Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a7543d0b-557a-4d12-b366-427f09a4ea0b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-августу № 421

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

- 3-главада:

"Калк" бөлүмчөсүнүн сегизинчи абзацынын биринчи сүйлөмү "учурда" деген сөздөн мурда ", энергетика секторунун иш жүзүндөгү сарптоолору жабылган" деген сөздөр менен толукталсын;

"Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөр" бөлүмчөсүнүн үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү "учурда" деген сөздөн мурда ", энергетика секторунун иш жүзүндөгү сарптоолору жабылган" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-иркемеде:

1-пунктта:

1.1-пунктчасында "93,2" жана "121,0" цифралары тиешелүү түрдө "77,0" жана "84,7" цифраларына, "21,0" жана "29,8" цифралары "0" жана "10" цифраларына алмаштырылсын;

1.3-пунктчасында "93,2" жана "121,0" цифралары тиешелүү түрдө "77,0" жана "84,7" цифраларына, "21,0" жана "29,8" цифралары "0" жана "10" цифраларына алмаштырылсын;

6-пункттагы "83,3" жана "89,2" цифралары тиешелүү түрдө "77,9" жана "84,7" цифраларына, "7,0" цифралары "0" жана "8,7" цифраларына алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"

7

Шаардык электр транспорту

тыйын/кВт.с

 

 

158,0

169,1

 

Өсүү

%

 

 

7,0%

7,0%

";

Эскертүүнүн биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү "учурда" деген сөздөн мурда ", энергетика секторунун иш жүзүндөгү сарптоолору жабылган" деген сөздөр менен толукталсын;

жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына тиркемеде:

- "Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер" бөлүмүндө:

1-пункттагы "1366,93" жана "1615,35" цифралары тиешелүү түрдө "1134,76" жана "1366,93" цифраларына; "20,4" жана "18,2" цифралары "0" жана "20,4" цифраларына алмаштырылсын;

2, 3 жана 4-пункттарындагы "1833,62" жана "1981,29" цифралары тиешелүү түрдө "1695,1" жана "1833,62" цифраларына; "8,1" жана "8,0" цифралары "0" жана "8,1" цифраларына алмаштырылсын;

- "Ысык сууга тарифтер" бөлүмүндө:

1-пункттагы "1298,56" жана "1615,35" цифралары тиешелүү түрдө "981,76" жана "1298,56" цифраларына; "32,24" жана "24,4" цифралары "0" жана "32,2" цифраларына; "80,29" жана "96,31" цифралары "64,38" жана "80,29" цифраларына; "24,7" жана "19,9" цифралары "0" жана "24,7" цифраларына алмаштырылсын;

2-пункттагы "385,41" жана "462,27" цифралары "309,03" жана "385,41" цифраларына; "24,7" жана "19,9" цифралары "0" жана "24,7" цифраларына алмаштырылсын;

3-пункттагы "1833,62" жана "1981,29" цифралары тиешелүү түрдө "1695,1" жана "1833,62" цифраларына; "8,1" жана "8,0" цифралары "0" жана "8,1" цифраларына алмаштырылсын;

4, 5 жана 6-пункттардагы "104,91" жана "113,14" цифралары тиешелүү түрдө "97,19" жана "104,91" цифраларына; "7,9" жана "7,8" цифралары "0" жана "7,9" цифраларына алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Жээнбеков