Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\70276caa-33ec-4159-8478-fc97cab9531a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-ноябры № 614

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

328-беренесинин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:

"г) даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо, пайдалануу мөөнөтүнө жараша төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын аныктоодо: жеңил автомобилдерге, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондорго жана пикаптарга карата төмөнкүдөй такташтырылуучу коэффициенттер колдонулат:

Кыймылдаткычтын көлөмү (куб. см)

Даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо, пайдалануу мөөнөтү

5 жылга чейин

5тен 10 жылга чейин

10дон 15 жылга чейин

15 жылдан жогору

Такташтырылуучу коэффициенттер

3000 чейин

1

1

1

1

3001ден 4500 чейин

2,5

2,0

1,4

1

4501ден тартып жана андан жогору

4,0

3,3

2,6

1

".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти