Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\56af6823-2c0b-4af3-804e-2b1e547dfd15\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-декабры № 712

Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берет.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков