Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e9efeef9-5710-4f0a-9265-363eea70f252\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 8-декабры № 646

Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

Фискалдык саясатты өркүндөтүү, салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Берилүүчү салык жеңилдиктери алардын натыйжалуулугуна карата бааланары белгиленсин.

2. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен бирге адилеттүү салык салуу принцибин сактоо, колдонуудагы салык жеңилдиктерин актуалдаштыруу максатында салык мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн жана салык жеңилдиктерин жана бошотууларды оптималдаштыруу, аларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизүү боюнча негизделген сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков