Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 10-мартындагы
№ 116 токтому менен
бекитилген

2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Ушул Концепциянын жалпы жоболору жана максаты

 

Финансылык борбордон ажыратуу саясатын ишке ашыруунун жүрүшүндө калыптандырылган Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелер системасы кездешкен проблемаларга карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун анык өз алдынчалыгын камсыздоо үчүн жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске талап кылынган негизги талаптарга жалпысынан ылайык келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган жарандардын укуктарын ишке ашыруу, аймактарды башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты канааттандыруу үчүн базалык шарттар түзүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реформаларын андан ары өнүктүрүү жергиликтүү бюджеттерди натыйжалуу түзүү жана аткарууну камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин жаңы форматын түзүүнү талап кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик процессти өнүктүрүү боюнча жаңы шарттар зарыл, бул 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясында (мындан ары - Концепция) чагылдырылган.

Ушул Концепция төмөнкү улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерге: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-VI токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программага жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасына ылайык иштелип чыккан.

Концепциянын максаты Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын географиялык жайгашуусуна жана аймакты өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан, жергиликтүү бюджеттерди финансылык ресурстар менен камсыздоо боюнча жагымдуу жана туруктуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Ушул Концепциянын милдеттери:

а) бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү;

б) Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарын жана райондорду ирилештирүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү коомчулук үчүн жүйөөлүү факторлорду түзүү;

в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча негизги багыттарды аныктоо;

г) республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды каржылоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү;

д) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өз кирешелерин көбөйтүүгө жана чыгашаларын оптималдаштырууга түрткү берүүнү калыптандырууга негизделген трансферттик саясатты өркүндөтүү.

Ушул Концепциянын негизги принциптери:

- бюджеттик процессте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансы жана кызыкчылыктарынын бирдиктүүлүгү;

- Кыргыз Республикасында бюджеттик саясаттын бирдиктүүлүгү;

- бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүгө багытталгандыгы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыгы үчүн жоопкерчилигин жана отчеттуулугун жогорулатуу.

2. Ушул Концепцияны кабыл алуунун өбөлгөлөрү

 

Кыргыз Республикасында финансылык борбордон ажыратуу боюнча реформалардын башталышы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кабыл алуу менен байланышкан.

"2007-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бюджеттер аралык мамилелердин төмөнкүдөй жоболорго негизделген жаңы форматы белгиленген:

- облустук жана райондук бюджеттерди жокко чыгаруучу эки деңгээлдүү бюджет системасын киргизүү;

- облустун, райондун, шаардын жана айыл аймактарынын деңгээлинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин сарптоо милдеттенмелерин чектөөлөрдү белгилөөнү баштоо;

- бюджеттин ар бир деңгээли үчүн киреше булактарын бекитүү;

- жергиликтүү бюджеттин каражаттарын республикалык бюджетке алууга тыюу салуу;

- мамлекет кепилдеген минималдык чыгашаларды жабуу үчүн аймактардын бюджеттик камсыздалышын теңдөө.

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасы шексиз түрдө позитивдүү мүнөзгө ээ болгон. 2007-жылда эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк кирешелеринин өсүшү 30,5%ды түздү, ошол эле учурда теңөөчү гранттардын көлөмү 75,4%га азайган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жергиликтүү бюджеттерди өнүктүрүүгө жана учурдагы проблемалар боюнча жарандардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздоого умтулуу пайда болгон. Ошону менен бирге, республикалык бюджеттен дотациялык көз каранды жана өздүк ресурстары чектелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү зарылдыгы райондук бюджеттерди кайра түзүүнү талап кылган. Райондук бюджеттердин, анын ичинде шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттеринде мурда бекитилген булактардын эсебинен, киреше булактары аныкталган, бул финансылык борбордон ажыратуунун өнүгүүсүндө белгилүү бир солгундоого алып келди. 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгил дотациялык айыл аймактардын 320дан 393кө чейинки өсүшү менен, ошондой эле теңөөчү гранттардын 141,1 млн. сомдон 948,8 млн. сомго чейинки өсүшү менен мүнөздөлгөн.

2012-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде бюджеттер аралык мамилелер системасы реформалардын биринчи этабында белгиленген принциптерге ылайык кайрадан өзгөртүлгөн. Жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү системасы жергиликтүү бюджеттердин бардык топтору үчүн бирдиктүү болуп калган, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалы жогорулаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктардын өзүнчө түрлөрүн башкарууну өткөрүп берүү башталган.

Ошону менен бирге эле, акыркы жылдарда туруктуу мүнөзгө ээ болгон жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү программалары түрүндө белгиленген жарандардын суроо-талабы менен калкты социалдык мобилизациялоонун алкагындагы демилгелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын анык потенциалынын ортосунда азыркы учурга чейин ажырым бар экендиги байкалууда. Бул ажырым дотациялык айыл аймактарда жана айрым шаарларда өзгөчө сезилет. Жогоруда аталган топ үчүн бюджеттеги болгон ресурстар минималдуу чыгымдарды гана жапкан практика учурдагы мезгилдин талаптарына жооп бере албайт. Кырдаал айрым жетиштүү жана дотациялык шаарлар жана айылдык аймактардын ортосундагы киреше базасында болгон ажырым менен андан ары тереңдейт. Акыркы жылдарда киреше потенциалынын өсүшү олуттуу деңгээлде экономикасы бир кыйла өнүккөн шаарларга, райондук борборлорго жана айыл аймактарына тийиштүү болду.

Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктер олуттуу кооптонууларга алып келүүдө. Сөз айыл аймактарын жана райондорду ирилештирүүгө түрткү берүүчү факторлор катары, ошондой эле айрым айыл аймактарынын киреше потенциалынын жоготууларын компенсациялоочу факторлор жөнүндө дагы болуп жатат.

Кыргыз Республикасында борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформаларын өнүктүрүү финансылык ресурстардын адекваттуу толтурулушу менен коштолбой тургандыгына байланышкан олуттуу тобокелчиликтердин болушу бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндөгү негизги проблема болуп саналат.

Коомдо социалдык чыңалуунун келип чыгышы, ишке ашырылып жаткан реформалардан көңүл калуу бул проблеманын кесепети болуп калышы мүмкүн.

Жогоруда аталган проблема төмөнкүдөй себептер менен мүнөздөлөт:

а) бюджеттер аралык мамилелердин азыркы системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бюджеттик процесстин натыйжалуулугун жогорулатууга толук түрдө жүйөлөбөйт;

б) жергиликтүү бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун калыптандыруу практикасы жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн перспективасын чагылдырбайт;

в) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү объективдүү экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөр менен камсыздалбайт, бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн негиздүүлүгүн төмөндөтөт;

г) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча милдеттерди аткарууга толук жооп бербейт.

3. Жергиликтүү деңгээлде бюджеттер аралык мамилелерди жана бюджеттик процессти өнүктүрүүнүн негизги багыттары

 

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңыртылган системасы бюджеттик укуктук мамилелер жана бюджеттик процесс боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын вертикалдуу жана горизонталдуу өз ара аракетинин гармониялуу айкалышына негизделүүгө тийиш.

Өз ара аракеттенүүнүн вертикалдуу деңгээли төмөнкүдөй милдеттерди өзүнө камтыйт:

а) жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүүнүн үлүштөрүн бөлүштүрүүдө, трансферттик саясатты калыптандырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылык балансын сактоо;

б) административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун алкагында бюджеттик укуктук мамилелердин жаңы шарттарын калыптандыруу;

в) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдары, анын ичинде теңөөчү гранттарды алуучулар өнүктүрүү бюджеттерин калыптандырууга умтулуучу шарттарды түзүү;

г) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана сарптоо милдеттенмелерин чектөө боюнча иштерди аяктоо;

д) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу.

Жогоруда аталган багыттар жергиликтүү бюджеттерди бекемдөө боюнча жалпы максатка жетишүүнү байланыштырып, комплекстүү чечилүүгө тийиш.

Өз ара аракеттенүүнүн горизонталдуу деңгээли жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдарды тартуу боюнча милдеттерди өзүнө камтыйт.

Горизонталдык деңгээлде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын андан дагы үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн муниципалитеттер аралык кызматташтыкты, анын ичинде бюджеттик чөйрөдө өнүктүрүү зарыл. Өз ара аракеттенүү региондорду өнүктүрүүдө акыркы натыйжаларга жетишүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын өнөктөштүгүнө жана өз ара жоопкерчилигине негизделүүгө тийиш.

§ 3.1. Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү

 

Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер аны ушул Концепциянын жоболоруна ылайык келтирүүгө негизделет. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын алкагында, баарынан мурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү аныктаган тармактык мыйзамдарда бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө карама-каршылыктарды алып салууга жана бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга көңүлдү буруу зарыл.

Ушул Концепциянын алкагында бюджеттер аралык мамилелерди андан ары өнүктүрүү бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүүгө багытталган жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну талап кылат.

§ 3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу

 

Бюджеттердин деңгээлдери боюнча жалпы мамлекеттик салыктарды негизделген бөлүштүрүү жана өркүндөтүлгөн трансферттик саясат жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу бөлүгүндө ушул Концепциянын артыкчылыгы болуп саналат.

Салыктын тигил же бул түрүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына бөлүүнүн негиздүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун маалыматтары жергиликтүү бюджеттердин курамында киреше салыктарынын түзүмү боюнча чечимдерди кабыл алуунун негизи болот. "Бир салык-бир бюджет" принциби негиз катары кабыл алынат. Жергиликтүү бюджеттердин пайдасына 100%га чейин киреше салыгын бөлүштүрүүнүн үлүшүн этабы менен көбөйтүүнүн мүмкүндүгүн кароо зарыл, бул сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн салыктардын күтүлгөн туруксуз келип түшүүлөрдүн, ошондой эле аны колдонуунун деңгээлинин төмөндөшүнүн шарттарында маанилүү. Жергиликтүү бюджеттердин топтору боюнча тең бөлүштүрүлгөн киреше салыгын бөлүштүрүүнүн үлүшүн жогорулатуу жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалынын өсүшү бөлүгүндө, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин тобокелдигинин алдын алуу жана кирешелеринин көлөмүнүн төмөндөө бөлүгүндө позитивдүү ролду ойнойт. Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу, ошондой эле пайдалуу казылма кендерди кыйла натыйжалуу пайдалануу максатында жергиликтүү бюджеттин пайдасына жер казынасына (роялти) салыкты бөлүүнүн үлүшү 100%га чейин көбөйөт.

Бюджеттик теңөөнүн жаңыртылган системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттик камсыздуулукту жабууга кошумча каражаттарды берүүгө тийиш. Дотациялардын бар экендигине карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдарында өнүктүрүү бюджеттеринин болушу бул өзгөртүүлөрдүн натыйжасы болуп калат.

Жергиликтүү бюджеттердин киреше курамында теңөөчү гранттын болушу муниципалитеттин "жакырчылыгынын" белгиси болбоого тийиш. Бюджеттик жетишсиздикти теңөө үчүн жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө таянган жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалынын эсептери негиз болуп калууга тийиш. Мындай ыкма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кирешелерди жыйноону жогорулатууга жүйөлөйт жана алардан чыгашаларды минималдаштырууну талап кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сарптоо милдеттенмелеринин көлөмдөрүн көбөйтүүгө таасир берген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурда жогору турган деңгээлден төмөн турган деңгээлге берилүүчү каражаттарды берүүнүн тартибин өзгөртүү бөлүгүндө колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Жетиштүү айыл аймактары үчүн жогоруда аталган трансферттин көлөмдөрүн жыл сайын этабы менен азайтуунун тартиби белгиленет, бул алардын дотациялык статуска киришинин тобокелчиликтерин олуттуу азайтат.

§ 3.3. Административдик-аймактык реформалардын алкагында бюджеттик укуктук мамилелер

 

Ыктыярдуу биригүүнү каалагандыгын билдирген айыл аймактары үчүн төмөнкүдөй түрткү берүүчү факторлор түзүлөт:

а) биригүү жол-жоболоруна байланышкан мүмкүн болгон чыгымдар компенсацияланат;

б) жаңы административдик чектерде айыл аймактарынын киреше потенциалынын мүмкүн болгон жоготуулары компенсацияланат;

в) жаңыланган аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске ала турган бюджеттер аралык трансферттерге жаңы мамилелер колдонулат.

§ 3.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик процессти өркүндөтүү

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик процесс шаарлардын жана айыл аймактарынын өнүгүү программаларын натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоого тийиш. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу процесстери мыйзамдардын ченемдерине жана мезгил талаптарына максималдуу толук бойдон ылайык келүүчү шарттарды түзүү зарыл.

Жергиликтүү бюджеттерди түзүү процессин программалык негизге этап менен өтүшүн камсыздоо зарыл, мында бюджеттик процесстин натыйжалуулугу жергиликтүү өнүгүү программаларынын конкреттүү жыйынтыктарына жетишүү аркылуу бааланат.

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин өсүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгынын, отчеттуулугунун жана жоопкерчилигинин механизмдерин институтташтыруу менен бир убакта коштолот. Бюджеттик маселелер боюнча калк алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугун жана жарандардын муктаждыктарына айрыкча ылайыктуулугун камсыздоо максатында жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү, жергиликтүү бюджеттин, бекитилген жергиликтүү бюджеттин жана аны аткаруу тууралуу отчеттун долбоорун басып чыгаруу үчүн укуктук негизди калыптандыруу зарыл.

Ушул Концепциянын негизги жоболору төмөнкүлөр:

а) Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин бирдиктүүлүгүн камсыздоо.

Жергиликтүү бюджеттердин экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн түзүүдө ишенимдүүлүктү жана негиздүүлүктү жогорулатат. Мында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн калыптандыруу үчүн ишенимдүү маалыматтарды берүүгө мамлекеттик органдар жоопкерчиликтүү болгон жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн натыйжалуу аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тең жоопкерчилик тарткан шарттарды жана ченемдик укуктук акт менен бекитилген шарттарды түзүү жана аракеттерди регламенттештирүү зарыл. Адам факторунун таасири жана ага ылайык жергиликтүү бюджеттин параметрлеринин контролдук көрсөткүчтөрүн аныктоодо коррупциялык тобокелдиктер кыйла азаят.

б) Аймактык деңгээлде мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылоо боюнча координацияланган аракеттердин зарылдыгы.

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында, административдик-аймактык реформаны республикалык бюджеттин финансылык ресурстарын топтоодон баш тартууну жана финансылык борбордон ажыратуу процесстеринин гармониялуу айкалышын камсыздоо зарыл.

Жергиликтүү бюджеттен каржылоону айкалыштыруу менен өнүктүрүүнүн тармактык мамлекеттик программаларын ишке ашыруу үчүн региондук деңгээлде түзүлгөн республикалык бюджеттин каражаттары жалпысынан региондун өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо турмушунун сапатынын жогорулашына таасирин тийгизет.

Мындай ыкманын негизин - мамлекеттик органдардын аймактык бөлүктөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүк мамилелери түзөт.

в) Жаңыртылган формат боюнча республикалык бюджеттен кошумча максаттуу каржылоо аркылуу аймакты өнүктүрүү боюнча жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин колдоо.

Жакынкы жылдарда өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга жарандарды тартуу процессине түрткү берүү максатында үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын берүүнүн жаңы формаларын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер активдештирилет. Коомчулуктар тарабынан демилгеленген чыныгы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалат. Мындан тышкары өзгөчө маани үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каражаттарын чыгымдоонун натыйжалуулугуна жана биринчи кезекте инфраструктуралык объекттерди оңдоо, реконструкциялоо жана жаңыдан курууга берилет.

г) Салыктык кирешелерди максималдуу мобилдештирүү максатында салыктык укуктук мамилелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын ишке ашырууну камсыздоо.

Кызыкдар тараптардын координацияланган аракеттери салыктык укуктук мамилелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздайт. Натыйжага жетишүү төмөнкүдөй факторлорго негизделет:

- салык кызматтары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн салыктарды жыйноо боюнча болжолдогу көрсөткүчтөрдү аткарууга умтулууга;

- бизнеске салыктарды төлөө боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;

- жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү мүмкүндүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө.

Салыктык эмес төлөмдөрдү, биринчи кезекте жайыттарды пайдалануу, таштандыларды ташып чыгаруу жана утилдештирүү үчүн жыйымдар, административдик айыптар жана башкаларды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүчү ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

д) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коммуникацияларынын жана финансылык отчеттуулугунун электрондук форматын жайылтуу.

Финансылык документтерди макулдашууну жана отчетторду кабыл алууну андан ары автоматташтыруу жана электрондук форматка өткөрүү жалпысынан бюджеттик процесстин сапатын жогорулатат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш убактысын оптималдаштырууга шарт түзөт жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга олуттуу деңгээлде таасирин тийгизет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары заманбап маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу этап менен отчеттуулукту түзүүнүн жана тапшыруунун электрондук форматын киргизүү боюнча керектүү программалык камсыздоо жана жабдуулар менен камсыздалат.

4. Күтүлгөн натыйжалар

 

Ушул Концепциянын негизги багыттарын ишке ашыруу Кыргыз Республикасында финансылык борбордон ажыратууну андан ары өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү милдеттерди комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана региондук өнүктүрүүнүн реформалары финансылык толуктоону алышат.

Бардык шаарлар жана айыл аймактары өнүгүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алышат, калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары натыйжаларга жетишүүгө умтулууга аракеттенишет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү коомчулуктар административдик-аймактык реформалардын алкагында аймактарды ирилештирүүгө кызыкдар болот, бул мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун маанилүү ийгиликтүүлүк индикаторлору белгиленген:

а) сандык индикаторлор:

- дотациялык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саны;

- жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалынын өсүш темпи, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешелеринин өсүшү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү программаларын ишке ашыруунун көрсөткүчтөрү (пландан %);

- инвестициялык кирешелердин өсүш темпи;

- бириккен жаңы айыл аймактарынын саны;

б) сапаттык индикаторлор:

- социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн статистикалык маалымат базасы бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саны (сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат);

- көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына калктын канааттануусунун өсүшү;

- жергиликтүү бюджетти өз алдынча пландаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саны (сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат).

5. Концепцияны ишке ашыруунун механизмдери

 

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун туруктуу механизмдеринин болушу аны ишке ашыруудагы ийгиликтин фактору болуп саналат. Ушул Концепциянын этаптарын ишке ашыруу боюнча аракеттерди жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

Ушул Концепциянын багыттарын ишке ашырууга тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эксперттик коомчулук тартылат. Техникалык жардамды көрсөтүү бөлүгүндө эл аралык донордук уюмдардын катышуусу жогорку мааниге ээ болот.

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун индикаторлору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн аныктоодо эске алынат.