Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-сентябры № 570

Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 208, 2020-жылдын 24-августундагы № 434, 2021-жылдын 29-мартындагы № 118, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 03-декабрындагы № 291, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93, 2022-жылдын 15-июлунда № 384 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Руда менен концентраттардагы алтындын курамын аныктоо механизмин өркүндөтүү, баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттардагы жана калдыктарды ташып чыгарууда эсептик контролду жүргүзүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлунда № 384 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 "Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 "Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С.Исаков

 

 Тиркеме

Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн
ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды ташып чыгаруу же ташып киргизүү үчүн эсепке алуу контролун жүргүзүүнү жана эксперттик корутунду берүүнү уюштуруу тартибин аныктайт.

2. Бул Тартиптин талаптары баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды (техногендик пайда болуулар) сыртка ташып чыгаруучу тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө ташып чыгарууда да милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

3. Бул Тартиптин талаптары төмөнкү учурлар үчүн колдонулбайт:

Кыргыз Республикасынын трансферттик баа түзүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу трансферттик баа түзүүнү (реэкспорт) контролдоо;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операциялары.

4. Бул Тартипте колдонулган негизги түшүнүктөр:

мүчө мамлекеттер - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер;

арыз берүүчү - баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган рудага, концентраттарга жана калдыктарга (техногендик пайда болуулар) менчик укугу бар жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууга же сырттан ташын киргизүүгө аракеттенген адам;

сыноочу инспекциялык компания - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, ISO/ЭАЭК 17025 аккредитациясына ээ болгон жана Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясынын мүчөсү болгон жана бул Тартиптин талаптарына ылайык баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган сырьелук товарлардын үлгүлөрүн тандоо жана тандалган үлгүлөрдү сыноо менен алектенген юридикалык жак, филиал же өкүлдүк;

концентрат - баштапкы рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана пайдалуу кен байлыктардын курамы жогору болгон пайдалуу кендин байытылган продукту; эгерде өнөр жайлык баркы бар алтын саны камтылса - алтын концентраты;

лицензиар - үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген өзгөчө товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензия берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

руда - казып алуу экономикалык жактан пайдалуу болуп саналган металлдарды же пайдалуу минералдарды камтыган табигый минералдык түзүлүш;

кошо иргеп алынуучу металлдар - комплекстүү түрдө баалуу металлдар менен бирге аз санда рудада, концентратта жана калдыкта кездешкен казып алына турган пайдалуу металлдар;

сырьелук товарлар - рудаларда, концентраттарда жана калдыктардагы (техногендик пайда болуулар) баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган товар;

үчүнчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес мамлекеттер;

жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган - жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардын жана асыл таштардын операциялары менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырьелук товарларды ташып чыгаруунун тартиби

5. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырьелук товарларды ташып чыгаруу максатында арыз берүүчү эсептик контролдоо жол-жобосунан өтөт.

6. Эсептик контролдоо төмөнкүдөй процесстерден өтүүнү камтыйт:

1) классификация - рудадагы, концентраттардагы жана калдыктардагы (техногендик пайда болуулар) баалуу металлдардын, кошо иргелип алынуучу металлдардын курамын жана санын аныктоо, ал өз ичине сырьелук товарлардын өкүлдүк сынамдарын (үлгүлөрүн) тандоо инспекциясын жана өкүлдүк сынамдарды (үлгүлөрдү) сыноо жол-жобосун камтыйт;

2) эсепке алуу - руда, концентрат жана калдык (техногендик пайда болуулар) менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдө баалуу металлдардын жана кошо иргелип алынуучу металлдардын санын эсепке алуу.

7. Классификация процессинен өтүү максатында арыз берүүчү сыноочу инспекциялык компанияга кайрылат.

8. Классификация процесси өлкөдөн ташып чыгарылып жаткан сырьелук товардын ар бир партиясына жүргүзүлөт.

9. Классификация процессинен өтүү учурунда сыноочу инспекциялык компания тарабынан өкүлдүк сынамдарды (үлгүлөрдү) тандоо арыз берүүчүнүн катышуусунда жана анын контролу алдында жүргүзүлөт.

10. Сыртка ташып чыгарыла турган сырьелук товардын өкүлдүк сынамдарын (үлгүлөрүн) тандоо актысы (мындан ары - Тандоо актысы) сыноочу инспекциялык компания тарабынан төрт нускада арыз берүүчүнүн катышуусунда түзүлөт, баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга, тиешелүү лицензия алуу үчүн лицензиялоочу органга (эгер сырьелук товар үчүнчү өлкөгө чыгарылып жатса) берүү үчүн Тандоо актысынын үч нускасы арыз берүүчүгө берилет. Бир нуска сыноочу инспекциялык компанияда калат.

11. Тандап алынгандан кийин өкүлдүк сынам кыскартылат жана сыноочу инспекциялык компания тарабынан пломба менен бекитилүүчү беш нускага бөлүнөт, зарылдыгына жараша арыз берүүчү тарабынан кошумча пломба басылат. Эки нуска сыноочу инспекциялык компания тарабынан тандап алынган үлгүлөрдү сыноо үчүн арналат, үч нускасы арыз берүүчүгө, бир нускасы сактоого калтырылат.

12. Сыноочу инспекциялык компания тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө сыноо жүргүзөт.

13. Тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына сыноо жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензияда көрсөтүлгөн ар бир пайдалуу компоненттин түрлөрүнө жүргүзүлөт. Үлгүлөрдү тандап алууну жана аларды сыноону ар башка сыноочу инспекциялык компаниялар тарабынан ишке ашырылышына жол берилбейт.

14. Сыноочу инспекциялык компания тарабынан жүргүзүлгөн сыноонун жыйынтыгы боюнча инспекциялык компания үч нускада сыноолордун протоколу түзөт, анда Тандоо актысы боюнча толук маалыматтар жана тандап алынган үлгүлөргө жүргүзүлгөн сыноолордун дайындары камтылат. Протоколдордун бардык нускалары арыз берүүчүгө тапшырылат.

15. Үлгүлөрдү тандоо жана тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына сыноо жүргүзүүнүн жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик сыноочу инспекциялык компанияга жүктөлгөн.

16. Эсепке алуу процессинен өтүү үчүн арыз берүүчү жер казынасы боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:

- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн кат-билдирмени;

- сыртка ташып чыгарылып жаткан сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;

- сыртка ташып чыгарылып жаткан сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);

- Тандоо актысын жана сыноочу инспекциялык компаниянын сыноосунун протоколун.

17. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы менен 5 жумушчу күндүн ичинде арыз берүүчүгө корутунду берет.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусунда сырьелук товардын саны, анда камтылган пайдалуу кен байлыктар, бул сырьелук товарды Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар же жок экени тууралуу маалыматтар камтылат. Корутундунун формасы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусунда көрсөтүлгөн сырьелук товардагы пайдалуу кен байлыктардын саны тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн эсептөө үчүн пайдаланылат.

18. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө корутунду чыгаруу максатында, жыл сайын келерки жылдын 31-январына чейин сырьелук товарды кайра иштеткен ишканаларга сурамжылоо жиберүү аркылуу кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар же жок экендигин аныктайт.

19. Арыз берүүчү эсепке алуу процессинен өтүү үчүн баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн кат-билдирмени;

- сыртка ташып чыгарылуучу сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;

- сыртка ташып чыгарылуучу сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);

- тышкы соода контрактынын/келишимдин көчүрмөсүн;

- Тандоо актысын жана сыноочу инспекциялык компаниянын сыноосунун протоколун;

- сырьелук товарды сыртка ташып чыгаруу боюнча экономикалык маалыматтарын.

20. Баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча 5 жумушчу күндүн ичинде арыз берүүчүгө сырьелук товарларда камтылган баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча корутундуну (мындан ары - эсепке алуу боюнча экспертизанын корутундусу) берет.

21. Экспертизанын корутундусунда бүтүмдүн мүнөзү, укуктук негиздери, баштапкы сырьенун көлөмү жана анда камтылган баалуу металлдар, республикалык бюджетке чегерүүлөр, ал эми сырьелук товарды үчүнчү өлкөгө чыгарган учурда сырьелук товарды сыртка ташып чыгаруунун экономикалык максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы тууралуу маалыматтар камтылат.

22. Экспертизанын корутундусу баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн арыз берүүчүгө берилет, ал эми сырьелук товарды үчүнчү өлкөлөргө чыгаруу учурунда лицензиялоочу органга берүү үчүн тапшырылат.

23. Сырьелук товарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууда, анын кайсы жакты көздөй чыгарылып жатканына карабастан (мүчө мамлекеттерге же үчүнчү өлкөлөргө) эсепке алуу процессинен өтүү милдеттүү болуп саналат.

24. Сырьелук товарлар үчүнчү өлкөлөргө чыгарылып жатса, эсептик контролдоо жол-жобосунан өткөндөн кийин арыз берүүчү сырьелук товарларды экспорттоого лицензия алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына сырьелук товарларды ташып киргизүүнүн тартиби

25. Кыргыз Республикасынын аймагына сырьелук товарларды ташып киргизүү үчүн арыз берүүчү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга баалуу металлдар менен операция жүргүзгөн юридикалык жана жеке ишкерлердин атайын эсебине турууга милдеттүү.

26. Арыз берүүчү сырьелук товарларды өлкөгө ташып киргизгенден кийин баалуу металлдарды эсепке алуу максатында, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар менен операция жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет. Мында, эсептик контролдоодон өтүү шарты милдеттүү болуп саналбайт.

27. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген сырьелук товарлар менен андан ары операция жүргүзүүгө бул Тартиптин 25 жана 26-пункттарында каралган шарттар аткарылган учурда жол берилет.