Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-августу № 539

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо боюнча сапатты башкаруу жагындагы ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү аркылуу кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин "Окуу-техникалык борбору" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп санала тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин уставы тиркемеге ылайык редакцияда бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"

"Өндүрүштүк-инновациялык борбор"

мамлекеттик мекемеси

".

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу,
Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

М.Абулгазиев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин
УСТАВЫ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишин регламенттейт.

2. Борбор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.

3. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

4. Борбордун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.

5. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштей турган юридикалык жак болуп саналат, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ.

6. Борбордун өз алдынча балансы, финансы-чарбалык мекемелердеги эсептери, мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка зарыл болгон атрибуттары бар.

7. Борбор жарандык жүгүртүүгө катышууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган келишимдерди түзөт.

8. Борбордун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";

- расмий тилде: "Государственное учреждение "Производственно-инновационный центр" при Министерстве транспорта и дорог Кыргызской Республики".

9. Борбордун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "ӨИБ ММ";

- расмий тилде: "ГУ ПИЦ".

10. Борбордун юридикалык дареги: 720045, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу көч., 200.

2. Борбордун милдеттери жана функциялары

11. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- автомобиль жолдорун куруу, капиталдык оңдоо, реабилитациялоо, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү үчүн инновациялык технологияларды, материалдарды жана жаңы техниканы киргизүү;

- автомобиль жолдорун паспорттоштуруу;

- автомобиль жолдорун мамлекеттик каттоо боюнча иштерди жүргүзүү;

- автомобиль жолдорунун абалына мониторинг жүргүзүү, автомобиль жолдорун курууда жана оңдоодо колдонулуучу технологияларды талдоо;

- автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо.

12. Борбордун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:

- ведомстволук актылардын долбоорлорун, стандарттарды, эрежелердин топтомун жана техникалык документтерди иштеп чыгуу;

- жол-курулуш иштеринин жана колдонулуучу жол-курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана тетиктеринин сапатын аныктоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

- техникалык тейлөө станцияларынын базасында жол-курулуш техникасын диагностикалоо, оңдоо жана тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү;

- тармактык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоо, күтүү жана жашылдандыруу долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү;

- табигый кырсыктын (кар көчкү, сел, жер көчкү жана таш уроо) таасирине кабылган автомобиль жолдорунун участкаларынын абалына байкоо жүргүзүү;

- жолдорду табигый кырсыктын таасиринен коргоо боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо;

- жол-курулуш техникаларынын отун чыгымдоо ченемдерин жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүү;

- жол-курулуш техникасын жана жабдууларды эсептен чыгарууда алардын техникалык абалы боюнча корутундуларды даярдоо;

- автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалы жөнүндө маалымат базасын даярдоо, автомобиль жолдорун паспорттоштуруу боюнча иштерди жүргүзүү;

- стратегиялык жактан маанилүү объектилерге жана жол участокторуна (тоннелдер, ири көпүрөлөр, өкмөттүк трассалар ж.б.) сутка бою видеобайкоо жүргүзүүнү уюштуруу жана алардын ишин автоматтык түрдө контролдоо системаларын борбордоштуруу;

- уюлдук байланыш системасы менен камтылбаган жолдун негизги трассалары жана ашуу тилкелеринде байланыш линияларын уюштуруу;

- жол-транспорт тармагына жаңы маалыматтык технологияларды жана автоматташтырылган системаларды жайылтуу, аларды коштоп жүрүү;

- жол техникаларын жана жабдууларды натыйжалуу колдонууну контролдоо системасын киргизүү жана аларды коштоп жүрүү;

- салмак жана транспорттук контролдоонун автоматташтырылган системасын тейлөө боюнча Министрликке көмөк көрсөтүү;

- өзгөчө кырдаалдарда ар кандай кызматтарды координациялоо үчүн жол-транспорт тармагы боюнча сутка бою диспетчердик кызматты уюштуруу;

- жол-транспорттук окуяларды талдоо, жолдордун авариялык-кооптуу участкаларын жоюу боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо;

- жол жана транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;

- жол-транспорт тармагынын адистеринин, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, эмгекти коргоо жана ташуулардын коопсуздугу үчүн жооптуу ишкер субъекттердин жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;

- жол четиндеги тейлөөчү объектилерди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана программаларды даярдоо;

- техникалык тейлөө станцияларын ачуу, жол-транспорттук комплекси үчүн запастык бөлүктөр жана агрегаттар менен камсыздоо боюнча чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иштерди жүргүзүү.

13. Лицензияланууга (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттын) негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Борбордун укуктары жана милдеттери

14. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын так сактоого;

- Министрликтин тапшырмаларын аткарууга, суроо-талап түшкөн маалыматты жана зарыл болгон материалдарды белгиленген мөөнөттө берүүгө;

- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет тапшыруу тартибин сактоого;

- Борбордун оперативдүү башкаруу укугунда турган мамлекеттик мүлктү сактоого;

- Борбордун кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жооптуу болууга;

- республикалык бюджетке төлөмдөр боюнча мыйзамдарда каралган милдеттенмелерди өз учурунда аткарууга.

15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:

- Борбордун өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык ишин өз алдынча пландоого;

- Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү тууралуу Министрликке сунуш киргизүүгө, Борбор тарабынан берилген ишеним каттын негизинде ишкердик жүргүзүү үчүн укуктарды ыйгарууга;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, куруу, оңдоо жана күтүү долбоорлору боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;

- белгиленген тартипте илимий иштеп чыгууларды, жаңы технологияларды, жабдууларды, приборлорду, инструменттерди, курулуш материалдарын, комплекттөөчү компоненттерди, машиналарды, механизмдерди сатып алууга;

- Борбордун иши үчүн зарыл болгон келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;

- Борборду уюштурууну, ишке ашырылып жаткан иштин формасын жана ыкмаларын өркүндөтүүгө, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга;

- штаттык санды, кирешелер жана чыгымдар сметасын бекитүү үчүн, ошондой эле Борбордун ишин өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча басылмаларды (бюллетень, буклет, гезит, журнал, жарнамалык проспект, жыйнак, брошюра, китеп ж.б.) белгиленген тартипте түзүүгө;

- банк мекемелеринде алыш-бериш эсептерин ачууга жана накталай эмес, ошондой эле накталай каражаттар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;

- өздүк негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга.

4. Башкаруу

16. Борбордун ишин Министрлик координациялайт.

17. Борбордун ишин Борбордун директору жетектейт.

18. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

19. Борбордун директору:

- Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;

- Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу эки орун басары бар;

- Борбордун кадрдык, кесиптик саясатын аныктайт, финансы маселелерин чечет, мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык институттар жана ишкердик субъектилер менен анын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;

- кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет жана келишим (контракт) боюнча иштеп жаткан кызматкерлерге жана адистерге акы төлөө өлчөмүн белгилейт;

- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, ишкердик субъекттер жана сот органдары менен өз ара мамилелеринде Борбордун кызыкчылыктарын ишеним катсыз коргойт;

- Борбордун түзүмүн, штаттык санын жана чыгашалар сметасын Министрликтин бекитүүсүнө киргизет;

- Борбордун кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;

- Борбордун штаттык кызматкерлерин ишке алат жана иштен бошотот;

- аткарылган иштер боюнча жыл сайын Министрликке отчет берет;

- буйруктарды чыгарат, ишеним каттарды берет, Борбордун атынан юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт.

20. Директор Министрликтин талабы боюнча Борбордун иши менен байланышкан маселелер боюнча бардык маалыматтарды берет.

21. Борбордун директору убактылуу жок болгон учурда директордун милдетин анын орун басарынын бири аткарат.

5. Мүлкү

22. Борбордун мүлкү Уюмдаштыруучу өткөрүп берген негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан, ошондой эле абалы Борбордун балансында өзүнчө сап менен чагылдырылган башка баалуулуктардан, жабдуулардан жана материалдардан турат.

23. Борборго берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Борбор тарабынан уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланылат.

24. Төмөнкүлөр Борбордун мүлкүн түзүү булактары болуп саналат:

- бюджеттик каражаттар;

- долбоордук каржылоо;

- мамлекеттик органдар, коммерциялык ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдин негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган каражаттар;

- чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк, басма жана башка иштерди жүргүзүүдөн түшкөн каражаттар;

- жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар жана кайрымдуулук каражаттары;

- эл аралык уюмдардын гранттары жана кредиттери;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.

6. Борбордун финансы-чарбалык иши жана ишин контролдоо

25. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт.

26. Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар контролдойт.

27. Борбор Министрликке өзүнүн иши тууралуу кварталдык жана жылдык отчетторду берип турат.

28. Жыл ичиндеги финансылык отчеттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн Борбордун иши жыл сайын текшерилип турат.

29. Аудитордук текшерүү Министрликтин чечими боюнча каалаган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн.

7. Кайра уюштуруу жана жоюу

30. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу мыйзамдарда бекитилген тартипте Уюмдаштыруунун чечими боюнча жүргүзүлөт.

31. Борбордун иши токтотулган учурда Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.