|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
Тиркеме
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо
ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип колдонуудагы же берилүүчү салык жеңилдиктеринин (мындан ары - салык жеңилдиктери) натыйжалуулугун баалоо объекттерин, баалоого карата мамилелерди, баалоодо аракеттердин тизмегин жана ырааттуулугун, аткаруучулардын курамын жана алардын өз ара мамилелерин, ошондой эле баалоо жыйынтыктарын колдонуу боюнча талаптарды аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
- "Салык жеңилдиги" - мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан салык төлөөчүлөрдүн атайын категорияларына берилген өзгөчө укуктардын же милдеттердин натыйжасында бюджетке төлөнбөй калган салыктын суммасынан аныкталган артыкчылык, мындай өзгөчө укуктарды пайдалануу ошол салык төлөөчүлөрдүн башка салык төлөөчүлөргө салыштырмалуу кыйла пайдалуу абалда болуусуна мүмкүндүк берет;
- "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу" - салык төлөөчүлөрдүн категорияларынын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугу, мында салык жеңилдиктерин берүү, ошондой эле социалдык чөйрөдөгү инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү жана калктын социалдык коргонуусун жогорулатуу (мындан ары - жыйынды натыйжалуулук);
- "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" - салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.
2. Салык жеңилдиктеринин максаттары
3. Салык жеңилдиктеринин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болгон экономикалык иштин түрлөрүн кеңейтүүдө уюмдардын жана жеке жактардын экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон экономикалык шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу социалдык милдеттерди чечүүдө уюмдарга экономикалык колдоо көрсөтүү;
- жеке жактардын социалдык корголбогон категорияларынын эмгегин колдонгон ишканалардын иши үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү.
4. Эгерде салык жеңилдиктерин белгилөөнү демилгелеген мамлекеттик орган же субъект тарабынан салык жеңилдиктеринин өлчөмү бир же андан көп бирдикке барабар болгон өлчөмгө ылайык келген салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу бааланса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик орган же субъект демилгелеген салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна жыйынтыктоочу баалоо жүргүзөт.
5. Колдонуудагы жеңилдиктердин натыйжалуулугу салык жана бажы органдары тарабынан бааланат.
6. Салык жеңилдиктерин берүү каралган ченемдик укуктук актынын долбоору салык жеңилдиктерин белгилөөнү демилге кылган мамлекеттик орган же субъект тарабынан ушул Тартипке ылайык талданууга тийиш жана салык жеңилдиктерин белгилөөдөн оң натыйжанын болушун күбөлөндүргөн баалоону салык жеңилдиктеринин демилгечиси бербеген учурда жокко чыгарылууга тийиш.
3. Салык жеңилдиктеринин түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары
7. Кыргыз Республикасында белгиленген салык боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде берилет.
8. Ушул Тартипти колдонуу максатында салык жеңилдиктери төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- салык салуу объектинин айрым элементтерин салык салуудан алып салуу же чыгарып салуу;
- салык төлөөдөн бошотуу (толук же жарым-жартылай);
- салыктын ставкасын төмөндөтүү;
- салык салуу базасын азайтуу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн башка түрлөрү.
9. Салык жеңилдиктери ал жеткис күч жагдайларынын келип чыгуу себебинен, сезондук жеңилдиктерден улам берилген жеңилдиктерди кошпогондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда кийин катары менен 12 айдан кем эмес мезгилдин ичинде тиешелүү салыктар боюнча бааланат.
10. Ушул Тартиптин 9-тиркемесинин 5-бөлүмүнө ылайык эсептелген, түзүүчү өлчөмү бир бирдиктен аз болгон салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо даражасы төмөнкү деп эсептелет. Ушул Тартиптин 9-тиркемесинин 5-бөлүмүнө ылайык эсептелген, түзүүчү өлчөмү бирге барабар же андан көп бирдик болгон салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо даражасы жогорку деп саналат. Эгерде салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо даражасы төмөн болсо, салык жеңилдиктери берилбейт.
4. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоону уюштуруу
11. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо үч этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этапта салык жеңилдиктерин инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
Кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин болжолун түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген салык жеңилдиктерине инвентаризациялоо жүргүзөт. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилген салык жеңилдиктеринин реестрин түзөт.
Жаңы салык жеңилдиктерин киргизүүдө, жеңилдиктерди токтотууда же жеңилдиктердин мазмунун өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Экинчи этапта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык жеңилдиктерин берүү менен шартталган, бюджеттин алынбай калган кирешесинин суммасын аныктайт.
Баалоонун үчүнчү этабында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык жеңилдиктерин берүү менен шартталган, бюджеттин алынбай калган кирешесинин суммасын салык жеңилдиктерин берүү натыйжалуулугунун жыйынды суммасы менен салыштырат.
12. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо салык органдары тарабынан салыктык контролдоодо алынган же салык жеңилдиктерин алууга талапкер болгон же салык жеңилдиктерин колдонгон уюмдар же жеке ишкерлер сунуштаган төмөнкүдөй маалыматтарды талдоонун негизинде жүргүзүлөт:
1) кызматкерлердин тизмедеги орточо саны;
2) салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында түзүлгөн жаңы жумушчу орундарынын саны;
3) эмгек акы фонду;
4) орточо эмгек акы;
5) отчёттук мезгилдин башына жана соңуна карата бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык эсептелген негизги каражаттардын наркы;
6) өндүрүлгөн продукциялардын, аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын түрлөрүнүн саны;
7) бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык эсептелген пайданын (чыгымдын) өлчөмү;
8) бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык эсептелген кирешенин өлчөмү;
9) кирешеге карата пайданын өлчөмүнүн катышы катары эсептелген рентабелдүүлүк;
10) салыктын жеңилдетилген ставкаларынын өлчөмү;
11) салык жеңилдиктерин колдонбостон эсептелген салыктын өлчөмү;
12) салык жеңилдиктерин колдонуу менен эсептелген салыктын өлчөмү;
13) жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында салык төлөөчүнү бошотуучу каражаттын суммасы;
14) жеңилдетилген салык салуудан бошотулган каражаттарды пайдалануунун багыттары, анын ичинде:
а) уюмду өнүктүрүүгө, жумуштуулукту камсыз кылууга, жумушчу орундарын сактап калууга жана көбөйтүүгө;
б) социалдык керектөөлөргө;
в) кайрымдуулук максаттарга;
г) социалдык чөйрөдөгү объекттерди калыбына келтирүүгө;
д) жогоруда аталгандардан башка максаттарга.
13. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты алынуусу ушул Тартипте каралган маалыматтардын келип түшүүсүнө карата ушул Тартипке, ошондой эле ушул Тартиптин 9-тиркемесинде баяндалган Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо методикасына ылайык төмөнкүлөрдү өткөрүү менен алгачкы талдоо жүргүзүшөт:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктеринин бюджеттик натыйжалуулугун баалоо;
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктеринин социалдык натыйжалуулугун баалоо;
- ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктеринин экономикалык натыйжалуулугун баалоо;
- ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктерин жана жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотуу болжолдонгон каражаттын суммасын пайдаланууну эске алуу менен салыктардын суммасын эсептөө;
- ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык бюджеттин жоготууларын жыйынтыктап баалоо;
- ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктерин пайдаланууда салык төлөөчүлөрдүн ар бир категориясынын ишинин натыйжалуулугун жыйынтыктап баалоо;
- ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык салык төлөөчүлөрдүн ар бир категориясы боюнча берилген ар бир салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо.
14. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы органдары баалоонун жыйынтыктарын отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы органдары жүргүзгөн баалоонун жыйынтыктарын карап чыгат жана натыйжасыз жеңилдиктерди токтотуу же айрым жеңилдиктерди пролонгациялоо же жаңы салык жеңилдиктерин киргизүү боюнча сунуш киргизет.
16. Баалоодо ишке ашырылган натыйжалуулук эсеби салыктык, статистикалык, финансылык отчеттуулук маалыматтарында, ошондой эле башка такталган маалыматтарда топтолушу керек.
Баалоо үчүн маалыматтарды тандоодо ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы органдары тарабынан салыктык жана финансылык отчётторго артыкчылык берилет, ал эми отчёттордун бул түрлөрүндө зарыл болгон маалыматтар жок болсо же жеткиликтүү болбосо, статистикалык отчёт жана маалыматтардын башка түрү, анын ичинде эксперттердин баалоолору пайдаланылат.
Иш жүзүндө берилген салык жеңилдиктеринен бюджеттин алынбай калган кирешесинин суммасы ушул Тартиптин 9-тиркемесинде баяндалган Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо методикасына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы органдары берген маалыматтарга ылайык аныкталат.
5. Салык жеңилдиктерин берүүнү контролдоо жана эсепке алуу
17. Салык жеңилдиктерин алган жана бошотулган каражаттарды пайдаланган уюмдар жана жеке ишкерлер бошотулган каражаттарды өзүнчө эсепке алат.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
Колдонуудагы салык
жеңилдиктеринин
РЕЕСТРИ
20___-жылдын ___________ карата
|
Салыктын түрү |
Жеңилдиктин мазмуну |
Берүү шарттары |
Алуучулардын категориясы |
Ченемдик укуктук акт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20____-жылдын ________________
20____-жылдын ______________ чейинки мезгилде салык жеңилдиктеринин бюджеттик
натыйжалуулугун баалоону
ЭСЕПТӨӨ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
|
№ |
Көрсөткүчтөр |
Сумма |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
|
1 |
Салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган же бошотулуучу каражаттардын жалпы суммасы, миң сом |
|
X |
|
2 |
Бошотулган бардык каражаттарды пайдалануунун багыттары, анын ичинде: |
|
X |
|
|
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны (майыптыгы боюнча пенсионерлер, курагы боюнча пенсионерлер, башка кызматкерлер), социалдык муктаждыктарга |
|
X |
|
|
өздөштүрүлгөн жаңы өндүрүштөрдүн, цехтердин, агрегаттардын жана технологиялык процесстердин аталыштары |
|
X |
|
|
продукциялардын жаңы түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү, миң сом |
|
X |
|
|
продукциянын сапатын жана башка эксплуатациялык касиеттерин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр (жумуш, кызмат көрсөтүү) |
|
X |
|
|
сапатына карата нааразычылык (сунуштама) айтылган продукциялардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) көлөмү, миң сом |
|
X |
|
|
өндүрүштүк багытта колдонууга берилген объекттердин саны, алардын аталыштарын көрсөтүү менен |
|
X |
|
|
субъекттин ишине киргизилген ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын саны, жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөрдүн жана тажрыйба-эксперименттик иштердин натыйжалары |
|
X |
|
|
ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар боюнча даярдалган жана сыналган моделдердин жана үлгүлөрдүн саны |
|
X |
|
|
продукциялардын жеңилдик берилген түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү, миң сом |
|
X |
|
|
алынган товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кредитордук карыздардын суммасы (анын ичинде мөөнөтү өткөн), миң сом |
|
X |
|
|
уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү ишке киргизилген объекттеринин саны, алардын аталыштарын көрсөтүү менен |
|
X |
|
|
уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү объекттеринин көрсөткөн кызматтарынын сапатын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр жана бул кызмат көрсөтүүлөрдүн саны |
|
X |
|
|
кайрымдуулук жардамы берилген жеке жактардын саны, жардамдын түрүн так көрсөтүү менен; |
|
X |
|
|
кайрымдуулук жардамы көрсөтүлгөн саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу, дене тарбия жана спорт объекттеринин саны |
|
X |
|
|
коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдары тарабынан кайтарууга алынган же алардын карамагында турган тарыхый, диний, маданий же табигый мааниге ээ болгон имараттардын, объекттердин жана аймактардын саны |
|
X |
|
|
билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын (студенттердин) саны |
|
X |
|
|
отчёттук мезгилдин ичинде билим берүү мекемелеринде окуусу башталган жаңы билим берүү курстарынын саны |
|
X |
|
|
окуу жана өндүрүштүк багыттагы, ошондой эле билим берүү мекемелеринде дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө арналган, ишке киргизилген негизги фонддордун саны |
|
X |
|
|
материалдык абалын жакшыртууга жана социалдык керектөөлөрүнө муктаж окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын жана тейлөө персоналынын кызматкерлеринин саны |
|
X |
|
3 |
Мамлекеттик бюджеттин кошумча кирешелери (миң сом) |
|
X |
|
4 |
Жеңилдиктерди колдонуунун натыйжалуулугу: 3-бет/1-бет |
X |
|
Эскертүү:
1-сапта салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулуучу каражаттардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
2-сапта салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттарды пайдалануунун багыттары көрсөтүлөт. Мындай маалыматтар катары төмөнкүлөр келтирилет:
- субъекттин салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттары социалдык муктаждыктарына жумшалган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптыгы боюнча пенсионерлердин, курагы боюнча пенсионерлердин, башка кызматкерлердин) саны;
- өздөштүрүлгөн жаңы өндүрүштөрдүн, цехтердин, агрегаттардын жана технологиялык процесстердин аталышы;
- накталай жана нарктык түрүндө продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатын жана башка эксплуатациялык касиеттерин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата сапатына нааразычылык (рекламация) келип түшкөн продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) накталай жана нарктык түрүндөгү көлөмү;
- ишке киргизилген өндүрүштүк багыттагы объекттердин, өндүрүш кубаттуулуктарынын аталышы, жабдуулардын орнотулган (колдонууга киргизилген) бирдиктеринин саны;
- субъекттин ишине киргизилген ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын саны, жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөрдүн жана тажрыйба-эксперименттик иштердин натыйжалары;
- ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар боюнча даярдалган жана сыналган моделдердин жана үлгүлөрдүн саны;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата продукциянын жеңилдик берилген түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата алынган товарларга, аткарылган иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө болгон (анын ичинде мөөнөтү өткөн) кредитордук карыздын суммасы;
- уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдө ишке киргизилген объекттеринин аталышы;
- уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү объекттеринин көрсөткөн кызматтарынын сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр, отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата бул кызмат көрсөтүүлөрдүн саны;
- кайрымдуулук жардамы берилген жеке жактардын саны, ушул жардамдын түрүн так көрсөтүү менен;
- кайрымдуулук жардамы көрсөтүлгөн саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу, дене тарбия жана спорт объекттеринин саны;
- коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдары тарабынан коргоого алынган же алардын карамагында турган тарыхый, диний, маданий же табигый мааниге ээ болгон имараттардын, объекттердин жана аймактардын саны;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын (студенттердин) саны;
- отчёттук мезгилдин ичинде билим берүү мекемесинде окутуу башталган жаңы билим берүү курстарынын саны;
- окуу жана өндүрүштүк багыттагы, ошондой эле билим берүү мекемелеринде спорт жана дене тарбия сабактарына арналган негизги фонддорду ишке киргизүү;
- салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттар материалдык абалын жакшыртууга жана социалдык муктаждыктарына багытталган окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын жана тейлөө персоналы кызматкерлеринин саны.
3-сапта салык төлөөчүлөр салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында алынган бюджеттин кошумча кирешелеринин суммасы көрсөтүлөт.
4-сапта салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Бардык келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөдө тиешелүү отчёттук мезгил үчүн иш жүзүндөгү маалыматтар жана/же пландалган жылга карата пландык маалыматтар чагылдырылат.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20____-жылдын _________________
20_____-жылдын __________________ чейинки мезгилде салык жеңилдиктеринин
социалдык натыйжалуулугун баалоону
ЭСЕПТӨӨ
|
№ |
Көрсөткүчтөр |
Өлчөө бирдиги |
Отчёттук мезгилдин башталышына карата |
Салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында (иш жүзүндө) пландаштырылган |
Социалдык натыйжалуулуктун көрсөткүч-төрү |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 = 5 - 4 |
|
1 |
Бардык кызматкерлердин тизмедеги орточо саны |
адам |
|
|
|
|
2 |
Салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында түзүлгөн жаңы жумушчу орундары |
бирдик |
Х |
|
|
|
3 |
Эмгек акы фонду, бардыгы, анын ичинде: |
миң сом |
|
|
|
|
4 |
Орточо эмгек акы |
|
|
|
|
Эскертүү:
1-сапта уюмдун же жеке ишкердин бардык кызматкерлеринин тизмедеги орточо сандык көрсөткүчтөрү келтирилет.
Орточо тизмелик санга эки ишти айкалыштырып иштегендер, өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студенттер жана окуучулар кирет, алардын эмгек акысы айлык акы фондуна киргизилет жана штатта турбаган жумушчулар (подряддык келишим же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка келишимдер боюнча жумуш аткаргандар) кирбейт. Эмгек келишимин өз эмгеги менен үйдөн иштөө жолу менен түзгөн жактар (үйдө иштөөчүлөр) орточо тизмеде бүтүн бирдик катары эсептелет.
Сапта жаңы жумушчу орундарына салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында түзүлгөн көрсөткүчтөр келтирилет.
3-сапта эмгек акы фондунун көрсөткүчтөрү берилет.
4-тигинен кеткен сапта мурунку календардык жыл үчүн эмгек акы фондунун көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
5-тигинен кеткен сапта отчёттук календардык жыл үчүн эмгек акы фондунун көрсөткүчтөрү келтирилет.
Бардык келтирилген көрсөткүчтөр боюнча эсепте тиешелүү отчёттук мезгилге жана/же пландаштырылган жылга карата иш жүзүндөгү маалыматтар чагылдырылат.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20____-жылдын _______________
20____-жылдын __________________ чейинки мезгилде салык жеңилдиктеринин
экономикалык натыйжалуулугун баалоону
ЭСЕПТӨӨ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
|
№ |
Көрсөткүчтөр |
Өлчөө бирдиги |
Отчёттук мезгилдин башталышына карата |
Салык жеңилдиктерин иш жүзүндө (пландалган) пайдалануунун натыйжасында |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
|
1. |
Негизги каражаттардын наркы: |
миң сом |
|
|
|
1.1 |
Отчёттук мезгилдин башталышына карата |
|
|
|
|
1.2 |
Отчёттук мезгилдин аягына карата |
|
|
|
|
2 |
Бардык продукциянын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) саны, анын ичинде: |
саны |
|
|
|
2.1 |
Продукция |
|
|
|
|
2.2 |
Товарлар |
|
|
|
|
2.3 |
Жумуштар |
|
|
|
|
2.4 |
Кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
3 |
Пайда (чыгаша) |
миң сом |
|
|
|
4 |
Киреше |
миң сом |
|
|
|
5 |
Рентабелдүүлүк |
% |
|
|
|
6 |
Салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжалуулугу |
х |
х |
5-гр. / 4-гр. |
Эскертүү:
2-сапта уюм же жеке ишкер салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасында чыгарып, сата баштаган продукциянын, товарлардын, аткара баштаган жумуштун же көрсөткөн кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүнүн саны көрсөтүлөт.
5-сапта уюмдун же жеке ишкердин салык төлөөчүнүн кирешесине карата финансылык пайдасынан чегерилген көрсөткүчү берилет.
Бардык келтирилген көрсөткүчтөр боюнча эсептөөдө тиешелүү отчёттук мезгилге жана/же пландаштырылган жылга карата пландуу маалыматтар чагылдырылат.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20____-жылдын _________________
20____-жылдын __________________ чейинки мезгилде салык жеңилдиктерин
пайдаланууну эсепке алуу менен салык суммаларын жана жеңилдетилген салык
салуунун натыйжасында бошотулууга болжолдонгон каражаттардын
суммаларын
ЭСЕПТӨӨ
|
№ |
Көрсөткүчтөр |
Өткөн жылда |
Пландалган мезгилде (иш жүзүндөгү мезгил) (миң сом) |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
|
Пайдага салык | |||
|
1 |
Салыктык база |
|
|
|
2 |
Пайдага салыктын ставкасы |
|
|
|
3 |
Пайдага салыктын ставкасын жеңилдетип төмөндөтүү, (%) |
|
|
|
4 |
Жеңилдикти пайдаланууну эсепке алуу менен бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон пайдага салыктын ставкасы, (%) (2-бет - 3-бет) |
|
|
|
5 |
Пайдага салыктын бюджетке төлөмүнүн төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
5.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуусуз (1-бет х 2-бет) / 100 |
|
|
|
5.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (1-бет х 4-бет) / 100 |
|
|
|
6 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотула турган каражаттардын суммасы (5.1-бет - 5.2-бет) |
|
|
|
7 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (5.2-бет 4-гр., 5.2-бет 3-гр.) |
|
|
|
Кошумча нарк салыгы | |||
|
8 |
Салыктык база |
|
|
|
9 |
КНС ставкасы |
|
|
|
10 |
КНС ставкасын жеңилдетилген төмөндөшү (%) |
|
|
|
11 |
Бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон КНС ставкасы, жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (%) (9-бет - 10-бет) |
|
|
|
12 |
Бюджетке КНС төлөмдөрүнүн төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
12.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (8-бет - 9-бет) / 100 |
|
|
|
12.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (11-бет - 8-бет) / 100 |
|
|
|
13 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотула турган каражаттардын суммасы (12.1-бет - 12.2-бет) |
|
|
|
14 |
Эсепке алына турган КНС |
|
|
|
15 |
Төлөнүүчү КНС |
|
|
|
16 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (4-гр., 12.2-бет 3-гр. 12.2-бет) |
|
|
|
Сатуудан салык | |||
|
17 |
Салыктык база |
|
|
|
18 |
Сатуудан салыктын ставкасы |
|
|
|
19 |
Сатуудан салыктын ставкасынын жеңилдетилген төмөндөтүлүшү, (%) |
|
|
|
20 |
Сатуудан салыктын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон ставкасы, жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен, (%) (18-бет - 19-б) |
|
|
|
21 |
Сатуудан салыктын бюджетке төлөмүнүн төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
21.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (17-бет х 18-бет) / 100 |
|
|
|
21.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (17-бет x 20-бет) / 100 |
|
|
|
22 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотулган каражаттардын суммасы (17.1-бет - 17.2-бет) |
|
|
|
23 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (21.2-бет 4-гр. - 21.2-бет 3-гр.) |
|
|
|
Мүлк салыгы | |||
|
24 |
Мүлк объектинин салык салынуучу наркы, миң сом |
|
|
|
25 |
Мүлк салыгынын ставкасы, % |
|
|
|
26 |
Салыктын ставкасын төмөндөтүү түрүндөгү салык жеңилдиктери, % |
|
|
|
27 |
Бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын ставкасы, жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (%) (25-бет - 26-бет) |
|
|
|
28 |
Мүлк салыгынын төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
28.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (24-бет х 25-б) / 100 |
|
|
|
28.2 |
бюджетке чегериле турган пайдаланууну эсепке алуу менен (24-бет x 27-бет) / 100 |
|
|
|
29 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотулган каражаттардын суммасы (26.1-бет - 26.2-бет) |
|
|
|
30 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (28.2-бет 4-гр. - 28.2-бет 3-гр.) |
|
|
|
Жер салыгы | |||
|
31 |
Жер участогунун аянты |
|
|
|
32 |
Жер салыгынын ставкасы, % |
|
|
|
33 |
Салыктын ставкасын төмөндөтүү түрүндө салык жеңилдиги, % |
|
|
|
34 |
Бюджетке чегерүүгө тийиш болгон жер салыгынын ставкасы, жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (32-бет - 33-бет) |
|
|
|
35 |
Жер салыгынын төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
35.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (31-бет x 32-бет) / 100 |
|
|
|
35.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (31-бет x 34-бет) / 100 |
|
|
|
36 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотулган каражаттардын суммасы (33.1-бет - 33.2-бет) |
|
|
|
37 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (4-гр. 35.2-бет - 3-гр. 35.2-бет) |
|
|
|
Төлөө булагындагы киреше салыгы | |||
|
38 |
Салыктык база |
|
|
|
39 |
Киреше салыгынын ставкасы |
|
|
|
40 |
Киреше салыгынын ставкасынын жеңилдетилген төмөндөшү, (%) |
|
|
|
41 |
Бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон киреше салыгынын ставкасы, жеңилдиктерди пайдалануу менен, (%) (39-бет - 40-бет) |
|
|
|
42 |
Бюджетке киреше салыгынын төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
42.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (38-бет x 39-бет) / 100 |
|
|
|
42.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (38-бет x 41-бет) / 100 |
|
|
|
43 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотулган каражаттардын суммасы (42.1-бет - 42.2-бет) |
|
|
|
44 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (4-гр. 42.2-бет - 3-гр. 42.2-бет) |
|
|
|
Резидент эместин кирешесинин төлөө булагынан салык | |||
|
45 |
Салыктык база |
|
|
|
46 |
Булактын салык ставкасы |
|
|
|
47 |
Булактын салык ставкасынын жеңилдетилген төмөндөшү (%) |
|
|
|
48 |
Бюджетке чегерүүгө тийиш болгон булактын салыгынын ставкасы, жеңилдиктерди пайдалануучу эсепке алуу менен, (%) (46-бет - 47-бет) |
|
|
|
49 |
Бюджетке киреше салыгынын төмөнкүдөй эсептелген суммасы: |
|
|
|
49.1 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке албастан (45-бет x 46-бет) / 100 |
|
|
|
49.2 |
бюджетке чегериле турган жеңилдиктерди пайдаланууну эсепке алуу менен (45-бет x 48-бет) / 100 |
|
|
|
50 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бошотулган каражаттардын суммасы (49.1-бет - 49.2-бет) |
|
|
|
51 |
Жеңилдетилген салык салуунун натыйжасында бюджетке кошумча келип түшүүчү каражаттардын суммасы (4-гр. 49.2-бет - 3-гр. 49.2-бет) |
|
|
Эскертүү :
Келтирилген бардык көрсөткүчтөр боюнча эсептөөлөрдө тийиштүү отчёттук мезгилдеги жана/же пландалган жылга карата пландык маалыматтар чагылдырылат.
Мүлк салыгынын ставкасы (23-сап) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 328-беренесинде белгиленген салыктын ставкасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинде белгиленген коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен мүлктүн ар бир объектине карата колдонуу менен эсептелет.
Жер салыгынын ставкасы (29-сап) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 49-главасында белгиленген салыктын ставкасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIV бөлүмүндө каралган коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен жер участогунун ар бирине карата колдонуу менен эсептелет.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20____-жылдын
_____________
карата салык жеңилдиктерин колдонууда бюджеттик жоготууларды
баалоо үчүн жыйынтыктоочу отчёттук форма
Салыктын түрү:
Салык жеңилдигинин мазмуну:
Жеңилдиктерди алуучулардын категориясы:
|
Көрсөткүч |
Өткөн мезгил үчүн |
Пландалган мезгилге (иш жүзүндөгү мезгил үчүн) |
|
Салык боюнча салыктык база, миң сом |
|
|
|
Бюджетке чегерилүүчү салыктык базанын ставкасы, % |
|
|
|
Бюджетке чегерилүүчү салыктын жеңилдетилген ставкасы, % |
|
|
|
Салык жеңилдиктерин берүү себеби боюнча бюджеттин алынбай калган кирешелеринин суммасы, миң сом |
|
|
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20___-жылдын ____________________
карата
салык жеңилдиктерин пайдаланууда салык төлөөчүлөрдүн категорияларынын
ишинин жыйынды натыйжалуулугун баалоо үчүн жыйынтыктоочу отчеттук
форма
Салыктын түрү: ______________________________________________
Салык жеңилдигинин мазмуну: _________________________________
Жеңилдиктерди алуучулардын категориясы: _____________________
|
Көрсөткүч |
Көрсөткүчтүн мааниси (миң сом) |
|
Жылдын башына салык боюнча салыктык база |
|
|
Жылдын аягына салык боюнча салыктык база |
|
|
Жылдын башына карата негизги каражаттардын наркы |
|
|
Салык жеңилдиктерин алуунун натыйжасында отчёттук жылдын аягына карата негизги каражаттардын наркы |
|
|
Жылдын башына эмгек акы фонду |
|
|
Жылдын башынан берки мезгилдеги эмгек акы фонду |
|
|
Салык жеңилдиктерин берүүдөн жыйынды натыйжалуулуктун суммасы |
|
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
20___-жылдын
______________________ карата
салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо
үчүн жыйынтыктоочу отчеттук форма
|
№ |
Салык төлөөчүлөрдүн категориясынын аталышы |
Бюджеттин жоготууларынын суммасы |
Жыйынды натыйжалуулуктун суммасы |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо |
|
1. |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинин 6 жана 7-тиркемелерине ылайык маалыматтардын негизинде толтурулат.
|
|
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо тартибине |
Салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо
МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Берилген (берилүүчү) салык жеңилдиктеринин (мындан ары - салык жеңилдиктери) натыйжалуулугун баалоо салыктардын ар бир түрү боюнча берилген жеңилдиктерге карата жана ар бир салык төлөөчү - жеңилдиктерди алуучу боюнча жүргүзүлөт.
2. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо отчёттук жылдын 1-январынан башталган жана 31-декабрында аяктаган мезгилге карата жылына бир жолу жүргүзүлөт.
Салык жеңилдиктеринен натыйжа төмөнкүлөрдөн улам аныкталат:
- жеңилдиктерди пайдалануу менен байланышкан, бюджетке алынган же алынышы пландалган салык түшүүлөрүн алуудан, салык жеңилдиктерин алууда салык төлөөчү өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышынан (анын ичинде инвестициялык мүнөздөгү);
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөгөн милдеттерди, жеңилдиктерди алууга байланышкан башка маселелерди аткаруудан.
Салык жеңилдиктеринин төмөнкү натыйжалуулугу салык жеңилдиктерин берүүдөн пайда болгон Кыргыз Республикасынын бюджетинин (мындан ары - бюджет) иш жүзүндөгү же пландалган жоготууларына салыштыруу боюнча салык жеңилдиктерин берүүдөн төмөн жыйынды натыйжаны алууну же пландоону билдирет.
3. Ар бир датага карата жеңилдиктерди алууга талапкер болгон же салык жеңилдиктерин алып жаткан салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык төлөөчүлөрдүн ар бир категориясынын финансы-чарбалык ишин мүнөздөгөн көрсөткүчтөргө баалоо жүргүзүлөт.
2. Жыйынды натыйжалуулуктун суммаларын аныктоо
4. Салык төлөөчүлөр тарабынан берилген маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы же бажы органдары берилген салык жеңилдиктеринин ар биринин натыйжалуулугу боюнча маалыматтарды салыктын түрү жана салык төлөөчүнүн ар бир категориясы боюнча төмөнкүдөй формула менен жалпылашат:
дельтаР = дельтаН + дельтаТ + дельтаО,
мында:
дельтаР - салык жеңилдиктерин пайдаланууда салык төлөөчүнүн категориясынын ишинин жыйынды натыйжалуулугунун суммасы, миң сом;
дельтаН - салык жеңилдиктеринин ар бир түрү жана салык төлөөчүнүн ар бир категориясы боюнча салык салынуучу базаны көбөйтүү;
дельтаТ - эмгек акы фондун көбөйтүү;
дельтаО - негизги каражаттарга капиталдык салымдарды көбөйтүү.
Салык жеңилдиктеринин ар бир түрү жана салык төлөөчүнүн ар бир категориясы боюнча салык салынуучу базаны кеңейтүү отчёттук мезгилдин аягына салыктын салык салынуучу базасы менен отчёттук мезгилдин башына карата салыктын салык салынуучу базасынын ортосундагы айырма катары төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат, миң сом:
дельтаН = Нк - Нн,
мында:
Нк - отчёттук мезгилдин аягына карата салыктын салык салынуучу базасы;
Нн - отчёттук мезгилдин башына карата салыктын салык салынуучу базасы.
Эмгек акы фондун көбөйтүү отчёттук мезгилдин аягына эмгек акы фонду менен отчёттук мезгилдин башына карата эмгек акы фондунун ортосундагы айырма катары төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат, миң сом:
дельтаТ = Тк - Тн,
мында:
Тк - отчёттук мезгилдин аягына карата эмгек акы фонду;
Тн - отчёттук мезгилдин башына карата эмгек акы фонду.
Негизги фонддорго капиталдык салымдарды көбөйтүү отчёттук мезгилдин аягына карата негизги фонддордун наркы менен отчёттук мезгилдин башына карата негизги фонддордун наркынын ортосундагы айырма катары төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат, миң сом:
дельта О = Ок - Он,
мында:
Ок - отчёттук мезгилдин аягына карата негизги каражаттардын наркы;
Он - отчёттук мезгилдин башына карата негизги каражаттардын наркы.
3. Салык жеңилдиктерин берүү себеби боюнча бюджеттин жоготууларын баалоо
5. Салык жеңилдиктерин берүү себеби боюнча бюджеттин жоготуулары төмөнкүдөй учурларда бааланат:
а) төмөнкүдөй формула боюнча салыктын базасынын бөлүгүн салык салуудан бошотуу формасында жеңилдиктерди сунуштоо учурунда:
Спб = Сснб x НС,
мында:
Спб - бюджеттин жоготууларынын суммасы (толугу менен алынбаган кирешенин суммасы);
Сснб - жеңилдиктерди берүү себеби боюнча салыктын базасын кыскартуу суммасы (өлчөмү);
НС - жеңилдиктерди берүү мезгилинде колдонууда болгон салык ставкасы.
б) төмөнкүдөй формула боюнча төмөндөтүлгөн салык ставкасы боюнча салык базасынын бөлүгүндө салык салуу формасындагы жеңилдиктерди берүү учурунда:
Спб = БНл x (НСб - НСл),
мында:
Спб - бюджеттин жоготууларынын суммасы (толугу менен алынбаган сумма);
БНл - жеңилдетилген ставканын колдонулушу таркалган салык базасынын өлчөмү;
НСб - жеңилдиктерди берүү мезгилинде колдонууда болгон (болжолдонгон) салык ставкасы;
НСл - жеңилдетилген салык ставкасы.
6. Жеңилдиктерди берүү себеби боюнча салык базасын кыскартуунун суммасы же өлчөмү:
- пайдага салык боюнча: салыктын айрыкча төмөн ставкасы боюнча салык салынган пайданын салык салынуучу суммасы;
- КНС боюнча: салыктын айрыкча төмөн ставкасы боюнча салык салынган жеткирүүлөрдүн суммасы;
- сатуудан салык боюнча: салыктын айрыкча төмөн ставкасы боюнча салык салынган кирешенин суммасы;
- мүлккө салык боюнча: салыктын айрыкча төмөн ставкасы боюнча салык салынган нарк;
- жер салыгы боюнча: салыктын айрыкча төмөн ставкасы боюнча салык салынган жердин аянты.
7. Ушул Тартипти колдонуу максаттары үчүн салыктын жеңилдетилген ставкасынын өлчөмүн аныктоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте салыктын ар бир түрүнө карата ишке ашырылат.
4. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо методикасы
8. Эгерде салык жеңилдиктеринин алуучусу катары бюджеттик мекемелер чыкса, ушул Тартиптин максаттары үчүн берилген салык жеңилдиктеринин суммаларын тездетилген жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте салык төлөөчүнүн тескөөсүнө келип түшкөн бюджеттик каржылоонун ар түрдүүлүгү катары кароо зарыл. Демек, салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасы мында, салык төлөөчү тарабынан социалдык милдеттердин аткарылышын түз каржылоого бюджеттик каражаттарды үнөмдөөдө жана трансферттик чыгымдарды үнөмдөөдө билинет.
Берилген салык жеңилдиктеринен бюджеттик же финансылык натыйжаны эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Э = НПл x Срф x Тз,
мында:
Э - салык жеңилдиктерин берүүдөн бюджеттик же финансылык натыйжанын суммасы;
НПл - жеңилдиктерди берүү себеби боюнча алынган же алынууга пландалган салык жеңилдиктеринин суммасы (салык жеңилдиктерин пайдалануунун жана болжолдонгон үнөмдөөнүн натыйжасында бюджеттин каражаттарын мүмкүн болуучу үнөмдөөнүн суммасы);
Срф - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы;
Тз - салык төлөмүн эсепке алуу, бюджетке кийин эсепке алуу жана бюджеттик милдеттенмелердин белгиленген лимиттеринин түрүндө бюджеттик мекемелерге берүү жол-жобосуна байланыштуу кечиктирүүнүн финансылык жылдын 1/12ге барабар кабыл алынган орточо мөөнөтү.
9. Эгерде уюм же жеке ишкер бюджеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик колдоо алышса, анда ушул уюмдарга жана жеке ишкерлерге салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасы өзү менен өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышына же ушул уюмдар менен көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына алып келген ушул уюмдарды мамлекеттик колдоону токтотуу учурунда бюджеттин мүмкүн болуучу жоготууларынын наркын баалоодон улам аныкталат, бул учурда эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Э = НПл x ОПл / ОП,
мында:
Э - салык жеңилдиктерин берүүдөн алынуучу бюджеттик же финансылык натыйжанын суммасы;
НПл - жеңилдиктерди берүү себеби боюнча алынган же алынуучу салыктык түшүүлөрдүн суммасынын өлчөмүндө бюджеттик каражаттардын эсебинен колдоонун көлөмү (салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында бюджеттин каражаттарын мүмкүн болуучу үнөмдөөнүн жана болжолдонгон үнөмдөөнүн суммасы);
ОПл - жеңилдиктерди берүү шарттарында өндүрүштүн көлөмү же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
ОП - жеңилдиктер берилбеген шарттарда өндүрүштүн көлөмү же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.
Бул ыкма социалдык чөйрөдө алар пайдаланган объекттерге карата субъекттерге да колдонулат.
10. Эгерде тигил же бул субъекттердин кызматтары коомдук мааниге ээ болушса, анда берилген салык жеңилдиктеринин суммасын тездетилген жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте салык төлөөчүнүн тескөөсүнө келип түшкөн бюджеттик колдоонун бир түрү катары кароо керек. Салык жеңилдиктерин берүүдөн натыйжа субъект тарабынан социалдык милдеттердин аткарылышын түз каржылоого бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн, трансферттик чыгымдарды үнөмдөөнүн жыйындысында көрүнөт жана төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Э = НПл x Срф x Тз,
мында:
Э - салык жеңилдиктерин берүүдөн алынуучу бюджеттик же финансылык натыйжанын суммасы;
НПл - салык жеңилдиктерин берүү себеби боюнча алынган же алынуучу салыктык түшүүлөрдүн суммасы (салык жеңилдиктерин пайдалануунун жана болжолдонгон үнөмдөөнүн натыйжасында бюджеттин каражаттарынын мүмкүн болуучу үнөмдөө суммасы);
Срф - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасы;
Тз - салык төлөмүн эсепке алуу жол-жобосуна байланыштуу кечиктирүүнүн финансылык жылдын 1/12ге барабар кабыл алынган орточо мөөнөтү.
11. Эгерде субъекттерде токтотулган объекттер бар болсо, анда салык жеңилдиктерин берүүдөн натыйжа ушул субъекттер өндүргөн товардык продукциянын жана кызматтардын өздүк наркынын кымбатташына алып келген, ушул уюмдарды мамлекеттик колдоонун ушул түрүн токтотуу учурунда бюджеттин мүмкүн болуучу жоготууларын баалоо наркынан улам аныкталат, бул учурда эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Э = НПл x СПл / СП,
мында:
Э - салык жеңилдиктерин берүүдөн алынуучу бюджеттик же финансылык натыйжанын суммасы;
НПл - жеңилдиктерди берүү себеби боюнча алынган же алынышы пландалган салык түшүүлөрүнүн суммасынын өлчөмүндө бюджеттин каражаттарынын эсебинен колдоо көлөмү (салык жеңилдиктерин пайдалануунун жана болжолдонгон үнөмдөөнүн натыйжасында бюджеттин каражаттарынын мүмкүн болуучу үнөмдөө суммасы);
СПл - жеңилдиктерди берүү шарттарында товардык продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы;
СП - жеңилдиктер берилбеген шарттарда товардык продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы.
12. Эгерде салык жеңилдиктери берилген же берүү пландалган жеке жактар коом алдында эмгеги өзгөчө сиңген болсо, алар жөнүндө өкмөттүк сыйлыктар, ардактуу наамдар, сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары тарабынан уюшулган ардактуу наамдар, согуш аракеттерине катышуучунун же техногендик мүнөздөгү катастрофаларды жоюучунун күбөлүгү болсо, анда жеңилдиктерди берүүдөгү финансылык натыйжанын суммасы берилген жеңилдиктердин суммасына барабар болуп таанылат. Баалоо жүргүзүүнүн ушуга окшош ыкмасы калктын социалдык жактан корголбогон категорияларына киргизилген жеке жактардын (балдар, пенсионерлер, майыптар жана башка категориялар) салык жеңилдиктерине пайдаланылат.
Берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды үнөмдөө катары эсептелет, жеке жактардын белгиленген категорияларына салык жеңилдиктери берилбесе, аларды бюджеттен мамлекеттик (социалдык) колдоого бөлүп коюу керек жана төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Э = (Дсд + СНЛ) / ПМ,
мында:
Э - салык жеңилдиктерин берүүдөн алынуучу бюджеттик (финансылык) натыйжанын суммасы;
Дсд - калктын аталган категориясынын жан башына орточо киреше;
СНЛ - тийиштүү мезгил үчүн салык жеңилдиктерин берүүнүн суммасы.
ПМ - калктын ушул категориясы үчүн жашоо минимуму.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында салык салуу базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү, салыктын түрүнө жараша эсептөө жана алуу ыкмалары караштырылган. Мындан тышкары, салык төлөөчүнүн ар түрдүү категориялары боюнча салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо үчүн ар түрдүү ыкмалар бар. Зарыл болгон учурда салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте ар бир салык жеңилдиги үчүн башка (ушул Тартипте аныкталганга карата), жеке методикаларды пайдалануу менен жүргүзүлөт.
14. Салык жеңилдиктерин берүүнүн социалдык натыйжалуулугун баалоо салык жеңилдигин берүү учуруна чейинки социалдык натыйжанын көрсөткүчтөрүн баалоо учурундагы социалдык натыйжанын көрсөткүчтөрүнө салыштыруу жолу менен ишке ашырылат.
15. Ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун социалдык натыйжалуулугун баалоо үчүн төмөнкүдөй формула боюнча аныкталган салык жеңилдиктерин берүүнүн социалдык натыйжалуулугунун коэффициенти колдонулат:
![]()
мында:
КСЭ - берилген салык жеңилдиктеринин социалдык натыйжалуулугунун коэффициенти;
Кбзр - региондук салык жеңилдигин берген жердеги (өз алдынча муниципалдык райондо) жумушсуздуктун деңгээлинин республика боюнча жумушсуздуктун орточо деңгээлинен жогору болгонун мүнөздөөчү коэффициент;
Кзпл - орточо алганда республика боюнча салык жеңилдиктерин берүүдө айлык акынын деңгээлинин долбоор ишке ашырылган жердеги айлык акынын орточо деңгээлинен жогору болгонун мүнөздөөчү коэффициент;
Чнрм - салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасында түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын саны;
Чзн - инвестициялык долбоор ишке ашырылган жерде иштегендердин саны (жумуш орундарынын саны).
Салык жеңилдиктери берилген райондогу жумушсуздуктун республика боюнча орточо деңгээлинен жогору болгонун мүнөздөөчү коэффициент төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
![]()
мында:
Кбзр - жумушсуздуктун коэффициенти;
Кбi - салык жеңилдиктери берилген жерде (өз алдынча муниципалдык райондо) жумушсуздуктун деңгээли;
Кб - республикада жумушсуздуктун орточо деңгээли.
Салык жеңилдиктерин берүүдө айлык акынын деңгээлинин инвестициялык долбоор ишке ашырылган жердеги айлык акынын орточо деңгээлинен жогору болгонун мүнөздөөчү коэффициент төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
![]()
мында:
Кзпл - айлык акынын деңгээлинин өсүү коэффициенти;
Кзпп - салык жеңилдиктерин берүүдө айлык акынын деңгээли;
Кзплi - салык жеңилдиктери берилген жерде айлык акынын орточо деңгээли.
16. Жеңилдиктерди алып жүргөн башка субъекттерге карата жеңилдиктердин социалдык натыйжалуулугун баалоо үчүн төмөнкүдөй формула боюнча социалдык маанилүүлүктүн коэффициенти эсептелет :
КСЗ = СНЛ / ОЛ,
мында:
КСЗ - социалдык маанилүүлүктүн коэффициенти;
СНЛ - тийиштүү мезгилде жеңилдиктерди алуучунун ушул категориясы үчүн берилген салык жеңилдиктеринин суммасы;
ОЛ - тийиштүү мезгилде салык алуучулардын ушул категориясы үчүн берилген бардык салык жеңилдиктеринин жалпы суммасы.
Баалоодо көрсөткүчтөр накталай же акчалай туюнтмада пайдаланылат.
5. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун аныктоо
17. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Эфф = дельтаР / Спб,
мында:
дельтаР - салык жеңилдиктерин колдонууда салык төлөөчүлөрдүн категорияларынын ишинин жыйынды натыйжалуулугунун суммасы, миң сом;
Спб - ушул салык боюнча бюджеттин жоготууларынын суммасы, миң сом.
Эгерде катыш 1ден аз болсо, анда салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу төмөн мааниге ээ болот. Эгерде катыш 1ден жогору болсо, анда натыйжалуулук жогору болот.
Салык жеңилдиктеринен жыйынды натыйжалуулуктун суммасынын бюджеттин жоготууларынын суммасынан жогору болушу баалануучу салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун билдирет. Салык жеңилдиктерин сунуштоо менен пайда болгон республикалык бюджеттин иш жүзүндөгү (пландуу) жоготууларына салыштырганда салык жеңилдиктерин берүүдөн төмөн жыйынды натыйжалуулукту алуу же пландоо салык жеңилдиктеринин төмөн натыйжалуулугун билдирет. Бул учурда салык жеңилдиги кайра каралып чыгууга же жокко чыгарылууга тийиш.