Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a7c329b2-1c9f-461d-ac39-0cdcb29cf671\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-ноябры № 589

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "маалыматташтыруу," деген сөз алып салынсын;

6-пунктунун а) пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "маалыматташтыруу," деген сөз алып салынсын;

- 7-пунктунда:

а) пунктчасындагы төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; он бешинчи абзацындагы "өздөштүрүүнү камсыздоо" деген сөздөр "өздөштүрүүгө катышуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

б) пунктчасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

в) пунктчасынын экинчи абзацындагы "маалыматташтыруу," деген сөз алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын:

3.2.5-пунктунун 3.2.5.1 жана 3.2.5.2-пунктчаларындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасына туура келген "МБА" деген аббревиатура "МТБМКнын МБА" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 500 "Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет-ресурстарынын даректеринде:

- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик комитеттер:";

- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

"www.ict.gov.kg Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети";

- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын:

- II бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнүн 4-пунктундагы жана III бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жана 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр жана цифралар "2016-жылдын 16-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 144 "2015-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- 49-пунктунда:

"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-2017" деген цифралар "2015-2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТКМ, МБА" деген аббревиатуралар "МТБМКнын МБА" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кыскартылган белгилеринин тизмегинде "МБА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген аббревиатура жана сөздөр "МТБМКнын МБА - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен жана "ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр, "ТЖМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларына болгон мамлекеттик муктаждыкты ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмегинде:

4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.";

20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети.".

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкетада:

- 9-пунктунун экинчи таблицасында:

7-пунктундагы "жана коммуникациялар" деген сөздөр "жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын, ", байланыш рыногун өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын;

14-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "байланыш жабдууларын жана кызматтарын сертификатташтыруу" деген сөздөрдөн кийин "; байланыш рыногун өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 396 "791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 жана 2-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасындагы "Атайын байланыш" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 401 "Экономиканы демонополизациялоо жана бааны жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын иштери тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги № 248 "Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын мамлекеттик планы жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 65 токтому.

14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков