Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\35ba3450-68c0-49da-a87d-a90b9986b25b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-апрели № 202

Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө

Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"

5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө боюнча документтерди алуу укугу.

Кыргыз Республикасынын банк мекемелери жок алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө эсебине накталай акча каражаттарын кабыл алуу.

".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев