Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b6735781-f092-491f-ba40-9294a4a699a8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 24-марты № 142

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 , 2017-жылдын 22-майындагы № 300 , 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 11-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:

- 6-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

6-пункттун 2-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет.".

4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:

- 7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:

- 8-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

 

Тиркеме

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын
ТИЗМЕГИ

 

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300, 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Товардын аталышы

Уюм-эксперт

Лицензиар

1

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген озонду бузуучу заттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2 позициясына ылайык импорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

3

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3 позициясына ылайык ташып чыгууда жана (же) ташып келүүдө Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген кооптуу калдыктар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

4

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекциялоо предметтери

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

5

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген жапайы тирүү жаныбарлар жана айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

7

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын кызыл китептерине киргизилген, сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын бөлүктөрү жана (же) дериваттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

8

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген баалуу металлдар жана асыл таштар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

9

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген иштетилбеген баалуу металлдар, баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, баалуу металлдардын кендери жана концентраттары, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарлар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды ташып чыгууда)

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

10

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген минералдык сырьёнун түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

11

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12 позициясына ылайык лицензиянын негизинде Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана ташып чыгууга уруксат берилген баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору

Көңүл буруңуздар! 11-пунктун колдонулушу КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 520 токтомуна ылайык 2016-жылдын 31-декабрына чейин токтотулду

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти

12

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

13

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16 позициясына ылайык Бажы бирлигинин аймагына ташып келүүгө чектелген радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктуу түзүлүштөр, анын ичинде орнотулгандар же башка товарлардын курамына киргизилгендер

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

14

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген маалыматты жашырын алууга арналган атайын техникалык каражаттар

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

15

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

16

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

17

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21 позициясына ылайык ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

18

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү, Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу жана Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча транзити чектелген кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана аларга патрондор

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

19

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кендүү жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

20

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27 позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

21

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.29 позициясына ылайык атайын коргоо чаралары катары импорттук квотаны белгилөө тууралуу Чечимдердин негизинде Бажы бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан импортту лицензиялоо колдонулган товарлар (эгин оруучу комбайндар жана эгин оруучу комбайндардын модулдары)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

22

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.25 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда чектөөлөр коюлган товарлар (кант чийки зат)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги