ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
Тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Кыргыз
Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы -
паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана
2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл
алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок
кылуу тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, 2019-жылдын 28-июнундагы № 326, 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649, 2023-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) (мындан ары - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система;
анкета-арыз - арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган, электрондук же кагаз түрүндө таризделүүчү документ;
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объекти болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо, ошондой эле бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуучу система;
чет өлкөдөгү мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү (элчилиги), консулдук мекемеси;
талап кылынбаган паспорттор - белгиленген тартипте даярдалган (жекелештирилген), даярдалган (жекелештирилген) күндөн тартып 6 айдын ичинде арыз ээси алып кетүү үчүн келбеген улуттук паспорттор;
ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;
ведомстволук бөлүнүш - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын алдындагы ведомстволук бөлүнүш;
паспортторду бузуу - паспорттогу жазуулардын, ээсинин фотосүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтардын жана паспорттун башка маанилүү элементтеринин тактыгына таасир этүүчү бардык механикалык бузуктар, ошондой эле анын бүтүндүгүн бузуу;
даярдоочу-ишкана - ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоону (жекелештирүүнү) (мындан ары - даярдоо) жүргүзгөн мамлекеттик ишкана;
аймактык бөлүнүштөр - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жана даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду берүүнү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүнүштүн аймактык бөлүмдөрү;
ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
калкты тейлөө борбору (мындан ары - КТБ) - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди кабыл алууну жана аларды берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүнүштөрү;
чип - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко орнотулган, арыз ээсинин жеке жана биометриялык маалыматтарын жазууга, иштеп чыгууга жана сактоого мүмкүндүк берген сандык интегралдык процессор (электрондук микросхема);
электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылган жана (же) аны менен логикалык байланышта болот жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтер Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин каттоо эсеби жөнүндө маалымат КБМРде болгон учурда же консулдук эсепке алуу жөнүндө маалымат же жалпы жарандык паспортто консулдук эсепке алуу жөнүндө штампы болгондо, арыз ээсинин жашаган же барган жерине карабастан анын жеке катышуусунда бардык аймактык бөлүнүштөрдө жана/же КТБларда кабыл алынат.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоого документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу боюнча аймактык бөлүмдөрдүн функциялары ыйгарым укуктуу органдын башка мекемелерине жана ишканаларына берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3-1. Жарандын арызы боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтерди ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жана/же КТБнын кызматкерлери арыз ээсинин жашаган жерине барып акы төлөнүүчү негизде жана ушул Нускаманын 3-2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда акысыз негизде кабыл алышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
3-2. Барып келүүгө байланыштуу транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жумшалат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;
2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;
3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энеси бакпаган балдар;
5) жазык-аткаруу системасынын түзөтүүчү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде;
6) айыпталуучу жана шектүү катары камакка алуу жайларында отурган адамдар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде.
Ушул пункттун 5 жана 6-пунктчаларында аталган адамдарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтерди кабыл алууда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлеринин коопсуздугу жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана камакка алуу жайларынын жетекчилери тарабынан камсыздалат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Документтерди тариздөө, текшерүү, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоого анкета-арызды жиберүү аймактык бөлүнүштөр тарабынан жүзөгө ашырылат, даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү аймактык бөлүнүштөр жана/же КТБ тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. Арыз берүүчү 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту арыз берүүчү көрсөткөн дарек боюнча почта байланышынын кызмат көрсөтүүсү аркылуу алууга укуктуу. Почта байланышы менен жеткирип берүүнүн географиясы, шарттары, тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен же консулдук эсепте турган жарандан жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү чет өлкөдөгү мекемелерде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Анкета-арыздын формасын жана аны толтуруунун тартибин ыйгарым укуктуу орган бекитет.
61. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик алымды, чыгымдарды төлөө арыз ээси тарабынан анкета-арызды тапшырган күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт, буга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөө негизинде шашылыш тартипте даярдоо учурлары кирбейт.
Төлөм тастыкталбаган учурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана жалпы жарандык паспорт даярдалбайт, ал эми электрондук анкета-арыз кабыл алынган жок деп саналат жана АМСтен алып салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
7. 16 жашка толгон арыз ээси 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн документтерин бир убакта берүүгө укуктуу.
71. Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандап алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
8. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн персоналдык идентификациялык номердин бар болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
9. Көрүүсү бузулган адамдар 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алууга арыз берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобого ылайык 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко Брайл шрифти менен тактилдик текст түшүрүү жөнүндө каалоосун билдире алышат.
10. Даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жеткирип берүү чапталган конвертте атайын/почта байланышы каналдары аркылуу, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Чиптеги маалыматтардын окууга мүмкүн болбой калышы 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жараксыз деп таануу үчүн негиз болбойт.
12. Таап алынган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор ыйгарым укуктуу органга, ведомстволук бөлүнүшкө, аймактык бөлүнүштөргө же КТБларга, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - чет өлкөдөгү мекемелерге өткөрүп берилүүгө тийиш.
2. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги
13. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери АМС аркылуу тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же болбосо жалпы жарандык паспорт (болсо) - КБМРде маалыматтар болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;
2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же жалпы жарандык паспорту (болсо);
3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылуучу паспорт;
- жеке маалыматтар өзгөргөнүнө байланыштуу же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда каталар табылган учурда:
алмаштырылуучу паспорт;
туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же КБМРде маалымат болбогондо актылык жазуудан көчүрмө же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерет;
7) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
КБМРда маалымат болбосо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт;
8) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгына ээ болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынып коюлууга тийиш;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРде маалымат болбогондо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо, "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо, "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда;
10) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
11) жарандар жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатканда:
- түзөтүүчү мекеменин администрациясынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүчү;
- жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул нускаманын 2-9-пунктчаларында аталган документтер;
12) жарандар шектүү, айыпталуучу катарында камакка алынган жайларда болгондо:
- жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүчү;
- жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул нускаманын 2-9-пунктчаларында аталган документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 16, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда аталган документтерге төмөнкү учурларда төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жаш куракка толо элек адам үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документтерди көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- ата-энеси же ата-энесинин бири (ата-энесинин бири болбогон учурда) же 16 жаш куракка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту - КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же болбосо жалпы жарандык паспорт (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат;
- 16 жаш куракка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүчү. Эгерде ата-энеси же ата-энесинин бири мындай өтүнүчтү бере албаган же документтерди тариздөөгө катыша албаган учурда алардын жалпы жарандык паспортту алуу үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Ата-энесинин өтүнүчү болбогон учурда жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
16 жаш куракка чыга элек адамдын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арыздары жок болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен өз алдынча чыгуу зарыл болгон учурда 16 жаш куракка чыга элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
2) 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документтерди көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
3) төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;
4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документтерди көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо.
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу боюнча делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
15. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоого аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан документтерди кабыл алуу жана анкета-арызды толтуруу ушул Нускаманын 2-главасында аталган тизмекке ылайык берилген документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын документтерди кабыл алуучу кызматкери бул тууралуу аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирүүгө милдеттүү.
Мында үч нускада акт түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - аймактык бөлүнүштө жана/же КТБда калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет.
16. Анкета-арызды толтурууда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ, ошондой эле чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- жаранды КБМРде идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) негизинде идентификациялоо, анын ичинде анын аты-жөнү шайкеш келишин текшерүү, каттоодогу эсепке алынышын текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРдеги биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү;
- КБМРде маалымат болбогондо АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерден өткөрүү. Документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылып берилет;
- арыз ээсинен анкета-арызга киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын тактоо. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анкета-арызга арыз ээси өз колу менен коюлган электрондук кол тамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коёт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колу менен коюлуучу колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колу менен кол коё албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өз колтамгасынын ордуна аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери чийип коёт же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасы коюлат. Ошол эле учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын түп нуска экендиги нотариус тарабынан берилген күбөлүк аркылуу ырасталат;
- биометриялык маалыматтардын базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колунун сөөмөйлөрүнүн папиллярдык издерин сканерден өткөрүү, 16 жашка толо элек адамдардан тышкары. Арыз ээсинин колдорунда сөөмөй манжалары (манжасы) жок болсо колдорунда болгон манжаларынын тактары сканерден өткөрүлөт. Биометриялык маалыматтардын базасында колдорунун манжаларынын тактары жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдорунун манжаларынын тактарын топтоо жүргүзүлөт;
- арыз ээсинин бетин фотосүрөткө тартуу.
Аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери, ошондой эле чет өлкөдөгү мекемелердин тарабынан арыз ээсине документтерин кабыл алганы жөнүндө тил кат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16-1. Арыз ээсинде ИЖН болбогондо жана/же эки же андан ашык ИЖН болгон учурда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлери ИЖНди ыйгарууга жана/же өзгөртүүгө арыздарды кабыл алышат. Аймактык бөлүнүштүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык ИЖНди ыйгарат жана/же өзгөртөт.
Арыз ээсине ИЖН ыйгарылгандан жана/же өзгөртүлгөндөн кийин аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлери тарабынан жалпы жарандык паспортту жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Фотосүрөткө тартуу санариптик фотоаппарат менен төмөнкү талаптарды эске алып жүргүзүлөт:
- фотосүрөткө тартылып жаткан адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине карата фронталдуу абалда болот. Башты фронталдык абалдан каалаган багытка 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
- бетинин көрүнүшү нейтралдуу болушу керек, каштары нейтралдуу абалда болушу керек, көздүн карашы фотоаппараттын объективине түз багытталган болушу керек. Көздүн карашын фотоаппараттын объективинен башка тарапка (оңго же солго) кичине бурууга, ошондой эле бир аз жылмаюуга жол берилет;
- фотосүрөт бетти жаппаган жана кыналып салынган аялдардын жоолугунан тышкары баш кийимсиз тартылат;
- арыз ээси оптикалык көз айнек менен фотосүрөткө түшкөн учурда көз айнектин алкагы көзүн жаап калбашы керек, ал эми көз айнек чагылышпашы керек. Көрүүсү бузулган адамдарга күңүрт линзалары бар көз айнек менен фотосүрөткө түшүүгө жол берилет;
- кийими күндөлүк же кеңсе кийимдери болушу мүмкүн.
18. Аймактык бөлүнүштүн кызматкери текшерген жана ЭК аркылуу кол койгон анкета-арыз сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу даярдоочу-ишканага жиберилет.
ЭКны колдонуу электрондук документтин аныктыгын, анын кимге таандыгын жана анкета-арыздын мазмунунун өзгөрбөстүгүн ырастайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Даярдоочу-ишканага анкета-арыздар жана сканерленген документтер келип түшкөндө анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын КБМРда жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келүүсү кошумча текшерилет.
Анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтар КБМРда жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келбегени аныкталган учурда даярдоочу-ишкана анкета-арызды жана сканерленген документтерди аймактык бөлүнүшкө кайтарып берет.
20. Анкета-арыз толтурулган датадан тартып 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жалпы тартипте даярдоо жана берүү 12 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт жана жалпы жарандык паспортту жалпы тартипте даярдоо жана берүү - 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
16 жашка толо элек адамдарга жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
21. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 жумуш күнү - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 4 жумуш күнү - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 2 жумуш күнү - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 3 жумуш сааты - "үч жумуш саат" мөөнөттүүлүк даражасында.
Паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте даярдоого документтерди кабыл алуучу аймактык бөлүнүштөрдүн жана/же КТБлардын тизмегин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
22. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту жалпы же шашылыш тартипте алууга (алмаштырууга) документтерди берүүдө арыз ээси 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтүн акы төлөнүүчү негизде кыскартуу тарабына өзгөртүүгө укуктуу.
Мында 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш даярдоо үчүн төлөм мурда төлөнгөн сумманы чыгарып салуу менен алынат.
Бул учурда арыз ээси аймактык бөлүнүшкө төмөнкү документтерди берет:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоону жана берүүнү тездетүү жөнүндө жеке арызын;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөгөнү тууралуу квитанцияны.
221. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жалпы жарандык паспорт алууга документтерин бере алат.
Арыз ээсин авторлоштуруу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү
23. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет.
Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда, ал анын ким экендигин ырастаган документти жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтөт. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык түзүлүштө үч жыл бою сакталат.
24. Жаранга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүүдө аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт даярдалган адамдын өзү алуучу экендигин текшерүүгө;
- алуучуга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого;
- экинчи жалпы жарандык паспорт берилген учурдан тышкары, алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алууга, ушул Нускамада белгиленген тартипте паспортту жараксыз абалга келтирүүгө.
Арыз ээси алынууга тийиш болгон паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алууга мүмкүн болбогон учурда даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээси аймактык бөлүнүштүн жетекчисинин атына алынууга тийиш болгон паспорт качан жана кандай жагдайларда жоголгонун баяндап, даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусун бергенден кийин арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет;
- паспорттун чибин активдештирүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
24-1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту арыз ээси көрсөткөн дарек боюнча жеткирүү учурунда жана аны арыз ээсине бергенге чейин, жеткирүүгө жооптуу адам арыз ээсин идентификациялайт. Арыз ээсин идентификациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- паспортту алмаштырганда - арыз ээсинин фотосүрөтүн эски паспортунун үлгүсү менен салыштыруу аркылуу;
- 16 жашка толгондо же паспорт жоголгондо/жараксыз болгондо - 2017-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспорттун жана/же жалпы жарандык паспорттун фотосүрөттөрүн салыштыруу аркылуу. Арыз ээси даярдалган паспорттун фотосүрөтү менен дал келбеген учурда, жалпы жарандык паспорт жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт арыз ээсине берилбейт. Кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт ыйгарым укуктук органдын почталык байланыш бөлүмдөрүндө арыз ээсине 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт кимдин атына даярдалган болсо, ошол адамга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
25. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортто же жалпы жарандык паспортто заводдук жараксыздык (механикалык бузулуулар, анын ичинен чип окууга мүмкүн болсо) аныкталган учурда 3 нускада акты түзүлөт. Актынын бир нускасы 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен бирге даярдоочу-ишканага кайра даярдоого жөнөтүлөт. Актынын экинчи нускасы акты түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүнүштө жана/же КТБда калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту кайра даярдоо 3 жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат. Кайра даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин аймактык бөлүнүштө жана/же КТБда түзүлүп, сакталып турган актылар жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Аймактык бөлүнүштөр жана/же КТБ тарабынан талап кылынбаган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду даярдалган күндөн тартып 6 ай өткөндө ведомстволук бөлүнүшкө беришет, ал жерде алар 3 жыл бою сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор ушул Нускамада белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин, ошондой эле маданияттын, билим берүүнүн, илимдин жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушун өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон маданият ишмерлеринин мындан ары колдонууга жараксыз болгон 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору же жалпы жарандык паспорттору арыз ээсинин же анын жакын туугандарынын каалоосу менен Кыргыз Республикасынын архив фондуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
28. Жок кылынууга тийиш болгон, талап кылынбаган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү жараксыз паспорттор же жалпы жарандык паспорттор ведомстволук бөлүнүшкө жок кылуу үчүн жиберилгенге чейин алардын ишенимдүү сакталышын камсыздоочу аймактык бөлүнүш аларды эсепке алууну жана сактоону уюштурат. Аталган паспортторду сактоонун тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
29. Колдонуудагы жана жараксыз паспортторду эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
5. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибине өзгөртүүлөрдү киргизүү
30. Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча каттоосу өзгөрсө, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
31. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибине өзгөртүүлөр жарандын катышуусунда, КБМРда камтылган маалыматтардын негизинде киргизилет.
КБМРда тиешелүү маалыматтар жок болсо, жаран ырастоочу документтерди берет, алардын негизинде аймактык бөлүнүштүн кызматкери кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибине өзгөртүү киргизүү менен КБМРга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Документтерди кабыл алуунун, тариздөөнүн, жеткирүүнүн жана даярдалган жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына берүүнүн тартиби
32. Чет өлкөдөгү мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу анкета-арыз;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСте көрсөтүлгөн маалымат болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:
1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- 16 жаш куракка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүчү. Эгерде ата-энеси же ата-энесинин бири мындай өтүнүчтү бере албаган же документтерди тариздөөгө катыша албаган учурда алардын жалпы жарандык паспортту алуу үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Ата-энесинин өтүнүчү болбогон учурда жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт;
- ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) паспорту КБМРде маалымат болбогондо же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык аныкталат.
2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда);
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- бузулган, алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет;
4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет.
Анкета-арызды толтурууда чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан ушул Нускаманын 17-пунктунда аталган талаптарды эске алуу менен арыз ээсинин бети фотосүрөткө тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакциясына ылайык)
321. Чет өлкөдөгү мекемелерде 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө үчүн ушул Нускаманын 2, 9, 10, 11, 12-пунктчаларынан тышкары, 13-пунктта аталган тизмеге ылайык документтер берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
33. "Чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан таризделген анкета-арызга, жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу сканерленген квитанцияларга жана сканерленген документтерге ЭК аркылуу кол коюлат жана корголгон электрондук байланыш каналдары боюнча ведомстволук бөлүнүшкө жиберилет.
Ведомстволук бөлүнүш жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдайт жана документтерди алган күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде фельдъегердик байланыш аркылуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мурда берилген анкета-арыздар боюнча даярдалган жалпы жарандык паспортторду жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду дипломаттык почта аркылуу чет өлкөдөгү мекемелерге жиберет.
35. Жаңы жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алганда жалпы жарандык паспорт жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жарандан алып коюлат, экинчи жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздеген учурдан тышкары.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
36. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
37. Эгерде жалпы жарандык паспорттун жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгондугу тууралуу билдирген жаран аны таап алса, анда чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери жарандын каалоосу боюнча же паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдоону токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт же болбосо табылган паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жарандан алып коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Документтерди кабыл алган чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери берилген документтерде оңдоолорду жана жасалма белгилерин билип калса, бир күндүк мөөнөттө бул тууралуу чет өлкөдөгү мекеменин жетекчилигине билдирет, 3 нускада акт түзөт, алардын бири тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүү үчүн жөнөтүлөт, экинчи нускасы чет өлкөдөгү мекемеде эки жылга чейин сакталат, үчүнчүсү - документтин ээсине берилет.
39. Эгерде жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алуу үчүн чет өлкөдөгү мекемеге келбесе, чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери жарандын келбей калуусунун себебин аныктайт же ага жазуу жүзүндө билдирме жөнөтөт. Бул иш-аракеттер милдеттүү түрдө актыланат.
Жарандын келбегенинен 6 ай өткөндөн кийин чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери тийиштүү актыны тиркөө менен жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бул жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту андан ары 3 жылга чейин сактоо үчүн ведомстволук бөлүнүшкө жиберет.
Аталган мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган жалпы жарандык паспорттор жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Улуттук паспортторду жок кылуунун тартиби
40. Алынып коюлган паспорттор аймактык бөлүмдүн кызматкери же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан төмөнкү жолдор менен жараксыз абалга келтирилет:
- паспорттун маалыматтарын машина менен окула турган зонадан аймактык бөлүнүштүн тиешелүү электрондук журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына киргизүү менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана жалпы жарандык паспортту кагаз тешкич менен тешүү;
- 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун 1-бетинен номерди кесип алуу, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун калган беттери кагаз тешкич менен тешилет, мында паспорттун кесип алынган номери аймактык бөлүнүштүн тиешелүү журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына чапталат.
Чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери колдонууга жараксыз абалга келген, алып коюлган жалпы жарандык паспортторду жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду дипломаттык почта аркылуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган колдонууга жараксыз абалга келген жалпы жарандык паспортторду жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду белгиленген тартипте андан ары жок кылуу үчүн фельдъегердик байланыш аркылуу ведомстволук бөлүнүшкө жиберет.
Жараксыз абалга келген паспорттор ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук бөлүнүштүн кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат, ал эми 1974 жана 1994-жылдардын үлгүсүндөгү паспорттор улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин катышуусунда жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Документтерди кабыл алуу, тариздөө жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспортторду жана жалпы жарандык паспортту берүү үчүн жоопкерчилик
41. Арыз ээси берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
42. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран тарабынан берилген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн документтерди кабыл алган жана анкета-арызды тариздеген чет өлкөдөгү мекеменин, аймактык бөлүнүштүн же КТБнын жооптуу кызматкери кылмыш жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
43. Акы төлөнүүчү негизде шашылыш түрдө таризделген 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу мөөнөттөрү бузулса, форс-мажордук кырдаалдардан жана алуучунун өзү келбеген учурлардан тышкары, жаранга же анын мыйзамдуу өкүлүнө шашылыш тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнгөн акынын 100 пайызы өлчөмүндө акчалай сумма кайтарылып берилет. Алуучуга акча каражаттары 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт берилген учурда чогуу кайтарылат. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтүн бузуу фактылары бузуу фактыларын эсепке алуу журналында катталат.
44. Форс-мажордук кырдаалдар - жеңүүгө болбой турган иш-аракеттерди, табигый мүнөздөгү кубулуштарды (өрт кырсыгы, жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, селдер, суу каптоолор, кар көчкүлөрдүн түшүүсү, бороондор) жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн документтерди шашылыш текшерүүнү жана жеткирүүнү толук же жарым-жартылай жүргүзүүгө, ошондой эле аларды шашылыш берүүгө мүмкүндүк бербеген аскердик иш-аракеттерди түшүндүрөт.