Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 30-августу № 545

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Билим берүү системасынын кызматкерлерин дарылоо-профилактикалык тейлөө үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору") түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- ведомстволук уюмдардын уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасында:

- "Республикалык ведомстволук мекемелер" позициясы "Улуттук тестирлөө борбору" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" уставын жана штаттык расписаниесин иштеп чыксын жана бекитсин;

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборун" юстиция органдарында бекитилген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында жайгашкан "Асыл" балдардын ден соолугун чыңдоо комплексин ага тиешелүү аймагы менен "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин;

- "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун" ишин материалдык-техникалык, финансылык жана башка жактан камсыздоо маселелерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде чечсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучу жана башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков