Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-августу № 533

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Мамагенттикте статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орду каралган.

Статс-катчыны кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

Директордун орун басары Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Мамагенттиктин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана Мамагенттиктин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат.";

11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Мамагенттикте курамына 5 адам кирген коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча - директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"

2

Директордун орун басары

3,9

".

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу,
Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

М.Абулгазиев

 

Тиркеме

"2-тиркемe

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ

Описание: Описание: схема_rt533.png