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.

ЭЖБ өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (мындан ары - Комитет) болуп аныкталган, ал ЭЖБ пайдаланууга колдоо көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат, ЭЖБ пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташууну ишке ашырат, электр энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык ЭЖБ пайдалануу боюнча энергия берүүчү уюмдарды электр жана (же) жылуулук тармагына кошууга мониторинг жана контроль жүргүзөт, ошондой эле ЭЖБ өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 8-1-берене менен толуктоону максатка ылайыксыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбейт деп эсептейбиз.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги 5-пунктунун бешинчи-жетинчи абзацтарында электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүчүлөрүнө тийиштүү технологиялык жабдууларды, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоону киреше алгандан тартып беш жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан, киреше салыгынан бошотуу түрүндөгү преференцияларды берүү каралат.

Мында сунушталган түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин салык мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы болуп эсептелбеген мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салуучу 5-беренесинин 6-бөлүгүнө, ошондой эле 2014-жылдын 29-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 25-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына каршы келет, ага ылайык бажы союзундагы мүчө-мамлекеттердин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифтерине ылайык бажы төлөмдөрүнүн чендери жана үчүнчү тарап менен тышкы товарларды соодалашууну жөнгө салуу чаралары колдонулат.

Ушуга байланыштуу бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан бошотуу каралган Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-пунктундагы бешинчи-жетинчи абзацтарын алып салуу максатка ылайык деп эсептейбиз.

3. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча.

Мыйзам долбоордун 4-беренесинин 1, 2 жана 3-пункттары менен сунушталган толуктоолор "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 17, 19, 20 жана 21-беренелерине каршы келет.

Алсак, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары (мындан ары - ӨКЖА) - жалпы улуттук байлык болуп эсептелген жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык жана тарыхый жактардан артыкчылыктуу мааниге ээ, чарбалык пайдалануудан толук же айрым бөлүгү туруктуу же убактылуу алып коюлган аймактардын жана/же суунун бетинин коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген участоктору.

Мындан тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары табигый процесстерди жана кубулуштарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын айрым түрлөрүн, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды сактоо, изилдөө жана аларды калыбына келтирүү максатында түзүлөт.

ӨКЖА жерлеринде табигый ресурстардын жана объекттердин сапатын начарлатууга жана аларды түгөтүүгө багытталган, ошондой эле көрсөтүлгөн жерлерди мамлекеттик коргоо режимин бузган иштерди жасоого тыюу салынат.

Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө БУУнун конвенциясына ылайык Кыргыз Республикасы Конвенциянын Тарабы катары (Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган) өлкөнүн биологиялык түрдүүлүгүн сактоого жана биотүрдүүлүккө жагымсыз таасирлердин алдын алуу же жокко чыгаруу үчүн биологиялык ресурстарды пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу, атап айтканда, ӨКЖА жерлерин ЭЖБны пайдалануу боюнча объектилерге пайдаланууга берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү терс антропогенндик таасир тийгизиши жана биологиялык түрдүүлүктүн олуттуу азаюу жана жок болуу коркунучуна алып келиши мүмкүн.

ЭЖБ - шаймандарын (шамал турбиналарын, күн коллекторлорун, чакан жана ири ГЭСтерди ж.б.) куруу, өндүрүү, эксплуатациялоо жана утилдештирүү этаптарындагы жумуш, ошондой эле шаймандарды куроо жана эксплуатациялоо (энергияны ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайрадан бөлүштүрүү үчүн техникалык каражаттардын жыйындысы) жаратылыш процесстеринин табигый өнүгүшүнө, экосистеманын бузулушуна жана биотүрдүүлүктүн жоголушуна алып келет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесине ылайык өнөр жай ишканаларын, турак-жай муниципалдык чарба объектилерин, темир жана автомобиль жолдорун, май куюу бекеттерин, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды, электр линияларын, магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү куруу үчүн, ошондой эле башка айыл чарба багытында болбогон багыттар үчүн, эреже катары, айыл чарба багытында болбогон же айыл чарбасына жараксыз жерлер берилет.

Ушуга байланыштуу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 21 жана 23-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана бул жоболорду Мыйзам долбоорунан алып салуу сунуштайбыз.

4. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 32-главасын ЭЖБ пайдаланууга колдоо көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик каралган жаңы 449-1-беренеси менен толуктоо сунушталат.

Мында, Мыйзам долбоорунда сунушталган ченем боюнча административдик укук бузууларды аныктоого жана алар боюнча кароого ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалыкатында бул чөйрөдөгү мыйзам бузууларды табуу жана аныктоо механизмдери белгиленген эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө беренеси аркылуу сунушталган санкцияны эсептөө методологиясы жөнүндө маалымат чагылдырылган эмес.

5. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жер участогун алып коюу маселелерин жөнгө салуучу 66-беренесинин биринчи бөлүгүн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланбаган же ЭЖБ пайдалануу менен объект куруу үчүн берилген жер участогун үч жыл бою пайдаланбаган учурда жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) негизи каралган 8-пунктча менен толуктоо сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 4-пунктчасы айыл чарбалык эмес өндүрүш үчүн берилген жер участогун беш жыл бою пайдаланбаган учурда алып коюуну караштыргандыктан, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесине толуктоо киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

6. Мыйзам долбооруна даярдалган жөнгө таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына шайкеш келбейт тургандыгын белгилейбиз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ушул Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.