Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 1-ноябры № 724

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мыйзамда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн болгон юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимдерден тышкары, Юстиция министрлигинин, ошондой эле аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков